№ 20 Кесиптик лицейинин Көзөмөлчүлүк кеңешинин курамына кирүүгө арыздарды кабыл алуу жарыяланат

23 Март 2026 ж.

№ 20 Кесиптик лицейинин Көзөмөлчүлүк кеңешинин курамына кирүүгө арыздарды кабыл алуу жарыяланат

Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын жана “Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6- беренесинин 9-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин карамагындагы мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдары үчүн көзөмөлчүлүк кеңештерин түзүү боюнча комиссиясы №20 Кесиптик лицейинин Көзөмөлчүлүк кеңешинин курамын бекитүү үчүн конкурска катышууга арыздарды кабыл алууну Жарыялайт.

“Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык: Кеңештин мүчөсү катары төмөнкүлөр боло алышат:

1) социалдык чөйрөдөгү мекемелерде же коомдук иште иш тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын аракетке жөндөмдүү жарандары;

2) ишкер чөйрөлөрдүн, илимий жана билим берүү уюмдарынын, маданий жана социалдык чөйрө мекемелеринин, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, студенттик жана ата-энелер бирикмелеринин өкүлдөрү.

Көзөмөлчүлүк кеңештин мүчөлөрүн тандоо конкурсуна катышууну каалаган талапкерлердин арызына төмөнкү документтер тиркелет: • конкурска катышууга арызы; • өзүнүн резюмеси; • паспортунун же өздүгүн аныктоочу документинин көчүрмөсү; • билими жөнүндө документтеринин көчүрмөсү.

Мындан башка, талапкерди сунуштаган каттарды кошуп койсо болот. Документтердин толук тизмеси кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 30 күндүн mahabat.tilegenova@gmail.com электрондук дарек аркылуу же Агартуу министрлигине тапшыруусу зарыл. Дареги: Бишкек ш., К.Тыныстанов көчөсү, 257, 311-каб. Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефону: 0(312)620487

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар