СИБИРЬ МАМЛЕКЕТТИК МЕДИЦИНАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИ КЫРГЫЗСТАНДЫК АБИТУРИЕНТТЕРГЕ БЮДЖЕТТИК ОРУНДАРДЫ СУНУШТАЙТ

11 Июль 2025 ж.

Сибирь мамлекеттик медициналык университети 2025-жылдын 20-июлуна чейин абитуриенттерди онлайн кабыл алат. Бюджеттик орундарга кирүү сынактары ушул жылдын 25-июлуна чейин өткөрүлөт, 4-августка саат 12:00гө (Москва убактысы боюнча) чейин окууга кабыл алууга макулдук берүү жүргүзүлөт.

Билим берүү жөнүндө документтердин түп нускасын берүүнүн кажети жок, Россиянын бир университетине гана бериле турган кабыл алууга макулдук арызы жетиштүү.

Макулдукту Санникова Екатерина Юрьевнанын атына төмөнкү дарекке жөнөтүү керек: Россия Федерациясы, Томск шаары, Источная көчөсү, 42-үй.

Документтерди жеке кабинет аркылуу тапшыруу үчүн: https://apply.ssmu.ru/

Таанышуу жана кирүү сынактарына жазылуу үчүн (документтерди тапшыргандан кийин): https://abiturient.ssmu.ru/bachelor-andspecialty/interance-tests-vo/

Кирүү сынактарынын жыйынтыгы жана тапшыруучулардын тизмеси менен таанышуу үчүн: https://abiturient.ssmu.ru/bachelor-and-specialty/

Кошумча маалымат алуу үчүн: +73822590122.

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар