КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ
Кыргыз Республикасынын
Билим берүү жана илим министрлигинин
2024-жылдын 4-ноябрындагы
№ 1668/1 буйругу менен бекитилди
Каттоо №__________
Коду________________________
БАШТАЛГЫЧ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН
МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫ
Кесип: Жыгач усталык жана эмерек өндүрүшүнүн чебери
Квалификация: 7124 Жыгач уста
Бишкек, 2024
1-бөлүм. Жалпы жоболор
1. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн Жыгач усталык жана эмерек өндүрүшүнүн чебери (7124 Жыгач уста) кесиби боюнча Мамлекеттик билим берүү стандарты Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органы тарабынан Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
2. Бул мамлекеттик билим берүү стандартында төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
мамлекеттик билим берүү стандарты – окутуунун максаттарын жана натыйжаларын аныктоочу билим берүү программасынын минимум мазмуну, билим берүүнүн деңгээлдери боюнча даярдоого базалык талаптарды аныктоочу формалдык билим берүүнүн талаптарынын коомдук макулдашылган жыйындысы;
интеграцияланган программа – бул негизги жалпы билим берүүнүн бүтүрүүчүлөрүнө жалпы орто билим алууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн жалпы орто жана башталгыч кесиптик билим берүү программаларын бириктирүүнүн негизинде иштелип чыккан билим берүү программасы;
компетенция – билим алуучунун белгилүү бир чөйрөдө анын натыйжалуу өнүмдүү иши үчүн зарыл болгон билим берүүгө даярдоого карата алдын ала коюлган социалдык талап (ченем);
кредит (кредит-саат) - билим берүү программасынын сыйымдуулугунун шарттуу өлчөмү;
квалификациялардын улуттук алкагы - улуттук квалификациялык тутумчаларды интеграциялоого жана координациялоого, квалификациялардын салыштырмалуулугун камсыз кылууга багытталган жана квалификациянын ылайыктуулугун тастыктоо жана ыйгаруу системасы үчүн негиз болуп саналган критерийлердин топтомуна ылайык квалификациялардын деңгээлдеринин түзүмдөлгөн сыпаттамасы;
кесиптик иштин чөйрөсү - жалпы негизге ээ болгон (окшош же багыты, объекттери, технологиялары, эмгек каражаттары жакын болгон) жана аларды аткаруу үчүн эмгек функцияларынын жана тиешелүү компетенциялардын окшош топтомун болжолдогон кесиптик иштин түрлөрүнүн жыйындысы;
билим берүү программасы - конкреттүү деңгээлдеги, багыттагы же адистиктеги билим берүүнүн мазмуну;
жалпы техникалык цикл - тармактар аралык мүнөздөгү техниканын жана технологиянын илимий негиздерин үйрөнүүнү камсыз кылуучу предметтердин жыйындысы;
жалпы кесиптик цикл - мазмуну тармактар аралык мүнөздөгү иштин белгилүү бир түрүнө же белгилүү тармактын кесибине (өндүрүштүн түрүнө) багытталган предметтердин жыйындысы;
кесиптик цикл – кесип боюнча түздөн-түз даярдоону камсыз кылуучу предметтердин жыйындысы;
кесиптик стандарт - кесиптик иштин белгилүү бир түрүн жүзөгө ашыруу жана белгилүү эмгек функциясын аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын мүнөздөмөсү;
окутуунун натыйжалары – окуу процессин ийгиликтүү аяктагандан кийин билим алуучудан кандай билим, билгичтик жана көндүмдөр күтүлүшүнө карата ырастоо;
дисциплиналардын цикли - окутуунун, тарбиялоонун белгиленген максаттарына жана натыйжаларына карата белгилүү бир логикалык жыйынтыкка ээ болгон билим берүү программасынын бөлүгү же окуу дисциплиналарынын жыйындысы.
3. Ушул мамлекеттик билим берүү стандартын аткаруу кесиптик башталгыч билим берүү программаларын ишке ашыруучу бардык билим берүү уюмдары үчүн алардын уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан милдеттүү болуп саналат.
4. Ушул мамлекеттик билим берүү стандартында төмөнкү кыскартуулар колдонулат:
ВБ – вариативдик бөлүк;
ЖМА – жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация;
ЖК – жалпы компетенциялар;
ДЖБЦ – дисциплиналардын жалпы билим берүү цикли;
БП – билим берүү программасы;
ДЖКЦ – дисциплиналардын жалпы кесиптик цикли;
ДЖТЦ – дисциплиналардын жалпы техникалык цикли;
ӨО; ӨП – өндүрүштүк окутуу жана практика;
ЦКП – дисциплиналардын кесиптик цикли;
КМ – кесиптик модулдар;
ДТ – дене тарбия;
ДЦ – дисциплиналардын цикли.
5. Бул мамлекеттик билим берүү стандарты Жыгач усталык жана эмерек өндүрүшүнүн чебери (7124 Жыгач уста) кесиби боюнча билим берүү программасын ишке ашырууда милдеттүү болгон ченемдердин, эрежелердин жана талаптардын жыйындысын билдирет жана окуу, уюштуруу-методикалык документтерди иштеп чыгуу, Кыргыз Республикасынын аймагында лицензиясы жана мамлекеттик же көз карандысыз аккредитациясы бар бардык билим берүү уюмдары тарабынан кесиптик башталгыч билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүүнүн сапатын баалоо үчүн негиз болуп саналат.
6. Жыгач устачылык жана эмерек өндүрүшүнүн чебери (7124 Жыгач уста) кесиби боюнча кесиптик башталгыч билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын негизги колдонуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:
- кесиптик башталгыч билим берүү программасын ишке ашырууга укугу бар билим берүү уюмдарынын администрациясы жана педагогикалык курамы;
- ушул кесип боюнча негизги билим берүү программасын өздөштүргөн окуучулар;
- тиешелүү кесиптик иш чөйрөсүндөгү иш берүүчүлөрдүн бирикмелери;
- билим берүү программаларын иштеп чыгууну камсыз кылуучу окуу-методикалык бирикмелер жана уюмдар;
- кесиптик башталгыч билим берүүнү каржылоону камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- билим берүү системасында мыйзамдардын сакталышын контролдоону камсыз кылуучу, кесиптик башталгыч билим берүү чөйрөсүндө аккредитациялоону жана сапатты контролдоону ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
3-бөлүм. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн Жыгач усталык жана эмерек өндүрүшүнүн чебери
(7124 Жыгач уста) кесибинин жалпы мүнөздөмөсү
7. Жыгач усталык жана эмерек өндүрүшүнүн чебери (7124 Жыгач уста) кесиби боюнча билим берүү программасын өздөштүрүүнүн формалары:
- күндүзгү;
- күндүзгү-сырттан (кечки).
8. Абитуриенттердин даярдыгынын деңгээлине карата талаптар.
Абитуриент тапшырууда төмөнкү документтердин бирине ээ болууга тийиш:
- жалпы орто билими жөнүндө аттестатка;
- негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүккө;
- башталгыч кесиптик билим берүү программалары боюнча окууга базалык билими жана кандайдыр бир квалификациясы жок адамдар жалпы орто билим берүү программалары боюнча окуу жана кесиптик билим берүүнүн башка деңгээлине өтүү укугусуз кабыл алынат.
9. Жыгач усталык жана эмерек өндүрүшүнүн чебери (7124 Жыгач уста) кесиби боюнча билим берүү программасын өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөтү күндүзгү окуу формасында:
- жалпы орто билим берүүнүн базасында - 1 жыл;
негизги жалпы билим берүүнүн базасында жалпы орто билим алуу менен - 2-3 жыл.
Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында төмөнкүдөй негизги билим берүү программалары ишке ашырылат:
- негизги жалпы билим берүүнүн базасында окутуу мөөнөтү 2-3 жылдан кем эмес жалпы орто жана кесиптик башталгыч билим берүүнүн интеграцияланган программасы;
- жалпы орто билим албастан негизги жалпы билим берүүнүн базасында аскерге чакырууга чейинки даярдоо программасын камтыган 2 жылдык окуу мөөнөтү менен кесиптик башталгыч билим берүү программасы;
- жалпы орто билим берүүнүн базасында окутуу мөөнөтү 1 жылдан кем эмес кесиптик башталгыч билим берүү программасы;
- окутуу мөөнөтү 1 жылга чейин болгон кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу программалары.
Өзгөчө учурларда (ооруп калуу, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнө кызматка чакыруу) окуучунун арызы боюнча ал окуусун улантуу жана окуу максатына жетүү үчүн 3 жылдын ичинде калыбына келтирилиши мүмкүн.
10. Кесипитик билим берүү программасынын сыйымдуулугу кесиптик башталгыч билим берүү программасынын түзүмүнө ылайык (1-тиркеме), окуу жылы үчүн (стандарттык окутуу учурунда 10 ай) 52ден кем эмес кредитти түзөт (52 кр ⨯ 30 саат = 1560 саат), өз алдынча иштерди жана аттестациянын бардык түрлөрүн кошууну эске алуу менен башталгыч кесиптик билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программасынын сыйымдуулугу окутуу мөөнөтү 10 ай болгон учурда 60 кредиттен ашпоого тийиш. Мында бир кредит окуучунун окуу ишинин 30 саатына барабар.
Негизги жалпы билим берүүнүн базасында 2,3 жыл окутууда окуу жүктөмүнүн көлөмү сааттык система боюнча эсептелет (жумасына минимум 36 академиялык саат, максимум - 39 саат).
Окуучулардын окуу жүктөмүнүн максималдуу көлөмү жумасына 45 (1,5 кр) академиялык саатты түзөт, анын ичинде негизги кесиптик билим берүү программасын өздөштүрүү боюнча аудиториялык жана аудиториядан тышкаркы (өз алдынча) окуу иштеринин бардык түрлөрүн кошуу менен.
Күндүзгү окутуу формасында жумасына аудиториялык сабактардын көлөмү ар бир окуу дисциплинасын же кесиптик модулду өздөштүрүүгө бөлүнгөн жалпы көлөмдүн 80% кем эмес кесиптин өзгөчөлүгүн эске алуу менен Башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты менен аныкталат (мисалы, предметке 40 саат бөлүнөт, анын ичинен 80% же 32 саат - бул аудиториялык сабактар, калган 8 саат окутуучунун кароосу боюнча бөлүштүрүлөт).
Күндүзгү-сырттан билим алуу формасында (анын ичинде түзөтүү мекемелериндеги окуу жайлар үчүн) аудиториялык окуу жүктөмүнүн максималдуу көлөмү жумасына 16 академиялык саатты түзөт.
Окуу мөөнөтү 1 жыл болгон учурда каникулдардын жалпы узактыгы окуу жылында 11 жуманы түзөт жана кыш мезгилинде 2 жумадан кем эмес.
Өндүрүштүк окутуу жана өндүрүштүк практика билим берүү программасынын жалпы окуу убактысынын 50-60% түзөт.
Өндүрүштүк практика башталгыч кесиптик билим берүү программасынын милдеттүү бөлүмү болуп саналат жана окуучулардын практикалык багыттагы даярдыгын камсыз кылуучу окуу сабактарынын түрү болуп саналат. Кесиптик башталгыч билим берүү программасын ишке ашырууда практиканын төмөнкүдөй түрлөрү каралат: окуу (өндүрүштүк окутуу) жана өндүрүштүк. Өндүрүштүк практика окуучуларды даярдоо профилине ылайык иш алып барган уюмдарда жүргүзүлүшү керек.
11. Жыгач усталык жана эмерек өндүрүшүнүн чебери (7124 Жыгач уста) кесиби боюнча башталгыч кесиптик билим берүү программасынын максаттары:
- окутуу жаатында - жыгач жана башка материалдардан буюмдарды жана конструкцияларды орнотуу, эшик жана терезе блокторун жана кутуларды, ашкана жабдууларын, тепкичтерди, дүкөндөрдүн жабдууларын ж.б. даярдоо боюнча иштерди аткаруу боюнча квалификациялуу жумушчу кадрларды даярдоо, ошондой эле ар кандай багыттагы жыгач конструкцияларды кураштыруу, ажыратуу, оңдоо.
- инсанды тарбиялоо жаатында - окуучуларда социалдык-инсандык сапаттарды калыптандыруу: максатка умтулгандык, уюшкандык, эмгекти сүйүү, жоопкерчилик, жарандуулук, коммуникативдүүлүк, толеранттуулук жана жалпы маданиятты жогорулатуу.
12. Экономикалык иштин түрү: Курулуш. Экономикалык иштин түрчөсү: Жыгач устачылык иштери.
13. Кесиптик иштин чөйрөлөрүнө төмөнкүлөр кирет: жыгач устаканалары, жыгач устачылык цехтери, турак жай, өнөр жай жана коомдук имараттардын курулуш аянты, курулуш бирикмелери, оңдоо жана курулуш компаниялары, курулуш конструкцияларынын ар кандай түрлөрү.
14. Жыгач усталык жана эмерек өндүрүшүнүн чебери (7124 Жыгач уста) кесиби боюнча бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишинин объектилери болуп төмөнкүлөр саналат: дайындамалар, тетиктер, чогултуучу бирдиктер жана жыгачтан, жыгач материалдардан даярдалган буюмдар; бекитүүчү арматуралар жана фурнитуралар; жасалгалоочу материалдар; жыгач иштетүүчү шаймандар, станоктор жана жабдуулар; чийимдер, техникалык жана маалымдама документтер; жыгач устачылык жабдууларынын ар кандай түрлөрү.
15. Бүтүрүүчү даярдай турган кесиптик иштин түрлөрү:
- жыгач жана эмерек буюмдарын даярдоо;
- жыгач буюмдарын чогултуу.
16. Бүтүрүүчү даярдалышы керек болгон кесиптик иштин милдеттеринин тизмеси:
- жумуш процессин уюштуруу;
- даярдык иштерин аткаруу;
- жыгач конструкцияларды жана алардын элементтерин даярдоо жана орнотуу;
- жыгач конструкцияларды жана алардын элементтерин оңдоо;
- жумуш процессин аяктоо.
17. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн Жыгач усталык жана эмерек өндүрүшүнүн чебери (7124 Жыгач уста) кесиби боюнча билим берүү программасын өздөштүргөн бүтүрүүчү төмөнкүлөргө даярдалган:
- кесиптик ишке;
- кесиптик башталгыч билим берүүнүн жана орто кесиптик билим берүүнүн интеграцияланган программалары боюнча окууну улантууга.
4-бөлүм. Билим берүү программасын ишке ашыруу
шарттарына жалпы талаптар
18. Кесиптик башталгыч билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдары кесип боюнча негизги кесиптик билим берүү программасын өз алдынча иштеп чыгышат. Билим берүү программасы кесип боюнча тиешелүү Мамлекеттик билим берүү стандартынын, квалификациялардын улуттук алкагынын, квалификациялардын тармактык жана сектордук алкактарынын жана кесиптик стандарттардын негизинде эмгек рыногунун керектөөлөрүн эске алуу менен иштелип чыгат.
Билим берүү уюмдары илимдин, маданияттын, экономиканын, техниканын, технологиялардын жана социалдык чөйрөнүн өнүгүшүн эске алуу менен, ошондой эле иш берүүчүлөрдүн жана башка кызыкдар тараптардын төмөнкүдөй сунуштарына ылайык билим берүү программаларын мезгил-мезгили менен кайра карап чыгышат жана зарыл болгон учурда жаңылап турушат:
- бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатын камсыз кылуу боюнча стратегияны иштеп чыгуу;
- билим берүү программаларына мезгил-мезгили менен мониторинг жүргүзүү;
- так макулдашылган критерийлердин негизинде окуучулардын билим деңгээлин, бүтүрүүчүлөрдүн компетенцияларын баалоонун объективдүү жол-жоболорун иштеп чыгуу;
- педагогикалык курамдын сапатын жана компетенттүүлүгүн камсыз кылуу;
- ишке ашырылып жаткан билим берүү программасын жетиштүү ресурстар менен камсыз кылуу, аларды колдонуунун натыйжалуулугун контролдоо;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген аккредитациялоонун минималдуу талаптары боюнча өзүн-өзү баалоону үзгүлтүксүз жүргүзүү;
- өз ишинин натыйжалары, пландары, инновациялары жөнүндө коомчулукка маалымдоо.
19. Окуучуларды жана бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатын баалоо алардын учурдагы, орто аралык жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону камтууга тийиш.
20. Окуучуларды учурдагы аттестациялоо башталгыч кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген баалоо системасынын негизинде окуунун жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.
21. Окуучулардын квалификациялык экзамени (жыйынтыктоочу аттестациялоо) башталгыч кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте көз карандысыз квалификациялык экзамен формасында толук окутуу курсун аяктагандан кийин өткөрүлөт.
Мамлекеттик аттестациялык сынактардын башка түрлөрү окуу программасынын талаптарынын чегинде билим берүү уюму тарабынан өз алдынча аныкталат.
22. Окуучулардын жеке жетишкендиктеринин тиешелүү билим берүү программасынын этап боюнча же акыркы талаптарына ылайык келүүсүнө учурдагы, орто аралык жана жыйынтыктоочу аттестациялоо үчүн типтүү тапшырмаларды, текшерүү иштерин, модулдук тесттерди ж.б. камтыган баалоо каражаттарынын базалары түзүлөт, алар ээ болгон компетенциялардын деңгээлин баалоого мүмкүндүк берет. Баалоо каражаттарынын базасы башталгыч кесиптик билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюму тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
23. Башталгыч кесиптик билим берүү программасы дисциплиналардын кесиптик циклинин вариативдүү бөлүгүнүн окуучулардын тандоосу боюнча дисциплиналарын камтышы керек. Окуучулардын тандоосу боюнча дисциплиналардын тизмеси педагогикалык кеңештин чечими менен белгиленет.
24. Билим берүү программасын иштеп чыгууда башталгыч кесиптик билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрдүн жалпы компетенцияларын (мисалы, социалдык өз ара аракеттенүү, өзүн-өзү уюштуруу жана өз алдынча башкаруу, системалык-ишмердик мүнөздөгү компетенцияларын) калыптандыруудагы мүмкүнчүлүктөрү аныкталышы мүмкүн.
5-бөлүм. Жыгач усталык жана эмерек өндүрүшүнүн чебери (7124 жыгач уста) кесиби боюнча билим берүү программасына карата талаптар
25. Жыгач усталык жана эмерек өндүрүшүнүн чебери (7124 Жыгач уста) кесиби боюнча бүтүрүүчү ушул Мамлекеттик билим берүү стандартынын 11-пунктунда көрсөтүлгөн билим берүү программасынын максаттарына ылайык төмөнкү компетенцияларга ээ болушу керек:
- жалпы:
ЖК-1. Айлана-чөйрөнү коргоо жана өндүрүштүк экология; коопсуз жана сергек жашоо мүнөзүн уюштуруу жөнүндө билимин колдоно алат;
ЖК-2. Кесиптик баарлашуу деңгээлинде мамлекеттик (В1 деңгээли) жана расмий тилдерде өзүнүн оозеки жана жазуу жүзүндөгү сүйлөө речин логикалык жактан түзө алат;
ЖК-3. Кесиптик ишинде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонууга жөндөмдүү;
ЖК-4. Командада иштей алат, кесиптештери, жетекчилиги, керектөөчүлөр менен натыйжалуу баарлаша алат;
ЖК-5. Өз ишин пландаштырууга жана уюштурууга жөндөмдүү;
ЖК-6. Кесиптик иште негизги ишкердик билимдерди жана көндүмдөрдү колдоно алат.
- кесиптик:
КК-1. Эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасынын талаптарына ылайык жумуш ордун уюштурууга жөндөмдүү;
КК-2. Тапшырмаларды алууга жана жыгач устачылыкка керектүү жабдууларды, шаймандарды жана материалдарды даярдоого жөндөмдүү;
КК-3. Жыгач материалдардан жасалган тетиктерди кабыл алууга жана алардын сапатын визуалдык текшерүүгө, аларды даярдоочу жана чогултуучу жерге коштоп барууга жөндөмдүү;
КК-4. Түз сызыктуу жыгач курулуш конструкцияларын жана элементтерин жасоого, чогултууга жана орнотууга жөндөмдүү;
КК-5. Фигуралык жана лекалдык жыгач конструкцияларды жана элементтерди жасоого, чогултууга жана орнотууга жөндөмдүү;
КК-6. Жыгач конструкцияларды жана элементтерди ордуна туура орнотууга жөндөмдүү;
КК-7. Жыгач конструкцияларды жана элементтерди ажыратууга, оңдоого жана чогултууга жөндөмдүү;
КК-8. Аткарылган иштин сапатын текшерүүгө жана баалоого жөндөмдүү.
Башталгыч кесиптик билим берүү программасы Кыргыз Республикасынын башталгыч кесиптик билим берүүнүн ушул Мамлекеттик стандартынын тиркемесинде каралган окуу циклдерин жана бөлүмдөрүн өздөштүрүүнү божомолдойт.
27. Дисциплиналардын кесиптик цикли билим берүү уюмдары белгилеген базалык (милдеттүү) жана вариативдик бөлүккө ээ. Вариативдик бөлүк 10 пайыздан кем эмесин түзөт жана базалык бөлүктүн мазмуну менен аныкталган даярдыкты тереңдетүүгө, аймактык эмгек рыногунун суроо-талаптарына жана билим алууну улантуу мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык бүтүрүүчүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон кошумча компетенцияларга ээ болууга мүмкүндүк берет.
28. Кесиптик башталгыч билим берүү программаларынын мазмунунун милдеттүү минимумуна, аларды ишке ашыруу шарттарына, бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу аттестациялоого жана ар бир кесип боюнча алардын даярдыгынын деңгээлине карата талаптар билим берүү уюмдары тарабынан Кыргыз Республикасынын башталгыч кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык аныкталат.
6-бөлүм. Билим берүү программасын ишке ашырууда билим алуучулардын укуктарына жана милдеттерине карата
жалпы талаптар
30. Инсанды тарбиялоо жана өнүктүрүү, жалпы компетенцияларды өнүктүрүү бөлүгүндө билим берүү программасында натыйжаларга жетишүү максатында окуучулар өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө, коомдук уюмдардын, спорттук жана чыгармачылык клубдардын ишине катыша алышат.
31. Окуучулар билим берүү программасында каралган бардык тапшырмаларды белгиленген мөөнөттө аткарууга милдеттүү.
32. Билим берүү уюму билим берүү программаларын өздөштүрүүдө окуучуларды укуктары жана милдеттери менен тааныштырууга, окутуу үчүн киргизилген дисциплиналар окуучулар үчүн милдеттүү экендигин, ал эми алардын суммалык сыйымдуулугу окуу планында каралгандан кем болбоого тийиш экендигин түшүндүрүүгө милдеттүү.
33. Билим берүү уюмдары билим берүү программаларын уюштурууда жана ишке ашырууда гендердик теңчилик саясатын эске алууга, социалдык инклюзияны камсыз кылууга, ошондой эле санариптештирүүнү өнүктүрүүгө милдеттүү.
34. Окуучуларга билим берүү процессинин мазмунун, уюштурулушун жана сапатын баалоо мүмкүнчүлүгү берилиши керек.
7-бөлүм. Окуу процессин окуу-методикалык жана маалыматтык камсыздоо
35. Жыгач усталык жана эмерек өндүрүшүнүн чебери (7124 Жыгач уста) кесиби боюнча кесиптик башталгыч билим берүү программасын ишке ашыруу ар бир окуучуга маалымат базаларынын жана негизги кесиптик билим берүү программасынын дисциплиналарынын толук тизмеси боюнча түзүлгөн китепкана фонддорунун жеткиликтүүлүгү менен камсыз болууга тийиш.
Милдеттүү окуу китептеринин жана методикалык куралдардын тизмеси:
1. Степанов Б.А., Технология плотничных, столярных, стекольных и паркетных работ: Башталгыч кесиптик билим берүү үчүн окуу китеби – М.: “Академия” басма борбору, 2013.
2. Клюев Г.И., Столярно-плотничные, стекольные и паркетные работы повышенной сложности. БКБУ жана өндүрүштө даярдоо үчүн окуу куралы, Кесиптик билим берүү боюнча эксперттик кеңеш тарабынан грифке уруксат берилген, ISBN 978-5-7695-2852-1, Академия ББ, 2010.
3. Куликов О.Н., Ролин Е.И. Охрана труда в строительстве: башталгыч кесиптик билим берүү үчүн окуу китеби /. 5-басылыш.,кайра иштелип чыккан жана толукталган..—М: “Академия” басма борбору, 2010.
4. Древесиноведение и лесное товароведение: Орто кесиптик билим берүү үчүн окуу китеби /Борис Наумович Уголев. -2-бас., стер.- М.: “Академия” басма борбору, 2011.-272-б.
5. Ивилян И.А. Технология плотничных, столярных, стекольных и паркетных работ. Практикум: Башталгыч кесиптик билим берүү үчүн окуу куралы /И.А.Ивилян, Л.М.Кидалова. -М.: “Академия” басма борбору, 2011.-256-б.
6. Буйвидович Ф. В., Технология столярно-плотничных и паркетных работ: кесиптик-техникалк окуу жайлар үчүн окуу куралы/ - Минск: Жогорку мектеп, 2000.
7. Крупенко, Л.И. Охрана труда на деревообрабатывающих и мебельных предприятиях / Л.И.Крупенко. – М.: Токой өнөр жайы, 1979. – 192-б.
8. Лапин, А. Мебель своими руками (СД видеокурсу менен) / А.Лапин. – СПб.: Питер, 2010. – 208-б.
9. Новицкий, О.В. Современные лестницы. Проектирование, изготовление, монтаж / О.В.Новицкий. - М.: Аделант ЖЧК, 2008. – 88-б. 12.
10. Степанов Б.А. Материаловедение для профессий, связанных с обработкой дерева. – М.: “Академия” басма борбору, 2015. – 328-б.
Дидактикалык материалдар:
- курстун бардык темалары боюнча чертёждор же эскиздер;
- плакаттар;
- нускама-технологиялык карталардын топтому.
36. Билим берүү программасын ишке ашыруу үчүн окуучулардын зарыл болгон окуу адабияты жана/же электрондук адабият менен камсыз болушу лицензиялык талаптарга ылайык келүүгө тийиш. Окуу маалымат булактары заманбап талаптарга жооп бериши керек.
37. Билим берүү процессинде мыйзам актылары, ченемдик документтер, кесиптик багыттагы мезгилдүү басылмалардын материалдары колдонулууга тийиш.
38. Билим берүү уюму ар кандай формада кесиптик окутууну, анын ичинде аралыктан окутууну уюштуруу үчүн шарттарды камсыз кылууга милдеттүү.
8- бөлүм. Окуу процессин материалдык-техникалык камсыздоо
39. Жыгач усталык жана эмерек өндүрүшүнүн чебери (7124 Жыгач уста) кесиби боюнча башталгыч кесиптик билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюму окуучуларды дисциплинардык, дисциплиналар аралык даярдоонун жана практикалык иштин бардык түрлөрүн жүргүзүүнү камсыз кылуучу тиешелүү материалдык-техникалык базага ээ болууга тийиш:
- Интерактивдүү доска – 1 даана.
- Проектор – 1 даана.
- Принтер – 1 даана.
Сарпталуучу материалдар:
- ЛДСП – 10 лист;
- Бурамалар – 10 кг;
- Бастырмалар – 10 даана;
- Полоздор;
- ПВА клей – 3 банка;
- ЛДСП түстүү капкактар – 50 даана;
- 50 мм конфермант - 10 кг;
- Эшик туткалары – 40 даана;
- Доска 2000х100х25-10 даана;
- Доска 1300х100х25-10 даана;
- Доска 1000х100х25-10 даана;
- Брус 1000х40х40-20 даана;
- Казыктар М10, узундугу 500мм-20 даана;
- Гайкалар М10-40 даана;
- Эмерек болттору-100 даана.
Куралдар:
- Рулетка – 4 даана.
- Метр – 10 даана.
- Сызгыч – 10 даана.
- Угольник – 2 даана.
- 32 мм фреза – 3 даана.
- Штангенциркуль – 2 даана.
- Жөнөкөй калем, катуу – 5 даана.
- Балка – 5 даана.
- Лазердик деңгээл – 1 даана.
- Шуруп бурагыч – 3 даана;
- Электр бургу – 3 даана;
- Стамеска – 10 даана;
- Кескич бычак – 10 даана;
- Жыгач кесүүчү кол араа;
- Түрдүү диаметрдеги көзөөч.
Жабдуулар:
- Дисктүү электр кол араа – 3 даана;
- Электр жылмалоочу машина – 3 даана.
- Элект сүргүлөр – 3 даана.
- Ваймдар – 5 даана.
- Электр оймо араа – 5 даана.
- Жыгач устачылык верстагы – 10 даана;
- Тегерек аралоочу станок – 1 даана.
Лабораториялар: электр жана электрондук техника;
Устаканалар: жыгач устакана
Устакана үчүн эмеректер: жумушчу кийимдер үчүн шкаф, техникалык документтер үчүн шкаф, аптечка, жеке коргонуу каражаттарынын топтому.
Окуу кабинеттери: жыгач устачылык жана эмерек жумуштарынын технологиясы; “Техникалык черчение” атайын дисциплиналары.
Залдар: китепкана, Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар окуу залы; жыйындар залы, спорт зал.
Медпункт, ашкана.
40. Билим берүү программасын ишке ашыруунун сапатын баалоо.
Бүтүрүүчүнүн кесиптик компетенттүүлүгүнүн далилдери жумуш ордундагы операцияларга тиешелүү болууга, Жыгач устачылык жана эмерек өндүрүшүнүн чебери (7124 Жыгач уста) кесиптик стандартынын компетенттүү иштин критерийлеринин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
Окутуунун натыйжаларын текшерүү ыкмалары: тестирлөө, интервью, лабораториялык жана практикалык тапшырмаларды аткарууда көндүмдөрдү көрсөтүү, портфолио.
- окуучулардын зарыл болгон билимдерин жазуу жүзүндө жана /же оозеки баалоо.
|
|
Кыргыз Республикасынын Кесиптик башталгыч билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы №371 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын макетине ылайык) |
Жыгач усталык жана эмерек өндүрүшүнүн чебери (7124 Жыгач уста) кесиби боюнча
кесиптик башталгыч билим берүү программасынын
ТҮЗҮМҮ
№ |
Дисциплиналардын циклинин (ДЦ) коддору |
Дисциплиналардын циклдери жана аларды өздөштүрүүнүн долбоорлонгон натыйжалары |
Жалпы негизги билим берүүнүн базасында (9-кл.) жалпы орто билим жана кесип алуу менен |
Жалпы орто билимдин базасында (11-кл.) Сыйымдуулугу** (кредит-сааттар) |
Жалпы орто билим албастан |
Болжолдуу программаларды иштеп чыгуу үчүн дисциплиналардын тизмеси |
Калыптануучу компетенциялардын коддору |
|
2 ж. |
3 ж. |
1 ж. |
2 ж. |
|||||
1 |
ДЖЦ* |
Дисциплиналардын жалпы билим берүү цикли. Циклди өздөштүрүүнүн натыйжасында окуучу: билүүгө тийиш: - баарлашуу чөйрөсүн, жагдайларды, кырдаалдарды; - кеп коммуникациясынын катышуучуларынын социалдык жана статустук ролдорун; - лексика-грамматикалык деңгээлдеги тил тутумун жана стилистикалык ресурстарды; - минималдуу жалпы илимий китеп лексикасын жана терминдерди; - кесиптик иштин алкагында сүйлөө темаларынын минимумун; - ишкердик баарлашуунун сүйлөө өзгөчөлүктөрүн (расмий жагдайда кайрылуу, баарлашуу, өтүнүчтү, баш тартууну, макул/макул эместикти, ыраазычылыкты, куттуктоолорду ж. б. айтуудагы минимум этикеттик формулалар жана эрежелер). - кызматтык-ишкердик кептин түрлөрүн жана жанрларын. көндүмдөргө ээ болууга тийиш: - сүйлөө этикетинин эрежелерине ылайык расмий, кызматтык-ишкердик маектерди/сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; - ийгиликтүү байланышка жетүү үчүн баарлашуу стратегиясын түзүү; - кесиптик иш жаатындагы актуалдуу темалар боюнча ишкердик стилдеги айтымдарды иштеп чыгуу (түзүү, жаратуу) жана туура чечмелөө; - орус тилинин этикетинин эрежелерине ылайык расмий жана жарым-жартылай расмий кызматтык-ишкердик маектерди / сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; - профилдин/адистиктин жана кызматтык-иш документтеринин алкагында окуу иштерин туура тариздөө.
билүүгө тийиш: - зыяндуу адаттар (тамеки чегүү, насвай, алкоголь, баңгизат) жана алардын кесепеттери жөнүндө; - сергек жашоо мүнөзүнүн тобокелдик факторлору жөнүндө; - рационалдуу жана гигиеналык режим жана тамактануу жөнүндө. көндүмдөргө ээ болууга тийиш: - зыяндуу адаттардан баш тартуу; - сергек жашоо мүнөзүн камсыз кылуу каражаттарынын жана методдорунун жалпы топтомун иш жүзүнө ашыруу; - жашоонун рационалдуу режимин сактоо; - рационалдуу тамактанууну сактоо; - иммунитетти көтөрүүчү көнүгүүлөрдү аткаруу жана чыйралуу. |
*1768 с. (10-кл;11-кл.) |
*2006 с. (10-кл; 11-кл.) |
3 кр/90 с. |
240 с. |
Кесиптик кыргыз / орус тилдери.
Коопсуз сергек жашоо мүнөзү. |
ЖК 2 - 4
ЖК 1-3 |
2 |
ДКК |
Дисциплиналардын кесиптик компоненти |
1232 с. |
2434 с. |
56 кр/1680 с. |
2532 с. |
|
|
4
2.1 |
ДЖТЦ** ДЖКЦ*
|
Дисциплиналардын жалпы кесиптик цикли. Жалпы техникалык цикл Циклди өздөштүрүүнүн натыйжасында окуучу: билүүгө тийиш: - электр орнотмолору үчүн бирдиктүү принципиалдуу схеманын жана долбоордук документтердин талаптарын; - чертеждорду жана электр схемаларын түзүүнүн негизги эрежелери жана ченемдик техникалык документтердин түрлөрүн; - техникалык жана технологиялык документтерди окуу эрежелери, өндүрүштүк документтердин түрлөрүн. көндүмдөргө ээ болууга тийиш: - электр чертеждорун окуу; - электр орнотмолорунун схемаларын окуу.
билүүгө тийиш: - электр схемаларынын элементтерин, аларды бириктирүүнүн түрлөрүн аныктоону жана белгилөөнү; - электр өлчөөлөрдүн түрлөрүн жана ыкмаларын; - токтун күчүн, чыңалуусун, электр тогунун кубаттуулугун жана өткөргүчтөрдүн каршылыгын өлчөө бирдиктерин. - жөнөкөй электр, магниттик жана электрондук схемалардын негизги параметрлерин эсептөө жана өлчөө ыкмаларын; - туруктуу жана өзгөрүлмө токтун касиеттерин; - өткөргүчтөрдү жана ток булактарын ырааттуу жана параллелдүү туташтыруу принциптерин; - электр өлчөөчү приборлорду (амперметр, вольтметр), алардын түзүлүшүн, иштөө принцибин жана электр чынжырына кошуу эрежелерин; - магнит талаасынын касиеттерин; - туруктуу жана өзгөрүлмө токтун кыймылдаткычтарынын түзүлүшүн жана иштөө принцибин; - пайдаланылып жаткан жабдууларда орнотулган электр кыймылдаткычтарын иштетүү, токтотуу эрежелерин; - электр орнотмолорундагы коопсуздук чараларын, электр тогунан жабыр тарткандарга биринчи жардам көрсөтүүнү. көндүмдөргө ээ болууга тийиш: - структуралык, монтаждык жана жөнөкөй принциптүү электр схемаларын окуу; - электр, магниттик жана жөнөкөй электрондук чынжырлардын негизги параметрлерин эсептөө жана өлчөө; - электр ченөөчү приборлорду ишинде пайдалануу; - пайдаланылып жаткан жабдууга орнотулган электр кыймылдаткычын иштетүү жана токтотуу. Жалпы кесиптик цикл Циклди өздөштүрүүнүн натыйжасында окуучу: билүүгө тийиш: - ишкердик иш жаатындагы ченемдик укуктук базаны; - Кыргыз Республикасындагы экономиканын жана ишкердиктин абалын; - чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө жагымдуу потенциалды жана факторлорду, чакан бизнести насыялоону; - бизнес-планды иштеп чыгуу технологиясын; - өз ишин уюштуруунун теориялык жана методологиялык негиздерин. көндүмдөргө ээ болууга тийиш: - ишкердик ишке шыктуулукка психологиялык өзүн-өзү талдоо жүргүзүү; - ишкердик иштин уюштуруу-укуктук формасын тандоо; - бухгалтердик отчеттуулуктун формасын толтуруу; - рынокту изилдөөнүн ар кандай ыкмаларын колдонуу; - башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу; - атаандаштар, керектөөчүлөр, жеткирүүчүлөр жөнүндө маалыматтарды топтоо жана талдоо; - экономикалык эсептөөлөр; - өндүрүштүк ишти пландаштыруу; - бизнес-планды иштеп чыгуу; - презентация өткөрүү.
билүүгө тийиш: - экология мыйзамдарды жана уюмдун ишине жайылтылуучу эмгекти коргоонун мамлекеттик ченемдик талаптарын камтыган башка ченемдик укуктук актыларды; - кызматкерлердин эмгекти коргоо жаатындагы милдеттерин; - өзүнүн ишинин (же аракетсиздигинин) иш жүзүндөгү же потенциалдуу кесепеттерин жана алардын эмгек коопсуздугунун деңгээлине тийгизген таасирин; - технологиялык процесстерди жана өндүрүштүк нускамаларды баш ийген кызматкерлер (персонал) сактабагандыгынан мүмкүн болгон кесепеттерди; - эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча нускамалардын тартибин жана мезгилдүүлүгүн; - жамааттык жана жеке коргонуу каражаттарын сактоо жана пайдалануу тартибин. көндүмдөргө ээ болууга тийиш: - коркунучтуу жана зыяндуу өндүрүштүк факторлорду жана кесиптик иштин мурдагы, азыркы же пландаштырылган түрлөрү менен байланышкан аларга тиешелүү тобокелдиктерди аныктоо; - аткарган кесиптик иштин мүнөзүнө ылайык жамааттык жана жеке коргонуу каражаттарын пайдалануу; - эмгек шарттары боюнча жумуш орундарын аттестациялоо, анын ичинде кесиптик ишиндеги эмгек шарттарын жана жаракат алуу коопсуздугунун деңгээлин баалоо; - жыгач устанын киришүүчү нускамасы, аткарылуучу иштердин өзгөчөлүгүн эске алуу менен жумуш ордунда коопсуздук техникасынын маселелери боюнча нускама берүү; - эмгек коопсуздугунун талап кылынган деңгээлине жетүү үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү иштеп чыгуу жана контролдоо.
билүүгө тийиш: - рынок экономикасынын принциптерин; уюмдардын уюштуруу-укуктук формаларын; - эмгек мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдардын негизги жоболорун; - эмгек акыны түзүү механизмдерин; - эмгек акы төлөө формаларын. көндүмдөргө ээ болууга тийиш: - тамак-аш продукциясын өндүрүүнүн жалпы экономикалык маселелеринде багыт берүү; - конкреттүү өндүрүштүк кырдаалдарда экономикалык жана укуктук билимдерди колдонуу; - колдонуудагы мыйзамдардын алкагында өзүнүн эмгектик укуктарын коргоо.
билүүгө тийиш: - жыгач буюмдарын жасоодо колдонулуучу материалдарды; - материалдарды стандартташтырууну; - материалдардын касиеттерин; - физикалык, механикалык, химиялык касиеттерди: түс, жылтыроо, текстура, нымдуулук ж. б.; - жыгачтын кемчиликтерин, алардын классификациясын, курулуш материалдары жөнүндө негизги маалыматтарды; - материалдардын жалпы классификациясын, алардын негизги касиеттерин жана колдонуу чөйрөсүн. көндүмдөргө ээ болууга тийиш: - жыгачтын түрлөрүн макроскопиялык белгилери боюнча аныктоо. - жыгачтын кемчиликтерин үлгүлөр боюнча аныктоо. - көлөмдү аныктоо; - материалдын аянтын аныктоо; - курулуш материалдарынын негизги касиеттерин аныктоо; - лист материалдарды иштетүүгө даярдоо; - лист материалдарды кесүү ыкмалары. |
|
|
10 кр/300 с. |
|
Чиймелерди окуу
Электр техникасынын жана электрониканын негиздери
Бизнестин жана ишкердиктин негиздери
Эмгекти коргоо жана өндүрүштүк экология
Кесиптик иш аракеттерди укуктук жактан камсыздоо
Материал таануу |
КК- 1 ЖК-1, ЖК-3
КК1;4 ЖК1-3
КК-4 ЖК-1, ЖК-4
ЖК-4-6
КК 1, 8
ЖК1-5 КК-1-8
ЖК1-5
КК-1-7
|
|
4
|
Дисциплиналардын кесиптик цикли. Базалык бөлүк: |
|
|
|
|
Материал таануу Чиймелерди окуу Жыгач иштетүү технологиясы
Жыгач иштетүү технологиясы
Жыгач буюмдарды даярдоо жана оңдоо технологиясы
Жыгач буюмдарды даярдоо жана оңдоо технологиясы
Жыгач буюмдарды даярдоо жана оңдоо технологиясы Материал таануу
Материал таануу Электр техникасынын жана электрониканын негиздери
Жыгач буюмдарды даярдоо жана оңдоо технологиясы
Жыгач буюмдарды даярдоо жана оңдоо технологиясы |
ЖК1-3 КК1,2
ЖК-1-6 КК-3-4
ЖК1-6 КК3-6
ЖК1-6 КК-4,7,8
ЖК1-6 КК-5
ЖК1-6 КК5,6
КК-7,8
КК-8
|
|
|
Кесиптик циклди жана модулдарды өздөштүрүүнүн натыйжасында окуучу төмөнкүлөргө милдеттүү: билүүгө: - жумуш ордунда техникалык коопсуздук эрежелерин (электр коопсуздугу, өрт коопсуздугу, экологиялык коопсуздук) ; - жеке коргонуу каражаттарын колдонуу эрежелерин; - электр шаймандарын жана механизмдерин иштетүү эрежелерин; - нускоочу-технологиялык карта (НТК) боюнча талаптарды; - кол менен иштетилүүчү жыгач устачылык шаймандарынын жана электр шаймандарынын түзүлүшүн жана колдонуу эрежелерин; - жыгач устачылык иштерин аткарууда пайдаланылуучу шаймандардын жана жабдуулардын бузулуу белгилерин; - жыгач материалдардан тетиктерди жана буюмдарды өндүрүү технологиясын; - эрежелерди, ыкмаларды жана аткаруу техникасын: тетиктердин бетин белгилөө, жыгач буюмдарды даярдоо, жээк материалдарды чаптоо, тешиктерди бургулоо жана иштетүү; - иш процессин ийгиликтүү уюштуруу үчүн жумуш ордунда тобокелдик факторлорун, кемчиликтерди, дал келбестиктерди. көндүмдөргө ээ болууга: - даярдык иштерин аткарууда коопсуздук техникасынын эрежелерин сактоо; - жумушчу аспаптардын оң абалда экендигин текшерүү, беттерди илүү; - эмгекти коргоо, өнөр жай коопсуздугу жана өндүрүштүк санитария эрежелерине ылайык жумуш ордун уюштуруунун коопсуздугун баалоо; - НТКны окуу; - жыгачтан жасалган материалдардан курулган эмеректерди чогултууда фурнитураларды жана бекиткичтерди орнотуу үчүн шаймандарды, жабдууларды тандоо; - жыгач устачылык, жыгач материалдарынан курулган эмеректерди чогултуу үчүн типтүү аспаптардын, шаймандардын, жабдуулардын оң экендигин баалоо; - жетекчиликке жумуш ордунда аныкталган кемчиликтер жөнүндө маалымдоо. билүүгө: - ар кандай жыгач буюмдарды жасоого техникалык шарттарды; - жыгач буюмдарды даярдоодо жана орнотууда пайдаланылуучу аспаптардын, шаймандардын жана жабдуулардын багытын жана түрлөрүн; - жыгачтын түрлөрүн жана касиеттерин; - пайдаланылуучу жыгач материалдарынын техникалык мүнөздөмөлөрүн жана сапатына карата талаптарды; - жыгач иштетүүнүн түрлөрүн жана ыкмаларын; - жыгач буюмдарды жана тетиктерди жасоонун түрлөрүн, классификациясын жана ыкмаларын; - терезе байлагычтарды, эшик полотнолорун кол менен жана механикалаштырылган ыкма менен даярдоонун, аларды блокторго комплектөөнүн жана блокторду ордуна коюунун конструкцияларын жана технологияларын; - жыгач устачылыктагы бириктирүүлөрдү жана байланыштыруунун түрлөрүн жана ыкмаларын; - жыгач устачылык-монтаждоо иштеринин түрлөрүн жана аткаруу ыкмаларын; - жыгач материалдардан жасалган орнотулуучу эмеректи чогултуу технологиясын; - жыгач буюмдарынын бетин жасалгалоо түрлөрүн жана аларга коюлуучу талаптарды; - жыгач конструкцияларды жана элементтерди даярдоодо мүмкүн болуучу кемчиликтердин түрлөрүн, аларды алдын алуу жана жоюу ыкмаларын; - жыгач материалдардан жасалган орнотулуучу эмеректерди жасоо үчүн колдонулган фурнитуралардын жана бекитүүчү элементтердин ассортиментин. көндүмдөргө ээ болууга: - жыгач иштетүүчү жабдуулар, аспаптар жана шаймандар менен иштөө жөндөмү; - чертеждорду окуу; - эскиздерди аткаруу; - жыгач менен иштөө; - жыгач буюмдарынын дайындамалары менен иштөө; - жасалгалоочу материалдар менен иштөө; - НТКга ылайык иштер; - түйүндөрдү жана буюмдарды чогултууда пайдаланылуучу материалдарды даярдоодо жана иштетүүдө сапаттык көрсөткүчтөрдүн ченемдик көрсөткүчтөрдөн четтөөсүн аныктоо; - жыгач материалдардан жасалган орнотулуучу эмеректи чогултуу; - материалдарды иштетүүдө, жыгач материалдарынан жасалган орнотулуучу эмеректердин түйүндөрүн жана буюмдарын чогултууда майда кемчиликтерди жоюу билүүгө: - эмгекти коргоо, өнөр жай коопсуздугу, өндүрүштүк санитария боюнча эрежелердин талаптарын; - техникалык жана кураштыруу документтерин окуу эрежелерин; - жыгач материалдарынан эмерек буюмдарын чогултуу технологиясын; - пайдаланылуучу жыгач материалдарынын, фурнитуралардын жана бекитүүчү материалдардын техникалык мүнөздөмөлөрүн жана сапатына карата талаптарды; көндүмдөргө ээ болууга: - жыгач материалдардан жасалган эмерек буюмдарынын бириктиргичтерин жана түйүндөрүн чогултууда пайдаланылуучу материалдарды даярдоодо жана иштетүүдө сапаттык көрсөткүчтөрдүн ченемдик көрсөткүчтөрдөн четтөөсүн аныктоо; - орнотулуучу эмеректин элементтерин чогултуу; - чогултула турган буюмга керектүү фурнитураны жана бекитүүчү материалдарды орнотуу; - орнотулуучу эмерек үчүн бириктиргичтерди чогултууда колдонулуучу жыгач материалдарды иштетүүдөгү кемчиликтерди четтетүү.
билүүгө: - технологиялык процессти сактоо эрежелерин; - түз сызыктуу курулуш конструкцияларын даярдоону жана чогултууну; - жыгач элементтерди бириктирүү жана чогултуу ыкмаларын; - жыгачтын айрым жерлерин жамоо ыкмаларын; - жыгач буюмдарды жасоо, чогултуу, оңдоо жана орнотуу ыкмаларын; - пайдаланылуучу аспаптардын жана шаймандардын багытын жана колдонуу эрежелерин; - эмгек коопсуздугунун эрежелерин жана жеке коргонуу каражаттарын колдонууну. көндүмдөргө ээ болууга: - иштин ушул түрлөрү боюнча технологиялык процесстин эрежелерин сактоо. - жарандык жана өнөр жай имараттары үчүн түз фрамугаларды, терезе жапкычтарын, терезенин туюк көздөрүн чогултуу жана оңдоо жөндөмдүүлүгү; - терезенин туюк көздөрүн жана фрамугаларды орнотуу жөндөмдүүлүгү; - оюп орнотуучу приборлорду жөнөкөй жана жарым-жартылай оюлма жерге орнотуу жөндөмдүүлүгү; - жумуш ордун уюштуруу жана кармоо мүмкүнчүлүгү; - иштин көлөмүн эсептөө; - материалдарды үнөмдүү сарптоо; - колдонулуучу материалдардын жарактуулугун аныктоо; - эмгек коопсуздугунун, эмгек гигиенасынын, өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо. - жеке коргонуу каражаттарын колдонуу.
билүүгө: - жыгачтан фигуралык буюмдарды даярдоонун жана орнотуунун технологиялык процессин; - татаал жыгач буюмдарды даярдоо, орнотуу жана илип коюу ыкмаларын; - чертеждорду окууну; - техникалык көрсөтмөлөрдү окуу; - ар кандай жыгач буюмдарды жасоого техникалык шарттарды; - жыгачтын түрлөрүн жана касиеттерин; - жыгачтын кемчиликтеринин түрлөрүн жана аларды жоюу ыкмаларын; - жыгач иштетүүдөгү жол берүүнү жана отургузууну. көндүмдөргө ээ болууга: - жыгач буюмдарды даярдоодо жана орнотууда пайдаланылуучу аспаптарды, шаймандарды жана жабдууларды колдонуу; - жыгач буюмдарды жана тетиктерди жасоо ыкмаларын колдонуу; - механикалаштырылган ыкма менен кармагычтарды, плинтустарды, карниздерди, жыгач тосмолорун, панелдерди, орнотулуучу эмеректерди конструкциялоо жана даярдоо технологиясын колдонуу; - жыгач конструкцияларды жана элементтерди даярдоодо алардын алдын алуу жана жоюу ыкмаларын колдонуу менен мүмкүн болгон кемчиликтердин түрлөрүн болтурбоо; - жыгач буюмдарын жасалгалоонун түрлөрүн колдонуу; - жасалгалоочу материалдарды колдонуу.
билүүгө: - жыгач конструкцияларды орнотууда колдонулуучу аспаптардын жана шаймандардын түрлөрүн; - жыгачтын түрлөрүн жана касиеттерин; - жыгач иштетүүдөгү жол берүүнү жана отургузууну; - жыгач конструкциялардын түзүлүшүн жана классификациясын; - жыгач буюмдардын элементтерин бириктирүү жана чогултуу ыкмаларын; - жыгачтын айрым жерлерин жамоо ыкмаларын; - жыгач конструкцияларды орнотууда колдонулуучу тыгыздоочу материалдардын жана бекиткичтердин түрлөрүн; - монтаждык тетиктерге карата талаптарды; - МДФтин багытын, түрлөрүн жана касиеттерин; - жыгач кырындыларынан жасалган плиталардын багытын, түрлөрүн жана касиеттерин. көндүмдөргө ээ болууга: - иштерди аткарууга НКТны колдонуу; - эшик жана терезе блокторун, терезенин алдындагы такталарды жана монтаждык торсундарды орнотуу; - филенка тосмолорун орнотуу; - МДФ панелдерин орнотуу; - дубалдарды жыгач кырындалыран жасалган материалдар менен каптоо;
билүүгө: - оңдоонун түрлөрүн, максатын жана классификациясын; - жыгач конструкцияларды оңдоодо, ажыратууда жана куроодо колдонулуучу аспаптардын жана шаймандардын түрлөрүн; - жыгач бириктиргичтердин кемчиликтерин жана аларды жоюу ыкмаларын; - жыгач иштетүүдөгү жол берүүнү жана отургузууну; - катуу жана баалуу жыгачтын касиеттерин; - жыгач конструкциялардын түзүлүшүн жана классификациясын; - жыгач конструкцияларды орнотууда колдонулуучу тыгыздоочу материалдардын жана бекиткичтердин түрлөрүн; - жыгач конструкциялардагы жана элементтердеги кемчиликтердин түрлөрүн жана аларды жоюу ыкмаларын; - жасалгалоочу материалдардын багытын, түрлөрүн жана аларды колдонууну; - беттердин жасалгаланышынын түрлөрүн жана реставрациялоо ыкмаларын; - фурнитуранын түрлөрүн жана алмаштыруу технологиясын. көндүмдөргө ээ болууга: - жыгач конструкцияларды чогултуу, оңдоо, орнотуу; - аспаптар жана шаймандар менен иштөө; - жасалгалоочу материалдар менен иштөө.
билүүгө: - терезе, эшик блокторун, орнотулуучу эмерек буюмдарын чогултуу, орнотуу боюнча конструктордук жана технологиялык документтерди окуу эрежелерин; - фурнитураны жана бекиткичтерди жөндөө ыкмаларын; - жыгач устачылыкта колдонулуучу фурнитуралардын жана бекиткичтердин ассортиментин; - жыгач бириктиргичтерди чогултууда жана сыноодо аныкталган кемчиликтерди жоюу ыкмаларын; - жыгач устачылык-монтаждоо жумуштарында аныкталган кемчиликтерди жоюу ыкмаларын; - жыгач тетиктерди жасоонун, аларды бириктирүү ыкмаларынын, жыгач устачылык-монтаждоочу иштердин сапатына, жыгач материалдардан жасалган орнотулуучу эмеректердин элементтеринин жана даяр буюмдарынын сапатына карата талаптар; - эмгекти коргоо, электр жана өрт коопсуздугу боюнча эрежелердин талаптарын. көндүмдөргө ээ болууга: - конструктордук жана технологиялык документтерди окуу жана талдоо; - жыгач бириктиргичтерди, жыгач материалдарынан жасалган эмерек буюмдарын чогултуунун тактыгын текшерүү үчүн өлчөө куралдарын колдонуу; - жыгач буюмдардын жана жыгач материалдарынан жасалган орнотулуучу эмеректердин кыймылдуу элементтеринин иштөө жөндөмдүүлүгүн жана бышыктыгын аныктоо; - жыгач буюмдарды жана орнотулуучу эмеректерди сыноо процессинде чогултуу жана жөндөө иштеринин сапатын жана тактыгын баалоо; - буюмду чогултууда аныкталган кемчиликтерди четтетүү жана бириктиргичтерди жөнгө салуу; - КТ, электр жана өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо; билүүгө: - жумуш ордун тазалоо жана жыйноо эрежелерин; - курулуш таштандыларын чогултуучу жерлерди; - техникалык таштандыларды чогултуу жана чыгаруу эрежелерин. көндүмдөргө ээ болууга: - аспаптарды жана жабдууларды тазалоо; - жайды жыгач устачылык жумуштарынын (таарындылардын) калдыктарынан тазалоо жана жыйноо; - курулуш таштандыларын таңгактоо жана белгиленген жерге жыйноо; - жумуш аяктагандан кийин электр шаймандарын иретке келтирүү; - жумуш бүткөндө өзүнүн жумуш ордун тазалоо. |
|
|
||||
5 |
ВБ |
НКБПнын вариативдик бөлүгү (билим берүү уюму тарабынан аныкталат)
|
Кесиптик компоненттин 10% |
Кесиптик компоненттин 10% 1 кредит- 30с |
|
ЖК- 4 |
||
6 |
ӨО; ӨП |
Өндүрүштүк окутуу жана практика (практикалык жөндөмдөр жана көндүмдөр НКБПда аныкталат) |
Дисциплиналардын кесиптик компонентинин 50-60% |
Дисциплиналардын кесиптик компонентинин 50-60% 28-30 кр./840-900 с. |
50-60% Дисциплиналардын кесиптик компонентинин |
|
ЖК 1-6 КК 1-6 |
|
7 |
ДТ |
Дене тарбия |
68 с. |
136 с. |
54с. |
108 с. |
|
|
8 |
ЖМА*** |
Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация |
6 с. |
6 с. |
1 кр/30 с. |
30 с. |
|
|
9 |
БАРДЫГЫ |
НКБПнын жалпы сыйымдуулугу |
3000 с. |
4440 с. |
60 кр/1800 с. |
2880 с. |
|
|
10 |
|
Жумалык жүктөм |
36/39 с. |
36/39 с. |
39 с. |
36 с. |
|
|
Эскертүү:
(*) - 2-3 жыл окуу мөөнөтү менен жалпы билим берүүчү даярдоого кирген дисциплиналардын сыйымдуулугу Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык аныкталат;
(**) - циклдерге (жалпы техникалык, жалпы кесиптик, кесиптик) кирген айрым дисциплиналардын сыйымдуулугу даярдалуучу жумушчу кесиптердин профилинин багытына ылайык аныкталат;
(***) - квалификациялык экзаменден тышкары жыйынтыктоочу аттестацияга сааттар предметтик дисциплиналардын алкагында эсепке алынат.
Жалпы орто мектептин базасында (11-кл.) даярдоо жүргүзүлүп жаткан кесиптер боюнча кредит-сааттарга которуу жана аларды оңдоо пилоттук лицейлерде жүргүзүлгөн апробациянын жыйынтыгы боюнча мүмкүн.
Жыгач усталык жана эмерек өндүрүшүнүн чебери (7124 жыгач уста) кесиби боюнча кесиптик башталгыч билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандарты Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык илимий-методикалык борбордун окуу-методикалык бирикмеси тарабынан иштелип чыккан.
|
Омурзакова Зейнеп Айтбаевна
|
- РИМБнын БКБнын мазмунун иштеп чыгуу бөлүмүнүн башчысы, төрайым |
__________ |
|||
|
ОМБнын мүчөлөрү: |
|
|
|||
|
Катыбов Расул Катыбович |
“Кыргыз эмерек” ААК
|
__________ |
|||
|
Исмаилов Нурбек Жолдошевич |
|
__________
|
|||
Кудабаев Толобек |
- №5 КЛдин ө/о мастери |
__________ |
|
|||
Осмонович
Беда Ирина Ивановна - ПЛ №4 КЛдин методисти ___________