Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги министрликке караштуу «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемесинин директору кызмат ордун ээлөөгө ачык конкурс жарыялайт.
«Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемесинин директору кызмат ордуна талапкерлерге коюлуучу квалификациялык талаптар:
Тажрыйба жана билим:
- жогорку кесиптик билим, басма иши, менеджмент же экономика боюнча жогорку билимине артыкчылык берилет;
- жетекчилик позицияда 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасына артыкчылык берилет;
- кыргыз, орус тилдерин эркин оозеки жана жазуу жүзүндө билүү, ал эми англис тилин билүүсүнө артыкчылык берилет;
Төмөнкүлөрдү билүү:
- китеп басып чыгаруу жаатындагы ишти жөнгө салуучу мыйзамдарды, жарлыктарды, токтомдорду, буйруктарды жана башка ченемдик укуктук актыларды билүү;
- коомдук-саясий окуялар, экономиканы өнүктүрүүнүн абалы жана перспективалары, өлкөдөгү жана чет өлкөлөрдө илимий жана маданий турмуш жөнүндө маалымат;
- басма, полиграфиялык өндүрүш, китеп таратуу боюнча алдынкы ата мекендик жана дүйнөлүк тажрыйба;
- автордук жана чектеш укуктар, эмгек жана салык мыйзамдарынын негиздери;
- келишимдерди, макулдашууларды түзүүнүн жана аткаруунун укуктук аспекттери;
- экономикалык анализдин, пландаштыруунун, редакциялык-басма процессин уюштуруунун, өндүрүштү башкаруунун, чыгымдардын эсебинин, каржылоонун жана кредиттин, менеджменттин, маркетингдин негиздери;
- эмгекке акы төлөөнүн жана материалдык стимулдаштыруунун формалары жана системалары; коммерциялык сырды түзгөн маалыматтардын тизмеси;
- иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жана башка сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү ыкмалары;
- басма бизнесинин процесстерин, анын ичинде редакциялык, маркетингдик жана финансылык ишмердүүлүктү терең түшүнүү;
- команданы башкаруу жана компаниянын стратегиялык максаттарына жетүү тажрыйбасы;
- алдынкы коммуникациялык көндүмдөр жана ар кандай деңгээлдерде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жөндөмдүүлүгү;
- басма тармагындагы учурдагы тенденцияларды билүү жана аларды ишке ашырууга даяр болуу.
Кесиптик көндүмдөр жана сапаттар:
- лидерлик сапаттар, команданы шыктандыруу жана мотивациялоо жөндөмдүүлүгү;
- аналитикалык көндүмдөр жана негизделген чечимдерди кабыл алуу жөндөмдүүлүгү;
- стратегиялык ой жүгүртүү жана компанияны өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү пландарын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жөндөмдүүлүгү;
- финансылык ресурстарды натыйжалуу башкаруу жана бизнес процесстерин оптималдаштыруу жөндөмдүүлүгү;
- ишти мыкты уюштуруу жана долбоорду башкаруу көндүмдөрү.
Жеке сапаттар:
- чечимдерди кабыл алууда жоопкерчилик жана принципиалдуулук;
- инновациялык чечимдерди ишке ашырууда чыгармачылык менен мамиле кылуу;
- интенсивдүү графиктерде жана жогорку талаптарда иштөөгө даяр болуу;
- командада эффективдүү иштей билүү жана жагымдуу иш абалын сактоо;
- өзүн-өзү мотивациялоонун жогорку деңгээли жана кесиптик өнүгүүгө умтулуусу.
Конкурстук тандоого катышуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:
1) конкурска катышууга жеке арыз;
2) паспорттун көчүрмөсү;
3) резюме;
4) билими жөнүндө документтин көчүрмөсү;
5) мурунку иш берүүчүлөрдөн (экиден кем эмес) сунуш кат.
Талапкер аңгемелешүүгө мекемени өнүктүрүү программасын даярдап
келиши керек.
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2025-жылдын 17-июлунан 21-июлуна саат 18.00гө чейин.
Документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, К. Тыныстанов көчөсү 257, Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги, 212-кабинет (Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү, тел.: 0312 66-46-43)
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн бардык маалыматтык системалары үчүн бирдиктүү кирүү түйүн
PISA 2025
University admission portal of the Kyrgyz Republic citizens of foreign countries
Электрондук китепкана
Билимдүү муун
Окутуу булактары IBilim
"Bilim Bulagy" окутуу булактарынын мультимедиалык комплекси
Билим берүү булактары
"Кут Билим" медиа борбору
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
Жогорку Кеңеш
КР ЧУА долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар расмий порталы
Кыргыз Республикасынын электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы
Портал открытых данных Кыргызской Республики