Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Stipendium Hungaricum программасынын алкагында Венгриянын жогорку окуу жайларында окууга 2022-2023-окуу жылына карата конкурстук тандоого өтүнмөлөрдү кабыл алуу улантылып жатканын билдирет.
Стипендиялык программага катышууга шарттар жана талаптар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин расмий сайтында (https://edu.gov.kg, “Стипендиялар” бөлүмү) http://student.edu.gov.kg/» онлайн системасында жайгаштырылган.
Алдын ала конкурстук тандоого:
– Кыргыз Республикасынын жарандары;
– 2004-жылдын 31-августуна чейин төрөлгөн талапкерлер, башкача айтканда, 2022-жылдын 31-августуна чейин 18 жашка толгондор;
– 2022-жылдын 14-январына саат 23:59га чейин “Stipendium Hungaricum Scholarship Program” программасынын онлайн системасына (https://apply.stipendiumhungaricum.hu) билдирме жөнөтүп, тиешелүү бөлүктөрдү толтуруп, керектүү документтердин баарын тиркеген жана ушундай эле жумушту кыргыз тараптын онлайн системасында (https://student.edu.gov.kg) да 2022-жылдын 15-январына саат 23:59га чейин аткарган жана эки системада тең техникалык текшерүүдөн өткөн талапкерлер катыша алышат.
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн бардык маалыматтык системалары үчүн бирдиктүү кирүү түйүн
PISA 2025
University admission portal of the Kyrgyz Republic citizens of foreign countries
Электрондук китепкана
Билимдүү муун
Окутуу булактары IBilim
"Bilim Bulagy" окутуу булактарынын мультимедиалык комплекси
Билим берүү булактары
"Кут Билим" медиа борбору
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
Жогорку Кеңеш
КР ЧУА долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар расмий порталы
Кыргыз Республикасынын электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы
Портал открытых данных Кыргызской Республики