Кыргыз Республикасынын
Агартуу министрлигинин
2025-жылдын «4» декабрындагы
№1451/1
буйругу менен бекитилген
“АЙДООЧУЛАРДЫ ДАЯРДОО” БАГЫТЫ БОЮНЧА
КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫ
Кесип: Автомобиль айдоочусу
Квалификация: 8322 “В” категориясындагы автомобиль айдоочусу
1-бөлүм. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын “Автомобиль айдоочусу” (8322 “В” категориясындагы автомобиль айдоочусу) кесиби боюнча кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын “Автомобиль транспорту жөнүндө” Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-декабрындагы № 819 токтомундагы “Квалификациялык сынактарды кабыл алуу, айдоочулук күбөлүктөрдү жана тракторист-машинисттин күбөлүктөрүн берүү эрежелерин бекитүү жөнүндө” жобого жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыгат жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген тартипте бекитилет.
Мамлекеттик билим берүү стандарттарынын талаптары менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан, кесиптик билим берүү уюмдары тарабынан милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш болгон минималдуу талаптар болуп саналат.
1.2. Терминдер, аныктамалар, белгилер, кыскартуулар:
мамлекеттик билим берүү стандарты - билим берүү программасынын минималдуу мазмунун, билим берүүнүн деңгээлдери боюнча даярдоого базалык талаптарын аныктоочу, окутуунун максаттарын жана натыйжаларын аныктоочу формалдуу билим берүүгө талаптардын коомдук макулдашылган жыйындысы;
интеграцияланган программа - бул жалпы орто жана башталгыч кесиптик билим берүү программаларын бириктирүүнүн негизинде иштелип чыккан, негизги жалпы билим берүүнүн бүтүрүүчүлөрүнө жалпы орто билим алууга мүмкүнчүлүк берүүчү билим берүү программасы;
дистанттык окутуу формасы - электрондук билим берүү ресурстарын, платформаларды, аралыктан аутентификациялоо жана контролдоо системаларын колдонуу менен билим берүү программасын ишке ашыруу формасы;
гибриддик (аралаш) окутуу формасы - күндүзгү жана дистанттык окутуу ыкмаларын санариптик фиксациялоо жана натыйжаларды тастыктоо системаларын колдонуу менен айкалыштырган билим берүү процессин уюштуруу;
LMS-системалар - билим берүү программаларын түзүүгө, башкарууга, көзөмөлдөөгө жана автоматташтырууга мүмкүндүк берүүчү программалык камсыздоо (окутууну башкаруу тутуму);
квалификация - белгиленген үлгүдөгү документ менен ырасталган, окууга жана кесиптик ишмердүүлүктүн белгилүү бир түрүн аткарууга даярдыгын мүнөздөгөн билим деңгээли, көндүмдөрү жана социалдык-инсандык компетенциялары;
модуль – окутуунун максаттарына жана натыйжаларына карата белгилүү бир логикалык бүтүндүгү бар, окуу дисциплинасынын бөлүгү;
даярдоо багыты - Кыргыз Республикасынын Улуттук квалификациялык алкагынын деңгээлдерине ылайык даярдоо үчүн билим берүү программаларынын комплекси;
компетенция - билим алуучунун белгилүү бир чөйрөдө натыйжалуу өндүрүмдүү ишмердүүлүгү үчүн зарыл болгон билим берүү даярдыгына карата алдын ала коюлган социалдык талап (норма);
кредит (кредит-саат) - негизги кесиптик билим берүү программасынын эмгек сыйымдуулугунун шарттуу өлчөмү;
улуттук квалификациялар алкагы - квалификациялардын деңгээлдерин критерийлердин топтомуна ылайык структураланган сүрөттөлүшү, улуттук квалификациялык подсистемаларын интеграциялоого жана координациялоого багытталган, квалификациялардын салыштырмалуулугун камсыз кылуу жана шайкештикти ырастоо жана квалификацияларды берүү системасынын негизи болуп саналат;
жалпыланган эмгек функциясы - бул конкреттүү өндүрүштүк, өндүрүштүк эмес же бизнес-процессте түзүлгөн жана кесиптик стандарттын бирдиги болуп саналган өз ара байланышкан эмгек функцияларынын жыйындысы;
кесиптик ишмердүүлүктүн объектиси - эмгек ишмердүүлүгүнүн процессинде таасир этүүгө багытталган предметтер, кубулуштар, процесстер;
билим берүү программасы - кесиптик билим берүүнүн тиешелүү деңгээли боюнча билим берүү процессинин максаттарын, милдеттерин, пландаштырылган натыйжаларын, уюштурулушун аныктоочу конкреттүү багыт, адистик же кесип боюнча билим берүүнүн мазмуну;
жумуш ордунда окутуу - билим берүү уюмунда окуучулар тарабынан жалпы жана кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү алууга багытталган, милдеттүү практикалык окутуу жана кесиптик билимдерди жана көндүмдөрдү бекемдөө, ошондой эле билим берүү уюмунун өндүрүштүк бөлүмдөрүндө/комплекстеринде жана (же) ишканалардын/уюмдардын базасында иш тажрыйбасын алуу менен кадрларды даярдоо системасы;
кесиптик стандарт - кесиптик ишмердүүлүктүн белгилүү бир түрүн жүзөгө ашыруу жана белгилүү бир эмгек функциясын аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын мүнөздөмөсү;
окутуунун натыйжалары - окуу процесси ийгиликтүү аяктагандан кийин окуучудан кандай билим, билгичтик жана көндүмдөр күтүлөрү жөнүндөгү ырастоо;
дисциплиналар цикли - билим берүү программасынын бир бөлүгү же окутуунун, тарбиялоонун белгиленген максаттарына жана натыйжаларына карата белгилүү бир логикалык бүтүндүгүнө ээ болгон окуу дисциплиналарынын жыйындысы;
автодром (окуу аянты) - жол шарттарын имитациялаган элементтер жана тоскоолдуктар менен жабдылган жана башкаруунун алгачкы көндүмдөрүн өздөштүрүүгө арналган атайын аянт.
Ушул Мамлекеттик билим берүү стандартында төмөнкү кыскартуулар колдонулат:
МББС - мамлекеттик билим берүү стандарты;
КББ - кесиптик билим берүү;
КР УКА - Кыргыз Республикасынын Улуттук квалификациялык алкагы;
ОУБ - окуу-усулдук бирикмелер.
ОУК - окуу-усулдук комплекс.
2-бөлүм. Колдонуу чөйрөсү
3. Бул МББС автомобиль айдоочусу (8322 “В” категориясындагы автомобиль айдоочусу) кесиби боюнча башталгыч кесиптик билим берүү программасын ишке ашырууда ченемдердин, эрежелердин жана талаптардын жыйындысын билдирет жана окуу, уюштуруу-методикалык документтерди иштеп чыгуу, билим берүү программасын өздөштүрүүнүн сапатын баалоо үчүн негиз болуп саналат.
4. Автомобиль айдоочусу (8322 “В” категориясындагы автомобиль айдоочусу) кесиби боюнча бул МББСнын негизги колдонуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:
- өз билим берүү уюмдарында бул кесип боюнча илим, техника жана социалдык чөйрөнүн жетишкендиктерин эске алуу менен билим берүү программаларын иштеп чыгуу, натыйжалуу ишке ашыруу жана жаңылоо үчүн жооптуу администрация жана педагогикалык курам;
- бул кесип боюнча билим берүү программасын өздөштүрүү боюнча окуу ишмердүүлүгүн натыйжалуу ишке ашыруу үчүн жооптуу, бул кесип боюнча негизги билим берүү программасын өздөштүрүп жаткан окуучулар;
- кесиптик ишмердүүлүктүн тиешелүү чөйрөсүндөгү иш берүүчүлөр;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын тапшырмасы боюнча МББСти иштеп чыгууну камсыз кылуучу ОУБ;
- кесиптик билим берүү тутумунда мыйзамдардын сакталышын контролдоону камсыз кылуучу билим берүү чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- көрсөтүлүүчү билим берүү кызматтарынын аккредитациялык агенттик тарабынан белгиленген стандарттарга, жол-жоболорго жана эрежелерге ылайык келүүсүнө тышкы баа берүүнү жүзөгө ашыруучу аккредитациялык агенттиктер.
3-бөлүм. Кесиптик билим берүүнүн
Автомобиль айдоочусу кесибинин жалпы мүнөздөмөсү
(8322 “В” категориясындагы автомобиль айдоочусу)
5. Автомобиль айдоочусу кесиби боюнча билим берүү программасын өздөштүрүү формалары (8322 “В” категориясындагы автомобиль айдоочусу)
- күндүзгү;
- күндүзгү-кечки;
- аралыктан (онлайн).
Кесип боюнча билим берүү программасын аралыктан (онлайн) формада өздөштүрүүдө практикалык сабактар инструктордун коштоосунда милдеттүү түрдө өткөрүлүүгө тийиш. Практикалык сабактарды инструктордун катышуусу жок, окуучунун өз алдынча өткөрүшүнө жол берилбейт.
6. Абитуриенттердин даярдыгынын деңгээлине карата талаптар.
Абитуриент тапшырууда төмөнкү документтердин бирине ээ болууга тийиш:
- орто жалпы билим жөнүндө аттестат;
- негизги жалпы билим жөнүндө күбөлүк;
- башталгыч кесиптик билим берүү программалары боюнча окууга базалык билими жана кандайдыр бир квалификациясы жок адамдар кабыл алынат, аларга орто жалпы билим берүү программалары боюнча окууга жана кесиптик билим берүүнүн башка деңгээлине өтүүгө укугу жок адамдар кабыл алынат.
7. Автомобиль айдоочусу (8322 “В” категориясындагы автомобиль айдоочусу) кесиби боюнча билим берүү программасын күндүзгү окуу формасында өздөштүрүүнүн нормативдик мөөнөтү:
- негизги жалпы жана орто жалпы билимдин базасында - 10 ай;
- кесиптик даярдоо, кайра даярдоо программалары 1 жылга чейин.
8. Кесиптик билим берүү программасынын түзүмүнө ылайык (1-тиркеме), билим берүү программасынын эмгек сыйымдуулугу окуу жылына (стандарттуу окууда 10 ай) кеминде 480 саатты түзөт, ага предметтер боюнча лабораториялык-практикалык сабактарды жана 70 саат практикалык айдоону (сааттардын сеткасынан тышкары) кошуу менен.
10 ай окууда окуу жүктөмүнүн көлөмү сааттык система боюнча эсептелет (жумасына 12 академиялык саат).
Окуучулардын максималдуу окуу жүктөмүнүн көлөмү жумасына 12 академиялык саатты түзөт, анын ичинде билим берүү программасын өздөштүрүү боюнча аудиториялык жана практикалык (өз алдынча) окуу иштеринин бардык түрлөрү кирет.
Күндүзгү окуу формасында жумасына аудиториялык сабактардын көлөмү кесиптин өзгөчөлүгүн эске алуу менен кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик стандарты менен аныкталат, ар бир окуу дисциплинасын же кесиптик модулду (мисалы, Жол эрежелери предметине 146 саат бөлүнсө, анын 80%ы же 116 сааты - бул аудиториялык сабактар, калган 30 сааты лабораториялык-практикалык сабактар).
Айдоо боюнча практикалык сабактар инструктордун (айдоо боюнча инструктордун тиешелүү документи бар) коштоосунда өткөрүлүшү керек.
9. Автомобиль айдоочусу кесиби боюнча кесиптик билим берүү программасынын максаты (8322 "В" категориясындагы автомобиль айдоочусу):
- окутуу жаатында төмөнкүлөр болуп саналат: окуучулардын социалдык мобилдүүлүгүнө жана эмгек рыногунда тандалган иш чөйрөсүндө белгилүү бир ишти аткаруу үчүн туруктуулугуна өбөлгө түзүүчү жалпы жана кесиптик компетенцияларды өздөштүрүү;
- окуучуларда Кыргыз Республикасынын аймагында жана анын чегинен тышкары жерлерде транспорт каражаттарын коопсуз, жоопкерчиликтүү жана мыйзамдуу башкарууну камсыз кылуучу, окутуунун жана контролдоонун заманбап санариптик технологияларын колдонуу менен теориялык билимдердин, практикалык көндүмдөрдүн жана компетенциялардын комплексин калыптандыруу;
- жол эрежелерин терең билген квалификациялуу айдоочуларды даярдоо;
- транспорт каражатын коопсуз, үнөмдүү жана экологиялык жактан таза башкаруу көндүмдөрүн калыптандыруу;
- окуучуларда укуктук маданияттын, жоопкерчиликтин жана айдоочунун жүрүм-турум этикасынын көндүмдөрүн калыптандыруу;
- психофизиологиянын негиздерин өздөштүрүү жана стресстүү жол кырдаалдарына туруктуулукту жогорулатуу;
- автодромдун жана шаардык жолдордун шарттарында айдоо боюнча практикалык көндүмдөрдү өздөштүрүү;
- жол кырсыктарынын катышуучуларына биринчи жардам көрсөтүү көндүмдөрүн калыптандыруу.
- инсанды тарбиялоо жаатында окуучуларда социалдык-инсандык сапаттарды: максаттуулукту, уюшкандыкты, эмгекчилдикти, жоопкерчиликти, жарандуулукту, коммуникабелдүүлүктү, толеранттуулукту калыптандыруу жана жалпы маданиятын жогорулатуу болуп саналат.
10. Экономикалык ишмердүүлүктүн түрү: Транспорт.
11. Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүк чөйрөлөрү:
- “В” категориясындагы унааны башкаруу;
- жолдо транспорт каражаттарына техникалык тейлөө жүргүзүү;
- таксомотордук парктардын кызматтары;
- айдоочусу менен жеке унааларды ижарага берүү.
12. Кесип боюнча бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишмердүүлүгүнүн объекттери:
- атайын жабдуулар;
- шаймандар жана түзүлүштөр;
- автотранспорт каражаттары.
13. Автомобиль айдоочусу (8322 “В” категориясындагы автомобиль айдоочусу) кесиби боюнча билим берүү программасын өздөштүргөн бүтүрүүчү төмөнкүлөргө даяр:
- кесиптик ишмердүүлүккө.
4-бөлүм. Билим берүү программасын ишке ашыруу шарттарына жалпы талаптар
14. Билим берүү уюмдары эмгек рыногунун муктаждыктарын эске алуу менен кесиптик билим берүүнүн тиешелүү деңгээлинин билим берүү программаларын өз алдынча иштеп чыгышат. Билим берүү программасы кесип боюнча тиешелүү МББСтин, Улуттук квалификациялык, тармактык жана сектордук квалификациялык чектөөлөрдүн жана кесиптик стандарттардын негизинде иштелип чыгат.
15. Билим берүү уюмдары билим берүү программаларын илимдин, маданияттын, экономиканын, техниканын, технологиялардын жана социалдык чөйрөнүн өнүгүшүн эске алуу менен, ошондой эле иш берүүчүлөрдүн жана башка кызыкдар тараптардын сунуштарына ылайык, 5 (беш) жылда бир жолудан кем эмес жаңыртып турушат.
Билим берүү программаларын жаңыртуу төмөнкүлөрдү камтыйт:
- бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатын камсыздоо боюнча стратегияны иштеп чыгуу;
- билим берүү программаларына мезгил-мезгили менен мониторинг жүргүзүү;
- билим алуучулардын билиминин жана жөндөмүнүн деңгээлин, көндүмдөрүн, бүтүрүүчүлөрдүн компетенттүүлүгүн баалоонун объективдүү жол-жоболорун иш берүүчүлөр менен макулдашылган бүтүрүүчүлөрдүн компетенттүүлүгүнө болгон талаптардын негизинде иштеп чыгуу;
- педагогикалык курамдын сапатын жана компетенттүүлүгүн камсыздоо;
- ишке ашырылып жаткан билим берүү программасын жетиштүү ресурстар менен камсыздоо, аларды пайдалануунун натыйжалуулугун контролдоо;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген аккредитациянын минималдуу талаптары боюнча үзгүлтүксүз өзүн-өзү баалоону жүргүзүү;
- коомчулукту өзүнүн ишмердүүлүгүнүн жыйынтыктары, пландары, инновациялары жөнүндө маалымдоо.
16. Окуучулардын жана бүтүрүүчүлөрдүн даярдык сапатын баалоо алардын учурдагы, аралыктагы жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияларын камтууга тийиш.
17. Окуучулардын учурдагы аттестациясы билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген баалоо системасынын негизинде жүргүзүлөт.
18. Окуучулардын аралыктагы аттестациясы дисциплиналар/модулдар боюнча окуунун жыйынтыктары боюнча баалар коюлат. Окуучулардын жана бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик компетенттүүлүгүнүн сапатын баалоо билим берүү тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталган тартипте көндүмдөрдү аттестациялоону камтууга тийиш.
19. Окуучулардын жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы окуунун толук курсу аяктагандан кийин өткөрүлөт. Мамлекеттик аттестациялык сыноолордун түрлөрү билим берүү уюму тарабынан Кыргыз Республикасынын бүтүрүүчүлөрдүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын өткөрүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларына ылайык аныкталат. Окуу планында каралган окуунун толук курсун аяктаган бүтүрүүчү жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестацияга киргизилет.
20. Окуучулардын жеке жетишкендиктеринин тиешелүү билим берүү программасынын талаптарына ылайык келүүсүн текшерүү үчүн учурдагы, аралык жана жыйынтыктоочу аттестациялар үчүн типтүү тапшырмаларды, контролдук иштерди, модулдук тесттерди жана алынган компетенциялардын деңгээлин баалоого мүмкүндүк берүүчү практикалык тапшырмаларды камтыган баалоо каражаттарынын базалары түзүлөт. Баалоо каражаттарынын базалары кесиптик билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюму тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
21. Билим берүү программасында тиешелүү кесиптик билим берүү деңгээлиндеги билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюмунун бүтүрүүчүлөрдүн жалпы компетенцияларын калыптандыруу үчүн жетиштүү болгон ресурстук материалдык-техникалык шарттары жана окуу-методикалык камсыздоосу көрсөтүлүшү керек.
22. Кесиптик билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюму төмөнкүлөргө милдеттүү:
- социалдык-маданий чөйрөнү түзүүгө;
- окуучулардын ар тараптуу өнүгүүсү жана социалдашуусу, ден соолугун сактоо үчүн зарыл шарттарды түзүүгө;
- тарбиялык/сабактан тышкаркы билим берүү процессинин компоненттерин өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө, анын ичинде өзүн-өзү башкарууну өнүктүрүү, окуучулардын коомдук уюмдардын, спорттук жана чыгармачылык клубдардын, илимий студенттик коомдордун ишине катышуусун камсыз кылууга.
23. Билим берүү программасы билим берүү уюмунун кароосу боюнча пайдаланылуучу убакыт резервин (20 саат) камтыйт.
24. Билим берүү уюму окуучуларга билим берүү программасына (дисциплиналар, модулдар), окуу курстарына, билим берүү платформасына жеткиликтүүлүктү камсыз кылууга милдеттүү.
25. Билим берүү уюму окуучуларды окуу планында каралган билим берүү программасын түзүүдөгү алардын укуктары жана милдеттери менен тааныштырууга милдеттүү.
26. Билим берүү уюму билим берүү программасын иштеп чыгууда жана ишке ашырууда гендердик теңчилик саясатын эске алууга, социалдык инклюзияны камсыз кылууга, ошондой эле санариптештирүүнү өнүктүрүүгө милдеттүү.
