Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги Баткен жана Жалал-Абад облустук билим берүү усулдук борборлорунун директорлорунун бош кызмат орундарына документтерди кабыл алат
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги билим берүү чөйрөсүндөгү жаркын, демилгелүү жана компетенттүү лидерлерди Баткен жана Жалал-Абад облустук билим берүү усулдук борборлорунун директорлорунун бош кызмат орундарына ачык тандоого катышууга чакырат.
Биз тез өзгөрүп жаткан билим берүү чөйрөсүндө методикалык борборлордун ролун кайра карап чыгууга жөндөмдүү менеджерлерди издеп жатабыз.
- Жалпы квалификациялык талаптар
- Педагогика, билим берүүнү башкаруу, психология же башка профилдик дисциплиналар жаатындагы жогорку билими;
- Билим берүү тармагында 5 жылдан кем эмес ийгиликтүү иштеген (окутуу, башкаруу, методикалык же илимий ишмердүүлүк);
- Жамааттарды, долбоорлорду же билим берүү мекемелерин башкаруу тажрыйбасы;
- Кыргыз Республикасынын Билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарын билүүсү.
- Башкаруу көндүмдөрү
- Билим берүү мекемелеринин өнүгүү келечегин көрө билүү жана калыптандыруу;
- Башкарууда инновациялык ыкмаларды жана санариптик чечимдерди ишке ашырууга даярдык;
- Билим берүү муктаждыктарын терең түшүнүү, методикалык иштин жана квалификацияны жогорулатуунун натыйжалуу программаларын терең түшүнүү;
- Командалык иш алып баруу;
- Мамлекеттик жана расмий тилдерде сабаттуу жазуу жана оозеки сүйлөө, англис тилин билүүсү кубатталат;
- Мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар жана ишкер коомчулук менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө жөндөмдүүлүк;
- Эл алдында сүйлөө жөндөмү жана сүйлөшүү.
- Инсандык сапаттар:
- Жогорку деңгээлдеги жоопкерчилик жана үзгүлтүксүз билим алууга даярдык;
- Инновациялык ой жүгүртүү жана натыйжага багыт алуу;
- Жоопкерчилиги, уюштуруучулугу, демилгелүүлүгү;
- Ата-энелер, мугалимдер жана өнөктөштөр жана ар кандай категориядагы адамдар менен иштөө жөндөмү.
- Кошумча талаптар:
- Компьютердик көндүмдөр: билим берүү процесси менен иштөө үчүн кеңсе программаларын, интернет-ресурстарды жана адистештирилген программаларды ишенимдүү пайдалануу;
- Кесиптик сертификаттар же билим берүү сыйлыктары;
- Лекцияларга, тегерек столдорго, семинарларга жана конференцияларга катышууга даярдыгы.
- Керектүү документтердин тизмеси (бардык документтер PDF форматта):
- Конкурска катышууга электрондук арыз;
- Мекеменин өнүгүү көз карашын чагылдырган толук мотивациялык кат (2 бетке чейин);
- Резюме;
- Жогорку билими жөнүндө документтердин көчүрмөлөрү
- Эмгек китепчесинин көчүрмөсү
- Паспорттун көчүрмөсү;
- Сунуштамалар (бар болсо);
- КР ИИМнин соттуулугу жоктугу жөнүндө маалым-каты.
- Эң ылайыктуу талапкерлер документтерди кабыл алуу аяктаган күндөн тартып үч жумушчу күндүн ичинде аңгемелешүүгө чакырылат.
Электрондук документтерди тапшыруу мөөнөтү:
Электрондук документтер 2025-жылдын 10-июлунан тартып 18-июлуна чейин (18.00) askarkyzyperizat1994@gmail.com. электрондук почтасына кабыл алынат. Байланышчу адам Аскар кызы Перизат, 664719
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн бардык маалыматтык системалары үчүн бирдиктүү кирүү түйүн
PISA 2025
University admission portal of the Kyrgyz Republic citizens of foreign countries
Электрондук китепкана
Билимдүү муун
Окутуу булактары IBilim
"Bilim Bulagy" окутуу булактарынын мультимедиалык комплекси
Билим берүү булактары
"Кут Билим" медиа борбору
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
Жогорку Кеңеш
КР ЧУА долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар расмий порталы
Кыргыз Республикасынын электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы
Портал открытых данных Кыргызской Республики