ЭКСПЕРТТЕРДИ ДАЯРДОО БОЮНЧА ЖАРЫЯ

11 Сентябрь 2025 ж.

 

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги  билим берүү жаатында иштеген кызматкерлер үчүн  2025-жылдын 19-сентябрында Бишкек шаарында жана 24-сентябрында Ош шаарында  “Жеке менчик меткептерди лицензиялоо: бүгүнкү күндүн талаптары жана келечеги” аттуу эксперттерди даярдоо боюнча окутуу өткөрөт.

Окутуунун максаты:

Жеке менчик мектептердин ишине жүргүзүлүүчү лицензиялык контролдоого катышуучу эксперттерди даярдоо жана сертификаттоо болуп саналат.

Эксперттерди даярдоо боюнча окутууга катышуучу талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар:

  • жогорку же орто кесиптик билиминин болушу;
  • эмгек тажрыйбасынын болушу (окуу бөлүмдөрүндө, жетекчилик кызматтарда жана  укук-ченемдик актылар менен иштеген мугалимдер кабыл алынат);
  • кыргыз жана орус тилдерин билүүсү.

Окутууга катышуучу талапкерлер тапшыруучу документтер:

  • арыз;
  • жогорку же орто кесиптик билими тууралуу диплому;
  • билим берүү тармагында иштегендиги тууралуу эмгек китепчеси;
  • резюме.

 

Арызга дипломдун, эмгек китепчесинин жана резюменин сканерленген көчүрмөсү тиркелет. Семинар-тренингге катышууга арыздар  2025-жылдын 16-сентябрына чейин төмөнкү электрондук даректе кабыл алынат: license@edu.gov.kg.

Туура эмес даярдалган документтер каралбайт. 

Арыз

 

 

 

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар