1 |
Мамлекеттик органдын аталышы жана юридикалык дареги |
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги. Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү №257. |
|
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги башкы, улук жана кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервдерин түзүү максатында 2022-жылдын 11-февралынан 21-февралына чейин мамлекеттик административдик кызмат орундарына талап кылынган тиешелүү квалификациялык талаптарга туура келген адамдар үчүн ачык конкурс өткөрөт. |
|
2. |
Кадрлар резервине киргизүү үчүн коюлуучу квалификациялык талаптар |
|
Административдик кызмат орундарынын башкы жана улук тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар:
Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар:
|
Административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн: 1) кесиптик билимдин деңгээли: - Гуманитардык илимдер, “экономика жана башкаруу”, педагогикалык, социалдык илимдер, физика-математикалык илимдер жана фундаменталдык информатика, табигый илимдер боюнча жогорку билими (борбордук аппарат үчүн);
-педагогикалык жогорку билими (Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын, райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчылары үчүн); 2) иш стажы жана тажрыйбасы: - жалпысынан 3 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү 5 беш жылдан кем эмес иш стажы; - башталгыч, негизги, орто жалпы мектептеринин директорунун орун басары болуп 3 жыл, башталгыч, негизги, орто жалпы мектептеринин директору болуп 5 жыл иштеген иш стажы болуусуна артыкчылык берилет. (Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын, райондук, шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчылары үчүн).
3) кесиптик компетенттүүлүгү: - төмөнкүлөрдү билүү:
- билгичтиги:
- көндүмдөрү:
|
|
Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн: Улук топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет: 1) кесиптик билимдин деңгээли: - Гуманитардык илимдер, “экономика жана башкаруу”, педагогикалык, социалдык илимдер, физика-математикалык илимдер жана фундаменталдык информатика, табигый илимдер боюнча жогорку билими; 2) иш стажы жана тажрыйбасы: - жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; 3) кесиптик компетенттүүлүгү: - төмөнкүлөрдү билүү:
- билгичтиги:
- көндүмдөрү:
|
|
Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн: Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет: 1) кесиптик билимдин деңгээли: - Гуманитардык илимдер, “экономика жана башкаруу”, педагогикалык, социалдык илимдер, физика-математикалык илимдер жана фундаменталдык информатика, табигый илимдер боюнча жогорку билими; 2) иш стажы жана тажрыйбасы: - иш стажына талап коюлбайт; 3) кесиптик компетенттүүлүгү: - төмөнкүлөрдү билүү:
- билгичтиги:
- көндүмдөрү:
|
|
3 |
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш: |
- өзүнүн арызы; - резюме (электрондук почтаны көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттолгондугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен); - нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн негизги жана кошумча билимин (бар болсо) ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; - нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); - илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү; - паспорттун көчүрмөсү. |
|
4 |
Документтерди кабыл алуу убактысы жана орду |
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги. Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү №257. 219 кабинет, 212 кабинет. Кабыл алуу мөөнөтү: 2022-жылдын 11-февралынан тартып 2022-жылдын 21-февралына чейин. Байланыш телефону: (0312) 62-05-09, (0312) 66-46-43 |