2022-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын бардык жалпы билим берүү уюмдарына мектеп жашындагы (6-7 жаштагы) балдарды кабыл алуу mektep.edu.gov.kg маалыматтык системасы аркылуу төмөнкү график боюнча жүргүзүлөт:
Биринчи этап: катталган жери боюнча – 11-апрелден саат 9:00дөн баштап 27-июнга саат 9:00гө чейин;
Экинчи этап: факт жүзүндө жашаган жери боюнча – 27-июндан саат 9:00 баштап 10-сентябрга саат 9:00гө чейин.
Ата-энелер/мыйзамдуу өкүлдөр төмөнкү документтерди даярдашы зарыл:
- паспорт;
- баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүк;
- электрондук даректер (негизги жана кошумча);
- ата-эненин/мыйзамдуу өкүлдүн жана баланын жеке идентификациялык номери (ЖИН – паспортто жана туулгандыгы тууралуу күбөлүктө көрсөтүлгөн 14 орундуу номер). Анысы жок болсо, бул учурда Калкты тейлөө борборуна (КТБ) кайрылуу зарыл.
Бардык суроолор боюнча 119 кыска номерине жана 0312 988 940, 0220 022 196 номерлерине чалса болот.
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн бардык маалыматтык системалары үчүн бирдиктүү кирүү түйүн
PISA 2025
University admission portal of the Kyrgyz Republic citizens of foreign countries
Электрондук китепкана
Билимдүү муун
Окутуу булактары IBilim
"Bilim Bulagy" окутуу булактарынын мультимедиалык комплекси
Билим берүү булактары
"Кут Билим" медиа борбору
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
Жогорку Кеңеш
КР ЧУА долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар расмий порталы
Кыргыз Республикасынын электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы
Портал открытых данных Кыргызской Республики