Латвиянын жогорку окуу жайларында 2022-2023-окуу жылына бакалавриатта, магистратурада жана докторантурада окуу үчүн стипендия алууга өтүнмөлөр кабыл алынат.
Стипендияга өтүнмөлөрдү кайсы жогорку окуу жайда болбосун кеминде 1 окуу жылын ийгиликтүү аяктаган, бакалавриатта окуган студенттер, магистратурада жана докторантурада окугандар тапшыра алышат.
Стипендиянын өлчөмү:
Айына 500 евро – бакалавриат жана магистратуранын студенттери үчүн,
Айына 700 евро – аспиранттар үчүн.
Кабыл алуу шарттары:
1. Талапкер стипендияга өтүнмө бергенге чейин латвиялык жогорку окуу жайдагы окуу программасын тандап алышы керек.
2. Талапкер стипендияга өтүнмө бергенге чейин латвиялык жогорку окуу жайдан тандалган окуу программасына кабыл алынгандыгы тууралуу катты алышы керек.
3. Латвиялык жогорку окуу жайда окуп жаткан талапкер да стипендияга өтүнмө бергенге чейин ошол же тандалган окуу программасына кабыл алынгандыгы тууралуу катты алышы керек.
4. Латвиялык жогорку окуу жайдан тандалган окуу программасына кабыл алынгандыгы тууралуу кат дайындалган байланыш кызматкери тарабынан берилиши керек.
Өтүнмөлөр 2022-жылдын 1-февралынан 1-апрелине чейин кабыл алынат.
Өтүнмөнү берүү процесси электрондук системада онлайн форматта жүргүзүлөт.
Өтүнмөлөрдү берүү процесси:
1) уникалдуу логин жана сыр сөз жазылган профилди түзүү,
2) белгиленген критерийлерге ылайык анкетаны толтуруу*,
3) зарыл болгон (латыш же англис тилине которулган) документтерди тиркөө,
4) мөөнөт аяктаганга чейин өтүнмөнү берүү,
5) июнда электрондук почта аркылуу стипендия берилери тууралуу расмий чечимди алуу, ошондой эле чечим өтүнмөлөрдү берүү үчүн электрондук системада талапкердин профилинде жеткиликтүү болот.
* Толук эмес жана туура эмес толтурулган өтүнмөлөр бааланбайт.
Маалымат алуу үчүн шилтемелер:
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн бардык маалыматтык системалары үчүн бирдиктүү кирүү түйүн
PISA 2025
University admission portal of the Kyrgyz Republic citizens of foreign countries
Электрондук китепкана
Билимдүү муун
Окутуу булактары IBilim
"Bilim Bulagy" окутуу булактарынын мультимедиалык комплекси
Билим берүү булактары
"Кут Билим" медиа борбору
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
Жогорку Кеңеш
КР ЧУА долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар расмий порталы
Кыргыз Республикасынын электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы
Портал открытых данных Кыргызской Республики