Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги 2025-2026-окуу жылына карата Кытай Эл Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына өтүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарын конкурстук тандоонун мөөнөтү 2-февралга чейин узартылганын маалымдайт.
Кытайдан жогорку билим алууну кыялданган Кыргызстандын жарандары үчүн тиешелүү документтерди тапшыруунун акыркы мөөнөтү – 2025-жылдын 2-февралы, Бишкек убактысы боюнча саат 23:59.
Стипендиялык программага катышуу маселелери боюнча маалыматтар иш күндөрү саат 15.00дөн 17.00гө чейин төмөнкү телефон аркылуу берилет: +996 (312) 621193