5-бөлүм. Билим берүү программасын ишке ашырууда окуучунун укуктарына жана милдеттерине карата жалпы талаптар
27. Окуучу өзүнүн жеке билим берүү траекториясын түзүүдө билим берүү уюмунан дисциплиналарды тандоо жана алардын келечектеги кесибине/адистигине тийгизген таасири боюнча консультация алууга укуктуу.
28. Билим берүү программасын өздөштүрүүдө компетенцияларды өнүктүрүү бөлүгүндөгү натыйжаларга жетүү максатында окуучулар коомдук уюмдардын, чыгармачылык клубдардын ишине катышууга укуктуу.
29. Окуучулар билим берүү уюмунун билим берүү программасында каралган бардык тапшырмаларды белгиленген мөөнөттө аткарууга милдеттүү.
6-бөлүм. Автомобиль айдоочусу кесиби боюнча билим берүү программасынын мазмунуна коюлуучу талаптар (8322 “В” категориясындагы автомобиль айдоочусу)
30. Автомобиль айдоочусу кесиби боюнча бүтүрүүчү (8322 “В” категориясындагы автомобиль айдоочусу) ушул Мамлекеттик билим берүү стандартынын 11-пунктунда көрсөтүлгөн билим берүү программасынын максаттарына ылайык төмөнкү компетенцияларга ээ болууга тийиш:
- жалпы:
ЖК-1. Айлана-чөйрөнү коргоо жана өндүрүштүк экология жөнүндө билимдерди колдоно алат; коопсуз жана сергек жашоо образын уюштура алат;
ЖК-2. Өзүнүн оозеки жана жазуу жүзүндөгү кебин мамлекеттик (В1 деңгээли) жана расмий тилдерде кесиптик баарлашуу деңгээлинде логикалык жактан кура алат;
ЖК-3. Кесиптик ишмердүүлүктө маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдоно алат;
ЖК-4. Командада иштей алат, кесиптештер, жетекчилик, керектөөчүлөр менен натыйжалуу баарлаша алат;
ЖК-5. Өзүнүн ишмердүүлүгүн пландоого жана уюштурууга жөндөмдүү;
ЖК-6. Кесиптик ишмердүүлүктө базалык ишкердик билимдерин жана көндүмдөрүн колдоно билүүгө жөндөмдүү.
- кесиптик:
КК-1. “В” категориясындагы унааны айдоо (механикалык трансмиссиясы/автоматтык трансмиссиясы менен);
КК-2. “В” категориясындагы унаага техникалык тейлөө жүргүзүү;
КК-3. Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну уюштуруу жана аткаруу;
31. Билим берүү программасы ушул мамлекттик билим берүү Макетине тиркелген түзүмгө ылайык кесиптик билим берүү деңгээлин эске алуу менен иштелип чыгат.
Кесиптик циклдин дисциплиналары бүтүрүүчүнүн аймактык эмгек рыногунун талаптарына жана билим берүүнү улантуу мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу боюнча зарыл болгон компетенцияларды алуу үчүн базалык (милдеттүү) бөлүккө ээ.
32. Дипломдук квалификациялык иштердин мазмунуна, көлөмүнө жана түзүмүнө коюлуучу талаптар кесиптик билим берүү уюмунун бүтүрүүчүлөрүнүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын өткөрүүнү жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыларга ылайык билим берүү уюму тарабынан аныкталат.
7-бөлүм. Окуу процессин кадрлар менен камсыздоо
33. Билим берүү программасын ишке ашыруу педагогикалык кадрлар тарабынан камсыздалышы керек, алар кесиптик билим берүү деңгээлине, окутулган дисциплинанын профилине ылайык келген билими бар жана системалуу түрдө илимий жана методикалык ишмердүүлүк менен алектенишет. Окутуучунун тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү компетенциясы кошумча билим берүү жөнүндөгү документтер (сертификаттар, күбөлүктөр, дипломдор ж.б.) менен да тастыкталышы мүмкүн.
34. Кесиптик билим берүүнүн кесиптик циклинин окутуучулары тиешелүү адистик боюнча орто кесиптик же жогорку кесиптик билими болушу керек. Окуучулардын кесиптик циклди өздөштүрүүсүнө жооп берүүчү окутуучулар үчүн тиешелүү кесиптик чөйрөдөгү уюмдарда 3 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы милдеттүү болуп саналат.
Өндүрүштүк окутуунун устаттары (Башталгыч кесиптик билим берүү мекемелеринде) башталгыч кесиптик же орто кесиптик билими болушу шарт.
Айдоо боюнча практикалык сабактарды өткөргөн өндүрүштүк окутуунун устаттары ушул категория боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажына жана айдоо инструкторунун тиешелүү күбөлүгүнө ээ болууга тийиш.
Окутуучулар жана өндүрүштүк окутуунун устаттары профильдүү уюмдарда 3 жылда бир жолу стажировкадан өтүп турууга тийиш.
Жол кыймылынын эрежелеринин окутуучулары: профильдүү билими жана 3 жылан кем эмес стажы болушу керек.
Айдоо инструкторлору: 5 жылдан кем эмес стажы.
Биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча окутуучулар: медициналык билими.
Психофизиологдор: профилдик билими жана айдоочулар менен иштөө тажрыйбасы болушу шарт.
8-бөлүм. Окуу процессин окуу-методикалык жана маалыматтык жактан камсыздоо
35. Автомобиль айдоочусу (8322 “В” категориясындагы автомобиль айдоочусу) кесиби боюнча кесиптик билим берүү программасын ишке ашыруу ар бир окуучунун негизги кесиптик билим берүү программасынын дисциплиналарынын толук тизмеси боюнча түзүлгөн маалымат базаларына жана китепкана фонддоруна жеткиликтүүлүгүн камсыз кылууга тийиш.
Милдеттүү окуу китептеринин жана методикалык колдонмолордун тизмеси:
1. Д.С. Токтакунов. Жол кыймылынын эрежелери. “Кенеш” басмасы, Бишкек, 2018.
2. В.М.Винградов, О.В.Храмцова. Автомобилдерди техникалык тейлөө жана оңдоо. “Академия” басмасы, Москва, 2015.
3. Автомобилдерди оңдоочу слесарь (инжектор), Бишкек, 2017.
4. В.М.Виноградов, И.В.Бухтеева, В.Н.Редин. Автомобилдерди техникалык тейлөө жана учурдагы оңдоону уюштуруу. “Академия” басмасы, Москва, 2013.
5. Е.Троценко. Автомеханик. “JFOLIANТ” басмасы, Астана, 2015.
6. Д.С.Токтакунов. Автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо үчүн УПД жыйнагы. “Кут-Бер” басмасы, Бишкек, 2020.
7. Р.Рузиев, М.Асаналиев. Өндүрүштүк устаттын колдонмосу. “Калем” басмасы, Бишкек, 2020.
8. М.Арапбек, А.Баубек. Жол кыймылын жөнгө салуунун техникалык каражаттары. “JFOLIANТ” басмасы, Астана, 2010.
9. Кыргыз Республикасынын жол кыймылынын эрежелери. Бишкек, 2022.
10. В.И. Ваганов, А.А.Рывкин. Автотранспорт каражаттарын айдоо. “Транспорт” басмасы, Москва, 1991.
36. Окуучулардын негизги кесиптик билим берүү программасын ишке ашыруу үчүн зарыл болгон окуу адабияттары жана/же электрондук адабияттар менен камсыз болушу лицензиялык талаптарга жооп бериши керек. Окуу маалымат булактары заманбап талаптарга жооп бериши керек.
37. Билим берүү процессинде мыйзам актылары, ченемдик документтер, кесипке багытталган мезгилдүү басылмалардын материалдары колдонулушу керек.
38. Билим берүү уюму ар кандай формадагы, анын ичинде аралыктан (онлайн) окутууну камтыган кесиптик окууну уюштуруу үчүн шарттарды камсыз кылууга милдеттүү.
9-бөлүм. Окуу процессин материалдык-техникалык жактан камсыздоо
39. Автомобиль айдоочусу (8322 "В" категориясындагы автомобиль айдоочусу) кесиби боюнча кесиптик билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюму окуучулардын бардык дисциплинардык, дисциплиналар аралык даярдык жана практикалык иштерин өткөрүүнү камсыз кылуучу тиешелүү материалдык-техникалык базага ээ болууга тийиш:
- практикалык сабактарды жана айдоону аткаруу үчүн полигон;
- окуу устаканасы (автомобилди оңдоо жана тейлөө боюнча);
- окуу инвентары (окуу тренажеру, стенддер, плакаттар, автомобилди оңдоо жана тейлөө үчүн шаймандардын комплекти);
- бир окуучуга керектүү чыгымдалуучу материалдар (айдоо жана практикалык көнүгүүлөр үчүн бензин же дизель майы, майлоочу материалдар).
Бөлмөлөрдүн, лабораториялардын, устаканалардын жана башка жайлардын тизмеси.
Кабинеттер:
- автомобилдин түзүлүшү жана техникалык тейлөөсү;
- жол кыймылынын эрежелери жана коопсуздугу;
- биринчи медициналык жардам көрсөтүү, эмгекти коргоо жана өндүрүштүк экология;
- маалыматтык технологиялар (компьютердик класс);
- билим берүүчү онлайн платформасы бар компьютердик класс.
Лабораториялар/устаканалар:
- автомобилдин түзүлүшү жана техникалык тейлөөсү боюнча окуу лабораториялары;
- дистанттык окутуу платформасы;
- прокторинг системасы;
- Mobile ID;
- VR/AR тренажерлор;
- окуу айдоо үчүн автодром жана окуу автомобилдери;
- биринчи жардам көндүмдөрүн иштеп чыгуу үчүн медициналык манекендер.
“В” категориясындагы айдоочуларды даярдоо боюнча билим берүү программасынын түзүмү
|
Код |
Окуу дисциплиналары жана аларды өздөштүрүүнүн пландалган натыйжалары
|
Милдеттүү окуу сабактарынын көлөмү (академиялык саат) |
Дисциплиналардын жана междисциплинардык курстардын коддору жана тизмеси |
Калыптанган компетенция коддору |
|
10 ай |
||||
|
1. |
Кесиптик даярдоо |
480 |
|
|
|
|
Жалпы кесиптик цикл (*) |
480 |
|
|
|
ЖКД 1.1.1 |
Автомобилдин түзүлүшү жана автомобилдерге техникалык тейлөө жүргүзүү Милдеттүү бөлүктү окуп үйрөнүүнүн натыйжасында окуучу төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш: - уруксат берилген эң жогорку салмагы 3500 килограммдан ашпаган жана айдоочунун отургучунан тышкары отургучтардын саны сегизден ашпаган автомобилдин түзүлүшү; - чиркегичи бар "В" категориясындагы автомобилдер, анын уруксат берилген эң жогорку салмагы 750 килограммдан ашпайт; - чиркегичи бар "В" категориясындагы автомобилдер, анын уруксат берилген эң жогорку салмагы 750 килограммдан ашат, бирок жүктөмсүз автомобилдин салмагынан ашпайт, эгерде мындай транспорт каражаттарынын жалпы уруксат берилген эң жогорку салмагы 3500 килограммдан ашпаса; - функционалдык системалардын, түйүндөрүнүн жана агрегаттарынын жалпы түзүлүшү жана жайгашуусу; - автомобилди тартуу режиминин башкаруу системасы "кыймылдаткыч - трансмиссия - кыймылдаткыч - жолдун таяныч бети"; - бензин кыймылдаткычтарынын күйүүчү май менен камсыздоо жана от алдыруу системасы; - автомобилдин тормоздук режиминин башкаруу системасы; - жүктөрдү, жүргүнчүлөрдү жана айдоочуну амортизациялоо системасы; - маданияттуу жана сылык болуу, этикетти сактоо жана медициналык жардам көрсөтүү, ошондой эле практикалык кырдаалда жардам берүү. Төмөнкү көндүмдөргө ээ болуу: - автотранспорт каражатын ар кандай аба ырайы жана жол шарттарында иштетүүгө даярдоо; - транспорт каражаттарын күйүүчү-майлоочу материалдар жана атайын суюктуктар менен экологиялык талаптарды сактоо менен толтуруу; - транспорт каражаттарын иштетүү учурунда пайда болгон, түйүндөрдү жана агрегаттарды ажыратууну талап кылбаган майда бузулууларды коопсуздук техникасынын талаптарын сактоо менен жоюу. |
154 |
ЖКД 1.1.1 Автомобилдин түзүлүшү жана автомобильларга техникалык тейлөө |
ЖК 1- 6
|
|
ЖКД 1.1.2 |
Автомобилди башкаруунун негиздери жана кыймылдын коопсуздугу Милдеттүү бөлүгүн өздөштүргөндөн кийин окуучу төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш: - ар кандай жол жана аба ырайы шарттарында транспорт каражаттарын коопсуз башкаруу; - өзгөчө кырдаалдарда аракеттенүү; - эмоционалдык абалдын нормалары, жол кыймылынын башка катышуучуларынын укуктарын сыйлоо, жол кыймылынын катышуучуларынын ортосунда келип чыккан инсандар аралык чыр-чатактарды конструктивдүү чечүү; - чыгар алдында жана сапар учурунда транспорт каражаттарын контролдук текшерүү эрежелери. Төмөнкү көндүмдөргө ээ болуу: - автомобилди башкаруу органдарын техникалык жактан пайдалануу; - автомобилди чектелген аймакта, кесилиштерде жана жөө жүргүнчүлөр өтмөктөрүндө, транспорт агымында башкаруу; - автомобилди түнкүсүн жана көрүүсү чектелген шарттарда, өзгөчө жана татаал жол шарттарында башкаруу; - автомобилдин иштөө көрсөткүчтөрү, айдоочунун кесиптик ишенимдүүлүгү, айдоочунун эмгегинин психофизиологиясынын негиздери, айдоочунун этикасы, жол шарттары; - жол кыймылынын эрежелерин сактоо; - зыян келтирүү үчүн жарандык жоопкерчиликти камсыз кылуу, жаратылышты коргоонун укуктук негиздери; - транспорт каражаттарын пайдалануу учурунда пайда болгон, түйүндөрдү жана агрегаттарды ажыратууну талап кылбаган майда бузуктарды коопсуздук техникасынын талаптарын сактоо менен жоюу; - кыймылдын коопсуздугун сактоо менен үнөмдүү пайдалануу жана башкаруу.
