КЕСИПТИК БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫ Кесип: Жаныбарларды ветеринардык дарылоо боюнча оператор Квалификация: 6121 Жаныбарларды ветеринардык дарылоо боюнча оператор

12 Декабрь 2024 ж.

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Билим берүү жана илим министрлигинин

2024-жылдын 4-ноябрындагы

1668/1 буйругу менен бекитилди

Каттоо №__________

Коду________________________

 

 

 

 

 

 

КЕСИПТИК БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН

МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫ

 

 

Кесип: Жаныбарларды ветеринардык дарылоо боюнча оператор

Квалификация: 6121 Жаныбарларды ветеринардык

дарылоо боюнча оператор

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бишкек, 2024

 

 

 

1-бөлүм. Жалпы жоболор

1. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн Жаныбарларды ветеринардык дарылоо боюнча оператор (6121 Жаныбарларды ветеринардык дарылоо боюнча оператор) кесиби боюнча Мамлекеттик билим берүү стандарты Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органы тарабынан Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.

2. Бул мамлекеттик билим берүү стандартында төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:

мамлекеттик билим берүү стандарты - окутуунун максаттарын жана натыйжаларын аныктоочу билим берүү программасынын минимум мазмуну, билим берүүнүн деңгээлдери боюнча даярдоого базалык талаптарды аныктоочу формалдык билим берүүнүн талаптарынын коомдук макулдашылган жыйындысы;

интеграцияланган программа - бул негизги жалпы билим берүүнүн бүтүрүүчүлөрүнө жалпы орто билим алууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн жалпы орто жана башталгыч кесиптик билим берүү программаларын бириктирүүнүн негизинде иштелип чыккан билим берүү программасы;

компетенция – билим алуучунун белгилүү бир чөйрөдө анын натыйжалуу өнүмдүү иши үчүн зарыл болгон билим берүүгө даярдоого карата алдын ала коюлган социалдык талап (ченем);

кредит (кредит-саат) - билим берүү программасынын сыйымдуулугунун шарттуу өлчөмү;

квалификациялардын улуттук алкагы - улуттук квалификациялык тутумчаларды интеграциялоого жана координациялоого, квалификациялардын салыштырмалуулугун камсыз кылууга багытталган жана квалификациянын ылайыктуулугун тастыктоо жана ыйгаруу системасы үчүн негиз болуп саналган критерийлердин топтомуна ылайык квалификациялардын деңгээлдеринин түзүмдөлгөн сыпаттамасы;

кесиптик иштин чөйрөсү - жалпы негизге ээ болгон (окшош же багыты, объекттери, технологиялары, эмгек каражаттары жакын болгон) жана аларды аткаруу үчүн эмгек функцияларынын жана тиешелүү компетенциялардын окшош топтомун болжолдогон кесиптик иштин түрлөрүнүн жыйындысы;

билим берүү программасы - конкреттүү деңгээлдеги, багыттагы же адистиктеги билим берүүнүн мазмуну;

жалпы техникалык цикл - тармактар аралык мүнөздөгү техниканын жана технологиянын илимий негиздерин үйрөнүүнү камсыз кылуучу предметтердин жыйындысы;

жалпы кесиптик цикл - мазмуну тармактар аралык мүнөздөгү иштин белгилүү бир түрүнө же белгилүү тармактын кесибине (өндүрүштүн түрүнө) багытталган предметтердин жыйындысы;

кесиптик цикл – кесип боюнча түздөн-түз даярдоону камсыз кылуучу предметтердин жыйындысы;

кесиптик стандарт - кесиптик иштин белгилүү бир түрүн жүзөгө ашыруу жана белгилүү эмгек функциясын аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын мүнөздөмөсү;

окутуунун натыйжаларыокуу процессин ийгиликтүү аяктагандан кийин билим алуучудан кандай билим, билгичтик жана көндүмдөр күтүлүшүнө карата ырастоо;

дисциплиналардын цикли - окутуунун, тарбиялоонун белгиленген максаттарына жана натыйжаларына карата белгилүү бир логикалык жыйынтыкка ээ болгон билим берүү программасынын бөлүгү же окуу дисциплиналарынын жыйындысы.

3. Ушул Мамлекеттик билим берүү стандартын аткаруу кесиптик башталгыч билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу бардык билим берүү уюмдары үчүн алардын уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан милдеттүү болуп саналат.

4. Ушул Мамлекеттик билим берүү стандартында төмөнкү кыскартуулар колдонулат:

ВБ – вариативдик бөлүк;

ЖМА – жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация;

ЖК – жалпы компетенциялар;

ДЖБЦ – дисциплиналардын жалпы билим берүү цикли;

БП – билим берүү программасы;

ДЖКЦ – дисциплиналардын жалпы кесиптик цикли;

ДЖТЦ – дисциплиналардын жалпы техникалык цикли;

ӨО; ӨП – өндүрүштүк окутуу жана практика;

ЦКП – дисциплиналардын кесиптик цикли;

КМ – кесиптик модулдар;

ДТ – дене тарбия;

ДЦ – дисциплиналардын цикли.

 

2-бөлүм. Колдонуу чөйрөсү

5. Бул Мамлекеттик билим берүү стандарты Жаныбарларды ветеринардык дарылоо боюнча оператор (6121 Жаныбарларды ветеринардык дарылоо боюнча оператор) кесиби боюнча негизги кесиптик билим берүү программасын ишке ашырууда милдеттүү болгон ченемдердин, эрежелердин жана талаптардын жыйындысын билдирет жана окуу, уюштуруу-методикалык документтерди иштеп чыгуу, Кыргыз Республикасынын аймагында лицензиясы жана мамлекеттик же көз карандысыз аккредитациясы бар бардык билим берүү уюмдары тарабынан кесиптик башталгыч билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүүнүн сапатын баалоо үчүн негиз болуп саналат.

6. Жаныбарларды ветеринардык дарылоо боюнча оператор (6121 Жаныбарларды ветеринардык дарылоо боюнча оператор) кесиби боюнча кесиптик башталгыч билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандартынын негизги колдонуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:

- кесиптик башталгыч билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программасын ишке ашырууга укугу бар билим берүү уюмдарынын администрациясы жана педагогикалык курамы;

- ушул кесип боюнча негизги билим берүү программасын өздөштүрүп жаткан окуучулар;

- тиешелүү кесиптик иш чөйрөсүндөгү иш берүүчүлөрдүн бирикмелери;

- негизги билим берүү программаларын иштеп чыгууну камсыз кылуучу окуу-методикалык бирикмелер жана уюмдар;

- кесиптик башталгыч билим берүүнү каржылоону камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

- билим берүү системасында мыйзамдардын сакталышын контролдоону камсыз кылуучу, кесиптик башталгыч билим берүү чөйрөсүндө аккредитациялоону жана сапатты контролдоону ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.

 

  1. бөлүм. Кесиптик башталгыч кесиптик билим берүүнүн Жаныбарларды ветеринардык дарылоо боюнча оператор  кесибинин жалпы мүнөздөмөсү

7. Жаныбарларды ветеринардык дарылоо боюнча оператор (6121 Жаныбарларды ветеринардык дарылоо боюнча оператор) кесиби боюнча негизги кесиптик билим берүү программасын өздөштүрүүнүн формалары:

- күндүзгү;

- күндүзгү-сырттан (кечки).

8. Абитуриенттердин даярдыгынын деңгээлине карата талаптар.

Абитуриент тапшырууда төмөнкү документтердин бирине ээ болууга тийиш:

- жалпы орто билими жөнүндө аттестатка;

- негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүккө;

- кесиптик башталгыч билим берүү программалары боюнча окууга базалык билими жана кандайдыр бир квалификациясы жок адамдар жалпы орто билим берүү программалары боюнча окуу жана кесиптик билим берүүнүн башка деңгээлине өтүү укугусуз кабыл алынат.

9. Жаныбарларды ветеринардык дарылоо боюнча оператор (6121 Жаныбарларды ветеринардык дарылоо боюнча оператор) кесиби боюнча негизги кесиптик билим берүү программасын өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөтү күндүзгү окуу формасында:

- негизги жалпы билим берүүнүн базасында – 2, 3 жылды;

- жалпы орто билим берүүнүн базасында - 1 жылды түзөт.

Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында төмөнкүдөй негизги билим берүү программалары ишке ашырылат:

- негизги жалпы билим берүүнүн базасында окутуу мөөнөтү 2,3 жылдан кем эмес жалпы орто жана кесиптик башталгыч билим берүүнүн интеграцияланган программасы;

- жалпы орто билим албастан негизги жалпы билим берүүнүн базасында аскерге чакырууга чейинки даярдоо программасын камтыган 2 жылдык окуу мөөнөтү менен кесиптик башталгыч билим берүү программасы;

- жалпы орто билим берүүнүн базасында окутуу мөөнөтү 1 жылдан кем эмес  кесиптик башталгыч билим берүү программасы;

- окутуу мөөнөтү 1 жылга чейин болгон кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу программалары.

Эгерде окуучу кыска мөөнөттө кесипти өздөштүрө алса, кесиптик башталгыч билим берүүнү башкаруу органдары окуучунун арызы боюнча окутуу мөөнөтүн кыскарта алат.

Өзгөчө учурларда (ооруп калуу, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнө кызматка чакыруу) окуучунун арызы боюнча ал окуусун улантуу жана окуу максатына жетүү үчүн 3 жылдын ичинде калыбына келтирилиши мүмкүн.

10. Негизги кесиптик билим берүү программасынын сыйымдуулугу кесиптик башталгыч билим берүү программасынын түзүмүнө ылайык (1-тиркеме), окуу жылы үчүн (стандарттык окутуу учурунда 10 ай) 52ден кем эмес кредитти түзөт (52 кр 30 саат = 1560 саат), өз алдынча иштерди жана аттестациянын бардык түрлөрүн кошууну эске алуу менен кесиптик башталгыч билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программасынын сыйымдуулугу окутуу мөөнөтү 10 ай болгон учурда 60 кредиттен ашпоого тийиш. Мында бир кредит окуучунун окуу ишинин 30 саатына барабар.

Негизги жалпы билим берүүнүн базасында 2,3 жыл окутууда окуу жүктөмүнүн көлөмү сааттык система боюнча эсептелет (жумасына минимум 36 академиялык саат, максимум - 39 саат).

Окуучулардын окуу жүктөмүнүн максималдуу көлөмү жумасына 45 (1,5 кр) академиялык саатты түзөт, анын ичинде негизги кесиптик билим берүү программасын өздөштүрүү боюнча аудиториялык жана аудиториядан тышкаркы (өз алдынча) окуу иштеринин бардык түрлөрүн кошуу менен.

Күндүзгү окутуу формасында жумасына аудиториялык сабактардын көлөмү ар бир окуу дисциплинасын же кесиптик модулду өздөштүрүүгө бөлүнгөн жалпы көлөмдүн 80% кем эмес кесиптин өзгөчөлүгүн эске алуу менен Кесиптик башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты менен аныкталат (мисалы, предметке 40 саат бөлүнөт, анын ичинен 80% же 32 саат - бул аудиториялык сабактар, калган 8 саат окутуучунун кароосу боюнча бөлүштүрүлөт).

Күндүзгү-сырттан билим алуу формасында (анын ичинде түзөтүү мекемелериндеги окуу жайлар үчүн) аудиториялык окуу жүктөмүнүн максималдуу көлөмү жумасына 16 академиялык саатты түзөт.

Окуу мөөнөтү 1 жыл болгон учурда каникулдардын жалпы узактыгы окуу жылында 11 жуманы түзөт жана окуу мөөнөтү 1 жыл болгон учурда кыш мезгилинде 2 жумадан кем эмес.

Өндүрүштүк окутуу жана өндүрүштүк практика негизги кесиптик билим берүү программасынын жалпы окуу убактысынын 50-60% түзөт.

Өндүрүштүк практика кесиптик башталгыч билим берүү программасынын милдеттүү бөлүмү болуп саналат жана окуучулардын практикалык багыттагы даярдыгын камсыз кылуучу окуу сабактарынын түрү болуп саналат. Кесиптик башталгыч билим берүү программасын ишке ашырууда практиканын төмөнкүдөй түрлөрү каралат: окуу (өндүрүштүк окутуу) жана өндүрүштүк. Өндүрүштүк практика окуучуларды даярдоо профилине ылайык иш алып барган уюмдарда жүргүзүлүшү керек.

11. Жаныбарларды ветеринардык дарылоо боюнча оператор (6121 Жаныбарларды ветеринардык дарылоо боюнча оператор) кесиби боюнча кесиптик башталгыч билим берүү программасынын максаттары:

- окутуу жаатында: жаныбарлардын ден соолугун коргоо, эпизоотия ооруларын алдын алуу боюнча кызматтарды көрсөтүү боюнча квалификациялуу жумушчуларды даярдоо;

- инсанды тарбиялоо жаатында: окуучуларда социалдык-инсандык сапаттарды калыптандыруу: максатка умтулгандык, уюшкандык, эмгекти сүйүү, жоопкерчилик, жарандуулук, коммуникативдүүлүк, толеранттуулук жана жалпы маданиятты жогорулатуу.

12. Экономикалык иштин түрү: Айыл чарба, токой чарбасы жана балык чарбасы. Экономикалык иштин түрчөсү: Ветеринардык иш.

13. Кесиптик иштин чөйрөлөрү төмөнкүлөрдү камтыйт: ветеринардык клиникалар, фермердик жана дыйкан чарбалары, фермалар жана жайыттар, зоопарктар жана коруктар.

14. Жаныбарларды ветеринардык дарылоо боюнча оператор (6121 Жаныбарларды ветеринардык дарылоо боюнча оператор) кесиби боюнча бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишинин объекттери болуп төмөнкүлөр саналат: жеке коргонуу каражаттары, препараттар, шприцтер, кебез, спирт, инъекциялык ийнелер, пробиркалар. Венага эритмелерди куюу үчүн топтом.  Жаныбарларды дарылоо үчүн дары-дармектер. Бурагычтар, мурун кычкач, аркан, металл учу менен кур. Термометр, фонендоскоп, зонд, катетер. Жаныбарлар, канаттуулар. Жаныбарларды дарылоо үчүн жабдуулардын тиешелүү түрлөрү. Дары-дармектер, шприцтер, пахта, спирт, инъекциялык ийнелер, пробиркалар. Ветеринардын чакан хирургиялык топтому. Тилүүчү бычак, туяктуу чоң, кичине. Жалпагынан ийилген хирургиялык кайчы, капталынан ийилген хирургиялык кайчы, туюк хирургиялык түз кайчы. Жаныбарларды карматуу үчүн гемостатикалык (канды токтотуучу) пинцет. Тоюттун түрлөрү: кесек, ширелүү, аралаш, концентрацияланган тоют. Жаныбарларды карматуу үчүн гемостатикалык (канды токтотуучу) материалдар, жгуттар, эластикалык бинттер, марля, салфеткалар, тампонадалар, кебез.

15. Бүтүрүүчү даярдала турган кесиптик иштин түрлөрү: ветеринардык иш.

16. Бүтүрүүчү даярдалышы керек болгон кесиптик иштин милдеттеринин тизмеси:

- массалык профилактикалык дарылоону жүргүзүү;

 - массалык дарылоо-профилактикалык термометрия жүргүзүү;

 - массалык дарылоо-профилактикалык эмдөөлөрдү жүргүзүү;

-жаныбарларды жана канаттууларды массалык изилдөөдө диагностикалык препараттарды киргизүү;

- жасалма уруктандыруу боюнча операцияларды жүргүзүүгө катышуу.

17. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн Жаныбарларды ветеринардык дарылоо боюнча оператор (6121 Жаныбарларды ветеринардык дарылоо боюнча оператор) кесиби боюнча билим берүү программасын өздөштүргөн бүтүрүүчү төмөнкүлөргө даярдалган:

- кесиптик ишке;

- кесиптик башталгыч билим берүүнүн жана орто кесиптик билим берүүнүн интеграцияланган программалары боюнча окууну улантууга.

 

4-бөлүм. Билим берүү программасын ишке ашыруу

        шарттарына карата жалпы талаптар

18. Кесиптик башталгыч билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдары Жаныбарларды ветеринардык дарылоо боюнча оператор кесип боюнча билим берүү программасын өз алдынча иштеп чыгышат. Билим берүү программасы кесип боюнча тиешелүү Мамлекеттик билим берүү стандартынын, квалификациялардын улуттук алкагынын, квалификациялардын тармактык жана сектордук алкактарынын жана кесиптик стандарттардын негизинде эмгек рыногунун керектөөлөрүн эске алуу менен иштелип чыгат.

Билим берүү уюмдары илимдин, маданияттын, экономиканын, техниканын, технологиялардын жана социалдык чөйрөнүн өнүгүшүн эске алуу менен, ошондой эле иш берүүчүлөрдүн жана башка кызыкдар тараптардын төмөнкүдөй сунуштарына ылайык негизги кесиптик билим берүү программаларын мезгил-мезгили менен кайра карап чыгышат жана зарыл болгон учурда жаңылап турушат:

- бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатын камсыз кылуу боюнча стратегияны иштеп чыгуу;

- негизги кесиптик билим берүү программаларына мезгил-мезгили менен мониторинг жүргүзүү;

- так макулдашылган критерийлердин негизинде окуучулардын билим деңгээлин, бүтүрүүчүлөрдүн компетенцияларын баалоонун объективдүү жол-жоболорун иштеп чыгуу;

- педагогикалык курамдын сапатын жана компетенттүүлүгүн камсыз кылуу;

- ишке ашырылып жаткан билим берүү программасын жетиштүү ресурстар менен камсыз кылуу, аларды колдонуунун натыйжалуулугун контролдоо;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген аккредитациялоонун минималдуу талаптары боюнча өзүн-өзү баалоону үзгүлтүксүз жүргүзүү;

- өз ишинин натыйжалары, пландары, инновациялары жөнүндө коомчулукка маалымдоо.

19. Окуучуларды жана бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатын баалоо аларды учурдагы, орто аралык жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону камтууга тийиш.

20. Окуучуларды учурдагы аттестациялоо кесиптик башталгыч билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген баалоо системасынын негизинде окуунун жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.

21. Окуучулардын квалификациялык экзамени (жыйынтыктоочу аттестациялоо) кесиптик башталгыч билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте көз карандысыз квалификациялык экзамен формасында толук окутуу курсун аяктагандан кийин өткөрүлөт.

Мамлекеттик аттестациялык сынактардын башка түрлөрү окуу программасынын талаптарынын чегинде билим берүү уюму тарабынан өз алдынча аныкталат.

22. Окуучулардын жеке жетишкендиктеринин тиешелүү негизги кесиптик билим берүү программасынын этап боюнча же акыркы талаптарына ылайык келүүсүнө учурдагы, орто аралык жана жыйынтыктоочу аттестациялоо үчүн типтүү тапшырмаларды, текшерүү иштерин, модулдук тесттерди ж.б. камтыган баалоо каражаттарынын базалары түзүлөт, алар ээ болгон компетенциялардын деңгээлин баалоого мүмкүндүк берет. Баалоо каражаттарынын базасы кесиптик башталгыч билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюму тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.

23. Кесиптик башталгыч билим берүү программасы дисциплиналардын кесиптик циклинин вариативдүү бөлүгүнүн окуучулардын тандоосу боюнча дисциплиналарын камтышы керек. Окуучулардын тандоосу боюнча дисциплиналардын тизмеси педагогикалык кеңештин чечими менен белгиленет.

24. Билим берүү программасын иштеп чыгууда кесиптик башталгыч билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрдүн жалпы компетенцияларын (мисалы, социалдык өз ара аракеттенүү, өзүн-өзү уюштуруу жана өз алдынча башкаруу, системалык-ишмердик мүнөздөгү компетенцияларын) калыптандыруудагы мүмкүнчүлүктөрү аныкталышы мүмкүн.

 

5-бөлүм. Жаныбарларды ветеринардык дарылоо боюнча оператор кесиби боюнча билим берүү программасына карата талаптар

25. Жаныбарларды ветеринардык дарылоо боюнча оператор (6121 Жаныбарларды ветеринардык дарылоо боюнча оператор) кесиби боюнча бүтүрүүчү ушул Мамлекеттик билим берүү стандартынын 11-пунктунда көрсөтүлгөн билим берүү программасынын максаттарына ылайык төмөнкү компетенцияларга ээ болушу керек:

- жалпы:

ЖК-1. Айлана-чөйрөнү коргоо жана өндүрүштүк экология; коопсуз жана сергек жашоо мүнөзүн уюштуруу жөнүндө билимин колдоно алат;

ЖК-2. Кесиптик баарлашуу деңгээлинде мамлекеттик (В1 деңгээли) жана расмий тилдерде өзүнүн оозеки жана жазуу жүзүндөгү сүйлөө речин логикалык жактан түзө алат;

ЖК-3. Кесиптик ишинде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонууга жөндөмдүү;

ЖК-4. Командада иштей алат, кесиптештери, жетекчилиги, керектөөчүлөр менен натыйжалуу баарлаша алат;

ЖК-5. Өз ишин пландаштырууга жана уюштурууга жөндөмдүү;

ЖК-6. Кесиптик иште негизги ишкердик билимдерди жана көндүмдөрдү колдоно алат.

 - кесиптик:

КК-1. Санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо менен жаныбарларды жана канаттууларды массалык профилактикалык дарылоону жүргүзүүнүн алдында даярдык иштерин аткарууга жөндөмдүү;

КК-2. Санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо менен жаныбарлардын жана канаттуулардын инфекциялык, инвазиялык жана ички ооруларын дарылоодо ветеринардык адистерге жардам көрсөтүүгө жөндөмдүү;

КК-3. Санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо менен травматикалык жаракаттарда, ууланууда, күйгөндө жаныбарларга биринчи жардам көрсөтүүгө жөндөмдүү;

КК-4. Санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо менен жаныбарлардын жана канаттуулардын жараларын дарылоого жөндөмдүү;

КК-5. Айыл-чарба жаныбарларын жасалма жол менен уруктандырууга жөндөмдүү.

 

26. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн негизги билим берүү программасы Кыргыз Республикасынын кесиптик башталгыч билим берүүсүнүн ушул Мамлекеттик билим берүү стандартынын 1-тиркемесинде каралган окуу циклдерин жана бөлүмдөрүн өздөштүрүүнү божомолдойт.

27. Дисциплиналардын кесиптик цикли билим берүү уюмдары белгилеген базалык (милдеттүү) жана вариативдик бөлүккө ээ. Вариативдик бөлүк 10 пайыздан кем эмесин түзөт жана базалык бөлүктүн мазмуну менен аныкталган даярдыкты тереңдетүүгө, аймактык эмгек рыногунун суроо-талаптарына жана билим алууну улантуу мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык бүтүрүүчүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон кошумча компетенцияларга ээ болууга мүмкүндүк берет.

28. Кесиптик башталгыч билим берүү программаларынын мазмунунун милдеттүү минимумуна, аларды ишке ашыруу шарттарына, бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу аттестациялоого жана ар бир кесип боюнча алардын даярдыгынын деңгээлине карата талаптар билим берүү уюмдары тарабынан Кыргыз Республикасынын башталгыч кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык аныкталат.

 

6-бөлүм. Билим берүү программасын ишке ашырууда билим алуучулардын укуктарына жана милдеттерине карата

жалпы талаптар

29. Өзүнүн жеке билим берүү траекториясын түзүүдө окуучу билим берүү уюмунан дисциплиналарды тандоо жана алардын келечектеги кесипке тийгизген таасири боюнча консультация алууга укуктуу.

30. Инсанды тарбиялоо жана өнүктүрүү, жалпы компетенцияларды өнүктүрүү бөлүгүндө билим берүү программасында натыйжаларга жетишүү максатында окуучулар өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө, коомдук уюмдардын, спорттук жана чыгармачылык клубдардын ишине катыша алышат.

31. Окуучулар билим берүү программасында каралган бардык тапшырмаларды белгиленген мөөнөттө аткарууга милдеттүү.

32. Билим берүү уюму билим берүү программаларын өздөштүрүүдө окуучуларды укуктары жана милдеттери менен тааныштырууга, окутуу үчүн киргизилген дисциплиналар окуучулар үчүн милдеттүү экендигин, ал эми алардын суммалык сыйымдуулугу окуу планында каралгандан кем болбоого тийиш экендигин түшүндүрүүгө милдеттүү.

33. Билим берүү уюмдары билим берүү программаларын уюштурууда жана ишке ашырууда гендердик теңчилик саясатын эске алууга, социалдык инклюзияны камсыз кылууга, ошондой эле санариптештирүүнү өнүктүрүүгө милдеттүү.

34. Окуучуларга билим берүү процессинин мазмунун, уюштурулушун жана сапатын баалоо мүмкүнчүлүгү берилиши керек.

 

 

7-бөлүм. Окуу процессин окуу-методикалык жана маалыматтык камсыздоо

35. Жаныбарларды ветеринардык дарылоо боюнча оператор (6121 Жаныбарларды ветеринардык дарылоо боюнча оператор) кесиби боюнча кесиптик башталгыч билим берүү программасын ишке ашыруу ар бир окуучуга маалымат базаларынын жана негизги кесиптик билим берүү программасынын дисциплиналарынын толук тизмеси боюнча түзүлгөн китепкана фонддорунун жеткиликтүүлүгү менен камсыз болууга тийиш.

Милдеттүү окуу китептеринин жана методикалык куралдардын тизмеси:

  1. В.Ф. Ковалев, И.Б. Волков, Б.В. Виолин и др. Антибиотики, сульфаниламиды и нитрофураны в ветеринарии. –М., 2006.
  2. В.И. Онищенко, Н.С. Калюжный. Основы зоогигиены и ветеринарной профилактики – М. Жогорку мектеп, 1984.
  3. Б.Э. Дарданов. Ветеринарные противопаразитарные препараты и их применение.  - Бишкек, 2004.
  4. У. Данкан (перевод А.Кашыбаева). Малдарга алгачкы ветеринардык жардам. – Бишкек, Деми, 2007.
  5. Б.К. Акназаров. Болезни животных, передающиеся человеку. -Бишкек, 2004.
  6. Д. Ногойбаев. Ветеринария: внутренние незаразные болезни молодняка. - Бишкек, 2011.
  7. Ф.М. Орлов. Словарь ветеринарных клинических терминов. -Москва,  Россельиздат, 1997.
  8. Техникалык документтер (стандарттар, шарттар, ченемдер ж.б.).

36. Билим берүү программасын ишке ашыруу үчүн окуучулардын зарыл болгон окуу адабияты жана/же электрондук адабият менен камсыз болушу лицензиялык талаптарга ылайык келүүгө тийиш. Окуу маалымат булактары заманбап талаптарга жооп бериши керек.

37. Билим берүү процессинде мыйзам актылары, ченемдик документтер, кесиптик багыттагы мезгилдүү басылмалардын материалдары пайдаланылууга тийиш.

38. Билим берүү уюму ар кандай формада кесиптик окутууну, анын ичинде аралыктан окутууну уюштуруу үчүн шарттарды камсыз кылууга милдеттүү.

 

8-бөлүм. Окуу процессин материалдык-техникалык камсыздоо

39. Жаныбарларды ветеринардык дарылоо боюнча оператор (6121 Жаныбарларды ветеринардык дарылоо боюнча оператор) кесиби боюнча кесиптик башталгыч билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюму окуучуларды дисциплинардык, дисциплиналар аралык даярдоонун жана практикалык иштин бардык түрлөрүн жүргүзүүнү камсыз кылуучу тиешелүү материалдык-техникалык базага ээ болууга тийиш:

- аспаптар, шаймандар:

жеке коргонуу каражаттары, препараттар, шприцтер, кебез, спирт, инъекциялык ийнелер, пробиркалар. Венага эритмелерди куюу үчүн топтом.  Жаныбарларды дарылоо үчүн дары-дармектер. Бурагычтар, мурун кычкач, аркан, металл учу менен кур. Термометр, фонендоскоп, зонд, катетер. Жаныбарлар, канаттуулар. Жаныбарларды дарылоо үчүн жабдуулардын тиешелүү түрлөрү. Дары-дармектер, шприцтер, пахта, спирт, инъекциялык ийнелер, пробиркалар. Ветеринардын чакан хирургиялык топтому. Тилүүчү бычак, туяктуу чоң, кичине. Жалпагынан ийилген хирургиялык кайчы, капталынан ийилген хирургиялык кайчы, туюк хирургиялык түз кайчы. Жаныбарларды карматуу үчүн гемостатикалык (канды токтотуучу) пинцеттер, жгуттар, эластикалык бинттер, марля, салфеткалар, тампонадалар).

- жабдылган окуу-өндүрүштүк устакана/лаборатория;

- жаныбарды карматуучу станок;

- окуу кабинеттери:

- эмгекти коргоо жана өндүрүштүк экология;

- фармакология;

- айыл чарба, үй жаныбарларынын анатомиясы.

- залдар: китепкана; окуу залы; жыйындар залы; спорт зал.

- медициналык пункт, ашкана.

40. Билим берүү программасын ишке ашыруунун сапатын баалоо.

Бүтүрүүчүнүн кесиптик компетенттүүлүгүнүн далилдери жумуш ордундагы операцияларга тиешелүү болууга, “Жаныбарларды ветеринардык дарылоо боюнча оператор” кесиптик стандартынын компетенттүү иштин критерийлеринин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.

Окутуунун натыйжаларын текшерүү ыкмалары:

- интервью, лабораториялык жана практикалык тапшырмаларды аткарууда көндүмдөрдү көрсөтүү, портфолио, тестирлөө;

- окуучулардын зарыл болгон билимдерин жазуу жүзүндө жана /же оозеки баалоо.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Кесиптик башталгыч билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына 1-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы №371 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын макетине ылайык)

 

Жаныбарларды ветеринардык дарылоо боюнча оператор (6121 Жаныбарларды ветеринардык дарылоо боюнча оператор) кесиби боюнча кесиптик башталгыч билим берүү программасынын

ТҮЗҮМҮ

Дисциплиналардын циклинин (ДЦ) коддору

Дисциплиналардын циклдери жана аларды өздөштүрүүнүн долбоорлонгон натыйжалары

Жалпы негизги билим берүүнүн базасында (9-кл.) жалпы орто билим жана кесип алуу менен

Жалпы орто билимдин базасында (11-кл.)

Сыйымдуулугу**

(кредит-сааттар)

Жалпы орто билим албастан

Болжолдуу программаларды иштеп чыгуу үчүн дисциплиналардын тизмеси

Калыптануучу компетенциялардын коддору

2 ж.

3 ж.

10 ай

2 ж.

1

ДЖЦ*

Дисциплиналардын жалпы билим берүү цикли

Циклди өздөштүрүүнүн натыйжасында окуучу:

- билүүгө тийиш:

- баарлашуу чөйрөсүн, жагдайларды, кырдаалдарды;

Кеп коммуникациясынын катышуучуларынын социалдык жана статустук ролдорун;

- лексика-грамматикалык деңгээлдеги тил тутумун жана стилистикалык ресурстарды;

- минималдуу жалпы илимий китеп лексикасын жана терминдерди;

- кесиптик иштин алкагында сүйлөө темаларынын минимумун;

- ишкердик баарлашуунун сүйлөө өзгөчөлүктөрүн (расмий жагдайда кайрылуу, баарлашуу, өтүнүчтү, баш тартууну, макул/макул эместикти, ыраазычылыкты, куттуктоолорду ж. б. айтуудагы минимум этикеттик формулалар жана эрежелер).

- кызматтык-ишкердик кептин түрлөрүн жана жанрларын; 

- көндүмдөргө ээ болууга тийиш: 

- сүйлөө этикетинин эрежелерине ылайык расмий, кызматтык-ишкердик маектерди/сүйлөшүүлөрдү жүргүзүө;

- ийгиликтүү коммуникацияга жетүү үчүн баарлашуу стратегиясын түзүү;

- кесиптик иш жаатындагы актуалдуу темалар боюнча ишкердик стилдеги айтымдарды иштеп чыгуу (түзүү, жаратуу) жана туура чечмелөө;

- орус тилинин этикетинин эрежелерине ылайык расмий жана жарым-жартылай расмий кызматтык-ишкердик маектерди / сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү;

- профилдин/адистиктин жана кызматтык-иш документтеринин алкагында окуу иштерин туура тариздөө.

   билүүгө тийиш:

- зыяндуу адаттар (тамеки чегүү, насвай, алкоголь, баңгизат) жана алардын кесепеттери жөнүндө;

- сергек жашоо мүнөзүнүн тобокелдик факторлору жөнүндө;

- рационалдуу жана гигиеналык режим жана тамактануу жөнүндө.

  көндүмдөргө ээ болууга тийиш:

- зыяндуу адаттардан баш тартууга;

- сергек жашоо мүнөзүн камсыз кылуу каражаттарынын жана методдорунун жалпы топтомун иш жүзүнө ашыруу;

- жашоонун рационалдуу режимин сактоо;

- рационалдуу тамактанууну сактоо;

- иммунитетти көтөрүүчү көнүгүүлөрдү аткарууга жана чыйралуу.

*1768 с.

(10 -кл;11- кл.)

*2006 с.

(10-кл;11-кл.)

3 кр/90 с.

240 с.

 

 

 

 

Кесиптик кыргыз/ орус тилдери.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Коопсуз сергек жашоо мүнөзү.

 

 

 

 

 

ЖК 2 - 4

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖК-1-4

 

ДКК

Дисциплиналардын кесиптик компоненти

1232 с.

2434 с.

56 кр/1680 с.

2532 с.

 

 

2.

ДЖКЦ

Циклди өздөштүрүүнүн натыйжасында окуучу:

 билүүгө тийиш:

- тандалган артыкчылыктарга ылайык чакан бизнес ишканасын түзүү боюнча иштин алгоритмин:

- ишкердик иш жаатындагы ченемдик укуктук базаны;

- Кыргыз Республикасындагы экономиканын жана ишкердиктин абалын;

- чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө жагымдуу потенциалды жана факторлорду, чакан бизнести насыялоону;

- бизнес-планды иштеп чыгуу технологиясын;

- өз ишин уюштуруунун теориялык жана методологиялык негиздерин.

көндүмдөргө ээ болууга тийиш:

- ишкердик ишке шыктуулукка психологиялык өзүн-өзү талдоо жүргүзүү;

- ишкердик иштин уюштуруу-укуктук формасын тандоо;

- бухгалтердик отчеттуулуктун формасын толтуруу;

- рынокту изилдөөнүн ар кандай ыкмаларын колдонуу;

- башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу;

- атаандаштар, керектөөчүлөр, жеткирүүчүлөр жөнүндө маалыматтарды топтоого жана талдоо;

- экономикалык эсептөөлөрдү жүргүзүү;

- өндүрүштүк ишти пландаштыруу;

- бизнес-планды иштеп чыгуу;

- презентация өткөрүү.

 

билүүгө тийиш:

- экология жаатындагы мыйзамдарды жана уюмдун ишине жайылтылуучу эмгекти коргоонун мамлекеттик ченемдик талаптарын камтыган башка ченемдик укуктук актыларды;

- кызматкерлердин эмгекти коргоо жаатындагы милдеттерин;

- өзүнүн ишинин (же аракетсиздигинин) иш жүзүндөгү же потенциалдуу кесепеттерин жана алардын эмгек коопсуздугунун деңгээлине тийгизген таасирин;

- технологиялык процесстерди жана өндүрүштүк нускамаларды баш ийген кызматкерлер (персонал) сактабагандыгынан мүмкүн болгон кесепеттерди;

- эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча нускамалардын тартибин жана мезгилдүүлүгүн;

- жамааттык жана жеке коргонуу каражаттарын сактоо жана пайдалануу тартибин;

көндүмдөргө ээ болууга тийиш:

- коркунучтуу жана зыяндуу өндүрүштүк факторлорду жана кесиптик иштин мурдагы, азыркы же пландаштырылган түрлөрү менен байланышкан аларга тиешелүү тобокелдиктерди аныктоо;

- аткарган кесиптик иштин мүнөзүнө ылайык жамааттык жана жеке коргонуу каражаттарын пайдалануу;

- эмгек шарттары боюнча жумуш орундарын аттестациялоо, анын ичинде кесиптик ишиндеги эмгек шарттарын жана жаракат алуу коопсуздугунун деңгээлин баалоо;                                            

  - киришүүчү (вет.дарылоо боюнча оператордун) нускама берүүгө, аткарылуучу иштердин өзгөчөлүгүн эске алуу менен аларга жумуш ордунда коопсуздук техникасынын маселелери боюнча нускама берүү;                    

 - эмгек коопсуздугунун талап кылынган деңгээлине жетүү үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү иштеп чыгууга жана контролдоо.

 

билүүгө тийиш:

- рынок экономикасынын принциптерин; уюмдардын уюштуруу-укуктук формаларын;

- эмгек мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдардын негизги жоболорун;

- эмгек акыны түзүү механизмдерин;

- эмгек акы төлөө формаларын.

көндүмдөргө ээ болууга тийиш:

- өндүрүш экономикасынын жалпы маселелеринде багыт алуу;

- конкреттүү өндүрүштүк кырдаалдарда экономикалык жана укуктук билимдерди колдонуу;

- колдонуудагы мыйзамдардын алкагында өзүнүн эмгектик укуктарын коргоо.

 

 

 

 

Бизнестин жана ишкердиктин негиздери

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Эмгекти коргоо жана өндүрүштүк экология

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кесиптик иш аракеттин укуктук жактан камыздалышы

 

ЖК-2-6

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖК-1-5

КК-1-4

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖК-1-6

КК-1-2

 

3.

ДКЦ**

КМ 01-0N

Дисциплиналардын кесиптик цикли.

Негизги бөлүгү: кесиптик модулдар

Кесиптик циклдерди жана модулдарды өздөштүрүүнүн натыйжасында окуучу

 

 

 

 

 

 

 

 

билүүгө тийиш:

- жаныбарларга жана канаттууларга жалпы клиникалык изилдөө жүргүзүүнүн түрлөрүн жана ыкмаларын;

- жаныбарларга жана канаттууларга атайын клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзүүнүн түрлөрүн жана ыкмаларын.

көндүмдөргө ээ болууга тийиш:

- жаныбарларга жана канаттууларга жалпы клиникалык изилдөө жүргүзүү;

- жаныбарларга жана канаттууларга атайын клиникалык изилдөө жүргүзүү;

 

билүүгө тийиш:

- серологиялык, биохимиялык, копрологиялык, аллергиялык, бактериялык булганууга, жаныбарлардын терисинен кырмычыктардын диагностикалык изилдөө жүргүзүү методдорун;

- лабораториялык изилдөөлөр үчүн патологиялык материалдарды тандоо ыкмаларын;

- биохимиялык жана химиялык-токсикологиялык изилдөө үчүн тоют тандоо ыкмаларын;

- үлгүлөрдү жана патологиялык материалдарды тандоо учурунда коопсуздук эрежелерин;

көндүмдөргө ээ болууга тийиш:

- жаныбарларды изилдөөдө коопсуздук эрежелерин сактоо;

- изилдөө үчүн патологиялык материалдардын үлгүлөрүн тандап алуу ыкмаларын колдонуу;

 

билүүгө тийиш:

- вакциналардын түрлөрү жана дары-дармектер, жаныбарларды дарылоочу вакциналарды;

- аэрозолдук жана оозго эмдөө ыкмаларын;

- вакцинациялоону документтик жол-жоболоштуруу тартибин;

- жаныбарларды эмдөөнүн коопсуздук эрежелерин;

- жаныбарларды массалык түрдө эмдөө ыкмаларын;

- дары заттарды, вакциналарды киргизүү ыкмаларын;

- вакцинация жүргүзүү үчүн ветеринардык шаймандарды стерилдөөнү;

- жаныбарларды жана канаттууларды жугуштуу ооруларга каршы эмдөөнү уюштурууну жана жүргүзүүнү.

көндүмдөргө ээ болууга тийиш:

-эмдөө;

- дары-дармектер менен коопсуз иштөө;

 

билүүгө тийиш:

- айыл чарба жаныбарларынын анатомиясынын жана физиологиясынын негиздерин;

- мал чарбачылыгындагы негизги ченемдик зоогигиеналык жана ветеринардык-санитардык көрсөткүчтөрдү;

- жаныбарларды багуу жана тоюттандыруу шарттарына карата ветеринардык-санитардык жана зоогигиеналык талаптарды.

көндүмдөргө ээ болууга тийиш:

- мал чарба объекттеринде зоогигиеналык параметрлердин нормадан четтөөнү көрсөткүчтөрү боюнча аныктоо;

- жеке коргонуу каражаттарын колдонуу;

- жаныбарды карматуу.

 

билүүгө тийиш:

- бөлмөнүн дезинфекциясынын сапатын текшерүү үчүн изилдөө жүргүзүү ыкмаларын;

- жаныбарлар менен иштөөдө коопсуздук техникасын, жеке гигиена, дезинфекциялоо ыкмаларын;

көндүмдөргө ээ болууга тийиш: 

- аспаптар үчүн дезинфекциялоочу эритмелерди даярдоо;

- аспаптар жана инвентарлар менен иштөө;

- изилдөө учурунда колдонулган материалдарды утилдештирүүдө жана дезинфекциялоодо коопсуз иштөө.

 

билүүгө тийиш:

- жаныбарлардын жана канаттуулардын ооруларын диагностикалоо жөнүндө түшүнүктү;

- жаныбарлардын жана канаттуулардын ооруларынын белгилерин жана синдромдорун;

- хирургиялык инфекцияны жана анын клиникалык көрүнүшүн;

- ачык механикалык жаракаттарды (жараларды);

- жабык механикалык жаракаттарды диагностикалоо ыкмаларын;

- жаракаттын болушун алдын алуунун атайын ыкмаларын;

- новокаин терапиясын;

- жаныбарлардын травматизмин;

- жаныбарлардын нерв системасын оорутпоонун жолдорун;

- көгөргөн, чоюлган, шишик, жарылган, гематомасы бар оорулуу жаныбарларды изилдөө ыкмаларын;

- жаныбарлардын жараларын классификациялоону;

- жараны дарылоо ыкмаларын;

- жараны тазалоо ыкмаларын: механикалык антисептика, хирургиялык тазалоо;

- кан агуунун түрлөрүн;

- кан агууну убактылуу жана туруктуу токтотууну жана аны токтотуунун ыкмаларын.

көндүмдөргө ээ болууга тийиш:

- тигиштерди жана повязкаларды, шиналарды салуу;

- жаныбарларга биринчи жардам көрсөтүүдө, травматикалык жаракаттарда, ууланууда, күйүктөрдө фармакологиялык препараттар менен иштөө;

- хирургиялык инфекцияларды жана алардын клиникалык көрүнүштөрүн аныктоо;

- жаныбарлардын нерв системасын оорутпоо ыкмаларын колдонуу;

- жаракаттарды дарылоонун ар кандай ыкмаларын колдонунуу;

- кан агуунун ар кандай түрлөрүн токтотуу.

 

- билүүгө тийиш:

- жаныбарларды жана канаттууларды клиникалык текшерүү милдеттерин жана тартибин;

- жаныбарларга жана канаттууларга жалпы клиникалык изилдөө жүргүзүүнүн түрлөрүн жана ыкмаларын;

- жаныбарларга жана канаттууларга атайын клиникалык изилдөө жүргүзүүнүн түрлөрүн жана ыкмаларын;

- жаныбарларды дарылоонун ар кандай түрлөрүн жана текшерүү үчүн ветеринардык аспаптарды стерилдөөнү;

- жаныбарлардын нерв системасын оорутпоо ыкмаларын.

- көндүмдөргө ээ болууга тийиш:

- жаныбарларды дарылоонун ар кандай түрлөрүн жана текшерүү үчүн ветеринардык аспаптарды стерилдөө;

- ветеринардык врачтын дайындоолоруна ылайык айыл чарба жаныбарларын дарылоо.

 

- билүүгө тийиш:

- айыл чарба жаныбарларын уруктандыруунун ветеринардык-санитардык эрежелерин;

- сперманын сапатын баалоо жана эритүү ыкмаларын;

- эркек жана ургаачы жаныбарлардын жыныстык органдарынын анатомиясын жана физиологиясын;

- айыл-чарба жаныбарларынын көбөйүүсүнүн биологиялык негиздерин;

- айыл-чарба жаныбарларын уруктандыруу техникасын;

- айыл-чарба жаныбарларынын уруктануусун жогорулатуу ыкмаларын.

- көндүмдөргө ээ болууга тийиш:

- жумуш ордун жабдуу;

- уруктандыруу үчүн шаймандарды, дезинфекциялоочу эритмелерди тандоо;

- айыл-чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу;

- айыл чарба жаныбарларын жасалма жол менен уруктандыруунун ар кандай ыкмаларын колдонуу.

 

 

Ветеринариянын негиздери

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Ветеринардык-санитардык ченемдер жана эрежелер

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Фармакологиянын негиздери

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Айыл-чарба жаныбарларынын анатомиясынын жана зоогигиенанын негиздери

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Дезинфекциялык иштерди жүргүзүү

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Айыл-чарба жаныбарларынын жалпы патологиясы жана оорулары

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Айыл-чарба жаныбарларын дарылоону уюштуруу жана жүргүзүү

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Айыл-чарба жаныбарларын жасалма уруктандыруу

 

 

ЖК-3,5 КК-1

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖК-1

КК-1-4

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖК-1

КК-2-4

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

КК-1-4

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖК-1,4

КК-1,4

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

КК 1-4

КК 1-4

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

КК-1-4

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖК-1,4,5

КК 1,5

5

ВБ

Билим берүү программасынын вариативдик бөлүгү (билим берүү уюму тарабынан аныкталат)

кесиптик компоненттин 10%

 

 

6

ӨБ; ӨП

Өндүрүштүк окутуу жана практика (практикалык көндүмдөр жана ыкмалар БП менен аныкталат)

Дисциплиналардын кесиптик компонентинин 50-60%

Дисциплиналардын кесиптик компонентинин 50-60%. 28-30кр. /840-900с.

Дисциплиналардын кесиптик компонентинин 50-60%

 

ЖК 1-6

КК 1-4

7

ДТ

Дене тарбия

68 с.

136 с.

54 с.

108 с.

 

 

8

ЖМА***

Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация

6 с.

6 с.

1 кр/30 с.

30 с.

 

 

9

БАРДЫГЫ

БПнын жалпы сыйымдуулугу

3000 с.

4440 с.

60 кр 1800 с.

2880 с.

 

 

10

 

Жумалык жүктөм

36/39 с.

36/39 с.

39 с.

36 с.

 

 

                     

 

Эскертүү:

(*) - 2-3 жыл окуу мөөнөтү менен жалпы билим берүүчү даярдоого кирген дисциплиналардын сыйымдуулугу Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык аныкталат;

(**) - циклдерге (жалпы техникалык, жалпы кесиптик, кесиптик) кирген айрым дисциплиналардын сыйымдуулугу даярдалуучу жумушчу кесиптердин профилинин багытына ылайык аныкталат;

(***) - квалификациялык экзаменден тышкары жыйынтыктоочу аттестацияга сааттар предметтик дисциплиналардын алкагында эске алынат.

 

Жаныбарларды ветеринардык дарылоо боюнча оператор (6121 Жаныбарларды ветеринардык дарылоо боюнча оператор)  кесиби боюнча кесиптик башталгыч билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандарты Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык илимий-методикалык борбордун окуу-методикалык бирикмеси тарабынан иштелип чыккан.

 

 

       Жаныбекова

      Асыл Турдугуловна

- БИМдин алдындагы РИМБнын  БКБнын мазмунун иштеп чыгуу бөлүмүнүн башкы адиси, ОМБнын төрайымы

 

__________

ОМБнын мүчөлөрү:

 

Байышбаев Алтынбек

      Жуматаевич- жеке ветеринар, Жаңыжер айыл өкмөтү         __________

 

Олейников Владимир

Васильевич - “Заветы Ильича” ККЧ - жетекчи                                __________

 

Даниярова Бурул - №47 КЛдин ө/о мастери -зооинженер    __________

 

Кутманов Турарбек                                                              

Кутанович – №47 КЛдин  ОӨУИ боюнча

директорунун орун басары                                                              __________

   

Назарматова Асира                                                              

Кеңешбековна –  №43 КЛдин ОӨУИ боюнча

директорунун орун басары                                                              __________

 

      Нелина Наталья                                                             

      Ивановна - №28 КЛдин ОӨУИ боюнча

      директорунун орун басары                                                              __________

       

 

 

 

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар