УЛУТТУК АККРЕДИТАЦИЯЛЫК КЕҢЕШТИН КУРАМЫНА МҮЧӨЛӨРДҮ КИРГИЗҮҮ ҮЧҮН АЧЫК КОНКУРС

5 Август 2025 ж.

Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги Улуттук аккредитациялык кеңештин курамына мүчөлөрдү киргизүү үчүн төмөнкү орундарга ачык конкурс жарыялайт:

  • билим берүү уюмдарынын ассоциацияларынын өкүлдөрү (кесиптик лицейлердин ассоциациясынан 1 өкүл, кесиптик орто билим берүү уюмдарынын ассоциацияларынан 1 өкүл, кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын ассоциацияларынан 1 өкүл);
  • иш берүүчүлөр ассоциацияларынан 3 өкүл;
  • коомдук институттардын 2 өкүлү.

Конкурска катышуучуга коюлуучу талаптар:

- Кыргыз Республикасынын жараны;

- мамлекеттик тилди билүү;

- жогорку кесиптик билими бар. 

          Иш тажрыйбасы:

  • билим берүү уюмдарынын ассоциацияларынын өкүлдөрү үчүн билим берүү чөйрөсүндө 10 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
  • иш берүүчүлөрдүн ассоциацияларынын жана коомдук институттардын өкүлдөрү үчүн кесиптик уюмдарда же тармактык структураларда 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.

Конкурстук тандоого төмөнкүлөр катыша албайт:

- аккредитациялык агенттиктин уюштуруучулары;

- аккредитациялык агенттикте кандайдыр бир ишти жүзөгө ашыруучу киши;

- аккредитациялык агенттиктердин администрациясы жана кызматкерлери менен жакын туугандык мамилелери бар киши;

- билим берүү уюмунун жетекчиси.

Конкурстук тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:

арыз;

- резюме;

- паспорттун, билими тууралуу дипломдун жана эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү;

- иш берүүчүлөрдүн ассоциацияларынын, билим берүү уюмдарынын ассоциацияларынын жана коомдук институттардын жетекчилеринин сунуштамасы.

Конкурстун катышуучусу арызды жана ага тиркелген документтерди мамлекеттик тилде төмөнкү электрондук почта аркылуу 1 документ катары PDF форматта жөнөтөт: edu@mail.gov.kg

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2025-жылдын 5-августунан тартып 2025-жылдын 25-августу саат 18.00 чейин.

Байланыш телефону: (0312) 66-22-87; 0705 155844

Чалуу жумуш күндөрү саат 9:00 – 18:00 чейин.

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар