С.Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Көзөмөлчүлүк кеңешинин курамына кирүүгө арыздарды кабыл алуу жарыяланат
Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын жана “Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 9-пунктуна ылайык КР Билим берүү жана илим министрлигинин карамагындагы мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдары үчүн көзөмөлчүлүк кеңештерин түзүү боюнча комиссиясы С. Нааматов атындагы Нарын мамлекеттик университетинин Көзөмөлчүлүк кеңешинин курамын бекитүү үчүн конкурска катышууга арыздарды кабыл алууну Жарыялайт.
“Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык:
Кеңештин мүчөсү катары төмөнкүлөр боло алышат:
1) социалдык чөйрөдөгү мекемелерде же коомдук иште иш тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын аракетке жөндөмдүү жарандары;
2) ишкер чөйрөлөрдүн, илимий жана билим берүү уюмдарынын, маданий жана социалдык чөйрө мекемелеринин, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, студенттик жана ата-энелер бирикмелеринин өкүлдөрү.
Көзөмөлчүлүк кеңештин мүчөлөрүн тандоо конкурсуна катышууну каалаган талапкерлердин арызына төмөнкү документтер тиркелет:
- конкурска катышууга арызы;
- өзүнүн резюмеси;
- паспортунун же өздүгүн аныктоочу документинин көчүрмөсү;
- билими жөнүндө документтеринин көчүрмөсү.
Мындан башка, талапкерди сунуштаган каттарды кошуп койсо болот.
Документтердин толук тизмеси кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 30 күндүн mahabat.tilegenova@gmail.com электрондук дарек аркылуу же Билим берүү жана илим министрлигине тапшыруусу зарыл. Дареги: Бишкек ш., К.Тыныстанов көчөсү, 257, 311-каб.
Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефону: 0(312)620487
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн бардык маалыматтык системалары үчүн бирдиктүү кирүү түйүн
PISA 2025
University admission portal of the Kyrgyz Republic citizens of foreign countries
Электрондук китепкана
Билимдүү муун
Окутуу булактары IBilim
"Bilim Bulagy" окутуу булактарынын мультимедиалык комплекси
Билим берүү булактары
"Кут Билим" медиа борбору
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
Жогорку Кеңеш
КР ЧУА долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар расмий порталы
Кыргыз Республикасынын электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы
Портал открытых данных Кыргызской Республики