|
60 |
ЖКД 1.1.2 Автомобильны башкаруунун негиздери жана жол кыймылынын коопсуздугу
|
ЖК 1- 6 КК-1.1.1 |
|
ЖКД 1.1.3 |
Жол кыймылынын эрежелери Милдеттүү бөлүгүн өздөштүргөндөн кийин окуучу төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш: - транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелери; - жүктөрдү жана жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелери; - Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жол кыймылынын эрежелерин, транспорт каражаттарын пайдалануу эрежелерин жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ченемдерди бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтин түрлөрү; - транспорт каражаттарынын негизги механизмдеринин жана приборлорунун арналышы, жайгашкан жери, иштөө принциби; - транспорт каражаттарынын техникалык абалын текшерүүдө, жүктөө-түшүрүү иштерин жүргүзүүдө коопсуздук техникасынын эрежелери; - транспорт каражаттарын жолго чыгар алдында текшерүүдөн өткөрүү жана ага техникалык тейлөө иштеринин аткарылышынын тартиби; - транспорттук каражаттарды пайдаланууга же алардын мындан аркы кыймылына тыюу салган бузулуулардын жана шарттардын тизмеси; - бузулууларды жоюу жана техникалык тейлөө боюнча иштерди аткаруу ыкмалары; - пайдалануу материалдары менен иштөө эрежелери; - номердик, таануучу белгилер, эскертүү түзүлүштөрү, жазуулар жана белгилер; - эмгек жана эс алуу режимине, эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын эрежелерине жана нормаларына коюлган талаптар; - транспорттук каражаттарды коопсуз башкаруунун негиздери; жол жана товардык-транспорттук документтерди тариздөө тартиби; - айдоочунун өзгөчө кырдаалдардагы аракеттеринин тартиби; биринчи жардам пакети менен камсыздалышы, анын курамындагы каражаттардын максаты жана колдонуу эрежелери; - жол-транспорттук кырсыктарда жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү ыкмалары жана иш-аракеттердин ырааттуулугу; - өрт өчүрүүчү каражаттарды колдонуу эрежелери. Төмөнкү көндүмдөргө ээ болуу: - транспорт каражаттарынын кыймылы, токтоосу жана токтоп туруусу; - жол кесилиштеринен, жөө адамдар өтүүчү жерлерден, жалпы пайдалануудагы транспорт каражаттарынын аялдамаларынан жана темир жол өтмөктөрүнөн өтүү; - жол кыймылынын өзгөчө шартын сактоо; - адамдарды жана жүктөрдү ташуу; - транспорт каражаттарынын техникалык абалын текшерүү; - жол кыймылынын эрежелерин сактоо; - ар кандай жол жана метеорологиялык шарттарда транспорт каражаттарын коопсуз башкаруу. |
146 |
ЖКД 1.1.3 Жол кыймылынын эрежелери |
ЖК 1- 6 КК-1.1.1 КК -1.1.2
|
|
ЖКД 1.1.4
|
Айдоочунун ишмердүүлүгүнүн психофизиологиялык негиздери Милдеттүү бөлүгүн өздөштүргөндөн кийин окуучу төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш: - жол кыймылынын эрежелери, жол кыймылын жөнгө салуучу ченемдик актылар; - транспорт каражатын башкарууну камсыз кылуучу психикалык жана физиологиялык процесстердин комплекси; - анын ичинде сезүү кабылдоосу (көрүү, угуу); - көңүл буруу, эс тутум; - ылдамдык, реакция; - мейкиндикти кабылдоо; - эмоционалдык, өзүн-өзү жөнгө салуу. Төмөнкү көндүмдөргө ээ болуу: - коопсуз башкаруу; - жетиштүү чечимдерди кабыл алуу; - татаал жол кырдаалдарында башкаруу; - тобокелдиктерди жана мотивацияны жетиштүү баалоо; - айдоо стилин иштеп чыгуу. |
20
|
ЖКД 1.1.4 Айдоочунун ишмердүүлүгүнүн психофизиологиялык негиздери
|
ЖК 1- 6 КК-1.1.1 КК -1.1.2 КК -1.1.3
|
|
ЖКД 1.1.5
|
Айдоочунун укуктук негиздери жана этикасы Милдеттүү бөлүгүн өздөштүргөндөн кийин окуучу төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш: - мыйзам актылары, ченемдер жана эрежелер; - айдоочунун укуктары жана милдеттери; - жол кыймылынын коопсуздугу жөнүндө мыйзам; - өз ара сыйлоо, сылыктык, боор ооруу; - сылыктык жана сабырдуулук эрежелери: башка жол кыймылынын катышуучуларына карата зомбулук, кемсинтүү, кескин кыймылдар жана мимиканын жоктугу; - жол кырдаалы жана туура чечимдер; - жол кырсыгынан келтирилген зыянды төлөө; - жол шарттарына ылайык келген коопсуз аралыкты жана ылдамдыкты сактоо. Төмөнкү көндүмдөргө ээ болуу: - жол кырсыгы болгондо биринчи жардам көрсөтүү; - жол кыймылынын башка катышуучуларын сыйлоо: өз ара сыйлашуу; - башка айдоочулар үчүн түшүнүктүү маневрлерди жасоо (бурулуштар, кайра тизилүүлөр); - сылыктык жана токтоолук: жол кыймылынын башка катышуучуларына карата агрессиянын, кемсинтүүлөрдүн, кескин жаңсоолордун жана мимиканын жоктугу; - зарыл болгон учурда жол кыймылынын башка катышуучуларына жардам көрсөтүү; - аралыкты жана ылдамдык режимин сактоо: коопсуз аралык жана жол шарттарына ылайык келген ылдамдык; - жолдогу өз ролун жана аракеттеринин кесепеттерин түшүнүү; - көңүл буруу жана этият болуу: жолго көңүл буруу, унаанын тазалыгы жана этият айдоо стили; - чыңалуу жана чыр-чатактуу кырдаалдарда тынчтыкты сактоо; - коопсуздукка таасир этүүчү зыяндуу адаттардан баш тартуу жана сергек жашоо образын кармануу; - жол кыймылынын башка катышуучуларына урмат көрсөтүү, сылык болуу жана жардамга келүүгө даяр болуу. |
60
|
ЖКД 1.1.5 Айдоочунун укуктук негиздери жана этикасы
|
ЖК 1- 6 КК-1.1.1 КК -1.1.2 КК -1.1.3
|
|
ЖКД 1.1.6 |
Биринчи медициналык жардам көрсөтүү Милдеттүү бөлүгүн өздөштүргөндөн кийин окуучу төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш: - Жалпы жоболор. Адамдын анатомиясынын жана физиологиясынын негиздери; - жаракат алганда жана жол кырсыгынан жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүү; - жол кырсыгынан жабыркагандарга биринчи жардам көрсөтүүдөгү аракеттердин ырааттуулугу; - алкоголдун, баңгизаттын айдоочунун эмгекке жөндөмдүүлүгүнө тийгизген зыяндуу таасири; - жабыркагандарга медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруунун жана ырааттуулугунун принциптери. Төмөнкү көндүмдөргө ээ болуу: - кан агууну убактылуу токтотуу ыкмаларын колдонуу: басымдуу таңгыч коюу, артерияны басуу, бут-колду максималдуу бүгө кармоо, жгут салуу. Кан агууну колдо болгон каражаттар менен токтотуу; - сыныктарда таңгыч салуу. Негизги таңгыч түрлөрү: айланма, кайчылаш, пластырь менен бекитилген, үч бурчтук мата (косынка) менен салынган жана башка түрлөр; - "Ооздон оозго" жасалма дем алдыруу техникасын иштеп чыгуу жана жүрөккө кыйыр массаж жасоо; - күн өтүүдөн, дененин ар кандай даражадагы күйүктөрүнөн, жалпы муздашыдан жана дене бөлүктөрүнүн үшүк алышынан улам жабыркаган учурда биринчи медициналык жардам көрсөтүү; - көмүр кычкыл газынан ууланганда биринчи жардам көрсөтүү, чөгүп бараткан адамды куткаруу. |
20 |
ЖКД 1.1.6 Биринчи медициналык жардам көрсөтүү
|
ЖК 1- 6 КК-1.1.1 КК -1.1.2 КК -1.1.3 КК -1.1.4 |
|
КЦ |
Кесиптик цикл (**) |
70 |
|
|
|
КМ.00 |
Негизги бөлүк: Кесиптик модулдар |
|
|
|
|
|
Модулдардын аталышы |
|
|
|
|
КМ 01 |
"В" категориясындагы унааны айдоо (механикалык трансмиссиясы /автоматтык трансмиссиясы менен). Алардын ичинен автотренажердо 10 саат Кесиптик модулду окуп үйрөнүүнүн натыйжасында окуучу төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш: - автомобилдин түзүлүшү жана классификациясы; - автомобилдин түрлөрү жана аларды колдонуу шарттары; - автомобилдин компоненттери, башкаруу каражаттары жана алардын өзгөчөлүктөрү, эксплуатациялык функциялары; - жол кыймылынын эрежелери; - автомобилдин жол башкаруу системасы жана анын өзгөчөлүктөрү; - автомобилдин механизмдеринин иштөө принциптери; - коопсуз башкаруу; - психофизиологиялык аспектилер; Төмөнкү көндүмдөргө ээ болуу: - "В" категориясындагы автомобиль транспортун башкаруу (механикалык трансмиссиясы/автоматтык трансмиссиясы менен); - жол кырдаалдарын болжолдоо; - сапарды пландаштыруу жана аткаруу, автомобиль жолдорунун атласын, жол белгилерин жана көрсөткүчтөрүн, радиотехникалык жана навигациялык жабдууларды колдонуу; - транспорт агымын башкарууда оптималдуу жүрүм-турум моделин колдонуу (анын ичинде автомагистралда); - коопсуз ылдамдыкты ашырбоо, коопсуз маанилерге салыштырмалуу аралыкты жана туурасынан кеткен интервалды азайтпоо; - ылдамдыкты азайтпоо жана башка транспорт каражаттарынын кыймылына тоскоолдук жарата баштаган чоңдуктарга салыштырмалуу туурасынан кеткен интервалды көбөйтпөө; - башкарылуучу дөңгөлөктөрдүн абалы жөнүндө кайтарым байланышты сактоо менен жолду башкаруу; - ордунан козголуу (анын ичинде өйдөлө), экономикалык алгоритм боюнча ылдамдыкты көбөйтүү механизмдерди которуу менен ылдамдануу; - ылдамдыкты турукташтыруу; - ылдамдыкты көбөйтүү, өткөргүчтөрдү которуу менен кыймылдаткычты колдонуп ылдамдыкты азайтуу жана тормоздоо; - негизги тормоз системасы аркылуу кадимки тормоздоо; - токтоочу тормоздун жардамы менен автомобилди бекем кармоо; - автомобилди белгиленген траектория боюнча багыттоо жана анын траекториядан тайышын түзөтүү. |
50 |
КМ 01. "В" категориясындагы автомобилди айдоо (механикалык трансмиссия менен / автоматтык трансмиссия менен). |
|
|
РО1 |
- автомобилдин кыймылын башкарат (механикалык трансмиссия / автоматтык трансмиссия менен): - ылдамдатуу, тормоздоо, багыттуу жана каптал кыймыл, төмөн ылдамдыкта маневр жасоо, анын ичинде артка жылуу; - автомобилдин кыймылын кризистик кырдаалдарда башкарат (тайгалануу, оодарылуу, начар көрүнүү, кыймылдын коопсуздугуна таасир этүүчү күтүлбөгөн бузулуулар ж.б.); - автомобилди күйүүчү май жана башка эксплуатациялык материалдар менен толтуруу зарылдыгын аныктайт. |
|
|
|
|
КМ 02 |
“В” категориясындагы автомобилге техникалык тейлөө жүргүзүү Милдеттүү бөлүгүн өздөштүргөндөн кийин окуучу төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш: - автомобилди башкаруу объектиси катары түзүлүшү жана анын техникалык эксплуатациясы; - транспорт каражаттарына тейлөө жүргүзүүдөгү коопсуздук техникасынын эрежелери; - автомобилге күнүмдүк техникалык тейлөө жүргүзүү операцияларынын тизмеси; - техниканы сактоого даярдоо жана сактоодон чыгаруу тартиби; - техниканы сактоого коюуда колдонулуучу негизги материалдар; - автомобилге техникалык тейлөө жүргүзүүнүн түрлөрү жана мезгилдүүлүгү; - автомобилге техникалык тейлөө жүргүзүү технологиясы; - техникалык тейлөө операцияларын аткаруу үчүн жабдуулардын тизмеси жана техникалык мүнөздөмөлөрү; -автомобилдин жөнөкөй бузулууларынын себептери. Төмөнкү көндүмдөргө ээ болуу: - салмагы 3500 килограммдан ашпаган жана айдоочунун отургучунан тышкары сегизден ашык отургучтары жок автотранспорттун ар бир сменалык текшерүүсүн жүргүзүү; - "В" категориясындагы, уруксат берилген максималдуу салмагы 750 килограммдан ашкан чиркегичи бар автомобилдер; - уруксат берилген максималдуу салмагы 750 килограммдан ашкан чиркегичи бар "В" категориясындагы автомобилдерди айдоо, эгерде мындай транспорт каражаттарынын жалпы уруксат берилген максималдуу салмагы техникалык талаптарга ылайык 3500 килограммдан ашса. |
10 |
КМ 02. “В” категориясындагы автомобильга техникалык тейлөө жүргүзүү
|
ЖК1-6 КК-1.1.1 КК -1.1.2 КК -1.1.3 КК -1.1.4 КК -1.1.5 КК -1.1.6 |
|
РО2 |
- автомобилдин ичинде болгон шаймандар жана каражаттардын мүмкүнчүлүгү чегинде агрегаттарды, приборлорду же тетиктерди алмаштыруу жана жөндөө иштерин жүргүзүү. |
|
|
|
|
КМ 03 |
Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууну ишке ашыруу Кесиптик модулду окуп үйрөнүүнүн натыйжасында окуучу төмөнкүлөрдү билүүгө тийиш: - автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү (жеткирүү) ташуу тартибин аныктоочу ченемдик укуктук актылар; - автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү ташууну ченемдик камсыздоо; - жүргүнчүлөрдү ташуучу автотранспорттун техникалык-эксплуатациялык көрсөткүчтөрү; - линиядагы таксинин ишин диспетчердик башкаруу. Төмөнкү көндүмдөргө ээ болуу: - такси линиясында иштөө; - автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү (жеткирүү) ташуу; - жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин жана коопсуздук техникасын сактоо менен жүктөөнүн нормаларын сактоо менен жүргүнчүлөрдү ташуу. |
10 |
КМ 03 Автомобиль транспорту менен жүргүнчүлөрдү жана жүктөрдү ташууну аткаруу |
ЖК 1-6 КК-1.1.1 КК -1.1.2 КК -1.1.3 КК -1.1.4 КК -1.1.5 КК-1.1.6 |
|
РО3 |
- жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерин сактоо менен, жүктөөнүн нормаларын сактоо менен, коопсуздук техникасын сактоо менен жүргүнчүлөрдү ташуу боюнча ишти аткарат; - эмгек жана эс алуу режимин сактоо; - жол кырсыгына кабылганда өзүнө, жүргүнчүлөргө, башка жабыр тарткандарга биринчи медициналык жардам көрсөтөт. |
|
|
|
|
|
Консультация |
10 |
|
|
|
МАК |
Мамлекеттик аттестациялык комиссия |
6 |
|
|
|
|
КР ПИБ ТКАККМБда мамлекеттик экзамен |
4 |
|
|
|
|
Жалпы саат |
|
|
|
|
|
Апталык жүктөм |
12 |
|
|
|
|
Айдоочулук |
70 |
|
|
Эскертүү:
(*) Автомобиль айдоо боюнча окутуу сааттык тордон тышкары 70 саат көлөмүндө жүргүзүлөт (анын ичинде 1 саат контролдук сабактар).
(**) “В” категориясындагы айдоочуну даярдоо программасы жалпы билим берүүчү мектептердин жогорку класстарынын окуучуларын жана чоңдорду окутууга арналган.
8322 “В” категориясындагы автомобиль айдоочусу кесиби боюнча
Кыргыз Республикасынын кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топтун курамы жөнүндө маалымат
|
№ |
Аты-жөнү |
Кызматы |
Иштеген жери |
Колу |
||
|
1. |
Ибраева Н.Н. |
Жетектөөчү адис |
КРнын Агартуу министрлиги |
|
||
|
2. |
Самбаев Н.Р. |
Транспорттук ишмердүүлүктү лицензиялоо жана техникалык көзөмөл башкармалыгынын башчысы |
КРнын ИИМдин ЖКККББ |
|
||
|
3. |
Дубанаев Б.С. |
Башчы |
КР ИИМдин Республикалык окуу борбору |
|
||
|
4. |
Молдалиев Э.Д |
Башкы адис |
КРнын Президентинин Иш башкармасына караштуу ТКАККМБ |
|
||
|
5. |
Саттарова А.Н. |
Директордун орун басары |
КРнын Агартуу министрлигине караштуу РИМБ |
|
||
|
6. |
Омурзакова З.А. |
Бөлүм башчысы |
КРнын Агартуу министрлигине караштуу РИМБ |
|
||
|
7. |
Дондошов Т.А. |
Жетектөөчү адис |
КРнын Агартуу министрлигине караштуу РИМБ |
|
||
|
8. |
Мандыбаев Т.К. |
Окуу-өндүрүштүк иштер боюнча директордун орун басары |
№ 47 кесиптик лицейи |
|
||
|
9. |
Дыйканалиев Т.Н. |
Өндүрүштүк окутуунун устаты |
№20 кесиптик лицейи |
|
||
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн бардык маалыматтык системалары үчүн бирдиктүү кирүү түйүн
PISA 2025
University admission portal of the Kyrgyz Republic citizens of foreign countries
Электрондук китепкана
Билимдүү муун
Окутуу булактары IBilim
"Bilim Bulagy" окутуу булактарынын мультимедиалык комплекси
Билим берүү булактары
"Кут Билим" медиа борбору
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
Жогорку Кеңеш
КР ЧУА долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар расмий порталы
Кыргыз Республикасынын электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы
Портал открытых данных Кыргызской Республики