КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН
БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ
Кыргыз Республикасынын
Билим берүү жана илим министрлигинин
2024-жылдын 4-ноябрындагы
№ 1668/1 буйругу менен бекитилди
Каттоо №__________
Коду________________________
КЕСИПТИК БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН
МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫ
Кесип: Автотранспорт каражаттарын оңдоо боюнча слесарь
Квалификация: 7231 Автотранспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча слесарь
Бишкек, 2024
1-бөлүм. Жалпы жоболор
1. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн Автотранспорт каражаттарын оңдоо боюнча слесарь (7231 Автотранспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча слесарь) кесиби боюнча Мамлекеттик билим берүү стандарты Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органы тарабынан Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.
2. Бул мамлекеттик билим берүү стандартында төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:
мамлекеттик билим берүү стандарты – окутуунун максаттарын жана натыйжаларын аныктоочу билим берүү программасынын минимум мазмуну, билим берүүнүн деңгээлдери боюнча даярдоого базалык талаптарды аныктоочу формалдык билим берүүнүн талаптарынын коомдук макулдашылган жыйындысы;
интеграцияланган программа – бул негизги жалпы билим берүүнүн бүтүрүүчүлөрүнө жалпы орто билим алууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн жалпы орто жана башталгыч кесиптик билим берүү программаларын бириктирүүнүн негизинде иштелип чыккан билим берүү программасы;
компетенция – билим алуучунун белгилүү бир чөйрөдө анын натыйжалуу өнүмдүү иши үчүн зарыл болгон билим берүүгө даярдоого карата алдын ала коюлган социалдык талап (ченем);
кредит (кредит-саат) - билим берүү программасынын сыйымдуулугунун шарттуу өлчөмү;
квалификациялардын улуттук алкагы - улуттук квалификациялык тутумчаларды интеграциялоого жана координациялоого, квалификациялардын салыштырмалуулугун камсыз кылууга багытталган жана квалификациянын ылайыктуулугун тастыктоо жана ыйгаруу системасы үчүн негиз болуп саналган критерийлердин топтомуна ылайык квалификациялардын деңгээлдеринин түзүмдөлгөн сыпаттамасы;
кесиптик иштин чөйрөсү - жалпы негизге ээ болгон (окшош же багыты, объекттери, технологиялары, эмгек каражаттары жакын болгон) жана аларды аткаруу үчүн эмгек функцияларынын жана тиешелүү компетенциялардын окшош топтомун болжолдогон кесиптик иштин түрлөрүнүн жыйындысы;
билим берүү программасы - конкреттүү деңгээлдеги, багыттагы же адистиктеги билим берүүнүн мазмуну;
жалпы техникалык цикл - тармактар аралык мүнөздөгү техниканын жана технологиянын илимий негиздерин үйрөнүүнү камсыз кылуучу предметтердин жыйындысы;
жалпы кесиптик цикл - мазмуну тармактар аралык мүнөздөгү иштин белгилүү бир түрүнө же белгилүү тармактын кесибине (өндүрүштүн түрүнө) багытталган предметтердин жыйындысы;
кесиптик цикл – кесип боюнча түздөн-түз даярдоону камсыз кылуучу предметтердин жыйындысы;
кесиптик стандарт - кесиптик иштин белгилүү бир түрүн жүзөгө ашыруу жана белгилүү эмгек функциясын аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын мүнөздөмөсү;
окутуунун натыйжалары – окуу процессин ийгиликтүү аяктагандан кийин билим алуучудан кандай билим, билгичтик жана көндүмдөр күтүлүшүнө карата ырастоо;
дисциплиналардын цикли - окутуунун, тарбиялоонун белгиленген максаттарына жана натыйжаларына карата белгилүү бир логикалык жыйынтыкка ээ болгон билим берүү программасынын бөлүгү же окуу дисциплиналарынын жыйындысы.
3. Ушул Мамлекеттик билим берүү стандартын аткаруу кесиптик башталгыч билим берүү программаларын ишке ашыруучу бардык билим берүү уюмдары үчүн алардын уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан милдеттүү болуп саналат.
4. Ушул Мамлекеттик билим берүү стандартында төмөнкү кыскартуулар колдонулат:
ВБ – вариативдик бөлүк;
ЖМА – жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация;
ЖК – жалпы компетенциялар;
ДЖБЦ – дисциплиналардын жалпы билим берүү цикли;
БП – билим берүү программасы;
ДЖКЦ – дисциплиналардын жалпы кесиптик цикли;
ДЖТЦ – дисциплиналардын жалпы техникалык цикли;
ӨО; ӨП – өндүрүштүк окутуу жана практика;
ЦКП – дисциплиналардын кесиптик цикли;
КМ – кесиптик модулдар;
ДТ – дене тарбия;
ДЦ – дисциплиналардын цикли.
2-бөлүм. Колдонуу чөйрөсү
5. Бул Мамлекеттик билим берүү стандарты Автотранспорт каражаттарын оңдоо боюнча слесарь (7231 Автотранспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча слесарь) кесиби боюнча билим берүү программасын ишке ашырууда милдеттүү болгон ченемдердин, эрежелердин жана талаптардын жыйындысын билдирет жана окуу, уюштуруу-методикалык документтерди иштеп чыгуу, Кыргыз Республикасынын аймагында лицензиясы жана мамлекеттик же көз карандысыз аккредитациясы бар бардык билим берүү уюмдары тарабынан башталгыч кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүүнүн сапатын баалоо үчүн негиз болуп саналат.
6. Автотранспорт каражаттарын оңдоо боюнча слесарь (7231 Автотранспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча слесарь) кесиби боюнча кесиптик башталгыч билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандартынын негизги колдонуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:
- кесиптик башталгыч билим берүү программасын ишке ашырууга укугу бар билим берүү уюмдарынын администрациясы жана педагогикалык курамы;
- ушул кесип боюнча билим берүү программасын өздөштүргөн окуучулар;
- тиешелүү кесиптик иш чөйрөсүндөгү иш берүүчүлөрдүн бирикмелери;
- билим берүү программаларын иштеп чыгууну камсыз кылуучу окуу-методикалык бирикмелер жана уюмдар;
- кесиптик башталгыч билим берүүнү каржылоону камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- билим берүү системасында мыйзамдардын сакталышын контролдоону камсыз кылуучу, кесиптик башталгыч билим берүү чөйрөсүндө аккредитациялоону жана сапатты контролдоону ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.
3-бөлүм. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн Автотранспорт каражаттарын оңдоо боюнча слесарь (7231 Автотранспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча слесарь) кесибинин жалпы мүнөздөмөсү
7. Автотранспорт каражаттарын оңдоо боюнча слесарь (7231 Автотранспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча слесарь) кесиби боюнча билим берүү программасын өздөштүрүүнүн формалары:
- күндүзгү;
- күндүзгү-сырттан (кечки).
8. Абитуриенттердин даярдыгынын деңгээлине карата талаптар.
Абитуриент тапшырууда төмөнкү документтердин бирине ээ болууга тийиш:
- жалпы орто билими жөнүндө аттестатка;
- негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүккө;
- башталгыч кесиптик билим берүү программалары боюнча окууга базалык билими жана кандайдыр бир квалификациясы жок адамдар жалпы орто билим берүү программалары боюнча окуу жана кесиптик билим берүүнүн башка деңгээлине өтүү укугусуз кабыл алынат.
9. Автотранспорт каражаттарын оңдоо боюнча слесарь (7231 Автотранспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча слесарь) кесиби боюнча билим берүү программасын өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөтү күндүзгү окуу формасында:
- негизги жалпы билим берүүнүн базасында жалпы орто билим алуу менен - 2-3 жылды;
- жалпы орто билим берүүнүн базасында - 1 жылды түзөт.
Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында төмөнкүдөй негизги билим берүү программалары ишке ашырылат:
- негизги жалпы билим берүүнүн базасында окутуу мөөнөтү 2-3 жылдан кем эмес жалпы орто жана кесиптик башталгыч билим берүүнүн интеграцияланган программасы;
- жалпы орто билим албастан негизги жалпы билим берүүнүн базасында аскерге чакырууга чейинки даярдоо программасын камтыган 2 жылдык окуу мөөнөтү менен кесиптик башталгыч билим берүү программасы;
- жалпы орто билим берүүнүн базасында окутуу мөөнөтү 1 жылдан кем эмес кесиптик башталгыч билим берүү программасы;
- окутуу мөөнөтү 1 жылга чейин болгон кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу программалары.
Өзгөчө учурларда (ооруп калуу, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнө кызматка чакыруу) окуучунун арызы боюнча ал окуусун улантуу жана окуу максатына жетүү үчүн 3 жылдын ичинде калыбына келтирилиши мүмкүн.
10. Билим берүү программасынын сыйымдуулугу кесиптик башталгыч билим берүү программасынын түзүмүнө ылайык (1-тиркеме), окуу жылы үчүн (стандарттык окутуу учурунда 10 ай) 52ден кем эмес кредитти түзөт (52 кр ⨯ 30 саат = 1560 саат), өз алдынча иштерди жана аттестациянын бардык түрлөрүн кошууну эске алуу менен башталгыч кесиптик билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программасынын сыйымдуулугу окутуу мөөнөтү 10 ай болгон учурда 60 кредиттен ашпоого тийиш. Мында бир кредит окуучунун окуу ишинин 30 саатына барабар.
Негизги жалпы билим берүүнүн базасында 2,3 жыл окутууда окуу жүктөмүнүн көлөмү сааттык система боюнча эсептелет (жумасына минимум 36 академиялык саат, максимум - 39 саат).
Окуучулардын окуу жүктөмүнүн максималдуу көлөмү жумасына 45 (1,5 кр) академиялык саатты түзөт, анын ичинде билим берүү программасын өздөштүрүү боюнча аудиториялык жана аудиториядан тышкаркы (өз алдынча) окуу иштеринин бардык түрлөрүн кошуу менен.
Күндүзгү окутуу формасында жумасына аудиториялык сабактардын көлөмү ар бир окуу дисциплинасын же кесиптик модулду өздөштүрүүгө бөлүнгөн жалпы көлөмдүн 80% кем эмес кесиптин өзгөчөлүгүн эске алуу менен Башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты менен аныкталат (мисалы, предметке 40 саат бөлүнөт, анын ичинен 80% же 32 саат - бул аудиториялык сабактар, калган 8 саат окутуучунун кароосу боюнча бөлүштүрүлөт).
Күндүзгү-сырттан билим алуу формасында (анын ичинде түзөтүү мекемелериндеги окуу жайлар үчүн) аудиториялык окуу жүктөмүнүн максималдуу көлөмү жумасына 16 академиялык саатты түзөт.
Окуу мөөнөтү 1 жылдан ашык болгон учурда каникулдардын жалпы узактыгы окуу жылында 11 жуманы түзөт жана окуу мөөнөтү 1 жыл болгон учурда кыш мезгилинде 2 жумадан кем эмес.
Өндүрүштүк окутуу жана өндүрүштүк практика билим берүү программасынын жалпы окуу убактысынын 50-60% түзөт.
Өндүрүштүк практика кесиптик башталгыч билим берүү программасынын милдеттүү бөлүмү болуп саналат жана окуучулардын практикалык багыттагы даярдыгын камсыз кылуучу окуу сабактарынын түрү болуп саналат. Кесиптик башталгыч билим берүү программасын ишке ашырууда практиканын төмөнкүдөй түрлөрү каралат: окуу (өндүрүштүк окутуу) жана өндүрүштүк. Өндүрүштүк практика окуучуларды даярдоо профилине ылайык иш алып барган уюмдарда жүргүзүлүшү керек.
11. Автотранспорт каражаттарын оңдоо боюнча слесарь (7231 Автотранспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча слесарь) кесиби боюнча кесиптик башталгыч билим берүү программасынын максаттары:
- окутуу жаатында кардарларга жүк ташуучу жана жеңил автомобилдердин техникалык абалын диагностикалоо, оңдоо боюнча сапаттуу кызматтарды көрсөтүү үчүн квалификациялуу жумушчу кадрларды даярдоо;
- инсанды тарбиялоо жаатында окуучуларда социалдык-инсандык сапаттарды калыптандыруу: максатка умтулгандык, уюшкандык, эмгекти сүйүү, жоопкерчилик, жарандуулук, коммуникативдүүлүк, толеранттуулук жана жалпы маданиятты жогорулатуу саналат.
12. Экономикалык иштин түрү жана түрчөсү: Автомобилдерди жана мотоциклдерди оңдоо. Автомобилдерди жана мотоциклдерди техникалык тейлөө жана оңдоо.
13. Кесиптик иштин чөйрөлөрү: автотранспорт ишканалары, техникалык тейлөө станциялары, автотрассалар, окуу устаканалары.
14. Автотранспорт каражаттарын оңдоо боюнча слесарь (7231 Автотранспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча слесарь) кесиби боюнча бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишинин объекттери болуп төмөнкүлөр саналат: транспорт каражаттарын оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн аспаптар, атайын шаймандар жана жабдуулар, автомобилдин диагностикасын жүргүзүү үчүн жабдуулар, техникалык тейлөө үчүн жабдуулар, контролдоочу-өлчөөчү приборлор, аспаптар, шаймандар майлоочу, тазалоочу материалдар, жумуш ордун тазалоо үчүн каражаттар жана жабдуулар.
15. Бүтүрүүчү даярдала турган кесиптик иштин түрлөрү: слесардык иштерди аткаруу, агрегаттарды, түйүндөрдү ажыратуу жана чогултуу, автомобилдерди техникалык тейлөө жана оңдоо.
16. Бүтүрүүчү даярдалышы керек болгон кесиптик иштин милдеттеринин тизмеси:
- жумуш ордун даярдоо;
- автомобилди диагностикалоо;
- автомобилди техникалык тейлөө жана оңдоо иштерин жүргүзүү;
- ишти контролдоо жана тапшыруу.
17. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн Автотранспорт каражаттарын оңдоо боюнча слесарь (7231 Автотранспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча слесарь) кесиби боюнча билим берүү программасын өздөштүргөн бүтүрүүчү төмөнкүлөргө даярдалган:
- кесиптик ишке;
-башталгыч кесиптик билим берүүнүн жана орто кесиптик билим берүүнүн интеграцияланган программалары боюнча окууну улантууга.
4-бөлүм. Билим берүү программасын ишке ашыруу
шарттарына жалпы талаптар
18. Кесиптик башталгыч билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдары кесип боюнча негизги кесиптик билим берүү программасын өз алдынча иштеп чыгышат. Билим берүү программасы кесип боюнча тиешелүү Мамлекеттик билим берүү стандартынын, квалификациялардын улуттук алкагынын, квалификациялардын тармактык жана сектордук алкактарынын жана кесиптик стандарттардын негизинде эмгек рыногунун керектөөлөрүн эске алуу менен иштелип чыгат.
Билим берүү уюмдары илимдин, маданияттын, экономиканын, техниканын, технологиялардын жана социалдык чөйрөнүн өнүгүшүн эске алуу менен, ошондой эле иш берүүчүлөрдүн жана башка кызыкдар тараптардын төмөнкүдөй сунуштарына ылайык билим берүү программаларын мезгил-мезгили менен кайра карап чыгышат жана зарыл болгон учурда жаңылап турушат:
- бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатын камсыз кылуу боюнча стратегияны иштеп чыгуу;
- билим берүү программаларына мезгил-мезгили менен мониторинг жүргүзүү;
- так макулдашылган критерийлердин негизинде окуучулардын билим деңгээлин, бүтүрүүчүлөрдүн компетенцияларын баалоонун объективдүү жол-жоболорун иштеп чыгуу;
- педагогикалык курамдын сапатын жана компетенттүүлүгүн камсыз кылуу;
- ишке ашырылып жаткан негизги кесиптик билим берүү программасын жетиштүү ресурстар менен камсыз кылуу, аларды колдонуунун натыйжалуулугун контролдоо;
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген аккредитациялоонун минималдуу талаптары боюнча өзүн-өзү баалоону үзгүлтүксүз жүргүзүү;
- өз ишинин натыйжалары, пландары, инновациялары жөнүндө коомчулукка маалымдоо.
19. Окуучуларды жана бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатын баалоо аларды учурдагы, орто аралык жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону камтууга тийиш.
20. Окуучуларды учурдагы аттестациялоо башталгыч кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген баалоо системасынын негизинде окуунун жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.
21. Окуучулардын квалификациялык экзамени (жыйынтыктоочу аттестациялоо) башталгыч кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте көз карандысыз квалификациялык экзамен формасында толук окутуу курсун аяктагандан кийин өткөрүлөт.
Мамлекеттик аттестациялык сынактардын башка түрлөрү окуу программасынын талаптарынын чегинде билим берүү уюму тарабынан өз алдынча аныкталат.
22. Окуучулардын жеке жетишкендиктеринин тиешелүү билим берүү программасынын этап боюнча же акыркы талаптарына ылайык келүүсүнө учурдагы, орто аралык жана жыйынтыктоочу аттестациялоо үчүн типтүү тапшырмаларды, текшерүү иштерин, модулдук тесттерди ж.б. камтыган баалоо каражаттарынын базалары түзүлөт, алар ээ болгон компетенциялардын деңгээлин баалоого мүмкүндүк берет. Баалоо каражаттарынын базасы башталгыч кесиптик билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюму тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.
23. Кесиптик башталгыч билим берүү программасы дисциплиналардын кесиптик циклинин вариативдүү бөлүгүнүн окуучулардын тандоосу боюнча дисциплиналарын камтышы керек. Окуучулардын тандоосу боюнча дисциплиналардын тизмеси педагогикалык кеңештин чечими менен белгиленет.
24. Билим берүү программасын иштеп чыгууда кесиптик башталгыч билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрдүн жалпы компетенцияларын (мисалы, социалдык өз ара аракеттенүү, өзүн-өзү уюштуруу жана өз алдынча башкаруу, системалык-ишмердик мүнөздөгү компетенцияларын) калыптандыруудагы мүмкүнчүлүктөрү аныкталышы мүмкүн.
5-бөлүм. Автотранспорт каражаттарын оңдоо боюнча слесарь (7231 Автотранспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча слесарь) кесиби боюнча билим берүү программасына карата талаптар
25. Автотранспорт каражаттарын оңдоо боюнча слесарь (7231 Автотранспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча слесарь) кесиби боюнча бүтүрүүчү ушул Мамлекеттик билим берүү стандартынын 11-пунктунда көрсөтүлгөн билим берүү программасынын максаттарына ылайык төмөнкү компетенцияларга ээ болушу керек:
- жалпы:
ЖК-1. Айлана-чөйрөнү коргоо жана өндүрүштүк экология; коопсуз жана сергек жашоо мүнөзүн уюштуруу жөнүндө билимин колдоно алат;
ЖК-2. Кесиптик баарлашуу деңгээлинде мамлекеттик (В1 деңгээли) жана расмий тилдерде өзүнүн оозеки жана жазуу жүзүндөгү сүйлөө речин логикалык жактан түзө алат;
ЖК-3. Кесиптик ишинде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонууга жөндөмдүү;
ЖК-4. Командада иштей алат, кесиптештери, жетекчилиги, керектөөчүлөр менен натыйжалуу баарлаша алат;
ЖК-5. Өз ишин пландаштырууга жана уюштурууга жөндөмдүү;
ЖК-6. Кесиптик иште негизги ишкердик билимдерди жана көндүмдөрдү колдоно алат.
- кесиптик:
КК-1. Жумуш ордун жана унаа оңдоочу жабдууларды, аспаптарды жана атайын шаймандарды иштөөгө даярдоого жөндөмдүү;
КК-2. Автомобилди диагностикалоого жөндөмдүү;
КК-3. Автомобилдин деталдарын, тетиктерин, агрегаттарын жана механизмдерин тейлөөгө жөндөмдүү;
КК-4. Автомобилдин деталдарын, тетиктерин, агрегаттарын жана механизмдерин оңдоого жөндөмдүү;
КК-5. Автомобилдин деталдарын, тетиктерин, агрегаттарын жана механизмдерин сыноого жөндөмдүү.
КК-6. Бүткөн ишти тапшырып, жумуш ордун тазалоого жөндөмдүү.
Башталгыч кесиптик билим берүү программасы Кыргыз Республикасынын башталгыч кесиптик билим берүүсүнүн ушул Мамлекеттик билим берүү стандартынын тиркемесинде каралган окуу циклдерин жана бөлүмдөрүн өздөштүрүүнү божомолдойт.
26. Башталгыч кесиптик билим берүү программасы ушул БКБ МБСке тиркелген (1-тиркеме) түзүмгө ылайык иштелип чыгат.
27. Дисциплиналардын кесиптик цикли билим берүү уюмдары белгилеген базалык (милдеттүү) жана вариативдик бөлүккө ээ. Вариативдик бөлүк 10 пайыздан кем эмесин түзөт жана базалык бөлүктүн мазмуну менен аныкталган даярдыкты тереңдетүүгө, аймактык эмгек рыногунун суроо-талаптарына жана билим алууну улантуу мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык бүтүрүүчүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон кошумча компетенцияларга ээ болууга мүмкүндүк берет.
28. Кесиптик башталгыч билим берүү программаларынын мазмунунун милдеттүү минимумуна, аларды ишке ашыруу шарттарына, бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу аттестациялоого жана ар бир кесип боюнча алардын даярдыгынын деңгээлине карата талаптар билим берүү уюмдары тарабынан Кыргыз Республикасынын башталгыч кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык аныкталат.
6-бөлүм. Билим берүү программасын ишке ашырууда билим алуучулардын укуктарына жана милдеттерине карата
жалпы талаптар
30. Инсанды тарбиялоо жана өнүктүрүү, жалпы компетенцияларды өнүктүрүү бөлүгүндө билим берүү программасында натыйжаларга жетишүү максатында окуучулар өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө, коомдук уюмдардын, спорттук жана чыгармачылык клубдардын ишине катыша алышат.
31. Окуучулар билим берүү программасында каралган бардык тапшырмаларды белгиленген мөөнөттө аткарууга милдеттүү.
32. Билим берүү уюму билим берүү программаларын өздөштүрүүдө окуучуларды укуктары жана милдеттери менен тааныштырууга, окутуу үчүн киргизилген дисциплиналар окуучулар үчүн милдеттүү экендигин, ал эми алардын суммалык сыйымдуулугу окуу планында каралгандан кем болбоого тийиш экендигин түшүндүрүүгө милдеттүү.
33. Билим берүү уюмдары билим берүү программаларын уюштурууда жана ишке ашырууда гендердик теңчилик саясатын эске алууга, социалдык инклюзияны камсыз кылууга, ошондой эле санариптештирүүнү өнүктүрүүгө милдеттүү.
34. Окуучуларга билим берүү процессинин мазмунун, уюштурулушун жана сапатын баалоо мүмкүнчүлүгү берилиши керек.
7-бөлүм. Окуу процессин окуу-методикалык жана маалыматтык камсыздоо
35. Автотранспорт каражаттарын оңдоо боюнча слесарь (7231 Автотранспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча слесарь) кесиби боюнча башталгыч кесиптик билим берүү программасын ишке ашыруу ар бир окуучуга маалымат базаларынын жана негизги кесиптик билим берүү программасынын дисциплиналарынын толук тизмеси боюнча түзүлгөн китепкана фонддорунун жеткиликтүүлүгү менен камсыз болууга тийиш.
Милдеттүү окуу китептеринин жана методикалык куралдардын тизмеси:
1. Т.Г. Финогенова, В.П. Митронин. Эксплуатация, техническое обслуживание и ремонт автомобиля. «Академия» басма., - Москва, 2012.
2. В.М. Виноградов, О.В. Храмцова. Техническое обслуживание и ремонт автомобилей. «Академия» басма., - Москва, 2015.
3. Автомобилдерди оңдоочу слесарь (инжектор), - Бишкек, 2017.
4. В.М. Виноградов, И.В. Бухтеева, В.Н. Редин. Организация производства технического обслуживания и текущего ремонта автомобилей. «Академия» басма., - Москва, 2013.
5. Е. Троценко Автомеханик. «JFOLIANT» басма., - Астана, 2015.
Методикалык плакаттардын топтому: бардык дисциплиналар боюнча.
36. Билим берүү программасын ишке ашыруу үчүн окуучулардын зарыл болгон окуу адабияты жана/же электрондук адабият менен камсыз болушу лицензиялык талаптарга ылайык келүүгө тийиш. Окуу маалымат булактары заманбап талаптарга жооп бериши керек.
37. Билим берүү процессинде мыйзам актылары, ченемдик документтер, кесиптик багыттагы мезгилдүү басылмалардын материалдары пайдаланылууга тийиш.
38. Билим берүү уюму ар кандай формада кесиптик окутууну, анын ичинде аралыктан окутууну уюштуруу үчүн шарттарды камсыз кылууга милдеттүү.
8-бөлүм. Окуу процессин материалдык-техникалык камсыздоо
39. Автотранспорт каражаттарын оңдоо боюнча слесарь (7231 Автотранспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча слесарь) кесиби боюнча башталгыч кесиптик билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюму окуучуларды дисциплинардык, дисциплиналар аралык даярдоонун жана практикалык иштин бардык түрлөрүн жүргүзүүнү камсыз кылуучу тиешелүү материалдык-техникалык базага ээ болууга тийиш:
- автомобилди техникалык тейлөө, оңдоо иштерин жүргүзүү, диагностикалоо үчүн аспаптар, атайын шаймандар жана жабдуулар менен жабдылган окуу устаканалары, контролдоо-өлчөө приборлору, аспаптар, шаймандар үчүн майлоочу, жуучу материалдар, плакаттар, нускама берүүчү карта, жумуш ордун тазалоочу каражаттар жана жабдуулар. Техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча окуу устаканада кароочу чуңкур, көтөргүч болушу керек. Слесардык иш боюнча окуу устаканасы болушу керек;
- атайын дисциплиналар боюнча окуу кабинеттери (черчение боюнча, электротехника жана материал таануу боюнча, автотранспорт каражаттарынын тетиктеринин макеттери бар автомобилдердин түзүлүшү боюнча, автомобилдерди оңдоо боюнча);
- компьютердик класс (компьютерлердин саны 1:12), мультимедиа каражаттары.
- китепкана, Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар окуу залы;
- жыйындар залы, спорт зал, медициналык пункт, ашкана.
40. Билим берүү программасын ишке ашыруунун сапатын баалоо.
Бүтүрүүчүнүн кесиптик компетенттүүлүгүнүн далилдери жумуш ордундагы операцияларга тиешелүү болууга, “Автомобилдерди оңдоо боюнча слесарь” кесиптик стандартынын компетенттүү иштин критерийлеринин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.
Окутуунун натыйжаларын текшерүү ыкмалары:
- интервью, лабораториялык жана практикалык тапшырмаларды аткарууда көндүмдөрдү көрсөтүү, портфолио, тестирлөө;
- окуучулардын зарыл болгон билимдерин жазуу жүзүндө жана /же оозеки баалоо.
|
Кыргыз Республикасынын Кесиптик башталгыч билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына 1-тиркеме (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы №371 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын макетине ылайык) |
Автотранспорт каражаттарын оңдоо боюнча слесарь (7231 Автотранспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча слесарь) кесиби боюнча кесиптик башталгыч билим берүү программасынын
ТҮЗҮМҮ
№ |
Дисциплиналардын циклинин (ДЦ) коддору |
Дисциплиналардын циклдери жана аларды өздөштүрүүнүн долбоорлонгон натыйжалары |
Жалпы негизги билим берүүнүн базасында (9-кл.) жалпы орто билим жана кесип алуу менен |
Жалпы орто билимдин базасында (11-кл.) Сыйымдуулугу** (кредит-сааттар) |
Жалпы орто билим албастан |
Болжолдуу программаларды иштеп чыгуу үчүн дисциплиналардын тизмеси |
Калыптануучу компетенциялардын коддору |
||
2 ж. |
3 ж. |
10 ай |
2 ж. |
||||||
1 |
ДЖЦ* |
Дисциплиналардын жалпы билим берүү цикли. Циклди өздөштүрүүнүн натыйжасында окуучу: билүүгө тийиш: - баарлашуу чөйрөсүн, жагдайларды, кырдаалдарды; - кеп коммуникациясынын катышуучуларынын социалдык жана статустук ролдорун; - лексика-грамматикалык деңгээлдеги тил тутумун жана стилистикалык ресурстарды; - минималдуу жалпы илимий китеп лексикасын жана терминдерди; - кесиптик иштин алкагында сүйлөө темаларынын минимумун; - ишкердик баарлашуунун сүйлөө өзгөчөлүктөрүн (расмий жагдайда кайрылуу, баарлашуу, өтүнүчтү, баш тартууну, макул/макул эместикти, ыраазычылыкты, куттуктоолорду ж. б. айтуудагы минимум этикеттик формулалар жана эрежелер). - кызматтык-ишкердик кептин түрлөрүн жана жанрларын. көндүмдөргө ээ болууга тийиш: - сүйлөө этикетинин эрежелерине ылайык расмий, кызматтык-ишкердик маектерди/сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; - ийгиликтүү байланышка жетүү үчүн баарлашуу стратегиясын түзүү; - кесиптик иш жаатындагы актуалдуу темалар боюнча ишкердик стилдеги айтымдарды иштеп чыгуу (түзүү, жаратуу) жана туура чечмелөө; - орус тилинин этикетинин эрежелерине ылайык расмий жана жарым-жартылай расмий кызматтык-ишкердик маектерди / сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; - профилдин/адистиктин жана кызматтык-иш документтеринин алкагында окуу иштерин туура тариздөө.
билүүгө тийиш: - зыяндуу адаттар (тамеки чегүү, насвай, алкоголь, баңгизат) жана алардын кесепеттери жөнүндө; - сергек жашоо мүнөзүнүн тобокелдик факторлору жөнүндө; - рационалдуу жана гигиеналык режим жана тамактануу жөнүндө. көндүмдөргө ээ болууга тийиш: - зыяндуу адаттардан баш тартуу; - сергек жашоо мүнөзүн камсыз кылуу каражаттарынын жана методдорунун жалпы топтомун иш жүзүнө ашыруу; - жашоонун рационалдуу режимин сактоо; - рационалдуу тамактанууну сактоо; - иммунитетти көтөрүүчү көнүгүүлөрдү аткаруу жана чыйралуу. |
*1768 с. (10 -кл;11- кл.) |
*2006 с. (10-кл;11-кл.) |
3 кр/90 с. |
240 с. |
Кесиптиккыргыз/ орус тилдери.
Коопсуз сергек жашоо мүнөзү. |
ЖК-2 ЖК-4
ЖК-1 ЖК-2 ЖК-3 КК-6 |
|
2 |
ДКЦ |
Дисциплиналардын кесиптик компоненти |
1232 с. |
2434 с. |
56 кр/1680 с. |
2532 с. |
|
|
|
3 |
ДЖТЦ** ДЖКЦ** |
Дисциплиналардын жалпы техникалык цикли. Дисциплиналардын жалпы кесиптик цикли. Дисциплиналардын циклинин базалык бөлүгүн өздөштүрүүнүн натыйжасында окуучу төмөнкүлөргө милдеттүү: билүүгө: - чогултуу чиймелери жөнүндө жалпы маалыматты; - чиймелерде колдонулуучу шартуулуктун жана жөнөкөйлөтүүлөрдүн багытын; - жумушчу чиймелерди иштеп чыгуу жана окуу эрежелерин; - конструктордук, технологиялык жана башка ченемдик документтердин негизги жоболорун; - техникалык деталдардын геометриялык түзүлүштөрүн жана чийүү эрежелерин, технологиялык жабдууларды графикалык чагылдыруу жана технологиялык схемаларды аткаруу ыкмаларын; - Конструктордук документтердин бирдиктүү системасынын (КДБС) жана Технологиялык документтердин бирдиктүү системасынын (ТДБС) стандарттарынын чертеждорду жана схемаларды тариздөөгө жана түзүүгө карата талаптарын; - көндүмдөргө ээ болууга: - татаал эмес деталдардын, технологиялык схемалардын жана аппараттардын жумушчу жана чогултуу чертеждорун окуу; - эскиздерди, татаал эмес деталдардын, технологиялык схемалардын жана аппараттардын жумушчу жана чогултуу чертеждорун аткаруу.
билүүгө: - туруктуу жана өзгөрүлмө электр тогу жөнүндө негизги түшүнүктөрдү, өткөргүчтөрдүн жана ток булактарын ырааттуу жана параллелдүү туташтырууну, токтун күчүн, чыңалуусун, электр тогунун кубаттуулугун өлчөө бирдиктерин; - өткөргүчтөрдүн, электр жана магнит талааларынын каршылыгын; - электрдик чоңдуктарды өлчөөнүн маңызын жана ыкмаларын, өлчөөчү приборлордун конструкциялык жана техникалык мүнөздөмөлөрүн; - электротехниканын негизги мыйзамдарын; - графикалык сүрөттөөнүн жана электрдик схемаларды түзүүнүн түрлөрүн жана эрежелерин; - электр чынжырларын эсептөө ыкмаларын; - электр техникалык приборлордун жана электр машиналарынын шарттуу белгилерин; - электр тармактарынын негизги элементтерин; - электр өлчөө приборлорунун, электр машиналарынын, башкаруу жана коргоо аппаратураларынын иштөө принциптерин, түзүлүшүн, негизги мүнөздөмөлөрүн, электр менен жабдуу схемаларын; - туруктуу жана өзгөрүлмө токтун кыймылдаткычтарын, алардын түзүлүшүн, ишке киргизүү, токтотуу эрежелеринин иштөө принцибин; - электр энергиясын үнөмдөө жолдорун; - зымдарды бириктирүү, ширетүү жана изоляциялоо эрежелерин; - электротехникалык материалдардын түрлөрүн жана касиеттерин; - электр приборлору менен иштөөдө коопсуздук эрежелерин. көндүмдөргө ээ болууга: - жердетүүнү аткарууну контролдоо; - электр жабдууларынын иштөө параметрлерин контролдоо; - пайдаланылып жаткан жабдууга орнотулган электр кыймылдаткычын иштетүү жана токтотуу; - параметрлерди эсептөө, ар кандай электрдик чоңдуктарды, электр машиналарын жана механизмдерин өлчөөдө приборлорду кошуу схемасын түзүү жана куроо; - коопсуздук техникасынын ченемдерин жана эксплуатациялоо эрежелерин сактоо менен электр жабдууларынын иштөө жана пайдалануу көрсөткүчтөрүн алуу; - принциптүү, электрдик жана монтаждык схемаларды окуу; - зымдарды бириктирүүнү, ширетүүнү жана изоляциялоону жүргүзүү жана аткарылуучу иштердин сапатын контролдоо.
билүүгө: - тетиктердин өз ара алмаштырылышы жөнүндө түшүнүктү; - тетиктерди стандартташтырууну жана нормалдаштырууну; - эркин жана байланыштуу өлчөмдөрдү; - чектик өлчөмдөрдү жана жол берүүлөрдү аныктоону; - өлчөө каражаттарынын негизги топторун; - сызыктуу өлчөөлөр үчүн каражаттарды; - жалпак беттерди өлчөө каражаттарын; - бурчтарды жана жылмакай конустардын жол берүүлөрүн жана өлчөө каражаттарын; - метрикалык сайдын жол берүүлөрүн, отургузууну жана өлчөө каражаттарын; - шпон жана жылгалуу бириктиргичтердин жол берүүлөрүн жана өлчөө каражаттарын; көндүмдөргө ээ болууга: - чектик өлчөмдөрдү жана жол берүүлөрдү аныктоо; - тактык класстарын колдонуу; - жол берүүлөр таблицасын колдонуу, чертеждордо жол берүүлөрдү жана отургузууну белгилөө; - каталарды өлчөө методдорун билүү; - универсалдуу өлчөө каражаттарын билүү; - штангециркуль, микрометр менен өлчөөнүн мисалдарын; - угольниктерди, бурчтуу өлчөгүчтөрдү жана башка аспаптарды пайдалануу; - сайдын тактык даражаларын жана бир катар четтөөлөрдү колдонуу; - шпон жана жылгалуу бириктиргичтердин жол берүүлөрүн жана өлчөө каражаттарын эске алуу.
билүүгө: - тандалган артыкчылыктарга ылайык чакан бизнес ишканасын түзүү боюнча иш-аракеттердин алгоритмин: - ишкердик иш жаатындагы ченемдик укуктук базаны; - Кыргыз Республикасындагы экономиканын жана ишкердиктин абалын; - чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө жагымдуу потенциалды жана факторлорду, чакан бизнести насыялоону; - бизнес-планды иштеп чыгуу технологиясын; - өз ишин уюштуруунун теориялык жана методологиялык негиздерин. көндүмдөргө ээ болууга: - ишкердик ишке шыктуулукка психологиялык өзүн-өзү талдоо жүргүзүү; - ишкердик иштин уюштуруу-укуктук формасын тандоо; - бухгалтердик отчеттуулуктун формасын толтуруу; - рынокту изилдөөнүн ар кандай ыкмаларын колдонуу; - башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу; - атаандаштар, керектөөчүлөр, жеткирүүчүлөр жөнүндө маалыматтарды топтоо жана талдоо; - экономикалык эсептөөлөрдү жүргүзүү; - өндүрүштүк ишти пландаштыруу; - бизнес-планды иштеп чыгуу; - презентация өткөрүү.
билүүгө: - экология жаатындагы мыйзамдарды жана уюмдун ишине жайылтылуучу эмгекти коргоонун мамлекеттик ченемдик талаптарын камтыган башка ченемдик укуктук актыларды; - кызматкерлердин эмгекти коргоо жаатындагы милдеттерин; - өзүнүн ишинин (же аракетсиздигинин) иш жүзүндөгү же потенциалдуу кесепеттерин жана алардын эмгек коопсуздугунун деңгээлине тийгизген таасирин; - технологиялык процесстерди жана өндүрүштүк нускамаларды баш ийген кызматкерлер (персонал) сактабагандыгынан мүмкүн болгон кесепеттерди; - эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча нускамалардын тартибин жана мезгилдүүлүгүн; - жамааттык жана жеке коргонуу каражаттарын сактоо жана пайдалануу тартибин; көндүмдөргө ээ болууга: - коркунучтуу жана зыяндуу өндүрүштүк факторлорду жана кесиптик иштин мурдагы, азыркы же пландаштырылган түрлөрү менен байланышкан аларга тиешелүү тобокелдиктерди аныктоо; - аткарган кесиптик иштин мүнөзүнө ылайык жамааттык жана жеке коргонуу каражаттарын пайдалануу; - эмгек шарттары боюнча жумуш орундарын аттестациялоого, анын ичинде кесиптик ишиндеги эмгек шарттарын жана жаракат алуу коопсуздугунун деңгээлин баалоого катышуу; - киришүүчү нускама берүү, аткарылуучу иштердин өзгөчөлүгүн эске алуу менен аларга жумуш ордунда коопсуздук техникасынын маселелери боюнча нускама берүү; - эмгек коопсуздугунун талап кылынган деңгээлине жетүү үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү иштеп чыгуу жана контролдоо.
билүүгө: - рынок экономикасынын принциптерин; уюмдардын уюштуруу-укуктук формаларын; - эмгек мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдардын негизги жоболорун; - эмгек акыны түзүү механизмдерин; - эмгек акы төлөө формаларын. көндүмдөргө ээ болууга: - өндүрүш экономикасынын жалпы маселелеринде багыт алуу; - конкреттүү өндүрүштүк кырдаалдарда экономикалык жана укуктук билимдерди колдонуу; - колдонуудагы мыйзамдардын алкагында өзүнүн эмгектик укуктарын коргоо.
билүүгө:
көндүмдөргө ээ болууга:
|
|
|
|
|
Чиймени жана схеманы окуу
Электротехниканын жана электрониканын негиздери
Техникалык өлчөөлөр жана белгиленген өлчөмдөн чыгуу
Бизнестин жана ишкердиктин негиздери
Эмгекти коргоо жана өндүрүштүк экология
Кесиптик иш аракеттерди укуктук жактан камсыздоо
Материал таануу
|
ЖК-1 ЖК-3 КК-1
ЖК-1 ЖК-3 КК-1 КК-2 КК-3 КК-5
ЖК-1 ЖК-3 ЖК-4 КК-1 КК-2 КК-3 КК-4 КК-5
ЖК-4 ЖК-5 ЖК-6 КК-6
ЖК-1 ЖК-3 ЖК-4 ЖК-5 КК-1 КК-2 КК-3 КК-4 КК-5 КК-6
ЖК-1 ЖК-2 ЖК-3 ЖК-4 ЖК-5 ЖК-6 КК-1 КК-5
ЖК-1 ЖК-3 ЖК-4 КК-1 ПК-2 ПК-3 ПК-6 |
|
4 |
ДКЦ**
|
Дисциплиналардын кесиптик цикли. Базалык бөлүк: |
|
|
|
|
Автомобилдин түзүлүшү жана эксплуатациялоо
Машиналарды оңдоо жана техникалык тейлөө системасы
|
ЖК-1 ЖК-3 ЖК-4 ЖК-5 КК-1 КК-2 КК-3 КК-4 КК-5 КК-6
ЖК-1 ЖК-2 ЖК-3 ЖК-4 ЖК-5 ЖК-6 КК-1 КК-2 КК-3 КК-4 КК-5 КК-6
|
|
|
|
Кесиптик циклди жана модулдарды өздөштүрүүнүн натыйжасында окуучу төмөнкүлөргө милдеттүү: билүүгө:
- эксплуатациялык суюктуктардын жана күйүүчү-майлоочу материалдардын түрлөрүн жана касиеттерин; - суюктуктардын жана күйүүчү-майлоочу материалдардын маркасын; - эксплуатациялык суюктуктардын жана күйүүчү-майлоочу материалдардын деңгээлин текшерүү ыкмаларын;
көндүмдөргө ээ болууга: - автомобилдин агрегаттарын, механизмдерин жана тетиктерин ажыратуу жана чогултуу процесси; - эксплуатациялык суюктуктарды жана күйүүчү-майлоочу материалдарды максаты боюнча колдонуу.
билүүгө: - автомобилдин километражынын санына жараша техникалык тейлөөгө карата талаптарды; - автомобилди техникалык тейлөө жана оңдоо үчүн аспаптардын, атайын каражаттардын жана жабдуулардын түрлөрүн жана багытын;
- шиналарда басымды текшерүү технологиясын. көндүмдөргө ээ болууга: - автомобилди техникалык тейлөө жана оңдоо үчүн тиешелүү аспаптард, атайын шаймандарды жана жабдууларды тандоо, иштеп чыгуу; - автомобилдин бузулган бөлүктөрүн, тетиктерин, агрегаттарын жана механизмдерин ажыратуу; - автомобилдин түйүндөрүнө, тетиктерине, агрегаттарына жана механизмдерине техникалык тейлөө жүргүзүү; - автомобилдин жарактуу жана жараксыз тетиктерин, түйүндөрүн, агрегаттарын жана механизмдерин дефекттөө; - автомобилдин бөлүктөрүн, тетиктерин, агрегаттарын жана механизмдерин ажыратуу жана чогултуу; - автомобилдин бөлүктөрүнүн, тетиктеринин, агрегаттарынын жана механизмдеринин иштөө жөндөмүн калыбына келтирүү. |
|
|
|||||
5 |
ВБ |
Билим берүү программасынын вариативдик бөлүгү (билим берүү уюму тарабынан аныкталат) |
кесиптик компоненттин 10% |
кесиптик компоненттин 10% 1 кредит – 30с |
|
|
|||
6 |
ӨБ; ӨП |
Өндүрүштүк окутуу жана практика (практикалык көндүмдөр жана ыкмалар БП менен аныкталат) |
Дисциплиналардын кесиптик компонентинен 50-60% |
Дисциплиналардын кесиптик компонентинен 50-60% |
Дисциплиналардын кесиптик компонентинен 50-60% 28-30 кр./840-900 м. |
Дисциплиналардын кесиптик компонентинен 50-60% |
|
|
|
7 |
ДТ |
Дене тарбия |
68 с. |
136 с. |
54 с. |
108 с. |
|
|
|
8 |
ЖМА*** |
Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация |
6 с. |
6 с. |
1 кр/30 с. |
30 с. |
|
|
|
9 |
БАРДЫГЫ |
БПнын жалпы сыйымдуулугу |
3000 с. |
4440 с. |
60 кр/ 1800 с. |
2880 с. |
|
|
|
10 |
|
Жумалык жүктөм |
36/39 с. |
36/39 с. |
39 с. |
36 с. |
|
|
|
Эскертүү:
(*) - 2-3 жыл окуу мөөнөтү менен жалпы билим берүүчү даярдоого кирген дисциплиналардын сыйымдуулугу Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык аныкталат;
(**) - циклдерге (жалпы техникалык, жалпы кесиптик, кесиптик) кирген айрым дисциплиналардын сыйымдуулугу даярдалуучу жумушчу кесиптердин профилинин багытына ылайык аныкталат;
(***) - квалификациялык экзаменден тышкары жыйынтыктоочу аттестацияга сааттар предметтик дисциплиналардын алкагында эске алынат.
Жалпы орто мектептин базасында (11-кл.) даярдоо жүргүзүлүп жаткан кесиптер боюнча кредиттик саатка которуу жана аларды оңдоо пилоттук лицейлерде жүргүзүлгөн апробациянын жыйынтыгы боюнча мүмкүн.
Автотранспорт каражаттарын оңдоо боюнча слесарь (7231 Автотранспорт каражаттарын техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча слесарь) кесиби боюнча кесиптик башталгыч билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандарты Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык илимий-методикалык борбордун окуу-методикалык бирикмеси тарабынан иштелип чыккан (2023-жылдын 3-мартынан №1/11 КРнын“Республикалык илимий-усулдук борбордун алдындагы окуу-методикалык бирикме жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” ББжИМнин алдындагы РИМБ долбоору).
Дондошов Темиркан - РИМБнын БКБнын мазмунун иштеп чыгуу
Аскарович бөлүмүнүн жетектөөчү адиси,
ОМБнын төрагасы ______________
ОМБнын мүчөлөрү:
Скопинцева Наталья
Валентиновна - № 25 КЛдин ОӨУИ боюнча
директорунун орун басары
______________
Саипова Рахат
Жаныбековна - № 63 КЛдин ОӨУИ боюнча
директорунун орун басары
______________
Дыйканалиев Темиркул
Назаркулович - № 20 КЛдин атай. дисциплиналардын окутуучусу _____________
Логвинец Святослав
Игоревич: - МАЖ-1 аткаруучу директору, Кант ш.
_____________