КЕСИПТИК БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫ Кесип: Тикмечи Квалификация: 5146 Бычканды билген тикмечи

12 Декабрь 2024 ж.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Билим берүү жана илим министрлигинин

2024-жылдын 4-ноябрындагы

1668/1 буйругу менен бекитилди

Каттоо №__________

Коду________________________

 

 

 

 

 

 

КЕСИПТИК БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН

МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫ

 

 

Кесип: Тикмечи

Квалификация: 5146 Бычканды билген тикмечи

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бишкек, 2024

 

 

 

 

1-бөлүм. Жалпы жоболор

1. Кесиптик башталгыч кесиптик билим берүүнүн Тикмечи (5146 Бычканды билген тикмечи) кесиби боюнча Мамлекеттик билим берүү стандарты Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органы тарабынан Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.

2. Бул мамлекеттик билим берүү стандартында төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:

мамлекеттик билим берүү стандарты - окутуунун максаттарын жана натыйжаларын аныктоочу билим берүү программасынын минимум мазмуну, билим берүүнүн деңгээлдери боюнча даярдоого базалык талаптарды аныктоочу формалдык билим берүүнүн талаптарынын коомдук макулдашылган жыйындысы;

интеграцияланган программа - бул негизги жалпы билим берүүнүн бүтүрүүчүлөрүнө жалпы орто билим алууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн жалпы орто жана башталгыч кесиптик билим берүү программаларын бириктирүүнүн негизинде иштелип чыккан билим берүү программасы;

компетенция – билим алуучунун белгилүү бир чөйрөдө анын натыйжалуу өнүмдүү иши үчүн зарыл болгон билим берүүгө даярдоого карата алдын ала коюлган социалдык талап (ченем);

кредит (кредит-саат) - билим берүү программасынын сыйымдуулугунун шарттуу өлчөмү;

квалификациялардын улуттук алкагы - улуттук квалификациялык тутумчаларды интеграциялоого жана координациялоого, квалификациялардын салыштырмалуулугун камсыз кылууга багытталган жана квалификациянын ылайыктуулугун тастыктоо жана ыйгаруу системасы үчүн негиз болуп саналган критерийлердин топтомуна ылайык квалификациялардын деңгээлдеринин түзүмдөлгөн сыпаттамасы;

кесиптик иштин чөйрөсү - жалпы негизге ээ болгон (окшош же багыты, объекттери, технологиялары, эмгек каражаттары жакын болгон) жана аларды аткаруу үчүн эмгек функцияларынын жана тиешелүү компетенциялардын окшош топтомун болжолдогон кесиптик иштин түрлөрүнүн жыйындысы;

билим берүү программасы - конкреттүү деңгээлдеги, багыттагы же адистиктеги билим берүүнүн мазмуну;

жалпы техникалык цикл - тармактар аралык мүнөздөгү техниканын жана технологиянын илимий негиздерин үйрөнүүнү камсыз кылуучу предметтердин жыйындысы;

жалпы кесиптик цикл - мазмуну тармактар аралык мүнөздөгү иштин белгилүү бир түрүнө же белгилүү тармактын кесибине (өндүрүштүн түрүнө) багытталган предметтердин жыйындысы;

кесиптик цикл – кесип боюнча түздөн-түз даярдоону камсыз кылуучу предметтердин жыйындысы;

кесиптик стандарт - кесиптик иштин белгилүү бир түрүн жүзөгө ашыруу жана белгилүү эмгек функциясын аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын мүнөздөмөсү;

окутуунун натыйжаларыокуу процессин ийгиликтүү аяктагандан кийин билим алуучудан кандай билим, билгичтик жана көндүмдөр күтүлүшүнө карата ырастоо;

дисциплиналардын цикли - окутуунун, тарбиялоонун белгиленген максаттарына жана натыйжаларына карата белгилүү бир логикалык жыйынтыкка ээ болгон билим берүү программасынын бөлүгү же окуу дисциплиналарынын жыйындысы.

3. Ушул Мамлекеттик билим берүү стандартын аткаруу кесиптик башталгыч  билим берүү программаларын ишке ашыруучу бардык билим берүү уюмдары үчүн алардын уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан милдеттүү болуп саналат.

4. Ушул Мамлекеттик билим берүү стандартында төмөнкү кыскартуулар колдонулат:

ВБ – вариативдик бөлүк;

ЖМА – жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация;

ЖК – жалпы компетенциялар;

ДЖБЦ – дисциплиналардын жалпы билим берүү цикли;

БП – билим берүү программасы;

ДЖКЦ – дисциплиналардын жалпы кесиптик цикли;

ДЖТЦ – дисциплиналардын жалпы техникалык цикли;

ӨО; ӨП – өндүрүштүк окутуу жана практика;

ЦКП – дисциплиналардын кесиптик цикли;

КМ – кесиптик модулдар;

ДТ – дене тарбия;

ДЦ – дисциплиналардын цикли.

 

2-бөлүм. Колдонуу чөйрөсү

5. Бул Мамлекеттик билим берүү стандарты Тикмечи (5146 Бычканды билген тикмечи) кесиби боюнча билим берүү программасын ишке ашырууда милдеттүү болгон ченемдердин, эрежелердин жана талаптардын жыйындысын билдирет жана окуу, уюштуруу-методикалык документтерди иштеп чыгуу, Кыргыз Республикасынын аймагында лицензиясы жана мамлекеттик же көз карандысыз аккредитациясы бар бардык билим берүү уюмдары тарабынан кесиптик башталгыч  билим берүү программаларын өздөштүрүүнүн сапатын баалоо үчүн негиз болуп саналат.

6. Тикмечи (5146 Бычканды билген тикмечи) кесиби боюнча кесиптик башталгыч билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандартынын негизги колдонуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:

- кесиптик  башталгыч билим берүү программасын ишке ашырууга укугу бар билим берүү уюмдарынын администрациясы жана педагогикалык курамы;

- ушул кесип боюнча билим берүү программасын өздөштүргөн окуучулар;

- тиешелүү кесиптик иш чөйрөсүндөгү иш берүүчүлөрдүн бирикмелери;

- билим берүү программаларын иштеп чыгууну камсыз кылуучу окуу-методикалык бирикмелер жана уюмдар;

- кесиптик башталгыч билим берүүнү каржылоону камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

- билим берүү системасында мыйзамдардын сакталышын контролдоону камсыз кылуучу, кесиптик башталгыч билим берүү чөйрөсүндө аккредитациялоону жана сапатты контролдоону ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.

 

3- бөлүм. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн Тикмечи (5146 Бычканды билген тикмечи) кесибинин жалпы мүнөздөмөсү

7. Тикмечи (5146 Бычканды билген тикмечи) кесиби боюнча билим берүү программасын өздөштүрүүнүн формалары:

- күндүзгү;

- күндүзгү-сырттан (кечки).

8. Абитуриенттердин даярдыгынын деңгээлине карата талаптар.

Абитуриент тапшырууда төмөнкү документтердин бирине ээ болууга тийиш:

- жалпы орто билими жөнүндө аттестатка;

- негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүккө;

- кесиптик башталгыч билим берүү программалары боюнча окууга базалык билими жана кандайдыр бир квалификациясы жок адамдар жалпы орто билим берүү программалары боюнча окуу жана кесиптик билим берүүнүн башка деңгээлине өтүү укугусуз кабыл алынат.

9. Тикмечи (5146 Бычканды билген тикмечи) кесиби боюнча билим берүү программасын өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөтү күндүзгү окуу формасында:

- негизги жалпы билим берүүнүн базасында жалпы орто билим алуу менен – 2,3 жылды;

- жалпы орто билим берүүнүн базасында - 1 жылды түзөт.

Кесиптик башталгыч кесиптик билим берүү уюмдарында төмөнкүдөй негизги билим берүү программалары ишке ашырылат:

- негизги жалпы билим берүүнүн базасында окутуу мөөнөтү 2, 3 жылдан кем эмес жалпы орто жана кесиптик башталгыч билим берүүнүн интеграцияланган программасы;

- жалпы орто билим албастан негизги жалпы билим берүүнүн базасында аскерге чакырууга чейинки даярдоо программасын камтыган 2 жылдык окуу мөөнөтү менен кесиптик башталгыч билим берүү программасы;

- жалпы орто билим берүүнүн базасында окутуу мөөнөтү 1 жылдан кем эмес кесиптик башталгыч билим берүү программасы;

- окутуу мөөнөтү 1 жылга чейин болгон кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу программалары.

Өзгөчө учурларда (ооруп калуу, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнө кызматка чакыруу) окуучунун арызы боюнча ал окуусун улантуу жана окуу максатына жетүү үчүн 3 жылдын ичинде калыбына келтирилиши мүмкүн.

10. Билим берүү программасынын сыйымдуулугу башталгыч кесиптик билим берүү программасынын түзүмүнө ылайык (1-тиркеме), окуу жылы үчүн (стандарттык окутуу учурунда 10 ай) 52ден кем эмес кредитти түзөт (52 кр 30 саат = 1560 саат), өз алдынча иштерди жана аттестациянын бардык түрлөрүн кошууну эске алуу менен башталгыч кесиптик билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программасынын сыйымдуулугу окутуу мөөнөтү 10 ай болгон учурда 60 кредиттен ашпоого тийиш. Мында бир кредит окуучунун окуу ишинин 30 саатына барабар.

Негизги жалпы билим берүүнүн базасында 2,3 жыл окутууда окуу жүктөмүнүн көлөмү сааттык система боюнча эсептелет (жумасына минимум 36 академиялык саат, максимум - 39 саат).

Окуучулардын окуу жүктөмүнүн максималдуу көлөмү жумасына 45 (1,5 кр) академиялык саатты түзөт, анын ичинде билим берүү программасын өздөштүрүү боюнча аудиториялык жана аудиториядан тышкаркы (өз алдынча) окуу иштеринин бардык түрлөрүн кошуу менен.

Күндүзгү окутуу формасында жумасына аудиториялык сабактардын көлөмү ар бир окуу дисциплинасын же кесиптик модулду өздөштүрүүгө бөлүнгөн жалпы көлөмдүн 80% кем эмес кесиптин өзгөчөлүгүн эске алуу менен Башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты менен аныкталат (мисалы, предметке 40 саат бөлүнөт, анын ичинен 80% же 32 саат - бул аудиториялык сабактар, калган 8 саат окутуучунун кароосу боюнча бөлүштүрүлөт).

Күндүзгү-сырттан билим алуу формасында (анын ичинде түзөтүү мекемелериндеги окуу жайлар үчүн) аудиториялык окуу жүктөмүнүн максималдуу көлөмү жумасына 16 академиялык саатты түзөт.

Окуу мөөнөтү 1 жылдан ашык болгон учурда каникулдардын жалпы узактыгы окуу жылында 11 жуманы түзөт жана окуу мөөнөтү 1 жыл болгон учурда кыш мезгилинде 2 жумадан кем эмес.

Өндүрүштүк окутуу жана өндүрүштүк практика билим берүү программасынын жалпы окуу убактысынын 50-60% түзөт.

Өндүрүштүк практика башталгыч кесиптик билим берүү программасынын милдеттүү бөлүмү болуп саналат жана окуучулардын практикалык багыттагы даярдыгын камсыз кылуучу окуу сабактарынын түрү болуп саналат. Кесиптик башталгыч билим берүү программасын ишке ашырууда практиканын төмөнкүдөй түрлөрү каралат: окуу (өндүрүштүк окутуу) жана өндүрүштүк. Өндүрүштүк практика окуучуларды даярдоо профилине ылайык иш алып барган уюмдарда жүргүзүлүшү керек.

11. Тикмечи (5146 Бычканды билген тикмечи) кесиби боюнча кесиптик башталгыч билим берүү программасынын максаттары:

- окутуу жаатында: тигүү буюмдарын, анын ичинде жеке буюртмаларды арды даярдоо жана ар кандай ассортименттеги буюмдарды оңдоо жана жаңылоо боюнча квалификациялуу жумушчу кадрларды даярдоо;

- инсанды тарбиялоо жаатында: окуучуларда социалдык-инсандык сапаттарды калыптандыруу: максатка умтулгандык, уюшкандык, эмгекти сүйүү, жоопкерчилик, жарандуулук, коммуникативдүүлүк, толеранттуулук жана жалпы маданиятты жогорулатуу.

12. Экономикалык иштин түрү: Иштеп чыгаруучу өндүрүш (иштеп чыгаруу өнөр жайы). Экономикалык иштин түрчөсү: Кийим тигүү.

13. Кесиптик иштин чөйрөлөрү төмөнкүлөрдү камтыйт:

- жеке кийим тигүүчү ателье;

 - мода үйлөрү;

 - жеке жана массалык тигүү ишканалары.

14. Тикмечи (5146 Бычканды билген тикмечи) кесиби боюнча бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишинин объекттери болуп төмөнкүлөр саналат:

- жарым фабрикаттар жана даяр тигүү буюмдары;

- чакан механизация каражаттары, тигүү жабдуулары жана буюмдарды нымдуу-жылуулук менен иштетүү үчүн жабдуулар;

- көмөкчү лекалдар, кол менен жана машина жумуштары үчүн аспаптардын жана шаймандардын топтому;

- текстиль жана колдонмо материалдар, фурнитуралар;

- техникалык жана технологиялык документтер.

15. Бүтүрүүчү даярдай турган кесиптик иштин түрлөрү:

- Териден жасалган кийимдерден тышкары кийим тигүү;

- Токума буюмдарды өндүрүү.

16. Бүтүрүүчү даярдалышы керек болгон кесиптик иштин милдеттеринин тизмеси:

- тигүү буюмдарын даярдоого заказдарды кабыл алуу;

- конструкцияны түзүү жана кийимди бычуу;

- ар кандай ассортименттеги тигүү буюмдарын даярдоо;

- ар кандай ассортименттеги тигүү буюмдарын оңдоо.

17. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн Тикмечи (5146 Бычканды билген тикмечи) кесиби боюнча билим берүү программасын өздөштүргөн бүтүрүүчү төмөнкүлөргө даярдалган:

- кесиптик ишке;

- кесиптик башталгыч билим берүүнүн жана орто кесиптик билим берүүнүн интеграцияланган программалары боюнча окууну улантууга.

 

4-бөлүм. Билим берүү программасын ишке ашыруу

шарттарына жалпы талаптар

18. Кесиптик башталгыч билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдары кесип боюнча билим берүү программасын өз алдынча иштеп чыгышат. Билим берүү программасы кесип боюнча тиешелүү Мамлекеттик билим берүү стандартынын, квалификациялардын улуттук алкагынын, квалификациялардын тармактык жана сектордук алкактарынын жана кесиптик стандарттардын негизинде эмгек рыногунун керектөөлөрүн эске алуу менен иштелип чыгат.

Билим берүү уюмдары илимдин, маданияттын, экономиканын, техниканын, технологиялардын жана социалдык чөйрөнүн өнүгүшүн эске алуу менен, ошондой эле иш берүүчүлөрдүн жана башка кызыкдар тараптардын төмөнкүдөй сунуштарына ылайык билим берүү программаларын мезгил-мезгили менен кайра карап чыгышат жана зарыл болгон учурда жаңылап турушат:

- бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатын камсыз кылуу боюнча стратегияны иштеп чыгуу;

- кесиптик билим берүү программаларына мезгил-мезгили менен мониторинг жүргүзүү;

- так макулдашылган критерийлердин негизинде окуучулардын билим деңгээлин, бүтүрүүчүлөрдүн компетенцияларын баалоонун объективдүү жол-жоболорун иштеп чыгуу;

- педагогикалык курамдын сапатын жана компетенттүүлүгүн камсыз кылуу;

- ишке ашырылып жаткан билим берүү программасын жетиштүү ресурстар менен камсыз кылуу, аларды колдонуунун натыйжалуулугун контролдоо;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген аккредитациялоонун минималдуу талаптары боюнча өзүн-өзү баалоону үзгүлтүксүз жүргүзүү;

- өз ишинин натыйжалары, пландары, инновациялары жөнүндө коомчулукка маалымдоо.

19. Окуучуларды жана бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатын баалоо аларды учурдагы, орто аралык жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону камтууга тийиш.

20. Окуучуларды учурдагы аттестациялоо кесиптик башталгыч билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген баалоо системасынын негизинде окуунун жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.

21. Окуучулардын квалификациялык экзамени (жыйынтыктоочу аттестациялоо) башталгыч кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте көз карандысыз квалификациялык экзамен формасында толук окутуу курсун аяктагандан кийин өткөрүлөт.

Мамлекеттик аттестациялык сынактардын башка түрлөрү окуу программасынын талаптарынын чегинде билим берүү уюму тарабынан өз алдынча аныкталат.

22. Окуучулардын жеке жетишкендиктеринин тиешелүү билим берүү программасынын этап боюнча же акыркы талаптарына ылайык келүүсүнө учурдагы, орто аралык жана жыйынтыктоочу аттестациялоо үчүн типтүү тапшырмаларды, текшерүү иштерин, модулдук тесттерди ж.б. камтыган баалоо каражаттарынын базалары түзүлөт, алар ээ болгон компетенциялардын деңгээлин баалоого мүмкүндүк берет. Баалоо каражаттарынын базасы кесиптик башталгыч билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюму тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.

23. Кесиптик башталгыч билим берүү программасы дисциплиналардын кесиптик циклинин вариативдүү бөлүгүнүн окуучулардын тандоосу боюнча дисциплиналарын камтышы керек. Окуучулардын тандоосу боюнча дисциплиналардын тизмеси педагогикалык кеңештин чечими менен белгиленет.

24. Билим берүү программасын иштеп чыгууда кесиптик башталгыч билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрдүн жалпы компетенцияларын (мисалы, социалдык өз ара аракеттенүү, өзүн-өзү уюштуруу жана өз алдынча башкаруу, системалык-ишмердик мүнөздөгү компетенцияларын) калыптандыруудагы мүмкүнчүлүктөрү аныкталышы мүмкүн.

 

5-бөлүм. Тикмечи (5146 Бычканды билген тикмечи) кесиби боюнча билим берүү

программасына карата талаптар

25. Тикмечи (5146 Бычканды билген тикмечи) кесиби боюнча бүтүрүүчү ушул Мамлекеттик билим берүү стандартынын 11-пунктунда көрсөтүлгөн билим берүү программасынын максаттарына ылайык төмөнкү компетенцияларга ээ болушу керек:

- жалпы:

ЖК-1. Айлана-чөйрөнү коргоо жана өндүрүштүк экология; коопсуз жана сергек жашоо мүнөзүн уюштуруу жөнүндө билимин колдоно алат;

ЖК-2. Кесиптик баарлашуу деңгээлинде мамлекеттик (В1 деңгээли) жана расмий тилдерде өзүнүн оозеки жана жазуу жүзүндөгү сүйлөө речин логикалык жактан түзө алат;

ЖК-3. Кесиптик ишинде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонууга жөндөмдүү;

ЖК-4. Командада иштей алат, кесиптештери, жетекчилиги, керектөөчүлөр менен натыйжалуу баарлаша алат;

ЖК-5. Өз ишин пландаштырууга жана уюштурууга жөндөмдүү;

ЖК-6. Кесиптик иште негизги ишкердик билимдерди жана көндүмдөрдү колдоно алат.

 - кесиптик:

КК-1. Заказды кабыл алууга, фигуранын жана мода багытынын өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен буюмдун фасонун жана материалдарды тандоого, моделдин эскизин аткарууга жөндөмдүү;

КК-2. Кардардын фигурасын өлчөөгө жана кийимдин конструкциясын түзүүгө жөндөмдүү;

КК-3. Лекалды даярдоого жана буюмдун деталдарын бычууга, лекалды материалга жайгаштырууга, буюмдардын деталдарын бычууга, лекалдын жайгашуусун жана бычылган бөлүктөрдүн сапатын көзөмөлдөөгө жөндөмдүү;

КК-4. Буюмду чактап көрүүгө жана кардардын фигурасына буюмдун ылайык келгендигин аныктоого, айрым бөлүктөрдүн абалын тактоого жөндөмдүү;

КК-5. Жеке буюртма боюнча буюмдарды тигүүгө, моделдин эскизине ылайык бычылган бөлүктөрдүн болушун текшерүүгө, материалдардын касиеттерин жана сапатын аныктоого, ар кандай ассотименттеги буюмдарды этап-этабы менен иштетүүгө жөндөмдүү;

КК-6. Оңдоо үчүн буюмдарды кабыл алууга, оңдоого, тигүү буюмдарын жаңыртууга жана оңдолуучу жерин, түрүн аныктоого, оңдоо үчүн материалдарды тандоого, буюмдарды жабдууда жана кол менен оңдоо боюнча технологиялык операцияларды аткарууга жөндөмдүү;

КК-7. Тигүү жабдууларын жана нымдуу-жылуулук менен иштетүүчү тетиктерди жана буюмдарды тейлөөгө жөндөмдүү;

КК-8. Техникалык жана технологиялык жана ченемдик документтерди колдонууга жөндөмдүү.

26. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн негизги билим берүү программасы Кыргыз Республикасынын кесиптик башталгыч билим берүүсүнүн ушул Мамлекеттик билим берүү стандартынын 1-тиркемесинде каралган окуу циклдерин жана бөлүмдөрүн өздөштүрүүнү божомолдойт.

27. Дисциплиналардын кесиптик цикли билим берүү уюмдары белгилеген базалык (милдеттүү) жана вариативдик бөлүккө ээ. Вариативдик бөлүк 10 пайыздан кем эмесин түзөт жана базалык бөлүктүн мазмуну менен аныкталган даярдыкты тереңдетүүгө, аймактык эмгек рыногунун суроо-талаптарына жана билим алууну улантуу мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык бүтүрүүчүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон кошумча компетенцияларга ээ болууга мүмкүндүк берет.

28. Кесиптик башталгыч билим берүү программаларынын мазмунунун милдеттүү минимумуна, аларды ишке ашыруу шарттарына, бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу аттестациялоого жана ар бир кесип боюнча алардын даярдыгынын деңгээлине карата талаптар билим берүү уюмдары тарабынан Кыргыз Республикасынын кесиптик башталгыч билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык аныкталат.

 

6-бөлүм. Билим берүү программасын ишке ашырууда билим алуучулардын укуктарына жана милдеттерине карата

жалпы талаптар

 

29. Өзүнүн жеке билим берүү траекториясын түзүүдө окуучу билим берүү уюмунан дисциплиналарды тандоо жана алардын келечектеги кесипке тийгизген таасири боюнча консультация алууга укуктуу.

30. Инсанды тарбиялоо жана өнүктүрүү, жалпы компетенцияларды өнүктүрүү бөлүгүндө билим берүү программасында натыйжаларга жетишүү максатында окуучулар өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө, коомдук уюмдардын, спорттук жана чыгармачылык клубдардын ишине катыша алышат.

31. Окуучулар билим берүү программасында каралган бардык тапшырмаларды белгиленген мөөнөттө аткарууга милдеттүү.

32. Билим берүү уюму билим берүү программаларын өздөштүрүүдө окуучуларды укуктары жана милдеттери менен тааныштырууга, окутуу үчүн киргизилген дисциплиналар окуучулар үчүн милдеттүү экендигин, ал эми алардын суммалык сыйымдуулугу окуу планында каралгандан кем болбоого тийиш экендигин түшүндүрүүгө милдеттүү.

33. Билим берүү уюмдары билим берүү программаларын уюштурууда жана ишке ашырууда гендердик теңчилик саясатын эске алууга, социалдык инклюзияны камсыз кылууга, ошондой эле санариптештирүүнү өнүктүрүүгө милдеттүү.

34. Окуучуларга билим берүү процессинин мазмунун, уюштурулушун жана сапатын баалоо мүмкүнчүлүгү берилиши керек.

 

7-бөлүм. Окуу процессин окуу-методикалык жана маалыматтык камсыздоо

35. Тикмечи (5146 Бычканды билген тикмечи) кесиби боюнча кесиптик башталгыч билим берүү программасын ишке ашыруу ар бир окуучуга маалымат базаларынын жана негизги кесиптик билим берүү программасынын дисциплиналарынын толук тизмеси боюнча түзүлгөн китепкана фонддорунун жеткиликтүүлүгү менен камсыз болууга тийиш.

Милдеттүү окуу китептеринин жана методикалык куралдардын тизмеси:

1.  Труханова А.Т. Технология женской и детской легкой одежды. «Академия» басма, - М., 2009.

2. Труханова А.Т. Основы технологии швейного производства. «Высшая школа» басма. – М., 2004.

3. Сунцова Т.А. Конструирование и моделирование одежды. Легкая женская одежда. «Феникс» басма, -  Ростов на Дону, 2007.

4. Саккулин Б.С., Амирова Э.К. Конструирование мужской и женской одежды. «Центр Академии» басма. –М., 2008.

5. Ермилова В.В., Ермилова Д.Ю. Моделирование и художественное оформление одежды. «Мастерство» басма. –М., 2007.

6. Савостицкий Н.А. Материаловедение швейного производства. «Центр Академии» басма. –М., 2007.

7. Бровина Е.В., Курдыба А.А. Швея. Портной легкого женского платья. Коплект инструкционно-технологических карт по производственному обучению. «Феникс» басма. – Ростов на Дону, 2007.

8. Силаева М.А. Пошив изделий по индивидуальным заказам. «Центр Академии» басма. –М., 2008.

9. Франц В.Я. Оборудование швейного производства. «Центр Академии» басма. –М.,2010.

10. Могузова Т.В. Практикум по производственному обучению профессии портной. «Академия» басма. –М., 2003.

Бардык дисциплиналар боюнча плакаттардын топому.

36. Билим берүү программасын ишке ашыруу үчүн окуучулардын зарыл болгон окуу адабияты жана/же электрондук адабият менен камсыз болушу лицензиялык талаптарга ылайык келүүгө тийиш. Окуу маалымат булактары заманбап талаптарга жооп бериши керек.

37. Билим берүү процессинде мыйзам актылары, ченемдик документтер, кесиптик багыттагы мезгилдүү басылмалардын материалдары пайдаланылууга тийиш.

38. Билим берүү уюму ар кандай формада кесиптик окутууну, анын ичинде аралыктан окутууну уюштуруу үчүн шарттарды камсыз кылууга милдеттүү.

 

8-бөлүм. Окуу процессин материалдык-техникалык камсыздоо

39. Тикмечи (5146 Бычканды билген тикмечи) кесиби боюнча кесиптик башталгыч билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюму окуучуларды дисциплинардык, дисциплиналар аралык даярдоонун жана практикалык иштин бардык түрлөрүн жүргүзүүнү камсыз кылуучу тиешелүү материалдык-техникалык базага ээ болууга тийиш:

Жабдылган окуу усаканалары:

- кол жана машина жумуштары үчүн аспаптардын жана шаймандардын топтому, типтүү өлчөмдөгү бычуу үчүн столдор, универсалдуу жана атайын тигүү машиналары, НЖИ үчүн жабдуулар, чактап көрүүчү кабиналар, керектүү сарпталуучу жана таратуучу материалдар.

Жабдылган кабинеттер:

- Тигүү буюмдарынын материал таануу;

- Тигүү өндүрүшүнүн жабдуулары;

- Тигүү буюмдарын конструкциялоо;

- Тигүү буюмдарын даярдоо технологиясы.

- Эмгекти коргоо.

Китепкана; Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар окуу залы;

Жыйындар залы; спорт зал, медициналык пункт, ашкана.

40. Билим берүү программасын ишке ашыруунун сапатын баалоо.

Бүтүрүүчүнүн кесиптик компетенттүүлүгүнүн далилдери жумуш ордундагы операцияларга тиешелүү болууга, “Бычканды билген тикмечи” кесиптик стандартынын компетенттүү иштин критерийлеринин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.

Окутуунун натыйжаларын текшерүү ыкмалары:

- интервью, лабораториялык жана практикалык тапшырмаларды аткарууда көндүмдөрдү көрсөтүү, портфолио, тестирлөө;

- окуучулардын зарыл болгон билимдерин жазуу жүзүндө жана /же оозеки баалоо.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Кесиптик башталгыч билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына 1-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы №371 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын макетине ылайык)

 

Тикмечи (5146 Бычканды билген тикмечи) кесиби боюнча кесиптик башталгыч                                    билим берүү программасынын

ТҮЗҮМҮ

 

 

Дисциплиналардын циклинин (ДЦ) коддору

Дисциплиналардын циклдери жана аларды өздөштүрүүнүн долбоорлонгон натыйжалары

Жалпы негизги билим берүүнүн базасында (9-кл.) жалпы орто билим жана кесип алуу менен

Жалпы орто билимдин базасында (11-кл.)

Сыйымдуулугу**

(кредит-сааттар)

Жалпы орто билим албастан

Болжолдуу программаларды иштеп чыгуу үчүн дисциплиналардын тизмеси

Калыптануучу компетенциялардын коддору

2 ж.

3 ж.

10 ай

2 ж.

1

ДЖЦ*

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Дисциплиналардын жалпы билим берүү цикли.

Циклди өздөштүрүүнүн натыйжасында окуучу:

   билүүгө тийиш:

- баарлашуу чөйрөсүн, жагдайларды, кырдаалдарды;

- кеп коммуникациясынын катышуучуларынын социалдык жана статустук ролдорун;

- лексика-грамматикалык деңгээлдеги тил тутумун жана стилистикалык ресурстарды;

- минималдуу жалпы илимий китеп лексикасын жана терминдерди;

- кесиптик иштин алкагында сүйлөө темаларынын минимумун;

- ишкердик баарлашуунун сүйлөө өзгөчөлүктөрүн (расмий жагдайда кайрылуу, баарлашуу, өтүнүчтү, баш тартууну, макул/макул эместикти, ыраазычылыкты, куттуктоолорду ж. б. айтуудагы минимум этикеттик формулалар жана эрежелер).

- кызматтык-ишкердик кептин түрлөрүн жана жанрларын.

көндүмдөргө ээ болууга тийиш: 

- сүйлөө этикетинин эрежелерине ылайык расмий, кызматтык-ишкердик маектерди/сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

- ийгиликтүү байланышка жетүү үчүн баарлашуу стратегиясын түзүү;

- кесиптик иш жаатындагы актуалдуу темалар боюнча ишкердик стилдеги айтымдарды иштеп чыгуу (түзүү, жаратуу) жана туура чечмелөө;

- орус тилинин этикетинин эрежелерине ылайык расмий жана жарым-жартылай расмий кызматтык-ишкердик маектерди / сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

- профилдин/адистиктин жана кызматтык-иш документтеринин алкагында окуу иштерин туура тариздөө.

 

   билүүгө тийиш:

- зыяндуу адаттар (тамеки чегүү, насвай, алкоголь, баңгизат) жана алардын кесепеттери жөнүндө;

- сергек жашоо мүнөзүнүн тобокелдик факторлору жөнүндө;

- рационалдуу жана гигиеналык режим жана тамактануу жөнүндө.

  көндүмдөргө ээ болууга тийиш:

- зыяндуу адаттардан баш тартуу;

- сергек жашоо мүнөзүн камсыз кылуу каражаттарынын жана методдорунун жалпы топтомун иш жүзүнө ашыруу;

- жашоонун рационалдуу режимин сактоо;

- рационалдуу тамактанууну сактоо;

- иммунитетти көтөрүүчү көнүгүүлөрдү аткаруу жана чыйралуу.

*1768 с.

(10 -кл;11- кл.)

*2006 с.

(10-кл;11-кл.)

3 кр/90 с.

240 с.

Кесиптик кыргыз/ орус тилдери.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Коопсуз сергек жашоо мүнөзү.

 

 

 

 

 

ЖК 2 – 4

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖК 1

ЖК 3

 

2

ДКЦ

Дисциплиналардын кесиптик компоненти

1232 с.

2434 с.

56 кр /1680 с.

2532 с.

 

 

3

ДЖКЦ

Дисциплиналардын жалпы техникалык цикли

Дисциплиналардын циклинин базалык бөлүгүн өздөштүрүүнүн натыйжасында окуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:

билүүгө:

-  тандалган артыкчылыктарга ылайык чакан бизнес ишканасын түзүү боюнча иш-аракеттердин алгоритмин:

- ишкердик иш жаатындагы ченемдик укуктук базаны;

- Кыргыз Республикасындагы экономиканын жана ишкердиктин абалын;

- чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө жагымдуу потенциалды жана факторлорду, чакан бизнести насыялоону;

- бизнес-планды иштеп чыгуу технологиясын;

- өз ишин уюштуруунун теориялык жана методологиялык негиздерин.

көндүмдөргө ээ болууга:

- ишкердик ишке шыктуулукка психологиялык өзүн-өзү талдоо жүргүзүү;

- ишкердик иштин уюштуруу-укуктук формасын тандоо;

- бухгалтердик отчеттуулуктун формасын толтуруу;

- рынокту изилдөөнүн ар кандай ыкмаларын колдонуу;

- башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу;

- атаандаштар, керектөөчүлөр, жеткирүүчүлөр жөнүндө маалыматтарды топтоо жана талдоо;

- экономикалык эсептөөлөрдү жүргүзүү;

- өндүрүштүк ишти пландаштыруу;

- бизнес-планды иштеп чыгуу;

- презентация өткөрүү.

 

билүүгө:

- экология жаатындагы мыйзамдарды жана уюмдун ишине жайылтылуучу эмгекти коргоонун мамлекеттик ченемдик талаптарын камтыган башка ченемдик укуктук актыларды;

- кызматкерлердин эмгекти коргоо жаатындагы милдеттерин;

- өзүнүн ишинин (же аракетсиздигинин) иш жүзүндөгү же потенциалдуу кесепеттерин жана алардын эмгек коопсуздугунун деңгээлине тийгизген таасирин;

- технологиялык процесстерди жана өндүрүштүк нускамаларды баш ийген кызматкерлер (персонал) сактабагандыгынан мүмкүн болгон кесепеттерди;

- эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча нускамалардын тартибин жана мезгилдүүлүгүн;

- жамааттык жана жеке коргонуу каражаттарын сактоо жана пайдалануу тартибин;

көндүмдөргө ээ болууга:

- коркунучтуу жана зыяндуу өндүрүштүк факторлорду жана кесиптик иштин мурдагы, азыркы же пландаштырылган түрлөрү менен байланышкан аларга тиешелүү тобокелдиктерди аныктоо;

- аткарган кесиптик иштин мүнөзүнө ылайык жамааттык жана жеке коргонуу каражаттарын пайдалануу;

- эмгек шарттары боюнча жумуш орундарын аттестациялоого, анын ичинде кесиптик ишиндеги эмгек шарттарын жана жаракат алуу коопсуздугунун деңгээлин баалоого катышуу;                                           

  - киришүүчү нускама берүү, аткарылуучу иштердин өзгөчөлүгүн эске алуу менен аларга жумуш ордунда коопсуздук техникасынын маселелери боюнча нускама берүү;       

- эмгек коопсуздугунун талап кылынган деңгээлине жетүү үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү иштеп чыгуу жана контролдоо.

 

билүүгө:

- рынок экономикасынын принциптерин; уюмдардын уюштуруу-укуктук формаларын;

- эмгек мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдардын негизги жоболорун;

- эмгек акыны түзүү механизмдерин;

- эмгек акы төлөө формаларын.

көндүмдөргө ээ болууга:

- өндүрүш экономикасынын жалпы маселелеринде багыт алуу;

- конкреттүү өндүрүштүк кырдаалдарда экономикалык жана укуктук билимдерди колдонуу;

- колдонуудагы мыйзамдардын алкагында өзүнүн эмгектик укуктарын коргоо.

 

билүүгө:

- буюмдардын фасонун жана адамдын фигурасын тартканды.

- геометриялык курулуштарды адамдын ишинин ар кандай тармактарында колдонууну;

- өлчөө аспаптарын жана алар менен иштөө эрежелерин.

- Конструктордук документтердин бирдиктүү системасынын (КДБС) жана Технологиялык документтердин бирдиктүү системасынын (ТДБС) стандарттарынын чертеждорду жана схемаларды тариздөөгө жана түзүүгө карата талаптарын.

көндүмдөргө ээ болууга:

- буюмдардын стилдештирилген фигураларын жана моделдерин чийүү техникасы;

- ар кандай өлчөө аспаптары менен иштөө жана технологиялык схемаларды аткаруу;

- циркулдун жана трафареттердин жардамы менен геометриялык курулуштарды жасоого.

- перпендикуляр, биссектриса жана параллель сызыктарды түзүү;

- ассортименттик топтордун буюмдарынын сүрөтүн тартуу.

 

билүүгө:

- ишкер адамдын этикасын;

- кесиптештер, өнөктөштөр, кардарлар менен өз ара мамиле түзүүнү;

- баарлашуу техникасын жана ыкмаларын: угуу, маектешүү, ынандыруу, консультация  берүү эрежелерин;

- жеке иштөө жана кесиптик баарлашуу үчүн жумуш ордун уюштурганды.

көндүмдөргө ээ болууга:

- ишкердик этикеттин ченемдерин жана эрежелерин сактоо менен кесиптик баарлашуу;

- сүйлөө маданиятынын талаптарын сактоо менен маалыматты оозеки жана жазуу жүзүндө берүү;

- чечим кабыл алуу жана өз көз карашын корректтүү түрдө жүйөлөштүрүү;

- ишкер адамдын имиджин түзүү жана сактоо;

- жумуш ордун уюштуруу.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бизнестин жана ишкердиктин негиздери

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Эмгекти коргоо жана өндүрүштүк экология

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кесиптик иш аракеттин укуктук жактан камсыздалышы.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Атайын сүрөт

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ишкер маданиятынын негиздери

 

 

 

 

 

ЖК 5-6

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖК 1-5

КК 1,2,7

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖК 1-5

КК 1,2,7

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖК 2;5;6

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

КК-1-2-4

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖК 2-3-4

КК 1,2,4

4

ДКЦ**

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Дисциплиналардын кесиптик цикли.

Негизги бөлүк:

Кесиптик циклдерин базалык бөлүгүн өздөштүрүүнүн натыйжасында окуучу:

билүүгө тийиш:

- кийимди долбоорлоо үчүн өлчөмдүү белгилерди;

- адамдын фигурасын өлчөө ыкмаларын;

- конструктивдик кошууну, буюмдун балансын;

- буюмдун негиздерин чийүү ыкмаларын;

- базалык негизде бөлүктөрдү конструкциялоо принциптерин;

- бел жана ийин буюмдарын конструкциялоо жана моделдөө принциптерин;

- буюмдун ар кандай силуэт формаларын, жеңдин негиздерин, майда деталдарды конструкциялоо принциптерин;

- моделди кайра бычуу, өзгөртүү же толуктоо технологиясын;

- буюмдарды бычуу үчүн атайын жбдууларды.

көндүмдөргө ээ болууга тийиш:

- дене түзүлүшүнүн түрлөрүн аныктоо;

- буюмдун негизги конструкциясын түзүү;

- участоктор боюнча буюмдун конструкциясын иштеп чыгууда кошууларды бөлүштүрүү;

- буюмдун балансын аныктоо;

- өлчөмдөрдү алуу, керектүү эсептөөлөрдү жүргүзүү, буюмдун айрым деталдарын долбоорлоо;

- бел жана ийин буюмдарынын чиймесин түзүү;

- жеңдин негизин түзүү, буюмдун майда деталдарын эсептөө;

- буюмдарды моделдөө.

 

билүүгө тийиш:

- бычылган бөлүктөрдүн формасын жана аталышын;

- кол, машина жана үтүк жумуштарын аткаруунун техникалык шарттарын;

- текстиль жана токулган кездемелерден буюмдарды тигүү технологиясын;

- буюмдарды тигүүгө технологиялык карта түзүүнү;

- буюмдун сапатына карата талаптарды;

- буюмдарды оңдоо технологиясын, түрлөрүн, ыкмаларын;

- буюмдарды тигүүнүн жеке, бригадалык ыкмасынын технологиясын.

көндүмдөргө ээ болууга тийиш:

- эскиз менен бычылган бөлүктөрдүн санын салыштыруу;

- эскиз боюнча бычылган бөлүктөрдүн тууралыгын аныктоо;

- моделдердин сырткы көрүнүшүн сүрөттөө;

- буюмду сапатын эске алуу менен технологиялык иштетүү;

- буюмдарды тигүүдө технологиялык картаны колдонуу;

-   буюмдарды тигүүдөгү кемчиликтерди жоюу;

- чактап көрүү жана чактагандан кийин корректировкалоо;

- буюмдарды жеке, бригадалык ыкма менен тигүү.

 

билүүгө тийиш:

- кийим үчүн тигүү материалдарынын түрлөрүн жана касиеттерин;

- тигүү буюмдарын даярдоого керектүү материалдардын пакетинин сапатын;

- кездемелердин түзүлүшүн жана багытын;

- кездеменин алдыңкы жана арткы тарабын, негиздин жиптеринин багыттарын жана туурасынан кетишин.

көндүмдөргө ээ болууга тийиш:

- моделге материалдарды тандоо;

- тигүү буюмдарынын негизги, колдонмо жана ичилик материалдарын тандоо;

- тигүү буюмуна декоративдик элементтерди тандоо.

 

билүүгө тийиш:

-   жалпы багыттагы тигүү жабдууларын: универсалдуу, нымдуу-жылуулук иштетүү үчүн (НЖИ), атайын, жарым автоматтык жана автоматтык. 

- чакан механизация жана НЖИ үчүн шаймандарды.

- кол менен иштөө үчүн аспаптарды.

- тигүү жабдууларынын иштөө механизмдерин жана анын багытын.

 - кол, машина жана НЖИ жумуштарын уюштурууну;

- тигүү жабдууларынын түрлөрүн жана түзүлүшүн;

- НЖИ үчүн жабдуулардын түрлөрүн жана түзүлүшүн;

- тигүүчү машиналарды, шаймандарды жана аспаптарды иштетүү эрежелерин;

көндүмдөргө ээ болууга тийиш:

- чакан механизация каражаттарын колдонуу менен заманбап жабдууларда иштөө;

- ар кандай багыттагы тигүү жабдууларын пайдалануу;

- НЖИ үчүн жабдууларды колдонуу;

- тигүү жабдууларын жеңил оңдоо иштерин жүргүзүү.

 

 

 

 

 

 

 

Кийимдерди конструкциялоо жана моделдөө

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Жеке буюртма боюнча буюмдарды тигүү технологиясы.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Материал таануу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Тигүү өндүрүшүнүн жабдуулары

 

 

 

 

 

ЖК 2,3

КК 1-4,8

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 КК 5-8

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

КК-1

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

КК-6;

КК-8

 

5

ВБ

Билим берүү программасынын вариативдик бөлүгү (билим берүү уюму тарабынан аныкталат)

кесиптик компоненттин 10%

 

КК 1-8

6

ӨБ; ӨП

Өндүрүштүк окутуу жана практика (практикалык көндүмдөр жана ыкмалар ББП менен аныкталат)

Дисциплиналардын кесиптик компонентинин 50-60%

Дисциплиналардын кесиптик компонентинин 50-60%

Дисциплиналардын кесиптик компонентинин 50-60%28-30 кр./840-900 с.

Дисциплиналардын кесиптик компонентинин 50-60%

 

ЖК 1-6

КК 1-8

7

ДТ

Дене тарбия

68 с.

136 с.

54с.

108 с.

 

 

8

ЖМА***

Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация

6 с.

6 с.

1 кр/30 с.

30 с.

 

 

9

БАРДЫГЫ

БПнын жалпы сыйымдуулугу

3000 с.

4440 с.

60 кр/1800 с.

2880 с.

 

 

10

 

Жумалык жүктөм

36/39 с.

36/39 с.

39 с.

36 с.

 

 

Эскертүү:

(*) - 2-3 жыл окуу мөөнөтү менен жалпы билим берүүчү даярдоого кирген дисциплиналардын сыйымдуулугу Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык аныкталат;

(**) - циклдерге (жалпы техникалык, жалпы кесиптик, кесиптик) кирген айрым дисциплиналардын сыйымдуулугу даярдалуучу жумушчу кесиптердин профилинин багытына ылайык аныкталат;

(***) - квалификациялык экзаменден тышкары жыйынтыктоочу аттестацияга сааттар предметтик дисциплиналардын алкагында эске алынат.

 

Тикмечи (5146 Бычканды билген тикмечи) кесиби боюнча кесиптик башталгыч билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандарты Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык илимий-методикалык борбордун окуу-методикалык бирикмеси тарабынан иштелип чыккан (КР БИМдин алдындагы РИМБнын 2023-жылдын 3-мартындагы №1/11 “Республикалык илимий-методикалык борбордун алдындагы Окуу-методикалык бирикмелер жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” буйругу).

 

 

Жаныбекова Асыл Турдугуловна

- РИМБнын БКБнын мазмунун иштеп чыгуу бөлүмүнүн башкы адиси, ОМБнын төрайымы

 

_____________

ОМБнын мүчөлөрү:

 

 

 

Жанызакова Манзура Эргашевна

 

- ОӨУИ боюнча директорунун орун басары, №17 КЛ             

 

 

_____________

 

Сатыбаева Айсулуу                                    Коконовна                        

 

 

- №94 КЛдин улук устаты

 

 

______________

Кенжебаева Назира

Абдрасуловна

 

Аскарова Клара              

Абазовна                                                                                                                                                                    

 

 

- “Ayima” ЖИнин жетекчиси

 

- №17 КЛдин ө/о устаты      

 

_____________

 

______________

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар