КОНСУЛЬТАЦИЯЛЫК КЫЗМАТ КӨРСӨТҮҮГӨ КЫЗЫКДАР КОМПАНИЯЛАРГА БИЛДИРҮҮ

6 Ноябрь 2025 ж.

Дүйнөлүк банк долбоорлорун координациялоо бөлүмү
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигинин алдында
«Билим берүүнүн негиздерин бекемдөө» долбоорунун алкагында

(Грант № TFOB6138KG)

1. КЫЗЫГУУНУ БИЛДҮҮ ҮЧҮН КАЙРЫЛУУ
Консультациялык кызмат № KG/GPE/CS/CQS-2025-02
Ош, Ысык-Көл жана Чүй облустарындагы 11 жамааттык бала бакчаларда курулуш
жана оңдоо-жаңылоо иштерине техникалык көзөмөл жана мониторинг жүргүзүү боюнча
кызмат көрсөтүү
Кыргыз Республикасы Дүйнөлүк банктан «Билим берүүнүн негиздерин бекемдөө»
долбоорун ишке ашыруу үчүн каржылоо алган жана бул каражаттын бир бөлүгүн 4–5
жаштагы балдардын эрте өнүгүүсүн улуттук деңгээлде тандалма изилдөөнү жүргүзүү
боюнча консультациялык кызматты сатып алууга жумшоону пландаштырууда.
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлигине караштуу «Билим
берүүнүн негиздерин бекемдөө» долбоору юридикалык жактарды (“Консультанттарды”)
жогоруда аталган кызмат көрсөтүүгө кызыгуусун билдирүүгө чакырат. Кызыкдар
консультанттар өздөрүнүн бул кызматты аткарууга зарыл болгон квалификациясы жана
тиешелүү иш тажрыйбасы бар экенин тастыктаган маалыматтарды жөнөтүшү керек.

2. Минималдуу квалификациялык талаптар:
Консультант төмөнкү минималдуу талаптарга жооп бериши керек:
 Схожий мүнөздөгү объекттерде техникалык көзөмөл жүргүзүү тажрыйбасы
(кеминде 2 келишим);
 Аналогдук тармакта кеминде 5 жылдык иш тажрыйбасы;
 Эл аралык донордук уюмдардын каржылоосундагы долбоорлордо иштөө
тажрыйбасы (кеминде 2 келишим).
Кызыкдар консультанттардын көңүлүн Дүйнөлүк банктын 2020-жылдын ноябрындагы
төртүнчү басылышы болгон ФИП карыз алуучулары үчүн сатып алуу эрежелеринин
(«Procurement Regulations») 3.14-пунктуна бурабыз. Анда Дүйнөлүк банктын талаш-
тартыш кызыкчылыктары (conflict of interest) боюнча саясаты баяндалган. Толук
маалымат төмөнкү шилтемеде жеткиликтүү:
�� http://pubdocs.worldbank.org/en/178331533065871195/Procurement-Regulations.pdf
Консультант «Квалификация боюнча тандоо» (CQS) ыкмасы менен тандап алынат.

3. Кошумча маалымат алуу:

Кошумча маалыматты төмөнкү дарек аркылуу саат 9:00дөн 18:00гө чейин (жергиликтүү
убакыт боюнча) алууга болот.
Кызыгуу билдирүүсүн тапшыруу мөөнөтү: 2025-жылдын 19-ноябрына чейин, саат
18:00гө чейин (жергиликтүү убакыт боюнча) төмөнкү дарекке жеткирилүүгө тийиш:
«Билим берүүнүн негиздерин бекемдөө» долбоорунун ишке ашыруу бөлүмү Кыргыз
Республикасынын Агартуу министрлигинин алдында

Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Манас проспектиси, 22а

Телефон/Факс: +996 (312) 317055
E-mail: gpeprocurement@gmail.com

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар