ВАКАНСИЯ: КОНСУЛЬТАНТ-БУХГАЛТЕР

2 Декабрь 2025 ж.

Дүйнөлүк банк долбоорлорунун координациялоо бөлүмү

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдында,

«Келечек үчүн билим берүү» долбоорунун алкагында

(Кредит/Грант IDA-D5730/IDA-65630)

 

КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ

 

Кыска мөөнөттүү 1С программасын колдоо боюнча консультант-бухгалтер

 

Кандидаттарга коюлган талаптар:

  • Бухгалтердик эсеп, финансы, экономика же аудит тармагында жогорку билим;
  • Финансылык менеджер катары кеминде 5 жылдык иш тажрыйбасы;
  • Эл аралык долбоорлордо кеминде 3 жылдык иш тажрыйбасы;
  • «1С-Бухгалтерия» программасын колдоо боюнча компаниялар менен иштеген тажрыйба, Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарын билүү;
  • Компьютердик көндүмдөр: «1С-Бухгалтерия» программасы жана MS Office пакети;
  •  Орус тилин мыкты билүү, кыргыз жана англис тилдерин билүү артыкчылык болуп эсептелет.

 

Толук техникалык тапшырма Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин веб-сайтында жеткиликтүү: www.edu.gov.kg

 

Кызыкдар кандидаттар төмөнкү документтерди тапшыруусу керек: Вакансиянын аталышын көрсөткөн кайрылуу каты; Англис жана орус тилдеринде даярдалган CV (резюме); Тийиштүү дипломдордун жана/же сертификаттардын көчүрмөлөрү.

Документтер 2025-жылдын 17-декабрында саат 18:00гө чейин тапшырылууга тийиш:

 

Дүйнөлүк банк долбоорлорунун координациялоо бөлүмү

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдында

ш. Бишкек, Манас көч., 22а, каб. №108

тел. 31-70-55, факс 31-70-16

E-mail : officeorp@gmail.com

 

Эскертүү:

Вакансиянын аталышы көрсөтүлбөгөн, документтер топтому толук эмес, мөөнөттөн кеч тапшырылган жана талаптарга жооп бербеген арыздар кароого алынбайт.

 

ТЕХНИКАЛЫК ТАПШЫРМА

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар