Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2021-жылдын 27-декабрындагы №2195/1 буйругунун 5-пунктуна ылайык 2022-жылга карата конкурстан өткөн жаңы жана улантуучу илимий-изилдөө жана тажрыйба-конструктордук долбоорлордун аткаруучулары 2022-жылдын 25-февралына чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен аткаруучулардын ортосундагы долбоорлорду аткаруу боюнча келишимдерди түзүүгө милдеттүү.
Келишим түзүү боюнча Илим жана илимий-техникалык саясат башкармалыгынын башкы адиси А.Т. Исираиловага кайрылыңыздар (620494, 0700 949496).