БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ
Кыргыз Республикасынын
Билим берүү жана илим министрлигинин
2024-жылдын 4-ноябрындагы
№ 1668/1 буйругу менен бекитилди
Каттоо №__________
Коду________________________
КЕСИПТИК БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН
МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫ
Кесип: Электр жабдууларын оңдоо боюнча слесарь-электрик
(тармактар боюнча)
Квалификация: 5147 Электр жабдууларын оңдоо боюнча слесарь-электрик
Бишкек, 2024
1-бөлүм. Жалпы жоболор
1. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн Электр жабдууларын оңдоо боюнча слесарь-электрик (тармактар боюнча) (7124 Электр жабдууларын оңдоо боюнча слесарь-электрик) кесиби боюнча Мамлекеттик билим берүү стандарты Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органы тарабынан Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
2. Бул мамлекеттик билим берүү стандартында төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
мамлекеттик билим берүү стандарты - окутуунун максаттарын жана натыйжаларын аныктоочу билим берүү программасынын минимум мазмуну, билим берүүнүн деңгээлдери боюнча даярдоого базалык талаптарды аныктоочу формалдык билим берүүнүн талаптарынын коомдук макулдашылган жыйындысы;
интеграцияланган программа - бул негизги жалпы билим берүүнүн бүтүрүүчүлөрүнө жалпы орто билим алууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн жалпы орто жана башталгыч кесиптик билим берүү программаларын бириктирүүнүн негизинде иштелип чыккан билим берүү программасы;
компетенция – билим алуучу белгилүү бир чөйрөдө анын натыйжалуу өнүмдүү иши үчүн зарыл болгон билим берүүгө даярдоого карата алдын ала коюлган социалдык талап (ченем);
кредит (кредит-саат) - билим берүү программасынын сыйымдуулугунун шарттуу өлчөмү;
квалификациялардын улуттук алкагы - улуттук квалификациялык тутумчаларды интеграциялоого жана координациялоого, квалификациялардын салыштырмалуулугун камсыз кылууга багытталган жана квалификациянын ылайыктуулугун тастыктоо жана ыйгаруу системасы үчүн негиз болуп саналган критерийлердин топтомуна ылайык квалификациялардын деңгээлдеринин түзүмдөлгөн сыпаттамасы;
кесиптик иштин чөйрөсү - жалпы негизге ээ болгон (окшош же багыты, объекттери, технологиялары, эмгек каражаттары жакын болгон) жана аларды аткаруу үчүн эмгек функцияларынын жана тиешелүү компетенциялардын окшош топтомун болжолдогон кесиптик иштин түрлөрүнүн жыйындысы;
билим берүү программасы - конкреттүү деңгээлдеги, багыттагы же адистиктеги билим берүүнүн мазмуну;
жалпы техникалык цикл - тармактар аралык мүнөздөгү техниканын жана технологиянын илимий негиздерин үйрөнүүнү камсыз кылуучу предметтердин жыйындысы;
жалпы кесиптик цикл - мазмуну тармактар аралык мүнөздөгү иштин белгилүү бир түрүнө же белгилүү тармактын кесибине (өндүрүштүн түрүнө) багытталган предметтердин жыйындысы;
кесиптик цикл – кесип боюнча түздөн-түз даярдоону камсыз кылуучу предметтердин жыйындысы;
кесиптик стандарт - кесиптик иштин белгилүү бир түрүн жүзөгө ашыруу жана белгилүү эмгек функциясын аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын мүнөздөмөсү;
окутуунун натыйжалары – окуу процессин ийгиликтүү аяктагандан кийин билим алуучудан кандай билим, билгичтик жана көндүмдөр күтүлүшүнө карата ырастоо;
дисциплиналардын цикли - окутуунун, тарбиялоонун белгиленген максаттарына жана натыйжаларына карата белгилүү бир логикалык жыйынтыкка ээ болгон билим берүү программасынын бөлүгү же окуу дисциплиналарынын жыйындысы.
3. Ушул Мамлекеттик билим берүү стандартын аткаруу кесиптик башталгыч билим берүү программаларын ишке ашыруучу бардык билим берүү уюмдары үчүн алардын уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан милдеттүү болуп саналат.
4. Ушул Мамлекеттик билим берүү стандартында төмөнкү кыскартуулар колдонулат:
ВБ – вариативдик бөлүк;
ЖМА – жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация;
ЖК – жалпы компетенциялар;
ДЖБЦ – дисциплиналардын жалпы билим берүү цикли;
БП – билим берүү программасы;
ДЖКЦ – дисциплиналардын жалпы кесиптик цикли;
ДЖТЦ – дисциплиналардын жалпы техникалык цикли;
ӨО; ӨП – өндүрүштүк окутуу жана практика;
ЦКП – дисциплиналардын кесиптик цикли;
КМ – кесиптик модулдар;
ДТ – дене тарбия;
ДЦ – дисциплиналардын цикли.
2-бөлүм. Колдонуу чөйрөсү
5. Бул Мамлекеттик билим берүү стандарты Электр жабдууларын оңдоо боюнча слесарь-электрик (тармактар боюнча) (7124 Электр жабдууларын оңдоо боюнча слесарь-электрик) кесиби боюнча билим берүү программасын ишке ашырууда милдеттүү болгон ченемдердин, эрежелердин жана талаптардын жыйындысын билдирет жана окуу, уюштуруу-методикалык документтерди иштеп чыгуу, Кыргыз Республикасынын аймагында лицензиясы жана мамлекеттик же көз карандысыз аккредитациясы бар бардык билим берүү уюмдары тарабынан кесиптик башталгыч билим берүү программаларын өздөштүрүүнүн сапатын баалоо үчүн негиз болуп саналат.
6. Электр жабдууларын оңдоо боюнча слесарь-электрик (тармактар боюнча) (7124 Электр жабдууларын оңдоо боюнча слесарь-электрик) кесиби боюнча кесиптик башталгыч билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандартынын негизги колдонуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:
- кесиптик башталгыч билим берүү программасын ишке ашырууга укугу бар билим берүү уюмдарынын администрациясы жана педагогикалык курамы;
- ушул кесип боюнча негизги билим берүү программасын өздөштүргөн окуучулар;
- тиешелүү кесиптик иш чөйрөсүндөгү иш берүүчүлөрдүн бирикмелери;
- негизги билим берүү программаларын иштеп чыгууну камсыз кылуучу окуу-методикалык бирикмелер жана уюмдар;
- кесиптик башталгыч билим берүүнү каржылоону камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- билим берүү системасында мыйзамдардын сакталышын контролдоону камсыз кылуучу, кесиптик башталгыч билим берүү чөйрөсүндө аккредитациялоону жана сапатты контролдоону ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
3-бөлүм. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн Электр жабдууларын оңдоо боюнча слесарь-электрик (тармактар боюнча) кесибинин жалпы мүнөздөмөсү
7. Электр жабдууларын оңдоо боюнча слесарь-электрик (тармактар боюнча) (7124 Электр жабдууларын оңдоо боюнча слесарь-электрик) кесиби боюнча билим берүү программасын өздөштүрүүнүн формалары:
- күндүзгү;
- күндүзгү-сырттан (кечки).
8. Абитуриенттердин даярдыгынын деңгээлине карата талаптар.
Абитуриент тапшырууда төмөнкү документтердин бирине ээ болууга тийиш:
- жалпы орто билими жөнүндө аттестатка;
- негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүккө;
- кесиптик башталгыч билим берүү программалары боюнча окууга базалык билими жана кандайдыр бир квалификациясы жок адамдар жалпы орто билим берүү программалары боюнча окуу жана кесиптик билим берүүнүн башка деңгээлине өтүү укугусуз кабыл алынат.
9. Электр жабдууларын оңдоо боюнча слесарь-электрик (тармактар боюнча) (7124 Электр жабдууларын оңдоо боюнча слесарь-электрик) кесиби боюнча билим берүү программасын өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөтү күндүзгү окуу формасында:
- жалпы орто билим берүүнүн базасында - 1 жыл;
- негизги жалпы билим берүүнүн базасында жалпы орто билим алуу менен – 2, 3 жыл.
Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында төмөнкүдөй негизги билим берүү программалары ишке ашырылат:
- негизги жалпы билим берүүнүн базасында окутуу мөөнөтү 2, 3 жылдан кем эмес жалпы орто жана кесиптик башталгыч билим берүүнүн интеграцияланган программасы;
- жалпы орто билим албастан негизги жалпы билим берүүнүн базасында аскерге чакырууга чейинки даярдоо программасын камтыган 2 жылдык окуу мөөнөтү менен кесиптик башталгыч билим берүү программасы;
- жалпы орто билим берүүнүн базасында окутуу мөөнөтү 1 жылдан кем эмес кесиптик башталгыч билим берүү программасы;
- окутуу мөөнөтү 1 жылга чейин болгон кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу программалары.
Өзгөчө учурларда (ооруп калуу, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнө кызматка чакыруу) окуучунун арызы боюнча ал окуусун улантуу жана окуу максатына жетүү үчүн 3 жылдын ичинде калыбына келтирилиши мүмкүн.
10. Негизги кесиптик билим берүү программасынын сыйымдуулугу кесиптик башталгыч билим берүү программасынын түзүмүнө ылайык (1-тиркеме), окуу жылы үчүн (стандарттык окутуу учурунда 10 ай) 52 ден кем эмес кредитти түзөт (52 кр ⨯ 30 саат = 1560 саат), өз алдынча иштерди жана аттестациянын бардык түрлөрүн кошууну эске алуу менен кесиптик башталгыч билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программасынын сыйымдуулугу окутуу мөөнөтү 10 ай болгон учурда 60 кредиттен ашпоого тийиш. Мында бир кредит окуучунун окуу ишинин 30 саатына барабар.
Негизги жалпы билим берүүнүн базасында 2,3 жыл окутууда окуу жүктөмүнүн көлөмү сааттык система боюнча эсептелет (жумасына минимум 36 академиялык саат, максимум - 39 саат).
Окуучулардын окуу жүктөмүнүн максималдуу көлөмү жумасына 45 (1,5 кр) академиялык саатты түзөт, анын ичинде негизги кесиптик билим берүү программасын өздөштүрүү боюнча аудиториялык жана аудиториядан тышкаркы (өз алдынча) окуу иштеринин бардык түрлөрүн кошуу менен.
Күндүзгү окутуу формасында жумасына аудиториялык сабактардын көлөмү ар бир окуу дисциплинасын же кесиптик модулду өздөштүрүүгө бөлүнгөн жалпы көлөмдүн 80% кем эмес кесиптин өзгөчөлүгүн эске алуу менен Кесиптик башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты менен аныкталат (мисалы, предметке 40 саат бөлүнөт, анын ичинен 80% же 32 саат - бул аудиториялык сабактар, калган 8 саат окутуучунун кароосу боюнча бөлүштүрүлөт).
Күндүзгү-сырттан билим алуу формасында (анын ичинде түзөтүү мекемелериндеги окуу жайлар үчүн) аудиториялык окуу жүктөмүнүн максималдуу көлөмү жумасына 16 академиялык саатты түзөт.
Окуу мөөнөтү 2 жыл болгон учурда каникулдардын жалпы узактыгы окуу жылында 11 жуманы түзөт жана окуу мөөнөтү 1 жыл болгон учурда кыш мезгилинде 2 жумадан кем эмес.
Өндүрүштүк окутуу жана өндүрүштүк практика негизги кесиптик билим берүү программасынын жалпы окуу убактысынын 50-60% түзөт.
Өндүрүштүк практика кесиптик башталгыч билим берүү программасынын милдеттүү бөлүмү болуп саналат жана окуучулардын практикалык багыттагы даярдыгын камсыз кылуучу окуу сабактарынын түрү болуп саналат. Кесиптик башталгыч билим берүү программасын ишке ашырууда практиканын төмөнкүдөй түрлөрү каралат: окуу (өндүрүштүк окутуу) жана өндүрүштүк. Өндүрүштүк практика окуучуларды даярдоо профилине ылайык иш алып барган уюмдарда жүргүзүлүшү керек.
11. Электр жабдууларын оңдоо боюнча слесарь-электрик (тармактар боюнча) (7124 Электр жабдууларын оңдоо боюнча слесарь-электрик) кесиби боюнча кесиптик башталгыч билим берүү программасынын максаттары:
- окутуу жаатында электр жабдууларынын элементтерин, чыңалуу менен кабелдик жана аба линияларын монтаждоодо, оңдоодо, слесардык иштетүүдө жана тетиктерди бириктирүүдө квалификациялуу жумушчу кадрларды даярдоо болуп саналат;
- инсанды тарбиялоо жаатында окуучуларда социалдык-инсандык сапаттарды калыптандыруу болуп саналат: максатка умтулгандык, уюшкандык, эмгекти сүйүү, жоопкерчилик, жарандуулук, коммуникативдүүлүк, толеранттуулук жана жалпы маданиятты жогорулатуу.
12. Экономикалык иштин түрү: Электр энергиясы менен камсыз кылуу (жабдуу). Экономикалык иштин түрчөсү: Электр энергиясын өндүрүү, аны берүү жана бөлүштүрүү.
13. Кесиптик иштин чөйрөлөрү төмөнкүлөрдү камтыйт: ачык аянттарда иштөө, имараттарда иштөө: турак жай имараттары, соода ишканалары, коомдук имараттар, айыл чарба турак-жай жана коомдук курулуштар, курулуш аянтчалары жана башка убактылуу курулуштар, металл же металл каркастардан жасалган имараттар, көп тармактуу борборлор, материалдарды, запастык тетиктерди сактоочу кампалар.
14. Бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишинин объектилери болуп төмөнкүлөр саналат: электр өткөргүч линиясы, электр орнотмолорунун түзүлүшү, текшерүүчү-өлчөөчү приборлор, электр схемалары, ажыратуучу электр автоматтары, күйгүзгүчтөр, кое бергичтер, индикаторлор, мультиметрлер, электр орнотмолорун диагностикалоо, монтаждоо жана демонтаждоо үчүн аспаптар жана жабдуулар, электр монтаждоо иштери үчүн материалдар жана аспаптар, зымдар, кабелдер, өлчөө каражаттары, сапатты контролдоо жана аныктоо үчүн приборлор жана түзүлүштөр, өндүрүштүк-технологиялык жана ченемдик документтер.
15. Бүтүрүүчү даярдашы керек болгон кесиптик иштин милдеттери Электр жабдууларын оңдоо боюнча слесарь-электрик (тармактар боюнча) кесиптик иштин тиешелүү тармагындагы квалификациялык талаптарга жана кесиптик стандартына ылайык келет:
- слесардык, монтаждоо иштерин аткаруу, оңдоо иштерин жүргүзүүдө электр орнотмолорун жана жабдууларды ажыратуу жана чогултуу;
- электр жабдууларынын кыймылдуу бөлүктөрүн жана түйүндөрүн майлоо, жөндөө.
16. Бүтүрүүчү даярдашы керек болгон кесиптик иштин милдеттеринин тизмеси:
- Жумуш ордун даярдоо;
- Электр жабдууларынын бузулушун диагностикалоо;
- Электр жабдууларынын элементтерин монтаждоо жана оңдоо;
- Аткарылган иштерди кабыл алуу-тапшыруу.
17. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн Электр жабдууларын оңдоо боюнча слесарь-электрик (тармактар боюнча) (7124 Электр жабдууларын оңдоо боюнча слесарь-электрик) кесиби боюнча билим берүү программасын өздөштүргөн бүтүрүүчү төмөнкүлөргө даярдалган:
- кесиптик ишке;
- кесиптик башталгыч билим берүүнүн жана орто кесиптик билим берүүнүн интеграцияланган программалары боюнча окууну улантууга.
4-бөлүм. Билим берүү программасын ишке ашыруу
шарттарына жалпы талаптар
18. Кесиптик башталгыч билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдары кесип боюнча билим берүү программасын өз алдынча иштеп чыгышат. Билим берүү программасы кесип боюнча тиешелүү Мамлекеттик билим берүү стандартынын, квалификациялардын улуттук алкагынын, квалификациялардын тармактык жана сектордук алкактарынын жана кесиптик стандарттардын негизинде эмгек рыногунун керектөөлөрүн эске алуу менен иштелип чыгат.
Билим берүү уюмдары илимдин, маданияттын, экономиканын, техниканын, технологиялардын жана социалдык чөйрөнүн өнүгүшүн эске алуу менен, ошондой эле иш берүүчүлөрдүн жана башка кызыкдар тараптардын төмөнкүдөй сунуштарына ылайык билим берүү программаларын мезгил-мезгили менен кайра карап чыгышат жана зарыл болгон учурда жаңылап турушат:
- бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатын камсыз кылуу боюнча стратегияны иштеп чыгуу;
- негизги кесиптик билим берүү программаларына мезгил-мезгили менен мониторинг жүргүзүү;
- так макулдашылган критерийлердин негизинде окуучулардын билим деңгээлин, бүтүрүүчүлөрдүн компетенцияларын баалоонун объективдүү жол-жоболорун иштеп чыгуу;
- педагогикалык курамдын сапатын жана компетенттүүлүгүн камсыз кылуу;
- ишке ашырылып жаткан негизги кесиптик билим берүү программасын жетиштүү ресурстар менен камсыз кылуу, аларды колдонуунун натыйжалуулугун контролдоо;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген аккредитациялоонун минималдуу талаптары боюнча өзүн-өзү баалоону үзгүлтүксүз жүргүзүү;
- өз ишинин натыйжалары, пландары, инновациялары жөнүндө коомчулукка маалымдоо.
19. Окуучуларды жана бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатын баалоо аларды учурдагы, орто аралык жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону камтууга тийиш.
20. Окуучуларды учурдагы аттестациялоо кесиптик башталгыч билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген баалоо системасынын негизинде окуунун жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.
21. Окуучулардын квалификациялык экзамени (жыйынтыктоочу аттестациялоо) башталгыч кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте көз карандысыз квалификациялык экзамен формасында толук окутуу курсун аяктагандан кийин өткөрүлөт.
Мамлекеттик аттестациялык сынактардын башка түрлөрү окуу программасынын талаптарынын чегинде билим берүү уюму тарабынан өз алдынча аныкталат.
22. Окуучулардын жеке жетишкендиктеринин тиешелүү негизги кесиптик билим берүү программасынын этап боюнча же акыркы талаптарына ылайык келүүсүнө учурдагы, орто аралык жана жыйынтыктоочу аттестациялоо үчүн типтүү тапшырмаларды, текшерүү иштерин, модулдук тесттерди ж.б. камтыган баалоо каражаттарынын базалары түзүлөт, алар ээ болгон компетенциялардын деңгээлин баалоого мүмкүндүк берет. Баалоо каражаттарынын базасы башталгыч кесиптик билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюму тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
23. Кесиптик башталгыч билим берүү программасы дисциплиналардын кесиптик циклинин вариативдүү бөлүгүнүн окуучулардын тандоосу боюнча дисциплиналарын камтышы керек. Окуучулардын тандоосу боюнча дисциплиналардын тизмеси педагогикалык кеңештин чечими менен белгиленет.
24. Билим берүү программасын иштеп чыгууда кесиптик башталгыч билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрдүн жалпы компетенцияларын (мисалы, социалдык өз ара аракеттенүү, өзүн-өзү уюштуруу жана өз алдынча башкаруу, системалык-ишмердик мүнөздөгү компетенцияларын) калыптандыруудагы мүмкүнчүлүктөрү аныкталышы мүмкүн.
5-бөлүм. Электр жабдууларын оңдоо боюнча слесарь-электрик (тармактар боюнча) кесиби боюнча билим берүү программасына карата талаптар
25. Электр жабдууларын оңдоо боюнча слесарь-электрик (тармактар боюнча) (7124 Электр жабдууларын оңдоо боюнча слесарь-электрик) кесиби боюнча бүтүрүүчү ушул Мамлекеттик билим берүү стандартынын 11-пунктунда көрсөтүлгөн билим берүү программасынын максаттарына ылайык төмөнкү компетенцияларга ээ болушу керек:
- жалпы:
ЖК-1. Айлана-чөйрөнү коргоо жана өндүрүштүк экология; коопсуз жана сергек жашоо мүнөзүн уюштуруу жөнүндө билимин колдоно алат;
ЖК-2. Кесиптик баарлашуу деңгээлинде мамлекеттик (В1 деңгээли) жана расмий тилдерде өзүнүн оозеки жана жазуу жүзүндөгү сүйлөө речин логикалык жактан түзө алат;
ЖК-3. Кесиптик ишинде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонууга жөндөмдүү;
ЖК-4. Командада иштей алат, кесиптештери, жетекчилиги, керектөөчүлөр менен натыйжалуу баарлаша алат;
ЖК-5. Өз ишин пландаштырууга жана уюштурууга жөндөмдүү;
ЖК-6. Кесиптик иште негизги ишкердик билимдерди жана көндүмдөрдү колдоно алат.
- кесиптик:
КК-1. Оңдолуп жаткан объекттин кемчиликтерин жана оңдоо түрлөрүн аныктоого жөндөмдүү;
КК-2. Электр жабдууларын орнотуу жана оңдоо үчүн материалдарды жана шаймандарды тандап алууга жөндөмдүү;
КК-3. Электр жабдууларын демонтаждоо жана монтаждоо иштерин жүргүзүүгө жөндөмдүү;
КК-4. Электр жабдууларынын, кабелдик жана аба линияларынын элементтерин слесардык жана өлчөмдүү иштетүүгө жөндөмдүү;
КК-5. Электр жабдууларынын, кабелдик жана аба линияларынын элементтеринин бөлүктөрүн бириктирүүгө жөндөмдүү;
КК-6. Аткарылган иштин сапатын көзөмөлдөөгө жана аяктаган оңдоо иштерин тапшырууга жөндөмдүү.
26. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн негизги билим берүү программасы Кыргыз Республикасынын кесиптик башталгыч билим берүүнүн ушул Мамлекеттик стандартынын 1- тиркемесинде каралган окуу циклдерин жана бөлүмдөрүн өздөштүрүүнү божомолдойт.
27. Дисциплиналардын кесиптик цикли билим берүү уюмдары белгилеген базалык (милдеттүү) жана вариативдик бөлүккө ээ. Вариативдик бөлүк 10 пайыздан кем эмесин түзөт жана базалык бөлүктүн мазмуну менен аныкталган даярдыкты тереңдетүүгө, аймактык эмгек рыногунун суроо-талаптарына жана билим алууну улантуу мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык бүтүрүүчүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон кошумча компетенцияларга ээ болууга мүмкүндүк берет.
28. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн негизги билим берүү программаларынын мазмунунун милдеттүү минимумуна, аларды ишке ашыруу шарттарына, бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу аттестациялоого жана ар бир кесип боюнча алардын даярдыгынын деңгээлине карата талаптар билим берүү уюмдары тарабынан Кыргыз Республикасынын кесиптик башталгыч билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык аныкталат.
6-бөлүм. Билим берүү программасын ишке ашырууда билим алуучулардын укуктарына жана милдеттерине карата
жалпы талаптар
29. Өзүнүн жеке билим берүү траекториясын түзүүдө окуучу билим берүү уюмунан дисциплиналарды тандоо жана алардын келечектеги кесипке тийгизген таасири боюнча консультация алууга укуктуу.
30. Инсанды тарбиялоо жана өнүктүрүү, жалпы компетенцияларды өнүктүрүү бөлүгүндө билим берүү программасында натыйжаларга жетишүү максатында окуучулар өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө, коомдук уюмдардын, спорттук жана чыгармачылык клубдардын ишине катыша алышат.
31. Окуучулар билим берүү программасында каралган бардык тапшырмаларды белгиленген мөөнөттө аткарууга милдеттүү.
32. Билим берүү уюму билим берүү программаларын өздөштүрүүдө окуучуларды укуктары жана милдеттери менен тааныштырууга, окутуу үчүн киргизилген дисциплиналар окуучулар үчүн милдеттүү экендигин, ал эми алардын суммалык сыйымдуулугу окуу планында каралгандан кем болбоого тийиш экендигин түшүндүрүүгө милдеттүү.
33. Билим берүү уюмдары билим берүү программаларын уюштурууда жана ишке ашырууда гендердик теңчилик саясатын эске алууга, социалдык инклюзияны камсыз кылууга, ошондой эле санариптештирүүнү өнүктүрүүгө милдеттүү.
34. Окуучуларга билим берүү процессинин мазмунун, уюштурулушун жана сапатын баалоо мүмкүнчүлүгү берилиши керек.
7- бөлүм. Окуу процессин окуу-методикалык жана маалыматтык камсыздоо
35. Электр жабдууларын оңдоо боюнча слесарь-электрик (тармактар боюнча) (7124 Электр жабдууларын оңдоо боюнча слесарь-электрик) кесиби боюнча кесиптик башталгыч билим берүү программасын ишке ашыруу ар бир окуучуга маалымат базаларынын жана негизги кесиптик билим берүү программасынын дисциплиналарынын толук тизмеси боюнча түзүлгөн китепкана фонддорунун жеткиликтүүлүгү менен камсыз болууга тийиш.
Милдеттүү окуу китептеринин жана методикалык куралдардын тизмеси:
1. Шеховцев В.П. Электрическое и электромеханическое оборудование: окуу китеби. – М.: ФОРУМ: ИНФРА-М. 2008.
2. Южаков Б.Г. Монтаж, наладка, обслуживание и ремонт электрических установок. – М.: Академия, 2008.
3. Кацман М.М. Электрические машины. - М.: Жогорку мектеп, 2010.
4. Чунихин А.А. Электрические аппараты. - М.: Энергоиздат, 2008.
5. Шишмарѐв В.Ю. Автоматика. - М.: Академия, 2010.
6. Правила эксплуатации электроустановок потребителей: маалымдама адабият. – М.:ЗАО «Энергосервис», 2006.
7. В.Н. Камиев. Чтение схем и чертежей электроустановок. -М.: Жогорку мектеп, 1986
8. А.Я. Шихин. Электротехника. - М., Жогорку мектеп, 1988
9. П.А.Бутырин, О.В.Толчеев, Ф.Н.Шакирзянов. Электротехника. - М.: Академия, 2007
10. Л.В. Журавлева. Электроматериаловедение. - М.: Академия, 2004
11. Герасименко А.А., Федин Ф.Т. Передача и распределение электрической энергии: окуу куралы. 3-басылыш-М.: КНО- РУС, 2012.
36. Билим берүү программасын ишке ашыруу үчүн окуучулардын зарыл болгон окуу адабияты жана/же электрондук адабият менен камсыз болушу лицензиялык талаптарга ылайык келүүгө тийиш. Окуу маалымат булактары заманбап талаптарга жооп бериши керек.
37. Билим берүү процессинде мыйзам актылары, ченемдик документтер, кесиптик багыттагы мезгилдүү басылмалардын материалдары колдонулууга тийиш.
38. Билим берүү уюму ар кандай формада кесиптик окутууну, анын ичинде аралыктан окутууну уюштуруу үчүн шарттарды камсыз кылууга милдеттүү.
8-бөлүм. Окуу процессин материалдык-техникалык камсыздоо
39. Электр жабдууларын оңдоо боюнча слесарь-электрик (тармактар боюнча) (7124 Электр жабдууларын оңдоо боюнча слесарь-электрик) кесиби боюнча кесиптик башталгыч билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюму окуучуларды дисциплинардык, дисциплиналар аралык даярдоонун жана практикалык иштин бардык түрлөрүн жүргүзүүнү камсыз кылуучу тиешелүү материалдык-техникалык базага ээ болууга тийиш:
- электрслесардын аспаптарынын топтому - 1 комплект;
- макеттер, эскиздер, чертеждор, схемалар жана таблицалар – 1 даана;
- аспаптык кутусу - 25 даана;
- электр жабдууларынын элементтеринин жана түйүндөрүнүн деталдары (дайындамаларды аткаруу үчүн);
- коргоо каражаттары: коргоочу көз айнек, диэлектрикалык резина кол кап, коргоочу каска, атайын кийим;
- S= 2,5 mm2 кесилген 25 м секциялык зымдардын түрлөрү - 25 метр;
- монтаждоо иштери үчүн “Электр монтаждоо столу” лабораториялык стенд - 12 комплект;
- “электриктер столу” лабораториялык стенд - 12 комплект;
- паяльник - 12 даана;
- электр бургу - 10 даана;
- изоляциялоочу тасма - 25 даана;
- изоляциялоочу кембрик - 50 м;
- болгарка – 10 даана;
- 1000В чейин изоляторлор;
- кабель өткөрүү үчүн болот түтүктөр;
- контролдук чырак - 12 даана;
- 12 даанадан 3В, 12В, 36В рубильниктер;
- изоляциялоочу штангалар - 10 даана;
- электриктер үчүн стол (220В – 36В - 12В-03В) - 12 даана;
- электр өлчөөчү приборлор (амперметр, вольтметр, омметр, ваттметр, чыңалуусу 12В мегаметр – 12 даана;
- кабель өткөрүү үчүн болот түтүктөр - 12 даана;
- окуу полигону - 1;
Лабораториялар: электротехника жана электрондук техника; электр машиналары; электр аппараттары; электр жана электромеханикалык жабдуулар;
Устаканалар: слесардык-механикалык; электрдик.
Окуу кабинеттери: “Электротехника”; “Электр жабдууларын техникалык тейлөө боюнча атайын технология”.
Залдар: китепкана, Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар окуу залы; жыйындар залы, спорт зал.
Медпункт, ашкана.
40. Билим берүү программасын ишке ашыруунун сапатын баалоо.
Бүтүрүүчүнүн кесиптик компетенттүүлүгүнүн далилдери жумуш ордундагы операцияларга тиешелүү болууга, “Электр жабдууларын оңдоо боюнча слесарь-электрик (тармактар боюнча)” кесиптик стандартынын компетенттүү иштин критерийлеринин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
Окутуунун натыйжаларын текшерүү ыкмалары: тестирлөө, интервью, лабораториялык жана практикалык тапшырмаларды аткарууда көндүмдөрдү көрсөтүү, портфолио.
- окуучулардын зарыл болгон билимдерин жазуу жүзүндө жана /же оозеки баалоо.
|
|
Кыргыз Республикасынын Кесиптик башталгыч кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы №371 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын макетине ылайык) |
Электр жабдууларын оңдоо боюнча слесарь-электрик (тармактар боюнча) (7124 Электр жабдууларын оңдоо боюнча слесарь-электрик) кесиби боюнча кесиптик башталгыч билим берүүнүн негизги билим берүү программасынын
ТҮЗҮМҮ
№ |
Дисциплиналардын циклинин (ДЦ) коддору |
Дисциплиналардын циклдери жана аларды өздөштүрүүнүн долбоорлонгон натыйжалары |
Жалпы негизги билим берүүнүн базасында (9-кл.) жалпы орто билим жана кесип алуу менен |
Жалпы орто билимдин базасында (11-кл.) Сыйымдуулугу** (кредит-сааттар) |
Жалпы орто билим албастан |
Болжолдуу программаларды иштеп чыгуу үчүн дисциплиналардын тизмеси |
Калыптануучу компетенциялардын коддору |
|
2 ж. |
3 ж. |
1 ж. |
2 ж. |
|||||
1 |
ДЖЦ* |
Дисциплиналардын жалпы билим берүү цикли. Циклди өздөштүрүүнүн натыйжасында окуучу: билүүгө тийиш: - баарлашуу чөйрөсүн, жагдайларды, кырдаалдарды; - кеп коммуникациясынын катышуучуларынын социалдык жана статустук ролдорун; - лексика-грамматикалык деңгээлдеги тил тутумун жана стилистикалык ресурстарды; - минималдуу жалпы илимий китеп лексикасын жана терминдерди; - кесиптик иштин алкагында сүйлөө темаларынын минимумун; - ишкердик баарлашуунун сүйлөө өзгөчөлүктөрүн (расмий жагдайда кайрылуу, баарлашуу, өтүнүчтү, баш тартууну, макул/макул эместикти, ыраазычылыкты, куттуктоолорду ж. б. айтуудагы минимум этикеттик формулалар жана эрежелер). - кызматтык-ишкердик кептин түрлөрүн жана жанрларын; көндүмдөргө ээ болууга тийиш: - сүйлөө этикетинин эрежелерине ылайык расмий, кызматтык-ишкердик маектерди/сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; - ийгиликтүү байланышка жетүү үчүн баарлашуу стратегиясын түзүү; - кесиптик иш жаатындагы актуалдуу темалар боюнча ишкердик стилдеги айтымдарды иштеп чыгуу (түзүү, жаратуу) жана туура чечмелөө; - орус тилинин этикетинин эрежелерине ылайык расмий жана жарым-жартылай расмий кызматтык-ишкердик маектерди / сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; - профилдин/адистиктин жана кызматтык-иш документтеринин алкагында окуу иштерин туура тариздөө. билүүгө тийиш: - зыяндуу адаттар (тамеки чегүү, насвай, алкоголь, баңгизат) жана алардын кесепеттери жөнүндө; - сергек жашоо мүнөзүнүн тобокелдик факторлору жөнүндө; - рационалдуу жана гигиеналык режим жана тамактануу жөнүндө. көндүмдөргө ээ болууга тийиш: - зыяндуу адаттардан баш тартуу; - сергек жашоо мүнөзүн камсыз кылуу каражаттарынын жана методдорунун жалпы топтомун иш жүзүнө ашыруу; - жашоонун рационалдуу режимин сактоо; - рационалдуу тамактанууну сактоо; - иммунитетти көтөрүүчү көнүгүүлөрдү аткаруу жана чыйралуу. |
*1768 с. (10 -кл;11- кл.) |
*2006 с. (10-кл;11-кл.) |
3 кр/90 с. |
240 с. |
Кесиптик кыргыз/ орус тилдери.
Коопсуз сергек жашоо мүнөзү. |
ЖК 2 - 4
ЖК 1-3 |
2 |
ДКК |
Дисциплиналардын кесиптик компоненти |
1232 с. |
2434 с. |
56 кр/1680 с. |
2532 с. |
|
|
4
2.1 |
ДЖТЦ** ДЖКЦ*
|
Дисциплиналардын жалпы кесиптик цикли. Жалпы техникалык цикл Циклди өздөштүрүүнүн натыйжасында окуучу: билүүгө тийиш: - электр орнотмолору үчүн бирдиктүү принципиалдуу схеманын жана долбоордук документтердин талаптарын; - чертеждорду жана электр схемаларын түзүүнүн негизги эрежелерин жана ченемдик техникалык документтердин түрлөрүн; - техникалык жана технологиялык документтерди окуу эрежелерин, өндүрүштүк документтердин түрлөрүн; көндүмдөргө ээ болууга тийиш: - электр чертеждорун окуу; - электр орнотмолорунун схемаларын окуу. билүүгө тийиш: - электр схемаларынын элементтерин, аларды бириктирүүнүн түрлөрүн аныктоону жана белгилөөнү; - электр өлчөөлөрдүн түрлөрүн жана ыкмаларын; - токтун күчүн, чыңалуусун, электр тогунун кубаттуулугун жана өткөргүчтөрдүн каршылыгын өлчөө бирдиктерин. - жөнөкөй электр, магниттик жана электрондук чынжырлардын негизги параметрлерин эсептөө жана өлчөө ыкмаларын; - туруктуу жана өзгөрүлмө токтун касиеттерин; - өткөргүчтөрдү жана ток булактарын ырааттуу жана параллелдүү туташтыруу принциптерин; - электр өлчөөчү приборлорду (амперметр, вольтметр), алардын түзүлүшүн, иштөө принцибин жана электр чынжырына кошуу эрежелерин; - магнит талаасынын касиеттерин; - туруктуу жана өзгөрүлмө токтун кыймылдаткычтарынын түзүлүшүн жана иштөө принцибин; - пайдаланылып жаткан жабдууларда орнотулган электр кыймылдаткычтарын иштетүү, токтотуу эрежелерин; - электр орнотмолорундагы коопсуздук чараларын, электр тогунан жабыр тарткандарга биринчи жардам көрсөтүүнү. көндүмдөргө ээ болууга тийиш: - структуралык, монтаждык жана жөнөкөй принциптүү электр схемаларын окуу; - электр, магниттик жана жөнөкөй электрондук чынжырлардын негизги параметрлерин эсептөө жана өлчөө; - электр өлчөөчү приборлорду ишинде пайдалануу; - пайдаланылып жаткан жабдууга орнотулган электр кыймылдаткычын иштетүү жана токтотуу.
билүүгө тийиш: - тетиктердин өз ара алмаштырылышы жөнүндө түшүнүктү; - тетиктерди стандартташтырууну жана нормалдаштырууну; - эркин жана байланыштуу өлчөмдөрдү; - чектик өлчөмдөрдү жана жол берүүлөрдү аныктоону; - өлчөө каражаттарынын негизги топторун; - сызыктуу өлчөөлөр үчүн каражаттарды; - жалпак беттерди өлчөө каражаттарын; - бурчтарды жана жылмакай конустардын жол берүүлөрүн жана өлчөө каражаттарын; - метрикалык сайдын жол берүүлөрүн, отургузууну жана өлчөө каражаттарын; - шпон жана жылгалуу бириктиргичтердин жол берүүлөрүн жана өлчөө каражаттарын; көндүмдөргө ээ болууга тийиш: - чектик өлчөмдөрдү жана жол берүүлөрдү аныктоо; - тактык класстарын колдонуу; - жол берүүлөр таблицасын колдонуу, чертеждордо жол берүүлөрдү жана отургузууну белгилөө; - каталарды өлчөө методдорун билүү; - универсалдуу өлчөө каражаттарын билүү; - көрсөтүлгөн аспап менен өлчөө ыкмаларын билүү (штангециркуль, микрометр ж. б.); - угольниктерди, бурчтуу өлчөгүчтөрдү жана башка аспаптарды пайдалануу; - сайдын тактык даражаларын жана бир катар четтөөлөрдү колдонуу; - шпон жана жылгалуу бириктиргичтердин жол берүүлөрүн жана өлчөө каражаттарын эске алуу.
Жалпы кесиптик цикл Циклди өздөштүрүүнүн натыйжасында окуучу: билүүгө тийиш: - ишкердик иш жаатындагы ченемдик укуктук базаны; - Кыргыз Республикасындагы экономиканын жана ишкердиктин абалын; - чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө жагымдуу потенциалды жана факторлорду, чакан бизнести насыялоону; - бизнес-планды иштеп чыгуу технологиясын; - өз ишин уюштуруунун теориялык жана методологиялык негиздерин. көндүмдөргө ээ болууга тийиш: - ишкердик ишке шыктуулукка психологиялык өзүн-өзү талдоо жүргүзүү; - ишкердик иштин уюштуруу-укуктук формасын тандоо; - бухгалтердик отчеттуулуктун формасын толтуруу; - рынокту изилдөөнүн ар кандай ыкмаларын колдонуу; - башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу; - атаандаштар, керектөөчүлөр, жеткирүүчүлөр жөнүндө маалыматтарды топтоо жана талдоо; - экономикалык эсептөөлөрдү жүргүзүү; - өндүрүштүк ишти пландаштыруу; - бизнес-планды иштеп чыгуу; - презентация өткөрүү. билүүгө тийиш: - экология жаатындагы мыйзамдарды жана уюмдун ишине жайылтылуучу эмгекти коргоонун мамлекеттик ченемдик талаптарын камтыган башка ченемдик укуктук актыларды; - кызматкерлердин эмгекти коргоо жаатындагы милдеттерин; - өзүнүн ишинин (же аракетсиздигинин) иш жүзүндөгү же потенциалдуу кесепеттерин жана алардын эмгек коопсуздугунун деңгээлине тийгизген таасирин; - технологиялык процесстерди жана өндүрүштүк нускамаларды баш ийген кызматкерлер (персонал) сактабагандыгынан мүмкүн болгон кесепеттерди; - эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча нускамалардын тартибин жана мезгилдүүлүгүн; - жамааттык жана жеке коргонуу каражаттарын сактоо жана пайдалануу тартибин;
көндүмдөргө ээ болууга тийиш: - коркунучтуу жана зыяндуу өндүрүштүк факторлорду жана кесиптик иштин мурдагы, азыркы же пландаштырылган түрлөрү менен байланышкан аларга тиешелүү тобокелдиктерди аныктоо; - аткарган кесиптик иштин мүнөзүнө ылайык жамааттык жана жеке коргонуу каражаттарын пайдалануу; - эмгек шарттары боюнча жумуш орундарын аттестациялоого катышуу, анын ичинде кесиптик ишиндеги эмгек шарттарын жана жаракат алуу коопсуздугунун деңгээлин баалоо; - жардамчыга киришүүчү нускама берүү, аткарылуучу иштердин өзгөчөлүгүн эске алуу менен аларга жумуш ордунда коопсуздук техникасынын маселелери боюнча нускама берүү; - эмгек коопсуздугунун талап кылынган деңгээлине жетүү үчүн зарыл болгон шарттарды иштеп чыгуу жана контролдоо.
билүүгө тийиш: - рынок экономикасынын принциптерин; уюмдардын уюштуруу-укуктук формаларын; - эмгек мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдардын негизги жоболорун; - эмгек акыны түзүү механизмдерин; - эмгек акы төлөө формаларын. көндүмдөргө ээ болууга тийиш: - өндүрүш экономикасынын жалпы маселелеринде багыт алуу; - конкреттүү өндүрүштүк кырдаалдарда экономикалык жана укуктук билимдерди колдонуу; - колдонуудагы мыйзамдардын алкагында өзүнүн эмгектик укуктарын коргоо. билүүгө тийиш: - металлдардын жана эритмелердин түзүлүшүн жана касиеттерин; - металлдарды термикалык иштетүүнүн негиздерин; - металл ширетүү жөнүндө түшүнүктү; - магниттик материалдарды; - өткөргүч материалдарды; - зымдарды жана кабелдерди; - электр изоляциялоочу материалдарды. көндүмдөргө ээ болууга тийиш: - металлдардын жана эритмелердин классификациясын аныктоо; - ширетүү жана калай чайкоо; - кесүү менен металл иштетүү; - электр жабдууларын оңдоодо конструкциялык жана электртехникалык материалдарды натыйжалуу колдонуу; - металл ширетүү. |
|
|
|
|
Чиймелерди окуу
Электр техникасынын жана электрониканын негиздери
Белгиленген өлчөмдон чыгуу чеги жана техникалык өлчөөлөр
Бизнестин жана ишкердиктин негиздери
Эмгекти коргоо жана өндүрүштүк экология
Кесиптик иш аракеттерди укуктук жактан камсыздоо
Материал таануу |
КК- 1 ЖК-1, ЖК-3
КК1;3-5 ЖК1-3
КК3-6 ЖК-1, ЖК-4
ЖК-4-6
КК-6
ЖК1-5 КК-1-6
ЖК1-5
КК-6
КК1-6
|
|
4
|
Дисциплиналардын кесиптик цикли. Базалык бөлүк: |
|
|
34кр. /1020с |
|
Электр орнотмолорун монтаждоо, жөндөө, тейлөө жана оңдоо
Электр жабдууларынын элементтерин монтаждоо жана оңдоо
Электр жабдууларынын бузулууларын диагностикалоо
Төмөнкү вольттогу жабдууларды орнотуу жана иштетүү
Электр жабдууларынын элементтерин слесардык жана өлчөмдүү иштетүү
Электр жабдууларынын бузулууларын диагностикалоо
Слесардык иштин технологиясы
Электр жабдууларын монтаждоо жана оңдоо боюнча иштин сапатын көзөмөлдөө. |
ЖК1 КК1
КК1-3
КК1
КК2;5-6
КК4
КК4-5
КК-6
КК6
|
|
|
Кесиптик циклди жана модулдарды өздөштүрүүнүн натыйжасында окуучу төмөнкүлөргө милдеттүү: билүүгө: - СЧжЭ талаптарын жана жумуш ордун даярдоо боюнча коопсуздук техникасынын талаптары; - электротехниканын негиздерин; - электр схемаларынын элементтеринин шарттуу графикалык белгилерин; - өндүрүш жана жумуш ордун уюштурук жөнүндө маалыматтарды. көндүмдөргө ээ болууга: - жумуш ордун даярдоо жана тейлөө; - жумуштарды аткарууда жеке коргонуу каражаттарын колдонуу; - электр жабдууларын электр кубаттандыруудан ажыратуу;
Билүүгө тийиш: - электр техниканын жана электрониканын негиздерин; - электрослесардык аспаптардын түрлөрүн; - чертеждорду окуу эрежелерин; - монтаждык чиймелерди окуу эрежелери; - тегиз мейкиндикти белгилөө үчүн аспаптардын жана каражаттардын багытын жана колдонуу эрежелерин; - электротехникалык материалдарды тандоо эрежелерин; - контролдук-өлчөө аспаптарынын жана приборлорунун багытын жана пайдалануу эрежелерин; - электр орнотмолорун иштетүүдө коопсуздук эрежелерин; - ажыратуучу электр автоматтарынын түрлөрүн, түзүлүшүн жана иштөө принцибин; - индикаторлордун жана мультиметрлердин түрлөрүн жана иштөө принциптерин; көндүмдөргө ээ болууга: - ажыратуучу электр автоматтарынын ар кандай түрлөрү менен иштөө; - конкреттүү электр жабдууларын электр кубаттандыруучудан өчүрүү. Билүүгө тийиш: - материал таануунун негиздерин; - электр жабдууларынын түрлөрүн; - бузулуулардын түрлөрүн жана себептерин; - оңдоонун түрлөрүн жана ыкмаларын; - диагностиканын түрлөрүн; - эмгекти жана айлана-чөйрөнү коргоону; - коопсуздук техникасынын талаптарын; көндүмдөргө ээ болууга: - бузулууну аныктоо; - бузулуулардын себебин аныктоо жана так диагноз коюу; - диагностиканын ар кандай түрлөрүн, анын ичинде компьютердик диагностиканы колдонуу; - оңдоонун түрүн жана ыкмасын тандоо.
Билүүгө тийиш: - электр монтаждоо жумуштарында колдонулуучу электр жабдууларынын жана материалдарынын түрлөрүн, түзүлүштөрүн жана иштөө принцибин жана колдонуу эрежелерин; - бекитүүчү деталдардын жана арматуралардын негизги түрлөрүн; - колдонулуучу приборлордун, электраппараттардын жана электрлештирилген жана пневматикалык аспаптардын түзүлүшүн; - монтаждоочу жабдуулардын электр схемаларын; - электр машиналарын жана жабдууларын монтаждоодо колдонулуучу материалдардын түрлөрүн жана сапатын; көндүмдөргө ээ болууга: - электр монтаждоо жумуштарында зарыл болгон тиешелүү материалдарды жана аспаптарды тандоо; - тандалган материалдарды жана аспаптарды практикада колдонуу.
Билүүгө тийиш: - электр монтаждоо жумуштарында колдонулуучу электр жабдууларынын жана материалдарынын түрлөрүн жана колдонуу эрежелерин; - зымдарды монтаждоо жана демонтаждоо ыкмаларын; - бекитүүчү деталдардын негизги түрлөрүн; - монтаждоо үчүн материалдардын касиеттерин; - электрлештирилген жана пневматикалык аспаптарда колдонулуучу приборлордун, электраппараттардын түзүлүшүн; - монтаждоочу жабдуулардын электр схемаларын; - принциптүү жана монтаждык схемаларды окуу эрежелерин. көндүмдөргө ээ болууга: - монтаждоо схемаларынын талаптарына ылайык зымды жана кабелди кесүү; - ар кандай ыкмалар менен бардык маркадагы зымдарды, кабелдерди туташтыруу, кошууга даярдоо жана кошуу; - коопсуздук техникасын сактоо менен демонтаждоодо/монтаждоодо аспаптарды жана приборлорду пайдалануу;
Билүүгө тийиш: - кабелдик жана аба линияларынын түрлөрүн; - электр орнотмолорунун түзүлүшүн; - иштетилүүчү материалдардын аталышын, маркировкасын жана негизги касиеттерин; - тегиздикти жана мейкиндикти белгилөө үчүн аспаптардын жана шаймандардын багытын жана колдонуу эрежелерин; - тегиздикти жана мейкиндикти белгилөө ыкмаларын; - слесардык аспаптардын жана шаймандардын багытын жана колдонуу эрежелерин; - контролдук-өлчөө аспаптарынын жана приборлорунун багытын жана колдонуу эрежелерин; - негизги слесардык операцияларды жүргүзүү ыкмаларын; - тетиктердин чертеждорун жана кураштыруу чертеждорун окуу эрежелерин; - зымдарды туташтырууга даярдоо ыкмаларын; - бекиткичтердин негизги түрлөрүн; - монтаждоо үчүн материалдардын касиеттерин; - электрлештирилген жана пневматикалык аспаптарда колдонулуучу приборлордун, электраппараттардын түзүлүшүн; - монтаждоочу жабдуулардын электр схемаларын; - керектөөчүлөрдүн электр орнотмолорун техникалык пайдалануу эрежелерин; көндүмдөргө ээ болууга: - дайындамаларды керектүү өлчөмдө жана формада кесүү; - металлды кесүү; - металлды түздөө; - металлды ийүү; - металлдын жука катмарын кесүү; - электрдик тетиктерде сырткы жана ички сайды бургулоону, кесүүнү аткаруу; - тетиктерди кесүү жана ылайыкташтыруу; - бириктирүү жерлерин ышкоо жана жакындатуу; - кураштыруу чертеждоруна ылайык слесардык аспаптарды колдонуу, ажыратуучу электр автоматтарынын ар кандай түрлөрү менен иштөө; - конкреттүү электр жабдууларынын электр кубатын өчүрүү; - өлчөө приборлорунун типтерин жана тактык классын аныктоо; - асинхрондук жана синхрондук машиналарды кошуу схемасын окуу; релелик коргоо жана автоматика; - релелик коргоо жана автоматика каражаттарындагы маркировкаларды окуу; - трансформаторлордо жана электр жабдууларында туташтыруу схемасын жана маркировкасын окуу; - кабелдик муфталардын жайгашуусун көрсөтүү менен имараттарга жана курулмаларга же атайын орнотулган белгилерге байлоо менен траншеяга салынган электр тарамдарынын схемаларын жана пландарын окуу; - трансформатордук көмөкчордондордун тетиктериндеги жана айрым түйүндөрүндөгү маркировкаларды окуу; - трансформаторлордогу электр өткөргүчтөрүнүн схемаларын жана маркировкаларды окуу; - бузулууларды аныктоо; - бузулуулардын себебин аныктоо жана так диагноз коюу; - электр монтаждоо иштеринде зарыл болгон тиешелүү материалдарды жана аспаптарды тандоо; - тандалган материалдарды жана аспаптарды практикада колдонуу; - диагностиканын ар кандай түрлөрүн, анын ичинде компьютердик диагностиканы колдонуу; - оңдоонун түрлөрүн жана ыкмаларын аныктоо; - монтаждоо схемаларынын талаптарына ылайык зымды жана кабелди кесүү; - зымдарды, бардык маркадагы кабелдерди ар кандай ыкмалар менен туташтыруу, кошууга даярдоо жана кошуу; - коопсуздук техникасын сактоо менен демонтаждоодо/монтаждоодо аспаптарды жана приборлорду пайдалануу; - дайындамаларды керектүү өлчөмдө жана формада кесүү; - аткарылган иштерди кабыл алуу/тапшыруу; - монтаждоо жана оңдоо боюнча аткарылган иштердин сапатын контролдоо;
Билүүгө тийиш: - иштерди аткаруу технологиясын жана алардын сапатын жана техникалык документтердин талаптарына шайкештигин текшерүүдө контролдук операцияларды; - оңдолуучу электр жабдууларынын технологиялык жана ченемдик документтерин; - слесардык, слесардык-кураштыруу жана электр монтаждоо иштеринин негизги ыкмаларын; - керектөөчүлөрдүн электр орнотмолорун техникалык эксплуатациялоо эрежелерин; - слесардык, слесардык-монтаждык жана электрдик иштердин негизги ыкмаларын; көндүмдөргө ээ болууга: - нускамаларды, өндүрүштүк-технологиялык жана ченемдик документтерди колдонуу; - слесарь-электриктин мыкты тажрыйбаларын колдонуу; - аткарылган иштерди тапшыруу боюнча сапатты контролдоо үчүн өлчөө каражаттарын, приборлорду жана түзүлүштөрдү пайдалануу;
Билүүгө тийиш: - электр жабдууларынын ишинин сапатынын стандарттарын жана ченемдерин; - келишимдин түзүмүн жана мазмунун, аткарылган иштердин актыларын, эсеп-фактураларды, коштомо кагаздарды ж.б. документтерди; - контролдоо-өлчөө приборлорунун түрлөрүн жана иштөө принциптерин; көндүмдөргө ээ болууга: - келишим жана аткарылган ишти тапшырууда документтердин башка түрлөрүн түзүү; - иштердин натыйжаларын демонстрациялоо. |
|
|
||||
5 |
ВБ |
НКБПнын вариативдик бөлүгү (билим берүү уюму тарабынан аныкталат)
|
кесиптик компоненттин 10% |
кесиптик компоненттин 10% 1 кредит- 30с |
|
ЖК- 4 |
||
6 |
ӨО; ӨП |
Өндүрүштүк окутуу жана практика (практикалык жөндөмдөр жана көндүмдөр НКБПда аныкталат) |
Дисциплиналардын кесиптик компонентинин 50-60% |
Дисциплиналардын кесиптик компонентинин 50-60% 28-30 кр./840-900 с. |
Дисциплиналардын кесиптик компонентинин 50-60% |
|
ЖК 1-6 КК 1-6 |
|
7 |
ДТ |
Дене тарбия |
68 с. |
136 с. |
54с. |
108 с. |
|
|
8 |
ЖМА*** |
Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация |
6 с. |
6 с. |
1 кр/30 с. |
30 с. |
|
|
9 |
БАРДЫГЫ |
БПнын жалпы сыйымдуулугу |
3000 с. |
4440 с. |
60 кр/1800 с. |
2880 с. |
|
|
10 |
|
Жумалык жүктөм |
36/39 с. |
36/39 с. |
39 с. |
36 с. |
|
|
Эскертүү:
(*) - 2-3 жыл окуу мөөнөтү менен жалпы билим берүүчү даярдоого кирген дисциплиналардын сыйымдуулугу Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык аныкталат;
(**) - циклдерге (жалпы техникалык, жалпы кесиптик, кесиптик) кирген айрым дисциплиналардын сыйымдуулугу даярдалуучу жумушчу кесиптердин профилинин багытына ылайык аныкталат;
(***) - квалификациялык экзаменден тышкары жыйынтыктоочу аттестацияга сааттар предметтик дисциплиналардын алкагында эске алынат.
Электр жабдууларын оңдоо боюнча слесарь-электрик (тармактар боюнча) (7124 Электр жабдууларын оңдоо боюнча слесарь-электрик) кесиби боюнча кесиптик башталгыч билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандарты Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык илимий-методикалык борбордун окуу-методикалык бирикмеси тарабынан иштелип чыккан.
Жакыпова Каликан Кубаталиевна |
|
__________ |
ОМБнын мүчөлөрү: |
|
|
Куттубаев Ильич Курманбекович |
|
__________ |
Сарыков Данияр |
|
__________
|
Акматов Азамат |
- №20 КЛдин ө/о устаты |
__________ |