Бул – эл аралык чөйрөдө карьера баштоого эң сонун мүмкүнчүлүк.
Өтүнмөлөрдү берүү үчүн төмөнкүлөр керек:
жогорку билим (жок дегенде 3 жылдык бакалавриат);
англис, француз же немец тилин С деңгээлинен төмөн эмес деңгээлде билүү;
Европа Биримдигинин экинчи расмий тилин абдан жакшы билүү;
Европа Биримдигинин кайсы институтунда болбосун 6 аптадан ашуун эмгек стажынын болбошу.
Жаш куракка байланыштуу чектөөлөр жок, андыктан өтүнмөлөрдү окууну жакында эле аяктаган бүтүрүүчүлөр да, ушул тапта иштеп жаткан кесипкөйлөр да тапшыра алышат.
Өтүнмөлөрдү берүү мөөнөтү: 31-январга чейин.
Өтүнмөлөрдү кабыл алуу: traineeships.ec.europa.eu