КОНКУРСТУК ТАНДООНУ ӨТКӨРҮҮ ЖӨНҮНДӨ КУЛАКТАНДЫРУУ

25 Март 2025 ж.

КОНКУРСТУК ТАНДООНУ ӨТКӨРҮҮ ЖӨНҮНДӨ КУЛАКТАНДЫРУУ

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемесинин директорунун ваканттык бош кызмат ордуна ачык сынак жарыялайт.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу «Окуу китеби» басма үйү» мамлекеттик мекемесинин директору кызмат ордуна талапкерлерге квалификациялык талаптар:

Тажрыйба жана билимге коюлуучу талаптар:

- жогорку кесиптик билими, басма иши,  менеджмент же экономика боюнча жогорку билимине артыкчылык берилет;

- жетекчилик позицияда 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасына артыкчылык берилет;

- кыргыз, орус тилдерин эркин оозеки жана жазуу жүзүндө билүү, ал эми англис тилин билүүсүнө  артыкчылык берилет;

 

Билим:

- китеп басып чыгаруу жаатындагы ишти жөнгө салуучу мыйзамдарды, ченемдик укуктук актыларды, жарлыктарды, буйруктарды жана башка ченемдик укуктук актыларды билүү;

- коомдук-саясий окуялар, экономиканы өнүктүрүүнүн абалы жана перспективалары, өлкөдөгү жана чет өлкөлөрдө илимий жана маданий турмуш жөнүндө маалымат;

- басма, полиграфиялык өндүрүш, китеп таратуу боюнча алдыңкы ата мекендик жана дүйнөлүк тажрыйба;

- автордук укук, эмгек жана салык мыйзамдарынын негиздери;

- келишимдерди, макулдашууларды түзүүнүн жана аткаруунун укуктук аспектилери;

- экономикалык анализдин, пландаштыруунун, редакциялык-басма процессин уюштуруунун, өндүрүштү башкаруунун, чыгымдардын эсебинин, каржылоонун жана кредиттин, менеджменттин, маркетингдин негиздери;

- эмгекке акы төлөөнүн жана материалдык стимулдаштыруунун формалары жана системалары; коммерциялык сырды түзгөн маалыматтардын тизмеси;

- иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жана сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү ыкмалары;

- басма бизнесинин процесстерин, анын ичинде редакциялык, маркетингдик жана финансылык ишмердүүлүктү терең түшүнүү;

- команданы башкаруу жана компаниянын стратегиялык максаттарына жетүү тажрыйбасы;

- алдыңкы коммуникация көндүмдөрү жана ар кандай деңгээлде сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жөндөмдүүлүгү;

- басма тармагындагы учурдагы тенденцияларды билүү жана аларды ишке ашырууга даяр болуу.

Кесиптик көндүмдөр жана сапаттар:

- лидерлик сапаттар, команданы шыктандыруу жана мотивациялоо жөндөмдүүлүгү;

- аналитикалык көндүмдөр жана негизделген чечимдерди кабыл алуу жөндөмдүүлүгү;

- стратегиялык ой жүгүртүү жана компанияны өнүктүрүүнүн узак мөөнөттүү пландарын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу жөндөмдүүлүгү;

- финансылык ресурстарды натыйжалуу башкаруу жана бизнес процесстерин оптималдаштыруу жөндөмдүүлүгү;

- Ишти мыкты уюштуруу жана долбоорду башкаруу көндүмдөрү.

 

Жеке сапаттар:

- чечимдерди кабыл алууда жоопкерчилик жана принципиалдуулук;

- инновациялык чечимдер ишке ашырууда чыгармачылык менен мамиле кылуу;

- жогорку деңгээли жана интенсивдүү графиктерде жана жогорку талаптарда иштөөгө даяр;

- командада эффективдүү иштей билүү жана жагымдуу иш абалын сактоо;

- өзүн өзү мотивациялоонун жогорку деңгээли жана кесиптик өнүгүүгө умтулуусу.

 

Конкурстук тандоого катышуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеси:

1) конкурска катышууга жеке арыз;

2) паспорттун көчүрмөсү;

3) резюме;

4) билими жөнүндө документтин көчүрмөсү;

5) мурунку иш берүүчүлөрдөн (2ден кем эмес) сунуш кат.

 Талапкер аңгемелешүүгө  мекемени өнүктүрүү программасын даярдап

келиши керек.

Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2025-жылдын 1-апрели, саат 17.00гө чейин.

Документтер Бишкек ш., К.Тыныстанов көч. 257, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, 212-каб. дареги боюнча кабыл алынат (байланыш: Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Н.Б. Мамбетакунова, 0312 66-46-43)

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар