Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги “Илим жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 14-пунктуна жана министрликтин 2024-жылдын 27-сентябрындагы № 1490/1 буйругу менен бекитилген “Базалык каржылоо формасы боюнча илимий жана илимий-техникалык уюмдардын тизмесин аныктоонун жана бекитүүнүн тартиби жөнүндө” жобонун 2-беренесинин 9-пунктуна ылайык базалык каржылоого илимий жана илимий-техникалык уюмдардын тизмесин аныктоого документтерди кабыл алуу 2025-жылдын 20-февралынан 6-мартына чейин жүргүзүлөрүн маалымдайт.
Өтүнмө каттар төмөндөгү электрондук жана кагаз жүзүндөгү документтер менен коштолуусу зарыл:
1) устав (жобо), ИИТУнун каттоо күбөлүгү;
2) аткарылган илимий изилдөөлөрдү (анын ичинде мамлекеттик буйрутманын эсебинен) жана алар боюнча алынган натыйжаларды, алардын уюштуруучулары болуп саналган мамлекеттик органдардын буйрутмасы боюнча аткарылган илимий жана аналитикалык изилдөөлөрдү милдеттүү түрдө көрсөтүү менен ИИТУнун негизги ишмердүүлүгүнүн акыркы 3 жылдык отчёту;
3) илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын тастыктоочу документтер (методдорду, методикаларды, эксперименталдык үлгүлөрдү, өсүмдүктөрдүн сортторун, лабораториялык технологияларды ж.б. киргизүү актылары, патенттер, күбөлүктөр ж.б.);
4) жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү программалары (аспирантура, PhD докторантура, докторантура) боюнча билим берүү ишин жүргүзүүгө лицензиялардын көчүрмөлөрү (бар болгон учурда);
5) тиешелүү материалдык-техникалык, лабораториялык базанын бар экендиги жөнүндө маалымат;
6) илимий кызматкерлердин штаттык саны жөнүндө маалымат;
7) институционалдык/программалык аккредитациялоодон өткөндүгү жөнүндө сертификат (бар болгон учурда);
8) алынган гранттар, инвестициялар жана аларды өздөштүрүүнүн натыйжалары жөнүндө маалымат;
9) илимий журналдардын, диссертациялык кеңештердин бар экендиги жөнүндө маалымат;
10) акыркы 3 жылда жарыяланган макалалардын жана басылмалардын тизмеси;
11) окуп жаткан аспиранттардын, PhD докторанттардын, докторанттардын саны жөнүндө маалымат.
Базалык каржыланууга тийиш болгон илимий жана илимий-техникалык уюмдарды тандоо “Базалык каржылоо формасы боюнча илимий жана илимий-техникалык уюмдардын тизмесин аныктоонун жана бекитүүнүн тартиби жөнүндө” жободо көрсөтүлгөн критерийлер боюнча жүргүзүлөт.
Өтүнмөлөрдү кабыл алуу төмөндөгү дарек аркылуу жүзөгө ашырылат: Бишкек шаары, К. Тыныстанов көчөсү, 257, 215-кабинет (Карыбекова Айжан Джумабековна, тел.: 0550-270-731).
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн бардык маалыматтык системалары үчүн бирдиктүү кирүү түйүн
PISA 2025
University admission portal of the Kyrgyz Republic citizens of foreign countries
Электрондук китепкана
Билимдүү муун
Окутуу булактары IBilim
"Bilim Bulagy" окутуу булактарынын мультимедиалык комплекси
Билим берүү булактары
"Кут Билим" медиа борбору
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
Жогорку Кеңеш
КР ЧУА долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар расмий порталы
Кыргыз Республикасынын электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы
Портал открытых данных Кыргызской Республики