САТЫП АЛУУЛАР ЖӨНҮНДӨ АТАЙЫН БИЛДИРҮҮ

29 Октябрь 2025 ж.

Конкурстук сунуштарды берүү өтүнүчү

Чакан жумуштар

Өлкө: Кыргыз Республикасы 

Буйрутмачы: Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги «Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу» долбоорунун алкагында (кошумча каржылоо) 

Долбоордун аталышы: "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу "(кошумча каржылоо) 

Келишимдин аталышы: Н. Жундубаев атындагы орто мектебин реконструкциялоо, Кочкор айылы, Алиев көчөсү, Нарын облусу. 

Кредит №: 6687-KG; Грант №: D6550-KG. 

№КСБӨ: KG-CW/RFB-13/AF-2025-2

Чыгарылган: 29-октябрь, 2025-жыл

 

Кыргыз Республикасы "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу (кошумча каржылоо)" долбоорунун наркынын эсебинен дүйнөлүк банк тарабынан каржылоону алып, Жалал-Абад облосунун, Кара-Дарьия айыл аймак, Сузак район, Арал айылынын, №5 Ж. Тороева көчөсүндөгү М. Маткаримова атындагы орто мектебинин реконструкциялоосун № KG-CW/RFB-13/AF-2025-2 контрагы боюнча төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн каражаттардын бир бөлүгүн колдонууга ниеттенүүдө.

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги «Кыргыз Республикасында жаратылыш кырсыктарынын тобокелчиликтерине туруктуулукту жогорулатуу» долбоорунун (Кошумча каржылоо) алкагында ыйгарым укуктуу тендердик катышуучуларын Н. Жундубаев атындагы орто мектебин реконструкциялоо иштери боюнча (Нарын облусу, Кочкор айылы, Алиев көчөсү) жабык конкурстук сунуштарды тапшырууга чакырат.

Келишимди ишке ашыруунун мөөнөтү 12 айды түзөт.

 

Катышуучу тендерге катышкан учурда, Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан берилген имараттарды жана курулмаларды куруу боюнча жоопкерчилигинин деңгээлин көрсөтүүчү тиешелүү Лицензиясын (көчүрмөсүн) тапшырууга милдеттүү.

 

Тендерлер 2016-жылдын июль айында жарыяланган (2025-жылдын февралында кайра иштелип чыккан) Дүйнөлүк банктын ИДК боюнча кредит алуучулар үчүн сатып алуулар жөнүндө жобосуна («Сатып алуулар жөнүндө жобо») ылайык конкурска чакыруу барагын колдонуу менен улуттук атаандаштык тендерлердин алкагында өткөрүлөт жана Сатып алуулар жөнүндө жободо аныкталгандай, бардык тендердик катышуучулар үчүн ачык болот.

Конкурстук сунуштар тендердик документтерде көрсөтүлгөндөй, баалоо процедурасына ылайык бааланат.

Тендердин катышуучулары кошумча маалыматты Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Долбоорлорду ишке ашыруу департаментинин директору Жылдыз Токторбаеванын атына, erikprocurement@gmail.com электрондук дареги аркылуу кайрылууга укуктуу. Ошондой эле тендердик документтер боюнча төмөндөгү дарек боюнча таанышуу мүмкүнчүлүк түзүлөн: иш убактысы саат 9:00дөн 17:30га чейин (Бишкек убактысы боюнча).

 

Орус тилиндеги тендердик документтерди, тендердин катышуучулары erikprocurement@gmail.com электрондук дарегине кат жүзүндө табыштама бергенден кийин ала алышат. Бардык тендердик документтер электрондук почта аркылуу жөнөтүлөт.

 

Конкурстук сунуштар төмөндө көрсөтүлгөн дарекке 2025-жылдын 01- декабрында саат 15:00гө чейин жеткирилүүсү зарыл. Электрондук тендерлерге уруксат берилбейт. Көрсөтүлгөн мөөнөттөн кийин берилген конкурстук сунуштар четке кагылат. "СУНУШТУН ОРИГИНАЛЫ" деп белгиленген тышкы конверттер жана "ТЕХНИКАЛЫК БӨЛҮК" деп белгиленген ички конверттер 2025-жылдын 01-декабырында саат 15:00дө төмөндө көрсөтүлгөн даректе тендерге катышуучу өкүлдөрдүн жана катышууну каалаган адамдардын катышуусунда  ачык ачылат.

 

"Финансы бөлүгү" деген белги коюлган бардык конверттер ачылбаган бойдон калууга жана конкурстук сунуштар экинчи жолу ачык ачылганга чейин заказчыда ишенимдүү жерде сакталууга тийиш.

Бардык конкурстук сунуштар конкурс сунушунун кепилдик декларациясы менен коштолушу керек.

Сатып алуулар жөнүндөгү жоболорго көңүл бурулат, карыз алуучудан келишимди ыйгаруу жөнүндө билдирүүнүн алкагында жеңүүчү тендерге катышуучусунун бенефициардык ээлиги жөнүндө маалыматты ачыкка чыгарууну талап кылган, тендердик документке киргизилген бенефициардык мүлктү ачыкка чыгаруу формасы колдонулат.

 

Жогоруда айтылган дарек:

 

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы "Кыргызстанда табигый кырсыктардын тобокелдигине туруктуулукту жогорулатуу" долбоорунун алкагында (кошумча каржылоо)

долбоорлорду ишке ашыруу бөлүмү

айым Токторбаева Жылдыз, ДИАБнүн директору

Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Манас проспектиси 101/1, 3-кабат, каб.304.

Телефон: + 996 (312) 32 38 65

E-mail: erikprocurement@gmail.com

 

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар