Бакалавриат программасы (BA/BSc) жана бир деңгээлдүү магистратура программасы (OTM) боюнча STUDENT.EDU.GOV.KG кыргыз онлайн системасында документтерин ийгиликтүү жүктөгөн жана техникалык текшерүүдөн өткөн талапкерлер кийинки этапка (тестирлөөгө) киргизилди.
Тестирлөө 2022-жылдын 15-февралынан 18-февралына чейин И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин имаратында (Бишкек шаары, Ч. Айтматов проспекти, 66) өтөт.
Багыттар боюнча тестирлөөнүн өткөрүү графиги:
1. 2022-жылдын 15-февралында саат 09:00дө
- Табигый-илимий багыт (Математика, Биология, Англис тили);
- Медициналык багыт (Химия, Биология, Англис тили);
- Социалдык-гуманитардык багыт (Кыргызстандын тарыхы, Адам жана коом, Англис тили).
2. 2022-жылдын 15-февралында саат 12:00дө
- Социалдык-гуманитардык багыт (Кыргызстандын тарыхы, Адам жана коом, Англис тили).
3. 2022-жылдын 16-февралында саат 09:00дө
- Техникалык багыт (Математика, Физика, Англис тили).
4. 2022-жылдын 16-февралында саат 12:00дө
- Техникалык багыт (Математика, Физика, Англис тили).
5. 2022-жылдын 17-февралында саат 09:00дө
- Экономикалык багыт (Математика, Адам жана коом, Англис тили).
6. 2022-жылдын 17-февралында саат 12:00дө
- Экономикалык багыт (Математика, Адам жана коом, Англис тили).
Кечикпей келүүңүздөрдү жана жаныңыздарга паспорт менен медициналык бет кап ала келүүңүздөрдү көптөн-көп суранабыз.
Онлайн-форматта тестирлөөдөн өтүүгө уруксат алган талапкерлер үчүн тестирлөө 2022-жылдын 17-февралында саат 15:00дө өткөрүлөт.
Бардык талапкерлерден министрликтин сайтындагы маалыматка көз салып турууну, ошондой эле катталып жатканда көрсөткөн электрондук почтасын жана STUDENT.EDU.GOV.KG системасындагы жеке кабинетин текшерип турууну суранабыз.
Катышуу маселелери боюнча маалыматтар иш күндөрү төмөнкү телефондор аркылуу берилет: (+996 312) 625082, 621519, 620497. Ошондой эле программага катышуу боюнча суроолорду төмөнкү электрондук почтага жиберсеңиздер болот: icipd.moes@gmail.com
Ийгилик каалайбыз!
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн бардык маалыматтык системалары үчүн бирдиктүү кирүү түйүн
PISA 2025
University admission portal of the Kyrgyz Republic citizens of foreign countries
Электрондук китепкана
Билимдүү муун
Окутуу булактары IBilim
"Bilim Bulagy" окутуу булактарынын мультимедиалык комплекси
Билим берүү булактары
"Кут Билим" медиа борбору
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
Жогорку Кеңеш
КР ЧУА долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар расмий порталы
Кыргыз Республикасынын электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы
Портал открытых данных Кыргызской Республики