ВАКАНСИЯ: ИНЖЕНЕР-КУРУУЧУ

19 Январь 2026 ж.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги

Техникалык тапшырма (ТТ)

Инженер-куруучу

Кыргыз Республикасында ИӨБ/ӨМИТФ/БГӨ SmartED биргелешкен долбоору

Долбоор

Кыргыз Республикасында бардык балдар үчүн инклюзивдүү билим берүүгө жеткиликтүүлүктү жана анын сапатын жогорулатууга багытталган ИӨБ/ӨМИТФ/БГӨ SMART-ED биргелешкен долбоору.

Квалификация

Инженер-куруучу (кайра тандоо)

Кыскача маалымат

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги Ислам өнүктүрүү банкынын (ИӨБ), Өнүгүү максатындагы Ислам тилектештик фондунун (ӨМИТФ) жана Билим берүү жаатындагы глобалдык өнөктөштүктүн (БГӨ) каржылык колдоосу менен SmartED биргелешкен долбоорун ишке ашырууда. Долбоордун негизги максаты — социалдык жактан алсыз жана климаттык жактан кооптуу аймактарда мектептерди куруу жана реконструкциялоо аркылуу билим берүү шарттарын жакшыртуу болуп саналат.

Долбоордун алкагында пландалган курулуш иштеринин ири көлөмүн эске алуу менен, Долбоорду ишке ашыруу бөлүмүнө (ДИБ) инфраструктуралык инвестицияларды долбоорлоо стандарттарына, коопсуздук нормаларына жана макулдашылган мөөнөттөргө ылайык ишке ашырууну камсыз кылуу үчүн квалификациялуу инженер талап кылынат. Бул кызмат курулуштун сапатын камсыздоодо жана инфраструктуралык иш-чараларды өз убагында, жоопкерчиликтүү аткарууда өзгөчө мааниге ээ.

Иштин көлөмү

Инженер курулуш иштеринин жүрүшүн жеринде көзөмөлдөөгө, аткарылып жаткан иштердин техникалык долбоорлорго шайкештигин текшерүүгө, сапатты контролдоону камсыздоого, ошондой эле курулуш иштеринин үзгүлтүксүз жүргүзүлүшү үчүн подрядчылар, техникалык консультанттар жана экологиялык маселелер боюнча адистер менен өз ара аракеттенүүгө жооп берет.

Квалификациялык талаптар жана баалоо критерийлери

  • Жарандык курулуш, архитектура же ага тектеш техникалык багытта жогорку билим;
  • Инфраструктуралык көзөмөл, курулушту башкаруу же инженердик долбоорлоо жаатында кеминде 7 жылдык иш тажрыйбасы (мамлекеттик же өнүгүү секторунда иш тажрыйбасы артыкчылык болуп саналат);
  • Донорлор тарабынан каржыланган инфраструктуралык долбоорлордо (ИӨБ, Дүйнөлүк банк, АӨБ ж.б.) иш тажрыйбасы кубатталат;
  • Кыргыз Республикасынын курулуш нормаларын жана эрежелерин, коопсуздук техникасынын талаптарын жана мамлекеттик сектор долбоорлорунун стандарттарын мыкты билүү;
  • Курулуш көзөмөлүндө экологиялык жана социалдык коргоо чаралары боюнча билимге ээ болуу артыкчылык болуп саналат;
  • Орус тилин эркин билүү талап кылынат; англис тилин иш деңгээлинде жана кыргыз тилин билүү артыкчылык болуп саналат;
  • MS Office программаларын эркин колдонуу, ошондой эле долбоорлоо жана график түзүү программалары (мисалы, AutoCAD, MS Project) менен иштөө жөндөмү кааланат.

Тиркемеде берилген толук Техникалык тапшырма менен таанышып чыгууну суранабыз.

Орус жана англис тилдеринде даярдалган кеңири резюме, ошондой эле коштоочу документтер (сунуш каттар, дипломдордун, сертификаттардын жана паспорттун көчүрмөлөрү) 2026-жылдын 2-февралына чейин саат 17:00гө чейин төмөнкү дарекке тапшырылышы керек:
Кыргыз Республикасы, 720040, Бишкек шаары, Манас көчөсү, 22А, 2-кабат, 209-кабинет,
же электрондук дарекке жөнөтүлүшү мүмкүн:
piuprocurementsmarted@gmail.com.

Маектешүүгө эң ылайыктуу талапкерлер гана чакырылат.

 

ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар