КЕСИПТИК   БАШТАЛГЫЧ   БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫ Кесип: Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электрмонтер (тармактар боюнча) Квалификация: 7233 Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электрмонтер

12 Декабрь 2024 ж.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Билим берүү жана илим министрлигинин

2024-жылдын 4-ноябрындагы

1668/1 буйругу менен бекитилди

Каттоо №__________

Коду________________________

 

 

 

 

 

КЕСИПТИК   БАШТАЛГЫЧ   БИЛИМ БЕРҮҮНҮН

МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫ

 

 

Кесип: Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электрмонтер (тармактар боюнча)

 

Квалификация: 7233 Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электрмонтер

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бишкек, 2024

 

1- бөлүм. Жалпы жоболор

1. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электрмонтер (тармактар боюнча) (7233 Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электрмонтер) кесиби боюнча Мамлекеттик билим берүү стандарты Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органы тарабынан Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.

2. Бул мамлекеттик билим берүү стандартында төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:

мамлекеттик билим берүү стандарты - окутуунун максаттарын жана натыйжаларын аныктоочу билим берүү программасынын минимум мазмуну, билим берүүнүн деңгээлдери боюнча даярдоого базалык талаптарды аныктоочу формалдык билим берүүнүн талаптарынын коомдук макулдашылган жыйындысы;

 

интеграцияланган программа - бул негизги жалпы билим берүүнүн бүтүрүүчүлөрүнө жалпы орто билим алууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн жалпы орто жана башталгыч кесиптик билим берүү программаларын бириктирүүнүн негизинде иштелип чыккан билим берүү программасы;

компетенция – билим алуучунун белгилүү бир чөйрөдө анын натыйжалуу өнүмдүү иши үчүн зарыл болгон билим берүүгө даярдоого карата алдын ала коюлган социалдык талап (ченем);

кредит (кредит-саат) - билим берүү программасынын сыйымдуулугунун шарттуу өлчөмү;

квалификациялардын улуттук алкагы - улуттук квалификациялык тутумчаларды интеграциялоого жана координациялоого, квалификациялардын салыштырмалуулугун камсыз кылууга багытталган жана квалификациянын ылайыктуулугун тастыктоо жана ыйгаруу системасы үчүн негиз болуп саналган критерийлердин топтомуна ылайык квалификациялардын деңгээлдеринин түзүмдөлгөн сыпаттамасы;

кесиптик иштин чөйрөсү - жалпы негизге ээ болгон (окшош же багыты, объекттери, технологиялары, эмгек каражаттары жакын болгон) жана аларды аткаруу үчүн эмгек функцияларынын жана тиешелүү компетенциялардын окшош топтомун болжолдогон кесиптик иштин түрлөрүнүн жыйындысы;

билим берүү программасы - конкреттүү деңгээлдеги, багыттагы же адистиктеги билим берүүнүн мазмуну;

жалпы техникалык цикл - тармактар аралык мүнөздөгү техниканын жана технологиянын илимий негиздерин үйрөнүүнү камсыз кылуучу предметтердин жыйындысы;

жалпы кесиптик цикл - мазмуну тармактар аралык мүнөздөгү иштин белгилүү бир түрүнө же белгилүү тармактын кесибине (өндүрүштүн түрүнө) багытталган предметтердин жыйындысы;

кесиптик цикл – кесип боюнча түздөн-түз даярдоону камсыз кылуучу предметтердин жыйындысы;

кесиптик стандарт - кесиптик иштин белгилүү бир түрүн жүзөгө ашыруу жана белгилүү эмгек функциясын аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын мүнөздөмөсү;

окутуунун натыйжаларыокуу процессин ийгиликтүү аяктагандан кийин билим алуучудан кандай билим, билгичтик жана көндүмдөр күтүлүшүнө карата ырастоо;

дисциплиналардын цикли - окутуунун, тарбиялоонун белгиленген максаттарына жана натыйжаларына карата белгилүү бир логикалык жыйынтыкка ээ болгон билим берүү программасынын бөлүгү же окуу дисциплиналарынын жыйындысы.

3. Ушул Мамлекеттик билим берүү стандартын аткаруу кесиптик башталгыч билим берүү программаларын ишке ашыруучу бардык билим берүү уюмдары үчүн алардын уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан милдеттүү болуп саналат.

4. Ушул Мамлекеттик билим берүү стандартында төмөнкү кыскартуулар колдонулат:

ВБ – вариативдик бөлүк;

ЖМА – жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация;

ЖК – жалпы компетенциялар;

ДЖБЦ – дисциплиналардын жалпы билим берүү цикли;

БП – билим берүү программасы;

ДЖКЦ – дисциплиналардын жалпы кесиптик цикли;

ДЖТЦ – дисциплиналардын жалпы техникалык цикли;

ӨО; ӨП – өндүрүштүк окутуу жана практика;

ЦКП – дисциплиналардын кесиптик цикли;

КМ – кесиптик модулдар;

ДТ – дене тарбия;

ДЦ – дисциплиналардын цикли.

 

2- бөлүм. Колдонуу чөйрөсү

5. Бул Мамлекеттик билим берүү стандарты Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электрмонтер (тармактар боюнча) (7233 Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электрмонтер) кесиби боюнча билим берүү программасын ишке ашырууда милдеттүү болгон ченемдердин, эрежелердин жана талаптардын жыйындысын билдирет жана окуу, уюштуруу-методикалык документтерди иштеп чыгуу, Кыргыз Республикасынын аймагында лицензиясы жана мамлекеттик же көз карандысыз аккредитациясы бар бардык билим берүү уюмдары тарабынан кесиптик башталгыч билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүүнүн сапатын баалоо үчүн негиз болуп саналат.

6. Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электрмонтер (тармактар боюнча) (7233 Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электрмонтер) кесиби боюнча кесиптик башталгыч билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандартынын негизги колдонуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:

- кесиптик башталгыч билим берүү программасын ишке ашырууга укугу бар билим берүү уюмдарынын администрациясы жана педагогикалык курамы;

- ушул кесип боюнча негизги билим берүү программасын өздөштүргөн окуучулар;

- тиешелүү кесиптик иш чөйрөсүндөгү иш берүүчүлөрдүн бирикмелери;

- билим берүү программаларын иштеп чыгууну камсыз кылуучу окуу-методикалык бирикмелер жана уюмдар;

- кесиптик башталгыч билим берүүнү каржылоону камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

- билим берүү системасында мыйзамдардын сакталышын контролдоону камсыз кылуучу, кесиптик башталгыч билим берүү чөйрөсүндө аккредитациялоону жана сапатты контролдоону ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.

 

3-бөлүм. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электрмонтер (тармактар боюнча) кесибинин жалпы мүнөздөмөсү

7. Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электрмонтер (тармактар боюнча) (7233 Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электрмонтер) кесиби боюнча билим берүү программасын өздөштүрүүнүн формалары:

- күндүзгү;

- күндүзгү-сырттан (кечки).

8. Абитуриенттердин даярдыгынын деңгээлине карата талаптар.

Абитуриент тапшырууда төмөнкү документтердин бирине ээ болууга тийиш:

- жалпы орто билими жөнүндө аттестатка;

- негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүккө;

- кесиптик башталгыч билим берүү программалары боюнча окууга базалык билими жана кандайдыр бир квалификациясы жок адамдар жалпы орто билим берүү программалары боюнча окуу жана кесиптик билим берүүнүн башка деңгээлине өтүү укугусуз кабыл алынат.

9. Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электрмонтер (тармактар боюнча) (7233 Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электрмонтер) кесиби боюнча билим берүү программасын өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөтү күндүзгү окуу формасында:

- негизги жалпы билим берүүнүн базасында жалпы орто билим алуу менен – 2,3 жылды;

- жалпы орто билим берүүнүн базасында - 1 жылды түзөт.

Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында төмөнкүдөй негизги билим берүү программалары ишке ашырылат:

- негизги жалпы билим берүүнүн базасында окутуу мөөнөтү 2,3 жылдан кем эмес жалпы орто жана кесиптик башталгыч билим берүүнүн интеграцияланган программасы;

- жалпы орто билим албастан негизги жалпы билим берүүнүн базасында аскерге чакырууга чейинки даярдоо программасын камтыган 2 жылдык окуу мөөнөтү менен кесиптик башталгыч билим берүү программасы;

- жалпы орто билим берүүнүн базасында окутуу мөөнөтү 1 жылдан кем эмес кесиптик башталгыч билим берүү программасы;

- окутуу мөөнөтү 1 жылга чейин болгон кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу программалары.

Өзгөчө учурларда (ооруп калуу, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнө кызматка чакыруу) окуучунун арызы боюнча ал окуусун улантуу жана окуу максатына жетүү үчүн 3 жылдын ичинде калыбына келтирилиши мүмкүн.

10. Кесиптик билим берүү программасынын сыйымдуулугу кесиптик башталгыч билим берүү программасынын түзүмүнө ылайык (1-тиркеме), окуу жылы үчүн (стандарттык окутуу учурунда 10 ай) 52ден кем эмес кредитти түзөт (52 кр 30 саат = 1560 саат), өз алдынча иштерди жана аттестациянын бардык түрлөрүн кошууну эске алуу менен кесиптик башталгыч билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программасынын сыйымдуулугу окутуу мөөнөтү 10 ай болгон учурда 60 кредиттен ашпоого тийиш. Мында бир кредит окуучунун окуу ишинин 30 саатына барабар.

Негизги жалпы билим берүүнүн базасында 2,3 жыл окутууда окуу жүктөмүнүн көлөмү сааттык система боюнча эсептелет (жумасына минимум 36 академиялык саат, максимум - 39 саат).

Окуучулардын окуу жүктөмүнүн максималдуу көлөмү жумасына 45 (1,5 кр) академиялык саатты түзөт, анын ичинде негизги кесиптик билим берүү программасын өздөштүрүү боюнча аудиториялык жана аудиториядан тышкаркы (өз алдынча) окуу иштеринин бардык түрлөрүн кошуу менен.

Күндүзгү окутуу формасында жумасына аудиториялык сабактардын көлөмү ар бир окуу дисциплинасын же кесиптик модулду өздөштүрүүгө бөлүнгөн жалпы көлөмдүн 80% кем эмес кесиптин өзгөчөлүгүн эске алуу менен Башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты менен аныкталат (мисалы, предметке 40 саат бөлүнөт, анын ичинен 80% же 32 саат - бул аудиториялык сабактар, калган 8 саат окутуучунун кароосу боюнча бөлүштүрүлөт).

Күндүзгү-сырттан билим алуу формасында (анын ичинде түзөтүү мекемелериндеги окуу жайлар үчүн) аудиториялык окуу жүктөмүнүн максималдуу көлөмү жумасына 16 академиялык саатты түзөт.

Окуу мөөнөтү 2 жыл болгон учурда каникулдардын жалпы узактыгы окуу жылында 11 жуманы түзөт жана окуу мөөнөтү 1 жыл болгон учурда кыш мезгилинде 2 жумадан кем эмес.

Өндүрүштүк окутуу жана өндүрүштүк практика билим берүү программасынын жалпы окуу убактысынын 50-60% түзөт.

Өндүрүштүк практика кесиптик башталгыч билим берүү программасынын милдеттүү бөлүмү болуп саналат жана окуучулардын практикалык багыттагы даярдыгын камсыз кылуучу окуу сабактарынын түрү болуп саналат. Кесиптик башталгыч билим берүү программасын ишке ашырууда практиканын төмөнкүдөй түрлөрү каралат: окуу (өндүрүштүк окутуу) жана өндүрүштүк. Өндүрүштүк практика окуучуларды даярдоо профилине ылайык иш алып барган уюмдарда жүргүзүлүшү керек.

11. Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электрмонтер (тармактар боюнча) (7233 Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электрмонтер) кесиби боюнча башталгыч кесиптик билим берүү программасынын максаттары:

- окутуу жаатында: түзүмдүк бөлүмдөрдү электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу боюнча квалификациялуу жумушчу кадрларды даярдоо, өндүрүш тармактары боюнча 1000 Вт чыңалуудагы электр жабдууларын жана электр тармактарын авариясыз иштетүүнү камсыз кылуу;

- инсанды тарбиялоо жаатында: окуучуларда социалдык-инсандык сапаттарды калыптандыруу: максатка умтулгандык, уюшкандык, эмгекти сүйүү, жоопкерчилик, жарандуулук, коммуникативдүүлүк, толеранттуулук жана жалпы маданиятты жогорулатуу.

12. Экономикалык иштин түрү: башка өндүрүш, машиналарды жана жабдууларды оңдоо жана орнотуу. Экономикалык иштин түрчөсү: машиналарды жана жабдууларды оңдоо жана орнотуу.

13. Кесиптик иштин чөйрөлөрү төмөнкүлөрдү камтыйт: турак жай имараттарынын, соода ишканаларынын, коомдук имараттардын, айыл чарба турак жайларынын жана коомдук курулуштардын, курулуш аянттарынын жана башка убактылуу курулуштардын, металл же металл каркастардан жасалган имараттардын, көп тармактуу борборлордун электр орнотмолорун камтыйт.

14. Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электрмонтер (тармактар боюнча) кесиби боюнча бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишинин объекттери болуп төмөнкүлөр саналат: электр өткөрүү линияларынын системалары, электр аспаптар, жеке коргонуу каражаттары, өзгөрүлмө жана туруктуу токтун электр машиналары, 1000 Вт чейин коммутациялык аппараттар, релелик коргоо жана автоматика аппараттары, электр өлчөөчү приборлор, 1000 Вт чейин электр орнотмолорунун стенддери, 1000 Вт чейин электр жабдуулары, 1000 Вт чейин электр жабдуулары, электр жабдууларынын жана бөлүштүрүүчү щиттердин бузук жактарын туурагычтар.

15. Бүтүрүүчү даярдала турган кесиптик иштин түрлөрү:

- электр энергиясын өндүрүү (иштеп чыгуу), аны өткөрүү жана бөлүштүрүү;

- электр энергиясын өткөрүү;

- электр энергиясын бөлүштүрүү.

16. Бүтүрүүчү даярдашы керек болгон кесиптик иштин милдеттеринин тизмеси:

- өз жумуш ордун уюштуруу;

-электр жабдууларын (генераторлор, трансформаторлор, кыймылдаткычтар, коммутациялык аппараттар) жана ток өткөрүүчү бөлүктөрдү техникалык тейлөө;

- электр жабдууларын (генераторлорду, трансформаторлорду, кыймылдаткычтарды, коммутациялык аппараттарды) жана ток өткөрүүчү бөлүктөрдү оңдоо жана монтаждоо.

17. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электрмонтер (тармактар боюнча) (7233 Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электрмонтер) кесиби боюнча билим берүү программасын өздөштүргөн бүтүрүүчү төмөнкүлөргө даярдалган:

- кесиптик иш- аракетке;

- кесиптик башталгыч билим берүүнүн жана орто кесиптик билим берүүнүн интеграцияланган программалары боюнча окууну улантууга.

 

4-бөлүм. Билим берүү программасын ишке ашыруу

шарттарына жалпы талаптар

18. Кесип боюнча кесиптик башталгыч билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдары кесип боюнча билим берүү программасын өз алдынча иштеп чыгышат. Билим берүү программасы кесип боюнча тиешелүү Мамлекеттик билим берүү стандартынын, квалификациялардын улуттук алкагынын, квалификациялардын тармактык жана сектордук алкактарынын жана кесиптик стандарттардын негизинде эмгек рыногунун керектөөлөрүн эске алуу менен иштелип чыгат.

Билим берүү уюмдары илимдин, маданияттын, экономиканын, техниканын, технологиялардын жана социалдык чөйрөнүн өнүгүшүн эске алуу менен, ошондой эле иш берүүчүлөрдүн жана башка кызыкдар тараптардын төмөнкүдөй сунуштарына ылайык билим берүү программаларын мезгил-мезгили менен кайра карап чыгышат жана зарыл болгон учурда жаңылап турушат:

- бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатын камсыз кылуу боюнча стратегияны иштеп чыгуу;

- билим берүү программаларына мезгил-мезгили менен мониторинг жүргүзүү;

- так макулдашылган критерийлердин негизинде окуучулардын билим деңгээлин, бүтүрүүчүлөрдүн компетенцияларын баалоонун объективдүү жол-жоболорун иштеп чыгуу;

- педагогикалык курамдын сапатын жана компетенттүүлүгүн камсыз кылуу;

- ишке ашырылып жаткан билим берүү программасын жетиштүү ресурстар менен камсыз кылуу, аларды колдонуунун натыйжалуулугун контролдоо;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген аккредитациялоонун минималдуу талаптары боюнча өзүн-өзү баалоону үзгүлтүксүз жүргүзүү;

- өз ишинин натыйжалары, пландары, инновациялары жөнүндө коомчулукка маалымдоо.

19. Окуучуларды жана бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатын баалоо аларды учурдагы, орто аралык жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону камтууга тийиш.

20. Окуучуларды учурдагы аттестациялоо кесиптик башталгыч билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген баалоо системасынын негизинде окуунун жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.

21. Окуучулардын квалификациялык экзамени (жыйынтыктоочу аттестациялоо) кесиптик башталгыч билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте көз карандысыз квалификациялык экзамен формасында толук окутуу курсун аяктагандан кийин өткөрүлөт.

Мамлекеттик аттестациялык сынактардын башка түрлөрү окуу программасынын талаптарынын чегинде билим берүү уюму тарабынан өз алдынча аныкталат.

22. Окуучулардын жеке жетишкендиктеринин тиешелүү билим берүү программасынын этап боюнча же акыркы талаптарына ылайык келүүсүнө учурдагы, орто аралык жана жыйынтыктоочу аттестациялоо үчүн типтүү тапшырмаларды, текшерүү иштерин, модулдук тесттерди ж.б. камтыган баалоо каражаттарынын базалары түзүлөт, алар ээ болгон компетенциялардын деңгээлин баалоого мүмкүндүк берет. Баалоо каражаттарынын базасы кесиптик башталгыч билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюму тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.

23. Кесиптик башталгыч билим берүү программасы дисциплиналардын кесиптик циклинин вариативдүү бөлүгүнүн окуучулардын тандоосу боюнча дисциплиналарын камтышы керек. Окуучулардын тандоосу боюнча дисциплиналардын тизмеси педагогикалык кеңештин чечими менен белгиленет.

24. Билим берүү программасын иштеп чыгууда кесиптик башталгыч билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрдүн жалпы компетенцияларын (мисалы, социалдык өз ара аракеттенүү, өзүн-өзү уюштуруу жана өз алдынча башкаруу, системалык-ишмердик мүнөздөгү компетенцияларын) калыптандыруудагы мүмкүнчүлүктөрү аныкталышы мүмкүн.

 

5- бөлүм. Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электрмонтер (тармактар боюнча) кесиби боюнча билим берүү программасына карата талаптар

25. Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электрмонтер (тармактар боюнча) (7233 Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электрмонтер) кесиби боюнча бүтүрүүчү ушул Мамлекеттик билим берүү стандартынын 11-пунктунда көрсөтүлгөн билим берүү программасынын максаттарына ылайык төмөнкү компетенцияларга ээ болушу керек:

- жалпы:

ЖК-1. Айлана-чөйрөнү коргоо жана өндүрүштүк экология; коопсуз жана сергек жашоо мүнөзүн уюштуруу жөнүндө билимин колдоно алат;

ЖК-2. Кесиптик баарлашуу деңгээлинде мамлекеттик (В1 деңгээли) жана расмий тилдерде өзүнүн оозеки жана жазуу жүзүндөгү сүйлөө речин логикалык жактан түзө алат;

ЖК-3. Кесиптик ишинде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонууга жөндөмдүү;

ЖК-4. Командада иштей алат, кесиптештери, жетекчилиги, керектөөчүлөр менен натыйжалуу баарлаша алат;

ЖК-5. Өз ишин пландаштырууга жана уюштурууга жөндөмдүү;

ЖК-6. Кесиптик иште негизги ишкердик билимдерди жана көндүмдөрдү колдоно алат.

 - кесиптик:

КК-1. Жумуш ордун, материалдарды жана аспаптарды, электр аспаптарын даярдоого жөндөмдүү;

КК-2. 1000 Вт чейин кабелдик линияларды, электр зымдарын жана электр схемаларын тейлөөгө жөндөмдүү;

КК-3. Кабелдик линияларды, электр зымдарын жана электр схемаларын оңдоого жана орнотууга жөндөмдүү;

КК-4. Релелик коргоо жана автоматика түзүлүштөрүн тейлөөгө жана оңдоого жөндөмдүү;

КК-5. Электр жабдууларынын аварияларын жана кемчиликтерин жоюуга жана алдын алууга жөндөмдүү;

КК-6.  Монтаждоо жана оңдоо боюнча аткарылган иштердин сапатын көзөмөлдөөгө жана жүргүзүлгөн оңдоо иштерин тапшырууга жөндөмдүү.

26. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн негизги билим берүү программасы Кыргыз Республикасынын кесиптик башталгыч билим берүүнүн ушул Мамлекеттик стандартынын 1- тиркемесинде каралган окуу циклдерин жана бөлүмдөрүн өздөштүрүүнү божомолдойт.

27. Дисциплиналардын кесиптик цикли билим берүү уюмдары белгилеген базалык (милдеттүү) жана вариативдик бөлүккө ээ. Вариативдик бөлүк 10 пайыздан кем эмесин түзөт жана базалык бөлүктүн мазмуну менен аныкталган даярдыкты тереңдетүүгө, аймактык эмгек рыногунун суроо-талаптарына жана билим алууну улантуу мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык бүтүрүүчүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон кошумча компетенцияларга ээ болууга мүмкүндүк берет.

28. Кесиптик башталгыч билим берүү программаларынын мазмунунун милдеттүү минимумуна, аларды ишке ашыруу шарттарына, бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу аттестациялоого жана ар бир кесип боюнча алардын даярдыгынын деңгээлине карата талаптар билим берүү уюмдары тарабынан Кыргыз Республикасынын кесиптик башталгыч билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык аныкталат.

 

6-бөлүм. Билим берүү программасын ишке ашырууда билим алуучулардын укуктарына жана милдеттерине карата

жалпы талаптар

29. Өзүнүн жеке билим берүү траекториясын түзүүдө окуучу билим берүү уюмунан дисциплиналарды тандоо жана алардын келечектеги кесипке тийгизген таасири боюнча консультация алууга укуктуу.

30. Инсанды тарбиялоо жана өнүктүрүү, жалпы компетенцияларды өнүктүрүү бөлүгүндө билим берүү программасында натыйжаларга жетишүү максатында окуучулар өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө, коомдук уюмдардын, спорттук жана чыгармачылык клубдардын ишине катыша алышат.

31. Окуучулар билим берүү программасында каралган бардык тапшырмаларды белгиленген мөөнөттө аткарууга милдеттүү.

32. Билим берүү уюму билим берүү программаларын өздөштүрүүдө окуучуларды укуктары жана милдеттери менен тааныштырууга, окутуу үчүн киргизилген дисциплиналар окуучулар үчүн милдеттүү экендигин, ал эми алардын суммалык сыйымдуулугу окуу планында каралгандан кем болбоого тийиш экендигин түшүндүрүүгө милдеттүү.

33. Билим берүү уюмдары билим берүү программаларын уюштурууда жана ишке ашырууда гендердик теңчилик саясатын эске алууга, социалдык инклюзияны камсыз кылууга, ошондой эле санариптештирүүнү өнүктүрүүгө милдеттүү.

34. Окуучуларга билим берүү процессинин мазмунун, уюштурулушун жана сапатын баалоо мүмкүнчүлүгү берилиши керек.

 

 

7- бөлүм. Окуу процессин окуу-методикалык жана маалыматтык камсыздоо

35. Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электрмонтер (тармактар боюнча) (7233 Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электрмонтер) кесиби боюнча кесиптик башталгыч билим берүү программасын ишке ашыруу ар бир окуучуга маалымат базаларынын жана негизги кесиптик билим берүү программасынын дисциплиналарынын толук тизмеси боюнча түзүлгөн китепкана фонддорунун жеткиликтүүлүгү менен камсыз болууга тийиш.

36. Билим берүү программасын ишке ашыруу үчүн окуучулардын зарыл болгон окуу адабияты жана/же электрондук адабият менен камсыз болушу лицензиялык талаптарга ылайык келүүгө тийиш. Окуу маалымат булактары заманбап талаптарга жооп бериши керек.

Милдеттүү окуу китептеринин жана методикалык куралдардын тизмеси:

1. Семенов В.А. Справочник молодого электромонтера по ремонту электрооборудования промышленных предприятий. Жогорку мектеп. - М., 1986

2. Семенов В.А. Лабораторно-практические работы по специальной технологии. Жогорку мектеп. -М., 1988

3.Ктиторов А.Ф. Практическое руководство по монтажу электрических сетей Жогорку мектеп. - М., 1987

4.Камиев В.Н. Чтение схем и чертежей электроустановок. Жогорку мектеп.- М., 1986

5. А.Я. Шихин. Электротехника. Жогорку мектеп. - М., 1988

6. П.А.Бутырин, О.В.Толчеев, Ф.Н.Шакирзянов. Электротехника. Академия. -М., 2007.

7. В.М. Нестеренко, А.М. Мысьянов. Технология электромонтажных работ. Академия. - М., 2008.

8. Л.В. Журавлева. Электроматериаловедение. Академия. - М., 2004.

9. В. В. Москаленко. Справочник электромонтера. ПрофобрИздат. -М., 2002.

37. Билим берүү процессинде мыйзам актылары, ченемдик документтер, кесиптик багыттагы мезгилдүү басылмалардын материалдары колдонулууга тийиш.

38. Билим берүү уюму ар кандай формада кесиптик окутууну, анын ичинде аралыктан окутууну уюштуруу үчүн шарттарды камсыз кылууга милдеттүү.

 

8-бөлүм. Окуу процессин материалдык-техникалык камсыздоо

39. Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электрмонтер (тармактар боюнча) (7233 Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электрмонтер) кесиби боюнча кесиптик башталгыч билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюму окуучуларды дисциплинардык, дисциплиналар аралык даярдоонун жана практикалык иштин бардык түрлөрүн жүргүзүүнү камсыз кылуучу тиешелүү материалдык-техникалык базага ээ болууга тийиш:

- электрмонтердун аспаптарынын топтому (фазалык көрсөткүч, монтер тырмактары, бурагычтардын түрлөрү, учтар үчүн пресс кычкачтар, зымдан жана кабелден изоляцияны алып салуу үчүн аспап, кабелди кесүү, тартуу жана монтаждоо үчүн электр өлчөгүч аспаптар, изоляцияланган туткалары бар аспап, кол механикалык пресс 6-240 кВ кесилиши менен изоляцияланган учтарды кысуу үчүн колдонулат, изоляцияланган учтарды кысуу үчүн пресс кычкачтар, гидравликалык жана сектордук шина кескичтер, ийүү үчүн-механикалык, гидравликалык шино ийгичтер – 1 комплект

- электрослесардын аспаптар топтому - 1 комплект;

- электр дискти алмаштыруу үчүн запастык бөлүктөр;

- сактагычтар (эритилүүчү);

- ажыраткычтар (зарыл болсо алмаштыруу үчүн);

- электр өлчөөчү приборлор – 1 комплект;

- бөлүштүрүүчү пункттарды оңдоо боюнча типтүү технологиялык карта-1 нуска;

- трансформатордук көмөкчордондорду оңдоо боюнча типтүү технологиялык карта;

- каска, аспаптар, шаймандар – 1 нуска;

- электр жумуштары үчүн сыноочу стенд - 1 комплект;

- коргоочу кийим - 1 даана;

- медициналык аптечка - 1 комплект;

- полигондор -1;

- өндүрүштүк устаканалар -1;

- электротехникалык лаборатория-1.

- окуу кабинеттери: “Электротехника”; “Электр жабдууларын техникалык тейлөө боюнча атайын технология”.

- залдар: китепкана, Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар окуу залы; жыйындар залы, спорт зал.

40. Билим берүү программасын ишке ашыруунун сапатын баалоо.

Бүтүрүүчүнүн кесиптик компетенттүүлүгүнүн далилдери жумуш ордундагы операцияларга тиешелүү болууга, Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электрмонтер (тармактар боюнча) (7233 Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электрмонтер) кесиптик стандартынын компетенттүү иштин критерийлеринин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.

Окутуунун натыйжаларын текшерүү ыкмалары: тестирлөө, интервью, лабораториялык жана практикалык тапшырмаларды аткарууда көндүмдөрдү көрсөтүү, портфолио.

- окуучулардын зарыл болгон билимдерин жазуу жүзүндө жана /же оозеки баалоо.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Кесиптик башталгыч билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына 1-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы №371 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын макетине ылайык)

 

Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электрмонтер (тармактар боюнча) (7233 Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электрмонтер) кесиби боюнча кесиптик башталгыч билим берүү программасынын

ТҮЗҮМҮ

Дисциплиналардын циклинин (ДЦ) коддору

Дисциплиналардын циклдери жана аларды өздөштүрүүнүн долбоорлонгон натыйжалары

Жалпы негизги билим берүүнүн базасында (9-кл.) жалпы орто билим жана кесип алуу менен

Жалпы орто билимдин базасында (11-кл.)

Сыйымдуулугу**

(кредит-сааттар)

Жалпы орто билим албастан

Болжолдуу программаларды иштеп чыгуу үчүн дисциплиналардын тизмеси

Калыптануучу компетенциялардын коддору

2 ж.

3 ж.

1 ж.

2 ж.

1

ДЖЦ*

Дисциплиналардын жалпы билим берүү цикли.

Циклди өздөштүрүүнүн натыйжасында окуучу:

   билүүгө тийиш:

- баарлашуу чөйрөсүн, жагдайларды, кырдаалдарды;

- кеп коммуникациясынын катышуучуларынын социалдык жана статустук ролдорун;

- лексика-грамматикалык деңгээлдеги тил тутумун жана стилистикалык ресурстарды;

- минималдуу жалпы илимий китеп лексикасын жана терминдерди;

- кесиптик иштин алкагында сүйлөө темаларынын минимумун;

- ишкердик баарлашуунун сүйлөө өзгөчөлүктөрүн (расмий жагдайда кайрылуу, баарлашуу, өтүнүчтү, баш тартууну, макул/макул эместикти, ыраазычылыкты, куттуктоолорду ж. б. айтуудагы минимум этикеттик формулалар жана эрежелер).

- кызматтык-ишкердик кептин түрлөрүн жана жанрларын. 

көндүмдөргө ээ болууга тийиш: 

- сүйлөө этикетинин эрежелерине ылайык расмий, кызматтык-ишкердик маектерди/сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

- ийгиликтүү байланышка жетүү үчүн баарлашуу стратегиясын түзүү;

- кесиптик иш жаатындагы актуалдуу темалар боюнча ишкердик стилдеги айтымдарды иштеп чыгуу (түзүү, жаратуу) жана туура чечмелөө;

- орус тилинин этикетинин эрежелерине ылайык расмий жана жарым-жартылай расмий кызматтык-ишкердик маектерди / сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

- профилдин/адистиктин жана кызматтык-иш документтеринин алкагында окуу иштерин туура тариздөө.

 

   билүүгө тийиш:

- зыяндуу адаттар (тамеки чегүү, насвай, алкоголь, баңгизат) жана алардын кесепеттери жөнүндө;

- сергек жашоо мүнөзүнүн тобокелдик факторлору жөнүндө;

- рационалдуу жана гигиеналык режим жана тамактануу жөнүндө.

  көндүмдөргө ээ болууга тийиш:

- зыяндуу адаттардан баш тартуу;

- сергек жашоо мүнөзүн камсыз кылуу каражаттарынын жана методдорунун жалпы топтомун иш жүзүнө ашыруу;

- жашоонун рационалдуу режимин сактоо;

- рационалдуу тамактанууну сактоо;

- иммунитетти көтөрүүчү көнүгүүлөрдү аткаруу жана чыйралуу.

*1768 с.

(10 -кл;11- кл.)

*2006 с.

(10-кл;11-кл.)

 

 

 

 

 

3 кр/90 с.

240 с.

Кесиптик кыргыз/ орус тилдери.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Коопсуз сергек жашоо мүнөзү.

ЖК 2 - 4

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖК 1-3

2

ДКК

Дисциплиналардын кесиптик компоненти

1232 с.

2434 с.

56 кр/1680 с.

2532 с.

 

 

4

 

2.1

ДЖТЦ**

ДЖКЦ*

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                    

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Дисциплиналардын жалпы техникалык цикли.

Дисциплиналардын жалпы кесиптик цикли

Жалпы техникалык цикл

Циклди өздөштүрүүнүн натыйжасында окуучу:

 билүүгө тийиш:

- электр орнотмолору үчүн бирдиктүү принципиалдуу схеманын жана долбоордук документтердин талаптарын;

- чертеждорду жана электр схемаларын түзүүнүн негизги эрежелерин жана ченемдик техникалык документтердин түрлөрүн;

- техникалык жана технологиялык документтерди окуу эрежелерин, өндүрүштүк документтердин түрлөрүн.

  көндүмдөргө ээ болууга тийиш:

- электр чертеждорун, электр орнотмолорунун схемаларын окуу;

                                                                                                                                                                    

  билүүгө тийиш:

- электр схемаларынын элементтерин, аларды бириктирүүнүн түрлөрүн аныктоону жана белгилөөнү;

- электр өлчөөлөрдүн түрлөрүн жана ыкмаларын;

- токтун күчүн, чыңалуусун, электр тогунун кубаттуулугун жана өткөргүчтөрдүн каршылыгын өлчөө бирдиктерин;

- жөнөкөй электр, магниттик жана электрондук чынжырлардын негизги параметрлерин эсептөө жана өлчөө ыкмаларын;

- туруктуу жана өзгөрүлмө токтун касиеттерин;

- өткөргүчтөрдү жана ток булактарын ырааттуу жана параллелдүү туташтыруу принциптерин;

- электр өлчөөчү приборлорду (амперметр, вольтметр), алардын түзүлүшүн, иштөө принцибин жана электр чынжырына кошуу эрежелерин;

- магнит талаасынын касиеттерин;

- туруктуу жана өзгөрүлмө токтун кыймылдаткычтарынын түзүлүшүн жана иштөө принцибин;

- пайдаланылып жаткан жабдууларда орнотулган электр кыймылдаткычтарын иштетүү, токтотуу эрежелерин;

- электр орнотмолорундагы коопсуздук чараларын, электр тогунан жабыр тарткандарга биринчи жардам көрсөтүүнү.

көндүмдөргө ээ болууга тийиш:

- структуралык, монтаждык жана жөнөкөй принциптүү электр схемаларын окуу;

- электр, магниттик жана жөнөкөй электрондук чынжырлардын негизги параметрлерин эсептөө жана өлчөө;

- электр өлчөөчү приборлорду ишинде пайдалануу;

- пайдаланылып жаткан жабдууга орнотулган электр кыймылдаткычын иштетүү жана токтотуу.

 

билүүгө тийиш:

- тетиктердин өз ара алмаштырылышы жөнүндө түшүнүктү;

- тетиктерди стандартташтырууну жана нормалдаштырууну;

- эркин жана байланыштуу өлчөмдөрдү;

- чектик өлчөмдөрдү жана жол берүүлөрдү аныктоону;

- өлчөө каражаттарынын негизги топторун;

- сызыктуу өлчөөлөр үчүн каражаттарды;

- жалпак беттерди өлчөө каражаттарын;

- бурчтарды жана жылмакай конустардын жол берүүлөрүн жана өлчөө каражаттарын;

- метрикалык сайдын жол берүүлөрүн, отургузууну жана өлчөө каражаттарын;

- шпон жана жылгалуу бириктиргичтердин жол берүүлөрүн жана өлчөө каражаттарын.

көндүмдөргө ээ болууга тийиш:

- чектик өлчөмдөрдү жана жол берүүлөрдү аныктоо;

- тактык класстарын колдонуу;

- жол берүүлөр таблицасын колдонуу, чертеждордо жол берүүлөрдү жана отургузууну белгилөө;

- каталарды өлчөө методдорун билүү;

- универсалдуу өлчөө каражаттарын билүү;

- көрсөтүлгөн аспап менен өлчөө ыкмаларын билүү: штангециркуль, микрометр;

- угольниктерди, бурчтуу өлчөгүчтөрдү жана башка аспаптарды пайдалануу;

- сайдын тактык даражаларын жана бир катар четтөөлөрдү колдонуу;

- шпон жана жылгалуу бириктиргичтердин жол берүүлөрүн жана өлчөө каражаттарын эске алуу.

 

Жалпы кесиптик цикл

Циклди өздөштүрүүнүн натыйжасында окуучу:

 билүүгө тийиш:

- ишкердик иш жаатындагы ченемдик укуктук базаны;

- Кыргыз Республикасындагы экономиканын жана ишкердиктин абалын;

- чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө жагымдуу потенциалды жана факторлорду, чакан бизнести насыялоону;

- бизнес-планды иштеп чыгуу технологиясын;

- өз ишин уюштуруунун теориялык жана методологиялык негиздерин.

көндүмдөргө ээ болууга тийиш:

- ишкердик ишке шыктуулукка психологиялык өзүн-өзү талдоо жүргүзүү;

- ишкердик иштин уюштуруу-укуктук формасын тандоо;

- бухгалтердик отчеттуулуктун формасын толтуруу;

- рынокту изилдөөнүн ар кандай ыкмаларын колдонуу;

- башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу;

- атаандаштар, керектөөчүлөр, жеткирүүчүлөр жөнүндө маалыматтарды топтоо жана талдоо;

- экономикалык эсептөөлөрдү жүргүзүү;

- өндүрүштүк ишти пландаштыруу;

- бизнес-планды иштеп чыгуу;

- презентация өткөрүү.

 

билүүгө тийиш:

- экология жаатындагы мыйзамдарды жана уюмдун ишине жайылтылуучу эмгекти коргоонун мамлекеттик ченемдик талаптарын камтыган башка ченемдик укуктук актыларды;

- кызматкерлердин эмгекти коргоо жаатындагы милдеттерин;

- өзүнүн ишинин (же аракетсиздигинин) иш жүзүндөгү же потенциалдуу кесепеттерин жана алардын эмгек коопсуздугунун деңгээлине тийгизген таасирин;

- технологиялык процесстерди жана өндүрүштүк нускамаларды баш ийген кызматкерлер (персонал) сактабагандыгынан мүмкүн болгон кесепеттерди;

- эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча нускамалардын тартибин жана мезгилдүүлүгүн;

- жамааттык жана жеке коргонуу каражаттарын сактоо жана пайдалануу тартибин.

 

көндүмдөргө ээ болууга тийиш:

- коркунучтуу жана зыяндуу өндүрүштүк факторлорду жана кесиптик иштин мурдагы, азыркы же пландаштырылган түрлөрү менен байланышкан аларга тиешелүү тобокелдиктерди аныктоо;

- аткарган кесиптик иштин мүнөзүнө ылайык жамааттык жана жеке коргонуу каражаттарын пайдалануу;

- эмгек шарттары боюнча жумуш орундарын аттестациялоо, анын ичинде кесиптик ишиндеги эмгек шарттарын жана жаракат алуу коопсуздугунун деңгээлин баалоо;                                           

  - киришүүчү нускама берүү, аткарылуучу иштердин өзгөчөлүгүн эске алуу менен аларга жумуш ордунда коопсуздук техникасынын маселелери боюнча нускама берүү;                    

 - эмгек коопсуздугунун талап кылынган деңгээлине жетүү үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү иштеп чыгуу жана контролдоо.

 

билүүгө тийиш:

- рынок экономикасынын принциптерин; уюмдардын уюштуруу-укуктук формаларын;

- эмгек мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдардын негизги жоболорун;

- эмгек акыны түзүү механизмдерин;

- эмгек акы төлөө формаларын.

көндүмдөргө ээ болууга тийиш:

- өндүрүш экономикасынын жалпы маселелеринде багыт алуу;

- конкреттүү өндүрүштүк кырдаалдарда экономикалык жана укуктук билимдерди колдонуу;

- колдонуудагы мыйзамдардын алкагында өзүнүн эмгектик укуктарын коргоо.

 

Циклди өздөштүрүүнүн натыйжасында окуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:

Билүүгө тийиш: 

- металлдардын жана эритмелердин түзүлүшүн жана касиеттерин;

- металлдарды термикалык иштетүүнүн негиздерин;

- металл ширетүү жөнүндө түшүнүктү;

- магниттик материалдарды;

- өткөргүч материалдарды;

- зымдарды жана кабелдерди;

- электр изоляциялоочу материалдарды.

көндүмдөргө ээ болууга:

- металлдардын жана эритмелердин классификациясын аныктоо;

- ширетүү жана калай чайкоо;

- кесүү менен металл иштетүү;

- электр жабдууларын оңдоодо конструкциялык жана электртехникалык материалдарды натыйжалуу колдонуу;

  - металл ширетүү.

 

 

 

 

 

 

 

 

Чиймелерди окуу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Электр техникасынын жана электрониканын негиздери

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Белгиленген өлчөмдөн чыгуу чеги жана техникалык өлчөөлөр

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бизнестин жана ишкердиктин негиздери

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Эмгекти коргоо жана өндүрүштүк экология

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кесиптик иш аракеттерди укуктук жактан камсыздоо

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Материал таануу

 

 

 

 

КК- 1

ЖК-1, ЖК-3

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

КК1;3-5

ЖК1-3

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

КК3-6

ЖК-1,           ЖК-4

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖК-4-6

 

КК-6

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖК1-5

КК-1-6

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖК1-6

 

КК-6

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

КК1-6

 

 

4

 

Дисциплиналардын кесиптик цикли.

Базалык бөлүк

 

 

 

 

 

 

 

Кабелдик линияларды, электр зымдарын жана электр схемаларын техникалык тейлөө

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Электр жабдуулардын авария болушун жана бузулуусун оңдоо жана алдын алуу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кабелдик линияларды, электр өткөргүчтөрүн жана электр схемаларын оңдоо жана монтаждоо

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Релелик коргоо жана автоматика түзүлүштөрүн техникалык тейлөө жана оңдоо

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Электр жабдуудардын авария болушун жана бузулуусун оңдоо жана алдын алуу                                                                                                                                                                                                                           

 

 

 

 

ЖК 1;3

КК 1 -3

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

КК2-6

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

КК3-6

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

КК1-2;

КК5-6

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

КК1-2

КК5-6

 

 

 

 

 

 

 

Кесиптик циклди жана модулдарды өздөштүрүүнүн натыйжасында окуучу:

   билүүгө тийиш:

- электротехника жана электрониканын негиздерин;

- коопсуздук эрежелерин;

- эскертүү белгилеринин түрлөрүн;

- запастык бөлүктөрдүн белгилерин;

- электр жабдууларынын бузулуу себептерин;

- мамы жана аба линиясынын абалын;

- электр аспаптары менен иштөө эрежелерин;

- диэлектрикалык жабдууларды жана материалдарды мезгил-мезгили менен текшерүүнү жана штамптоону.

 көндүмдөргө ээ болууга тийиш:

- жумуш ордун даярдоо жана тейлөө;

- электр аспаптарынын иштешин текшерүү;

- аспаптарды жана кесипкөй электр аспаптарын туура колдонуу;                                                                                              - - электр жабдууларынын кошулмаларынын элементтеринин, тетиктеринин жана бузулууларынын техникалык абалын аныктоо.                                                                                                          

 

билүүгө тийиш:                                                                                                                                         - электр орнотмолорун орнотуу эрежелерин;

- керектөөчүлөрдүн электр түзүлүштөрүн техникалык эксплуатациялоо эрежелерин;

- электр жарык берүү системасынын ишке киргизүүчү аппаратурасынын иштөө принцибин жана түзүлүшүн;

- көчмө приборлорду менен өлчөө эрежелерин;

- кабелдик линияларды, электр өткөргүчтөрдү жана электр схемаларын техникалык тейлөө боюнча иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу үчүн ченемдик-техникалык документтердин талаптарын.

көндүмдөргө ээ болууга тийиш:                                                                                                                                  - жарык берүүчү электр түзүлүштөрүнүн, электр өлчөөчү приборлордун жана кабелдик линиялардын элементтеринин оңдугун сырттан кароо жолу менен аныктоо;

- электр жабдууларынын элементтеринин, тетиктеринин, кошулмаларынын техникалык абалын аныктоо;

- кабелдердин жана зымдардын техникалык бузулууларын жокко чыгаруу;

- электр аспаптарын туура колдонуу;

- жумушчу электр схемаларынын параметрлерин контролдоо.

 

билүүгө тийиш:                                                                            

- электр орнотмолорун орнотуу эрежелерин;

- керектөөчүлөрдүн электр орнотмолорун техникалык эксплуатациялоо эрежелерин;

- көчмө материалдар менен өлчөө эрежелерин;

- принциптүү жана монтаждык схемаларды окуу эрежелерин;

- зым кабелдерин кесүү, бириктирүү, ширетүү жана изоляциялоо эрежелерин;

- кабелдик линияларды, 1000 Вт чейин чыңалуудагы электр өткөргүчтөрдү монтаждоо технологиясын;

- зымдарды кошууга даярдоо ыкмаларын;

- 1000 Вт чейин чыңалуудагы кабелдердин жана электр өткөрүүнүн изоляциясын текшерүүнүн мезгилдүүлүгүн жана эрежелерин;

- чыңалууну, токту, кубаттуулукту, жыштыкты өлчөө үчүн электр өлчөгүч приборлорду иштетүү схемаларын;

- аткарылган иштердин сапатын контролдоо ыкмаларын.                                             

көндүмдөргө ээ болууга тийиш:                                                                          - зымдардын жана кабелдик линиялардын айрым бөлүктөрүн тартуу;

- ар кандай конструкцияда жарык берүүчү техниканы жана ишке киргизүүчү аппаратураны монтаждоо;

- электр аппараттарынын кемчиликтерин оңдоо;

- электр өлчөөчү приборлорду колдонуу;

- технологиялык жабдууларды, эксперименталдык схемаларды, ошондой эле эксперименталдык электр машиналарын, электр жабдууларды оңдоо жана жөнгө салуу;

- жумушчу электр схемаларынын параметрлерин көзөмөлдөө;

- жарык берүүчү электр түзүлүштөрүнүн, электр өлчөөчү приборлордун жана кабелдик линиялардын элементтеринин оңдугун өлчөө жолу менен аныктоо.        

 

билүүгө тийиш:                                                                                                                                   - электр орнотмолордун түзүлүшүн;                                                       - электрдик чоңдуктарды өлчөө ыкмаларын;                                                        - релелик коргоо жана автоматика түзүлүштөрүнүн максатын жана иштөө параметрлерин;                                                                                           - релелик коргоо жана автоматика тутумдарын ажыратуу жана чогултуу ыкмаларын;                                                                                                           - релелик коргоо жана автоматика түзүлүштөрүнүн кемчиликтеринин эрежелерин жана оңдоо ыкмаларын;                                                                                               - оңдолгон релелик коргоо жана автоматика түзүлүштөрүн сыноо ыкмаларын.

көндүмдөргө ээ болууга тийиш:                                                                                                                                                                   - релелик коргоо жана автоматика түзүлүштөрүн тандоо;

- релелик коргоо жана автоматика түзүлүштөрүнүн кемчиликтерин жоюу; 

оңдолгон релелик коргоо жана автоматика түзүлүштөрүн сыноо;                                                                     - релелик коргоо жана автоматика түзүлүштөрүнүн иштөө параметрлерин контролдоо.

 

билүүгө тийиш:                                                                                                                      

- электр жабдууларын орнотуу эрежелерин;

- бузулууларды аныктоо ыкмаларын;

- оңдолгон түзүлүштөрдү сыноо ыкмаларын;

- электр жабдууларын оңдоо ыкмаларын.

көндүмдөргө ээ болууга тийиш:                                                                                                                                                                    

- принциптүү жана техникалык схемаларды окуу;

- текшерүү жүргүзүү жана бузулууларды аныктоо;

- оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн түзүлүштөрдү жана ыкмаларды тандоо;

- аткарылган иштердин сапатын контролдоо.                                                                                                                                                                                          

 

 

5

ВБ

Билим берүү программасынын вариативдик бөлүгү (билим берүү уюму тарабынан аныкталат)

кесиптик компоненттин 10%

кесиптик компоненттин 10%

1 кредит- 30с

 

ЖК- 4

6

ӨО; ӨП

Өндүрүштүк окутуу жана практика (практикалык жөндөмдөр жана көндүмдөр БП менен аныкталат)

Дисциплиналардын кесиптик компонентинин 50-60%

Дисциплиналардын кесиптик компонентинин 50-60%

Дисциплиналардын кесиптик компонентинин 50-60% 28-30 кр./840-900 с.

Дисциплиналардын кесиптик компонентинин 50-60%

 

ЖК 1-6

КК 1-6

7

ДТ

Дене тарбия

68 с.

136 с.

54с.

108 с.

 

 

8

ЖМА***

Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация

6 с.

6 с.

1 кр/30 с.

30 с.

 

 

9

БАРДЫГЫ

ББП жалпы сыйымдуулугу

3000 с.

4440 с.

60 кр/1800 с.

2880 с.

 

 

10

 

Жумалык жүктөм

36/39 с.

36/39 с.

39 с.

36 с.

 

 

 

Эскертүү:

(*) - 2-3 жыл окуу мөөнөтү менен жалпы билим берүүчү даярдоого кирген дисциплиналардын сыйымдуулугу Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык аныкталат;

(**) - циклдерге (жалпы техникалык, жалпы кесиптик, кесиптик) кирген айрым дисциплиналардын сыйымдуулугу даярдалуучу жумушчу кесиптердин профилинин багытына ылайык аныкталат;

(***) - квалификациялык экзаменден тышкары жыйынтыктоочу аттестацияга сааттар предметтик дисциплиналардын алкагында эске алынат.

 

 

Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электрмонтер (тармактар боюнча) (7233 Электр жабдууларын оңдоо жана тейлөө боюнча электрмонтер) кесиби боюнча кесиптик башталгыч билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандарты Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык илимий-методикалык борбордун окуу-методикалык бирикмеси тарабынан иштелип чыккан.

 

 

 

 

Жакыпова Каликан Кубаталиевна

  • РИМБнын БКБнын мазмунун иштеп чыгуу бөлүмүнүн методисти, төрайым

 

 

__________

 

ОМБнын мүчөлөрү:

 

 

Куттубаев Ильич Курманбекович

  •  “Кэптин групп” ЖЧКнын директору

 

__________

Сарыков Данияр

  • №100 КЛдин атайын кесиптик дисциплиналардын окутуучусу

 

 

__________

 

Акматов Азамат

 - №20 КЛдин ө/о устаты

 

__________

 

 

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар