КЕСИПТИК БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫ Кесип: Ачык тоо-кен иштеринин машинисти   Квалификация: 8332 Экскаватордун машинисти

12 Декабрь 2024 ж.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Билим берүү жана илим министрлигинин

2024-жылдын 4-ноябрындагы

1668/1 буйругу менен бекитилди

Каттоо №__________

Коду________________________

 

 

 

 

 

 

КЕСИПТИК БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН

МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫ

 

 

Кесип: Ачык тоо-кен иштеринин машинисти

  Квалификация: 8332 Экскаватордун машинисти

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бишкек, 2024

 

 

 

 

1-бөлүм. Жалпы жоболор

1. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн Ачык тоо-кен иштеринин машинисти (8332 Экскаватордун машинисти) кесиби боюнча Мамлекеттик билим берүү стандарты Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органы тарабынан Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.

2. Бул мамлекеттик билим берүү стандартында төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:

мамлекеттик билим берүү стандарты – окутуунун максаттарын жана натыйжаларын аныктоочу билим берүү программасынын минимум мазмуну, билим берүүнүн деңгээлдери боюнча даярдоого базалык талаптарды аныктоочу формалдык билим берүүнүн талаптарынын коомдук макулдашылган жыйындысы;

интеграцияланган программа – бул негизги жалпы билим берүүнүн бүтүрүүчүлөрүнө жалпы орто билим алууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн жалпы орто жана башталгыч кесиптик билим берүү программаларын бириктирүүнүн негизинде иштелип чыккан билим берүү программасы;

компетенция – билим алуучунун белгилүү бир чөйрөдө анын натыйжалуу өнүмдүү иши үчүн зарыл болгон билим берүүгө даярдоого карата алдын ала коюлган социалдык талап (ченем);

кредит (кредит-саат) - билим берүү программасынын сыйымдуулугунун шарттуу өлчөмү;

квалификациялардын улуттук алкагы - улуттук квалификациялык тутумчаларды интеграциялоого жана координациялоого, квалификациялардын салыштырмалуулугун камсыз кылууга багытталган жана квалификациянын ылайыктуулугун тастыктоо жана ыйгаруу системасы үчүн негиз болуп саналган критерийлердин топтомуна ылайык квалификациялардын деңгээлдеринин түзүмдөлгөн сыпаттамасы;

кесиптик иштин чөйрөсү - жалпы негизге ээ болгон (окшош же багыты, объекттери, технологиялары, эмгек каражаттары жакын болгон) жана аларды аткаруу үчүн эмгек функцияларынын жана тиешелүү компетенциялардын окшош топтомун болжолдогон кесиптик иштин түрлөрүнүн жыйындысы;

билим берүү программасы - конкреттүү деңгээлдеги, багыттагы же адистиктеги билим берүүнүн мазмуну;

жалпы техникалык цикл - тармактар аралык мүнөздөгү техниканын жана технологиянын илимий негиздерин үйрөнүүнү камсыз кылуучу предметтердин жыйындысы;

жалпы кесиптик цикл - мазмуну тармактар аралык мүнөздөгү иштин белгилүү бир түрүнө же белгилүү тармактын кесибине (өндүрүштүн түрүнө) багытталган предметтердин жыйындысы;

кесиптик цикл – кесип боюнча түздөн-түз даярдоону камсыз кылуучу предметтердин жыйындысы;

кесиптик стандарт - кесиптик иштин белгилүү бир түрүн жүзөгө ашыруу жана белгилүү эмгек функциясын аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын мүнөздөмөсү;

окутуунун натыйжалары – окуу процессин ийгиликтүү аяктагандан кийин билим алуучудан кандай билим, билгичтик жана көндүмдөр күтүлүшүнө карата ырастоо;

дисциплиналардын цикли - окутуунун, тарбиялоонун белгиленген максаттарына жана натыйжаларына карата белгилүү бир логикалык жыйынтыкка ээ болгон билим берүү программасынын бөлүгү же окуу дисциплиналарынын жыйындысы.

3. Ушул Мамлекеттик билим берүү стандартын аткаруу кесиптик башталгыч билим берүү программаларын ишке ашыруучу бардык билим берүү уюмдары үчүн алардын уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан милдеттүү болуп саналат.

4. Ушул Мамлекеттик билим берүү стандартында төмөнкү кыскартуулар колдонулат:

ВБ – вариативдик бөлүк;

ЖМА – жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация;

ЖК – жалпы компетенциялар;

ДЖБЦ – дисциплиналардын жалпы билим берүү цикли;

БП – билим берүү программасы;

ДЖКЦ – дисциплиналардын жалпы кесиптик цикли;

ДЖТЦ – дисциплиналардын жалпы техникалык цикли;

ӨО; ӨП – өндүрүштүк окутуу жана практика;

ЦКП – дисциплиналардын кесиптик цикли;

КМ – кесиптик модулдар;

ДТ – дене тарбия;

ДЦ – дисциплиналардын цикли.

 

2-бөлүм. Колдонуу чөйрөсү

5. Бул Мамлекеттик билим берүү стандарты Ачык тоо-кен иштеринин машинисти (8332 Экскаватордун машинисти) кесиби боюнча билим берүү программасын ишке ашырууда милдеттүү болгон ченемдердин, эрежелердин жана талаптардын жыйындысын билдирет жана окуу, уюштуруу-методикалык документтерди иштеп чыгуу, Кыргыз Республикасынын аймагында лицензиясы жана мамлекеттик же көз карандысыз аккредитациясы бар бардык билим берүү уюмдары тарабынан кесиптик башталгыч билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүүнүн сапатын баалоо үчүн негиз болуп саналат.

6. Ачык тоо-кен иштеринин машинисти (8332 Экскаватордун машинисти) кесиби боюнча кесиптик башталгыч билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандартынын негизги колдонуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:

- кесиптик башталгыч билим берүү программасын ишке ашырууга укугу бар билим берүү уюмдарынын администрациясы жана педагогикалык курамы;

- ушул кесип боюнча билим берүү программасын өздөштүргөн окуучулар;

- тиешелүү кесиптик иш чөйрөсүндөгү иш берүүчүлөрдүн бирикмелери;

- билим берүү программаларын иштеп чыгууну камсыз кылуучу окуу-методикалык бирикмелер жана уюмдар;

- кесиптик башталгыч билим берүүнү каржылоону камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

- билим берүү системасында мыйзамдардын сакталышын контролдоону камсыз кылуучу, кесиптик башталгыч билим берүү чөйрөсүндө аккредитациялоону жана сапатты контролдоону ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.

 

3-бөлүм. Башталгыч кесиптик билим берүүнүн

Ачык тоо-кен иштеринин машинисти

(8332 Экскаватордун машинисти) кесибинин

жалпы мүнөздөмөсү

7. Ачык тоо-кен иштеринин машинисти (8332 Экскаватордун машинисти) кесиби боюнча билим берүү программасын өздөштүрүүнүн формалары:

- күндүзгү;

- күндүзгү-сырттан (кечки).

8. Абитуриенттердин даярдыгынын деңгээлине карата талаптар.

Абитуриент тапшырууда төмөнкү документтердин бирине ээ болууга тийиш:

- жалпы орто билими жөнүндө аттестатка;

- негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүккө;

- кесиптик башталгыч билим берүү программалары боюнча окууга базалык билими жана кандайдыр бир квалификациясы жок адамдар жалпы орто билим берүү программалары боюнча окуу жана кесиптик билим берүүнүн башка деңгээлине өтүү укугусуз кабыл алынат.

9. Ачык тоо-кен иштеринин машинисти (8332 Экскаватордун машинисти) кесиби боюнча билим берүү программасын өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөтү күндүзгү окуу формасында:

- негизги жалпы билим берүүнүн базасында жалпы орто билим алуу менен - 2-3 жылды;

- жалпы орто билим берүүнүн базасында - 1 жылды түзөт.

Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында төмөнкүдөй негизги билим берүү программалары ишке ашырылат:

- негизги жалпы билим берүүнүн базасында окутуу мөөнөтү 2-3 жылдан кем эмес жалпы орто жана кесиптик башталгыч билим берүүнүн интеграцияланган программасы;

- жалпы орто билим албастан негизги жалпы билим берүүнүн базасында аскерге чакырууга чейинки даярдоо программасын камтыган 2 жылдык окуу мөөнөтү менен кесиптик башталгыч билим берүү программасы;

- жалпы орто билим берүүнүн базасында окутуу мөөнөтү 1 жылдан кем эмес кесиптик башталгыч билим берүү программасы;

- окутуу мөөнөтү 1 жылга чейин болгон кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу программалары.

Өзгөчө учурларда (ооруп калуу, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнө кызматка чакыруу) окуучунун арызы боюнча ал окуусун улантуу жана окуу максатына жетүү үчүн 3 жылдын ичинде калыбына келтирилиши мүмкүн.

10. Билим берүү программасынын сыйымдуулугу кесиптик башталгыч билим берүү программасынын түзүмүнө ылайык (1-тиркеме), окуу жылы үчүн (стандарттык окутуу учурунда 10 ай) 52ден кем эмес кредитти түзөт (52 кр 30 саат = 1560 саат), өз алдынча иштерди жана аттестациянын бардык түрлөрүн кошууну эске алуу менен башталгыч кесиптик билим берүү программасынын сыйымдуулугу окутуу мөөнөтү 10 ай болгон учурда 60 кредиттен ашпоого тийиш. Мында бир кредит окуучунун окуу ишинин 30 саатына барабар.

Негизги жалпы билим берүүнүн базасында 2,3 жыл окутууда окуу жүктөмүнүн көлөмү сааттык система боюнча эсептелет (жумасына минимум 36 академиялык саат, максимум - 39 саат).

Окуучулардын окуу жүктөмүнүн максималдуу көлөмү жумасына 45 (1,5 кр) академиялык саатты түзөт, анын ичинде билим берүү программасын өздөштүрүү боюнча аудиториялык жана аудиториядан тышкаркы (өз алдынча) окуу иштеринин бардык түрлөрүн кошуу менен.

Күндүзгү окутуу формасында жумасына аудиториялык сабактардын көлөмү ар бир окуу дисциплинасын же кесиптик модулду өздөштүрүүгө бөлүнгөн жалпы көлөмдүн 80% кем эмес кесиптин өзгөчөлүгүн эске алуу менен Башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты менен аныкталат (мисалы, предметке 40 саат бөлүнөт, анын ичинен 80% же 32 саат - бул аудиториялык сабактар, калган 8 саат окутуучунун кароосу боюнча бөлүштүрүлөт).

Күндүзгү-сырттан билим алуу формасында (анын ичинде түзөтүү мекемелериндеги окуу жайлар үчүн) аудиториялык окуу жүктөмүнүн максималдуу көлөмү жумасына 16 академиялык саатты түзөт.

Окуу мөөнөтү 1 жылдан ашык болгон учурда каникулдардын жалпы узактыгы окуу жылында 11 жуманы түзөт жана окуу мөөнөтү 1 жыл болгон учурда кыш мезгилинде 2 жумадан кем эмес.

Өндүрүштүк окутуу жана өндүрүштүк практика билим берүү программасынын жалпы окуу убактысынын 50-60% түзөт.

Өндүрүштүк практика кесиптик башталгыч билим берүү программасынын милдеттүү бөлүмү болуп саналат жана окуучулардын практикалык багыттагы даярдыгын камсыз кылуучу окуу сабактарынын түрү болуп саналат. Кесиптик башталгыч билим берүү программасын ишке ашырууда практиканын төмөнкүдөй түрлөрү каралат: окуу (өндүрүштүк окутуу) жана өндүрүштүк. Өндүрүштүк практика окуучуларды даярдоо профилине ылайык иш алып барган уюмдарда жүргүзүлүшү керек.

11. Ачык тоо-кен иштеринин машинисти (8332 Экскаватордун машинисти) кесиби боюнча кесиптик башталгыч билим берүү программасынын максаттары:

- окутуу жаатында автомобиль жолдорун, гидротехникалык жана башка курулмаларды курууда, тейлөөдө жана оңдоодо пайдалуу кендерди иштетүүдө экскаваторду колдонуу менен механикалаштырылган иштерди аткаруу үчүн квалификациялуу жумушчу кадрларды даярдоо;

- инсанды тарбиялоо жаатында окуучуларда социалдык-инсандык сапаттарды калыптандыруу болуп саналат: максатка умтулгандык, уюшкандык, эмгекти сүйүү, жоопкерчилик, жарандуулук, коммуникативдүүлүк, толеранттуулук жана жалпы маданиятты жогорулатуу саналат.

12. Экономикалык иштин түрү: Пайдалуу кендерди казып алуу. Экономикалык иштин түрчөсү:

- Таш көмүр жана күрөң көмүр (лигнит) казып алуу

- Чийки мунай жана жаратылыш газын алуу;

- Металл кенин казып алуу;

- Башка пайдалуу кендерди казып алуу;

- Пайдалуу кендерди казып алуу боюнча кызматтарды көрсөтүү.

13. Кесиптик иштин чөйрөлөрү:

- пайдалуу кен чыккан жерлерди иштетүү боюнча ишканалар;

- гидротехникалык курулмалар;

- курулуш курулмалары.

14. Ачык тоо-кен иштеринин машинисти (8332 Экскаватордун машинисти) кесиби боюнча бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишинин объектилери болуп төмөнкүлөр саналат: тоо-кен машиналары жана жабдуулары, тоо тектери, техникалык документтер, механизмдер жана экскаватор системалары.

15.Бүтүрүүчү даярдала турган кесиптик иштин түрлөрү:

- таш көмүр казып алуу;

- күрөң көмүр казып алуу (лигнит);

- чийки мунай өндүрүү;

- жаратылыш (күйүүчү) газын алуу;

- түстүү металлдардын кендерин казып алуу;

- курулуш үчүн таш, кум, чопо казуу;

- башка топторго киргизилбеген пайдалуу кендерди казып алуу.

16. Бүтүрүүчү даярдалышы керек болгон кесиптик иштин милдеттеринин тизмеси: автомобиль жолдорун, гидротехникалык курулмаларды курууда, тейлөөдө жана оңдоодо пайдалуу кендерди ачык ыкма менен иштетүүдө экскаваторду колдонуу менен механикалаштырылган иштерди аткаруу.

17. Башталгыч кесиптик билим берүүнүн Ачык тоо-кен иштеринин машинисти (8332 Экскаватордун машинисти) кесиби боюнча билим берүү программасын өздөштүргөн бүтүрүүчү төмөнкүлөргө даярдалган:

- кесиптик ишке;

- кесиптик башталгыч билим берүүнүн жана орто кесиптик билим берүүнүн интеграцияланган программалары боюнча окууну улантууга.

 

4-бөлүм. Билим берүү программасын ишке ашыруу ш

арттарына карата жалпы талаптар

18. Кесиптик башталгыч билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдары кесип боюнча билим берүү программасын өз алдынча иштеп чыгышат. Билим берүү программасы кесип боюнча тиешелүү Мамлекеттик билим берүү стандартынын, квалификациялардын улуттук алкагынын, квалификациялардын тармактык жана сектордук алкактарынын жана кесиптик стандарттардын негизинде эмгек рыногунун керектөөлөрүн эске алуу менен иштелип чыгат.

Билим берүү уюмдары илимдин, маданияттын, экономиканын, техниканын, технологиялардын жана социалдык чөйрөнүн өнүгүшүн эске алуу менен, ошондой эле иш берүүчүлөрдүн жана башка кызыкдар тараптардын төмөнкүдөй сунуштарына ылайык билим берүү программаларын мезгил-мезгили менен кайра карап чыгышат жана зарыл болгон учурда жаңылап турушат:

- бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатын камсыз кылуу боюнча стратегияны иштеп чыгуу;

- негизги кесиптик билим берүү программаларына мезгил-мезгили менен мониторинг жүргүзүү;

- так макулдашылган критерийлердин негизинде окуучулардын билим деңгээлин, бүтүрүүчүлөрдүн компетенцияларын баалоонун объективдүү жол-жоболорун иштеп чыгуу;

- педагогикалык курамдын сапатын жана компетенттүүлүгүн камсыз кылуу;

- ишке ашырылып жаткан негизги кесиптик билим берүү программасын жетиштүү ресурстар менен камсыз кылуу, аларды колдонуунун натыйжалуулугун контролдоо;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген аккредитациялоонун минималдуу талаптары боюнча өзүн-өзү баалоону үзгүлтүксүз жүргүзүү;

- өз ишинин натыйжалары, пландары, инновациялары жөнүндө коомчулукка маалымдоо.

19. Окуучуларды жана бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатын баалоо аларды учурдагы, орто аралык жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону камтууга тийиш.

20. Окуучуларды учурдагы аттестациялоо билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген баалоо системасынын негизинде окуунун жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.

21. Окуучулардын квалификациялык экзамени (жыйынтыктоочу аттестациялоо) башталгыч кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте көз карандысыз квалификациялык экзамен формасында толук окутуу курсун аяктагандан кийин өткөрүлөт.

Мамлекеттик аттестациялык сынактардын башка түрлөрү окуу программасынын талаптарынын чегинде билим берүү уюму тарабынан өз алдынча аныкталат.

22. Окуучулардын жеке жетишкендиктеринин тиешелүү негизги кесиптик билим берүү программасынын этап боюнча же акыркы талаптарына ылайык келүүсүнө учурдагы, орто аралык жана жыйынтыктоочу аттестациялоо үчүн типтүү тапшырмаларды, текшерүү иштерин, модулдук тесттерди ж.б. камтыган баалоо каражаттарынын базалары түзүлөт, алар ээ болгон компетенциялардын деңгээлин баалоого мүмкүндүк берет. Баалоо каражаттарынын базасы башталгыч кесиптик билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюму тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.

23. Кесиптик башталгыч билим берүү программасы дисциплиналардын кесиптик циклинин вариативдүү бөлүгүнүн окуучулардын тандоосу боюнча дисциплиналарын камтышы керек. Окуучулардын тандоосу боюнча дисциплиналардын тизмеси педагогикалык кеңештин чечими менен белгиленет.

24. Билим берүү программасын иштеп чыгууда кесиптик башталгыч билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрдүн жалпы компетенцияларын (мисалы, социалдык өз ара аракеттенүү, өзүн-өзү уюштуруу жана өз алдынча башкаруу, системалык-ишмердик мүнөздөгү компетенцияларын) калыптандыруудагы мүмкүнчүлүктөрү аныкталышы мүмкүн.

 

5-бөлүм. Ачык тоо-кен иштеринин машинисти

(8332 Экскаватордун машинисти) кесиби боюнча билим берүү программасына карата талаптар

25. Ачык тоо-кен иштеринин машинисти (8332 Экскаватордун машинисти) кесиби боюнча бүтүрүүчү ушул Мамлекеттик билим берүү стандартынын 11-пунктунда көрсөтүлгөн билим берүү программасынын максаттарына ылайык төмөнкү компетенцияларга ээ болушу керек:

- жалпы:

ЖК-1. Айлана-чөйрөнү коргоо жана өндүрүштүк экология; коопсуз жана сергек жашоо мүнөзүн уюштуруу жөнүндө билимин колдоно алат;

ЖК-2. Кесиптик баарлашуу деңгээлинде мамлекеттик (В1 деңгээли) жана расмий тилдерде өзүнүн оозеки жана жазуу жүзүндөгү сүйлөө речин логикалык жактан түзө алат;

ЖК-3. Кесиптик ишинде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонууга жөндөмдүү;

ЖК-4. Командада иштей алат, кесиптештери, жетекчилиги, керектөөчүлөр менен натыйжалуу баарлаша алат;

ЖК-5. Өз ишин пландаштырууга жана уюштурууга жөндөмдүү;

ЖК-6. Кесиптик иште негизги ишкердик билимдерди жана көндүмдөрдү колдоно алат.

 - кесиптик:

КК-1. Жумуш ордун, ошондой эле экскаватордун жабдууларын, механизмдерин жана системаларын иштөөгө даярдоого жөндөмдүү;

КК-2. Экскаваторду сырттан текшерүүгө жөндөмдүү (транспорттун техникалык абалы);

КК-3. Техникалык документтерге ылайык тышкы, аба жана жер астындагы коммуникациялардын (кабелдер: электр коммуникациялары, телекоммуникациялар жана түтүктөр) болушун аныктоого жөндөмдүү;

КК-4. Сыйымдуулугу 2 куб. м. чейин жана андан жогору жана кубаттуулугу 77,2 кВт. жогору болгон ковшу менен бир ковштуу экскаваторду башкарууга жөндөмдүү;

КК-5. Экскаватор менен иштерди пландоого жөндөмдүү (кырдын үстүңкү жана астыңкы аянттарын пландоо, тоо массасын, топуракты карьердин бортуна же төгүндүгө жылдыруу);

КК-6. Экскаватор менен иштерди аткарууга жөндөмдүү (кыртышты ачуу, казып алуу, кайра экскавациялоо, тазалоо, төгүү жана жүктөө-түшүрүү иштери, тоо массасын жана топуракты иштетүү, күйүүчү майды жана ар кандай материалдарды транспорт каражаттарына которуу);

КК-7. Оптималдуу иштөө режимин жана ковштун сузуп алуу ыкмасын тандоого жөндөмдүү;

КК-8. Түйүндөрдү, агрегаттарды, экскаватор системаларын жана асма жабдууларды тейлөөгө жөндөмдүү;

КК-9. Техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча колдонмого ылайык экскаваторду жумуш сменасынын аягында күнүмдүк сактоого, кыска мөөнөттүү (машиналарды колдонууда 10 күндөн эки айга чейинки тыныгуу) жана узак (машиналарды колдонууда эки айдан ашык тыныгуу) сактоого даярдоого жөндөмдүү.

26. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн негизги билим берүү  программасы Кыргыз Республикасынын кесиптик башталгыч билим берүүнүн ушул Мамлекеттик билим берүү стандартынын 1-тиркемесинде каралган, окуу циклдерин жана бөлүмдөрүн өздөштүрүүнү божомолдойт.

27. Дисциплиналардын кесиптик цикли билим берүү уюмдары белгилеген базалык (милдеттүү) жана вариативдик бөлүккө ээ. Вариативдик бөлүк 10 пайыздан кем эмесин түзөт жана базалык бөлүктүн мазмуну менен аныкталган даярдыкты тереңдетүүгө, аймактык эмгек рыногунун суроо-талаптарына жана билим алууну улантуу мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык бүтүрүүчүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон кошумча компетенцияларга ээ болууга мүмкүндүк берет.

28. Кесиптик башталгыч билим берүү программаларынын мазмунунун милдеттүү минимумуна, аларды ишке ашыруу шарттарына, бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу аттестациялоого жана ар бир кесип боюнча алардын даярдыгынын деңгээлине карата талаптар билим берүү уюмдары тарабынан Кыргыз Республикасынын башталгыч кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык аныкталат.

 

6-бөлүм. Билим берүү программасын ишке ашырууда билим алуучулардын укуктарына жана милдеттерине карата

жалпы талаптар

29. Өзүнүн жеке билим берүү траекториясын түзүүдө окуучу билим берүү уюмунан дисциплиналарды тандоо жана алардын келечектеги кесипке тийгизген таасири боюнча консультация алууга укуктуу.

30. Инсанды тарбиялоо жана өнүктүрүү, жалпы компетенцияларды өнүктүрүү бөлүгүндө билим берүү программасында натыйжаларга жетишүү максатында окуучулар өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө, коомдук уюмдардын, спорттук жана чыгармачылык клубдардын ишине катыша алышат.

31. Окуучулар билим берүү программасында каралган бардык тапшырмаларды белгиленген мөөнөттө аткарууга милдеттүү.

32. Билим берүү уюму билим берүү программаларын өздөштүрүүдө окуучуларды укуктары жана милдеттери менен тааныштырууга, окутуу үчүн киргизилген дисциплиналар окуучулар үчүн милдеттүү экендигин, ал эми алардын суммалык сыйымдуулугу окуу планында каралгандан кем болбоого тийиш экендигин түшүндүрүүгө милдеттүү.

33. Билим берүү уюмдары билим берүү программаларын уюштурууда жана ишке ашырууда гендердик теңчилик саясатын эске алууга, социалдык инклюзияны камсыз кылууга, ошондой эле санариптештирүүнү өнүктүрүүгө милдеттүү.

34. Окуучуларга билим берүү процессинин мазмунун, уюштурулушун жана сапатын баалоо мүмкүнчүлүгү берилиши керек.

 

7-бөлүм. Окуу процессин окуу-методикалык жана маалыматтык камсыздоо

35. Ачык тоо-кен иштеринин машинисти (8332 Экскаватордун машинисти) кесиби боюнча башталгыч кесиптик билим берүү программасын ишке ашыруу ар бир окуучуга маалымат базаларынын жана билим берүү программасынын дисциплиналарынын толук тизмеси боюнча түзүлгөн китепкана фонддорунун жеткиликтүүлүгү менен камсыз болууга тийиш.

Милдеттүү окуу китептеринин жана методикалык куралдардын тизмеси:

  1. Петров А.И. Проходчик горных выработок. «НЕДРА» басма - Москва, 1991.
  2. Попов В.Л. Основы горного дела.  «НЕДРА» басм,а - Москва, 1990.
  3. Шырдаков Н.Ш. Тоо кен иштеринин технологиясы. басма «Кенеш».

- Бишкек, 2017.

  1. Шырдаков Н.Ш. Ачык тоо кен иштери боюнча машиналар жана механизмдер (экскаватор, бульдозер). басма «Калем». – Бишкек, 2020.
  2. Яринен Л. Горное дело. – Астана, 2017.
  3. Ермеков Т.Е. Горные машины. –Астана, 2009.
  4. Овчинников Г. Ремонт горного оборудования. – Астана, 2010.

36. Билим берүү программасын ишке ашыруу үчүн окуучулардын зарыл болгон окуу адабияты жана/же электрондук адабият менен камсыз болушу лицензиялык талаптарга ылайык келүүгө тийиш. Окуу маалымат булактары заманбап талаптарга жооп бериши керек.

37. Билим берүү процессинде мыйзам актылары, ченемдик документтер, кесиптик багыттагы мезгилдүү басылмалардын материалдары колдонулууга тийиш.

38. Билим берүү уюму ар кандай формада кесиптик окутууну, анын ичинде аралыктан окутууну уюштуруу үчүн шарттарды камсыз кылууга милдеттүү.

 

8-бөлүм. Окуу процессин материалдык-техникалык камсыздоо

39. Ачык тоо-кен иштеринин машинисти (8332 Экскаватордун машинисти) кесиби боюнча башталгыч кесиптик билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюму окуучуларды дисциплинардык, дисциплиналар аралык даярдоонун жана практикалык иштин бардык түрлөрүн жүргүзүүнү камсыз кылуучу тиешелүү материалдык-техникалык базага ээ болууга тийиш:

- практикалык иштерди аткаруу жана айдоо үчүн полигон;

- окуу устаканасы (экскаваторду оңдоо жана тейлөө боюнча);

- 1 экскаватор (бир ковштуу;

 - окуу инвентары (окуу тренажеру, стенддер, плакаттар, экскаваторду оңдоо жана тейлөө үчүн аспаптар топтому);

 - бир окуучуга сарпталуучу материалдар (айдоо жана практикалык көнүгүүлөр үчүн бензин же дизелдик отун, майлоочу материалдар).

Кабинеттер:

- тоо-кен жабдуулары;

- турмуш-тиричилик коопсуздугу жана эмгекти коргоо;

- казып алуучу-жүктөөчү машиналарды куруу жана оңдоо;

- электротехника;

- черчение;

- материал таануу;

- ЖКЭ.

Лабораториялар/устаканалар:

- тоо-кен жабдуулары.

Китепкана, Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар окуу залы;

жыйындар залы, спорт зал, медпункт, ашкана.

40. Билим берүү программасын ишке ашыруунун сапатын баалоо.

Бүтүрүүчүнүн кесиптик компетенттүүлүгүнүн далилдери жумуш ордундагы операцияларга тиешелүү болууга, “Экскаватордун машинисти” кесиптик стандартынын компетенттүү иштин критерийлеринин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.

Окутуунун натыйжаларын текшерүү ыкмалары:

- интервью, лабораториялык жана практикалык тапшырмаларды аткарууда көндүмдөрдү көрсөтүү, портфолио, тестирлөө;

- окуучулардын зарыл болгон билимдерин жазуу жүзүндө жана /же оозеки баалоо.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Кесиптик башталгыч билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына 1-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы №371 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын макетине ылайык)

Ачык тоо-кен иштеринин машинисти (8332 Экскаватордун машинисти) кесиби боюнча кесиптик башталгыч билим берүү программасынын

ТҮЗҮМҮ

Дисциплиналардын циклинин (ДЦ) коддору

Дисциплиналардын циклдери жана аларды өздөштүрүүнүн долбоорлонгон натыйжалары

Жалпы негизги билим берүүнүн базасында (9-кл.) жалпы орто билим жана кесип алуу менен

Жалпы орто билимдин базасында (11-кл.)

Сыйымдуулугу**

(кредит-сааттар)

Жалпы орто билим албастан

Болжолдуу программаларды иштеп чыгуу үчүн дисциплиналардын тизмеси

Калыптануучу компетенциялардын коддору

2 ж.

3 ж.

10 ай.

2 ж.

1

ДЖЦ*

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Дисциплиналардын жалпы билим берүү цикли

Циклди өздөштүрүүнүн натыйжасында окуучу:

 - билүүгө тийиш:

- баарлашуу чөйрөсүн, жагдайларды, кырдаалдарды;

- кеп коммуникациясынын катышуучуларынын социалдык жана статустук ролдорун;

- лексика-грамматикалык деңгээлдеги тил тутумун жана стилистикалык ресурстарды;

- минималдуу жалпы илимий китеп лексикасын жана терминдерди;

- кесиптик иштин алкагында сүйлөө темаларынын минимумун;

- ишкердик баарлашуунун сүйлөө өзгөчөлүктөрүн (расмий жагдайда кайрылуу, баарлашуу, өтүнүчтү, баш тартууну, макул/макул эместикти, ыраазычылыкты, куттуктоолорду ж. б. айтуудагы минимум этикеттик формулалар жана эрежелер).

- кызматтык-ишкердик кептин түрлөрүн жана жанрларын; 

- көндүмдөргө ээ болууга тийиш: 

- сүйлөө этикетинин эрежелерине ылайык расмий, кызматтык-ишкердик маектерди/сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө;

- ийгиликтүү байланышка жетүү үчүн баарлашуу стратегиясын түзүүгө;

- кесиптик иш жаатындагы актуалдуу темалар боюнча ишкердик стилдеги айтымдарды иштеп чыгуу (түзүү, жаратуу) жана туура чечмелөөгө;

- орус тилинин этикетинин эрежелерине ылайык расмий жана жарым-жартылай расмий кызматтык-ишкердик маектерди / сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө;

- профилдин/адистиктин жана кызматтык-иш документтеринин алкагында окуу иштерин туура тариздөөгө.

- билүүгө тийиш:

- зыяндуу адаттар (тамеки чегүү, насвай, алкоголь, баңгизат) жана алардын кесепеттери жөнүндө;

- сергек жашоо мүнөзүнүн тобокелдик факторлору жөнүндө;

- рационалдуу жана гигиеналык режим жана тамактануу жөнүндө.

- көндүмдөргө ээ болууга тийиш:

- зыяндуу адаттардан баш тартууга;

- сергек жашоо мүнөзүн камсыз кылуу каражаттарынын жана методдорунун жалпы топтомун иш жүзүнө ашырууга;

- жашоонун рационалдуу режимин сактоого;

- рационалдуу тамактанууну сактоого;

- иммунитетти көтөрүүчү көнүгүүлөрдү аткарууга жана чыйралууга.

*1768 с.

(10 -кл;11- кл.)

*2006 с.

(10-кл;11-кл.)

3 кр/90 с.

240 с.

1. Кесиптик кыргыз/ орус тилдери.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2. Коопсуз сергек жашоо мүнөзү.

ЖК 2-3

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖК 1-3

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2

ДКЦ

Дисциплиналардын кесиптик компоненти

1232 с.

2434 с.

56 кр /1680 с.

2532 с.

 

 

3

ДЖТЦ**

ДЖКЦ**

Дисциплиналардын жалпы техникалык цикли

Дисциплиналардын циклинин базалык бөлүгүн өздөштүрүүнүн натыйжасында окуучу төмөнкүлөргө милдеттүү:

- билүүгө:

- чогултуу чиймелери жөнүндө жалпы маалыматты;

- чиймелерде колдонулуучу шартуулуктун жана жөнөкөйлөтүүлөрдүн багытын;

- жумушчу чиймелерди иштеп чыгуу жана окуу эрежелерин;

- конструктордук, технологиялык жана башка ченемдик документтердин негизги жоболорун;

- техникалык деталдардын геометриялык түзүлүштөрүн жана чийүү эрежелерин, технологиялык жабдууларды графикалык чагылдыруу жана технологиялык схемаларды аткаруу ыкмаларын;

- Конструктордук документтердин бирдиктүү системасынын (КДБС) жана Технологиялык документтердин бирдиктүү системасынын (ТДБС) стандарттарынын чертеждорду жана схемаларды тариздөөгө жана түзүүгө карата талаптарын;

- көндүмдөргө ээ болууга:

- татаал эмес деталдардын, технологиялык схемалардын жана аппараттардын жумушчу жана чогултуу чертеждорун окуу;

- эскиздерди, татаал эмес деталдардын, технологиялык схемалардын жана аппараттардын жумушчу жана чогултуу чертеждорун аткаруу.

 

-билүүгө:

- туруктуу жана өзгөрүлмө электр тогу жөнүндө негизги түшүнүктөрдү, өткөргүчтөрдүн жана ток булактарын ырааттуу жана параллелдүү туташтырууну, токтун күчүн, чыңалуусун, электр тогунун кубаттуулугун өлчөө бирдиктерин;

- өткөргүчтөрдүн, электр жана магнит талааларынын каршылыгын;

- электрдик чоңдуктарды өлчөөнүн маңызын жана ыкмаларын, өлчөөчү приборлордун конструкциялык жана техникалык мүнөздөмөлөрүн;

- электротехниканын негизги мыйзамдарын;

- графикалык сүрөттөөнүн жана электрдик схемаларды түзүүнүн түрлөрүн жана эрежелерин;

- электр чынжырларын эсептөө ыкмаларын;

- электр техникалык приборлордун жана электр машиналарынын шарттуу белгилерин;

- электр тармактарынын негизги элементтерин;

- электр өлчөө приборлорунун, электр машиналарынын, башкаруу жана коргоо аппаратураларынын иштөө принциптерин, түзүлүшүн, негизги мүнөздөмөлөрүн, электр менен жабдуу схемаларын;

- туруктуу жана өзгөрүлмө токтун кыймылдаткычтарын, алардын түзүлүшүн, ишке киргизүү, токтотуу эрежелеринин иштөө принцибин;

- электр энергиясын үнөмдөө жолдорун;

- зымдарды бириктирүү, ширетүү жана изоляциялоо эрежелерин;

- электротехникалык материалдардын түрлөрүн жана касиеттерин;

- электр приборлору менен иштөөдө коопсуздук эрежелерин.

- көндүмдөргө ээ болууга:

- жердетүүнү аткарууну контролдоо;

- электр жабдууларынын иштөө параметрлерин контролдоо;

- пайдаланылып жаткан жабдууга орнотулган электр кыймылдаткычын иштетүү жана токтотуу;

- параметрлерди эсептөө, ар кандай электрдик чоңдуктарды, электр машиналарын жана механизмдерин өлчөөдө приборлорду кошуу схемасын түзүү жана куроо;

- коопсуздук техникасынын ченемдерин жана эксплуатациялоо эрежелерин сактоо менен электр жабдууларынын иштөө жана пайдалануу көрсөткүчтөрүн алуу;

- принциптүү, электрдик жана монтаждык схемаларды окуу;

- зымдарды бириктирүүнү, ширетүүнү жана изоляциялоону жүргүзүү жана аткарылуучу иштердин сапатын контролдоо.

 

билүүгө:

-  тандалган артыкчылыктарга ылайык чакан бизнес ишканасын түзүү боюнча иш-аракеттердин алгоритмин:

- ишкердик иш жаатындагы ченемдик укуктук базаны;

- Кыргыз Республикасындагы экономиканын жана ишкердиктин абалын;

- чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө жагымдуу потенциалды жана факторлорду, чакан бизнести насыялоону;

- бизнес-планды иштеп чыгуу технологиясын;

- өз ишин уюштуруунун теориялык жана методологиялык негиздерин.

көндүмдөргө ээ болууга:

- ишкердик ишке шыктуулукка психологиялык өзүн-өзү талдоо жүргүзүү;

- ишкердик иштин уюштуруу-укуктук формасын тандоо;

- бухгалтердик отчеттуулуктун формасын толтуруу;

- рынокту изилдөөнүн ар кандай ыкмаларын колдонуу;

- башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу;

- атаандаштар, керектөөчүлөр, жеткирүүчүлөр жөнүндө маалыматтарды топтоо жана талдоо;

- экономикалык эсептөөлөрдү жүргүзүү;

- өндүрүштүк ишти пландаштыруу;

- бизнес-планды иштеп чыгуу;

- презентация өткөрүү.

 

билүүгө:

- экология жаатындагы мыйзамдарды жана уюмдун ишине жайылтылуучу эмгекти коргоонун мамлекеттик ченемдик талаптарын камтыган башка ченемдик укуктук актыларды;

- кызматкерлердин эмгекти коргоо жаатындагы милдеттерин;

- өзүнүн ишинин (же аракетсиздигинин) иш жүзүндөгү же потенциалдуу кесепеттерин жана алардын эмгек коопсуздугунун деңгээлине тийгизген таасирин;

- технологиялык процесстерди жана өндүрүштүк нускамаларды баш ийген кызматкерлер (персонал) сактабагандыгынан мүмкүн болгон кесепеттерди;

- эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча нускамалардын тартибин жана мезгилдүүлүгүн;

- жамааттык жана жеке коргонуу каражаттарын сактоо жана пайдалануу тартибин;

көндүмдөргө ээ болууга:

- коркунучтуу жана зыяндуу өндүрүштүк факторлорду жана кесиптик иштин мурдагы, азыркы же пландаштырылган түрлөрү менен байланышкан аларга тиешелүү тобокелдиктерди аныктоо;

- аткарган кесиптик иштин мүнөзүнө ылайык жамааттык жана жеке коргонуу каражаттарын пайдалануу;

- эмгек шарттары боюнча жумуш орундарын аттестациялоого, анын ичинде кесиптик ишиндеги эмгек шарттарын жана жаракат алуу коопсуздугунун деңгээлин баалоого катышуу;                                           

  - киришүүчү нускама берүү, аткарылуучу иштердин өзгөчөлүгүн эске алуу менен аларга жумуш ордунда коопсуздук техникасынын маселелери боюнча нускама берүү;       

- эмгек коопсуздугунун талап кылынган деңгээлине жетүү үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү иштеп чыгуу жана контролдоо.

 

билүүгө:

- рынок экономикасынын принциптерин; уюмдардын уюштуруу-укуктук формаларын;

- эмгек мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдардын негизги жоболорун;

- эмгек акыны түзүү механизмдерин;

- эмгек акы төлөө формаларын.

көндүмдөргө ээ болууга:

- өндүрүш экономикасынын жалпы маселелеринде багыт алуу;

- конкреттүү өндүрүштүк кырдаалдарда экономикалык жана укуктук билимдерди колдонуу;

- колдонуудагы мыйзамдардын алкагында өзүнүн эмгектик укуктарын коргоо.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Техникалык черчение

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Электротехника

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бизнестин жана ишкердиктин негиздери

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Эмгекти коргоо жана өндүрүштүк экология

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кесиптик иш аракеттерди укуктук жактан камсыздоо

 

 

 

 

 

 

ЖК-3

КК-2

КК-3

КК-8

КК-9

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖК 1-3

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖК-4

ЖК-5

ЖК-6

КК 8-9

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖК 1-5

КК 1-3

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖК 1-5

КК 1

4

ДКЦ**

КМ 01-0N

Дисциплиналардын кесиптик цикли.

Негизги бөлүгү: кесиптик модулдар.

 

 

 

 

 

 

Түзүлүштөр

Материал таануу

Тоо-кен иштеринин негиздери

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Экскаваторду башкаруу,

ЖКЭ

БДН,

 

 

 

ЖК 2-4

КК 1-3

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖК 2-6

КК 4-7

Кесиптик модулдарды өздөштүрүүнүн натыйжасында окуучу:

- билүүгө тийиш:

- экскаваторду иштетүү боюнча нускаманы;

-  тейленген экскаваторлордун түзүлүшүн жана мүнөздөмөлөрүн;

-  экскаватордун механикалык, гидравликалык жана электр жабдууларынын иштөө принцибин;

-  экскаваторду электр тармактарына туташтыруу эрежелерин;

-  колдонулган өлчөө каражаттарынын жана автоматтык түзүлүштөрдүн иштөө принцибин жана милдеттерин;

-  алмаштырылуучу асма жабдуулар менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрүн;

-  белгиленген документтерди жүргүзүү эрежелерин;

-  экскаватордун ишиндеги бузулуулардын пайда болуу себептерин жана аларды жоюу жолдорун;

-  экскаватордун бат эскирүүчү бөлүктөрүн жана түйүндөрүн жана аларды алмаштыруу тартибин;

-  электротехниканын, автоматиканын негиздерин.

- көндүмдөргө ээ болууга тийиш:

- ишти баштоодон мурун экскаватордун негизги тетиктерин жана түйүндөрүн визуалдык текшерүүдөн өткөрүү (ковш, ковштун кармагычы, ковшту ачуу механизми, оргутуучу механизми бар стрела жана эки буттуу тирөөч);

-    эксплуатациялык нускамага ылайык экскаваторду жана асма шаймандарын иштетүү жана тейлөө үчүн зарыл болгон слесардык шаймандарды даярдоо;

-   жумушчу операцияларды баштоодон мурун конструктивдик жана технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен экскаватордун жана асма шаймандарын  технологиялык жөнгө салуу (ковш, ковштун кармагычы, ковшту ачуу механизми, оргутуучу механизми бар стрела жана эки буттуу тирөөч);

- моторду иштетүү жана анын иштөө режимин көзөмөлдөө;

-   техникалык документтерге ылайык жер астындагы коммуникациялардын (кабелдердин жана түтүк өткөргүчтөрдүн) бар экендигин аныктоо;

-    жумуш жана технологиялык тыныгуулар учурунда жумуш орундарын жана эмгек каражаттарын коопсуз абалда кармоо боюнча операциялардын топтомун аткаруу;

-    техникалык документтерди толтуруу.

билүүгө тийиш:

- экскаватордун механикалык, гидравликалык жана электр жабдууларынын иштөө принцибин;

 -         экскаваторлорду баланстоо эрежелерин;

 -       экскаватордун сарамжалдуу иштөө режимдерин жана сүзүп алуу ыкмаларын;

 -   оор жана жеңил грунттарды иштеп чыгууда экскаватордун механизмдерин башкаруу ыкмаларын;

 -    жер үстүндөгү, забойдо жер астындагы шарттарда тоо массасын жана грунттарын иштетүү эрежелерин;

 -     забойду иштеп чыгуу ыкмаларын;

 -     пайдалуу кендерди сорттору боюнча айырмалоону;

 -   жол кыймылынын эрежелерин, экскаваторду жана асма шаймандарын жылдырууну;

 -    талаа шарттарында жана өтүп бара жаткан жерлерде жол кыймылынын эрежелерин;

 -  терең забойлордо кубаттуу экскаваторлор менен грунтту иштеп чыгуунун өзгөчөлүктөрүн;

  -  ачык тоо-кен иштерин жүргүзүү жөнүндө негизги маалыматтарды жана участоктун (тилкенин) тоо-геологиялык мүнөздөмөсүн;

 -  жер көчкүнүн белгилерин;

 - иштетилип жаткан тоотектердин физикалык-механикалык касиеттерин жана пайдалуу кендер менен тектердин айырмасын;

 - дөңдөрдү иштеп чыгуу, забойдун линиясын алып баруу жана иштеп чыгуу эрежелерин;

  - системага жана иштеп чыгуу шарттарына жараша экскавациянын ар кандай ыкмаларын колдонуу методдорун;

  -  конвейердик линиялардагы темир жол курамдарына, автоунааларга жана бункерлердин люктарына тоо массасын жана кыртышты жүктөө эрежелерин;

 - транспорттук, түтүк өткөрүү иштерди жүргүзүү эрежелерин;

 - белгиленген документтерди жүргүзүү эрежелерин;

көндүмдөргө ээ болууга тийиш:

- экскаваторду башкаруу;

 -  долбоордук документацияны окуу;

 -  слесардык аспаптар менен иштерди аткаруу;

 - экскаватор менен пландаштыруу иштерин аткаруу (забойду, үстүңкү жана ылдыйкы тепкичтин аянтчаларын пландоо, тоо массасын жылдыруу, грунтту карьерге же отвалга жылдыруу);

 - экскаватор менен иш алып баруу (ачып көрүү, казуу, экскавацяиондук, тазалоо, отвалдык жана и жүк салуу-түшүрүү иштери, грунтту жана жер массасын иштеп чыгуу, отун жана башка материалдарды транспорттук каражаттарга жылдыруу);

 - экскаватордун кыймылдаткычында, гидросистемада, тросс-блоктук башкарууда же жүрмө бөлүгүндө чурулдоолорду, кырсылдоорлорду, кычыроолорду жана башка шектүү көрүнүштөрдү аныктоо;

- экскаватордун жана асма шаймандарынын ишиндеги бузулуулардын себептерин жоюу жана алдын алуу;

 - экскаватор менен даярдык иштерин аткаруу (жерди майда токойлордон жана бадалдардан тазалоо, топурактын чым катмарын кесүү менен байланышкан иштер);

 

билүүгө тийиш:

-  экскаваторду иштетүү боюнча нускаманы;

- пландуу техникалык тейлөөнү жана пландуу-алдын алуучу оңдоолорду жүргүзүү эрежелерин жана мөөнөттөрүн;

-  экскаватордун нормалдуу жана авариялык иштөөсүндөгү өлчөөчү приборлордун көрсөткүчтөрүнүн маанисин;

- орнотулган диагностикалык шаймандардын түзүлүшүн жана иштешин;

- машинанын иштөө абалын мүнөздөгөн контролдук параметрлердин маанисин; 

-  техникалык тейлөөнүн ар кандай түрлөрүндө операциялардын тизмесин жана иштөө технологиясын;

- экскаваторду тейлөөдө колдонулуучу шаймандардын жана технологиялык жабдуулардын негизги түрлөрүн, типтерин жана багыттарын;

- машинанын жана анын курамдык бөлүктөрүнүн түзүлүшүн, техникалык мүнөздөмөлөрүн;

-  экскаваторду техникалык тейлөөдө пайдаланылуучу заманбап күйүүчү-майлоочу жана башка материалдардын касиеттерин, маркаларын жана керектөө ченемдерин;

- экскаваторду тейлөөдө пайдаланылуучу күйүүчү-майлоочу жана башка материалдарды ташууну, кабыл алууну, сактоону жана май куюу үчүн техникалык каражаттарды орнотууну;

-  күйүүчү-майлоочу материалдардын жана техникалык суюктуктардын касиеттерин, сактоо жана пайдалануу эрежелерин;

- алмаштырылуучу асма шаймандарын монтаждоо, демонтаждоо, жылдыруу, ишке даярдоо жана орнотуу эрежелерин жана тартибин;

- сактоо жайларын камсыз кылуу жана жабдуу эрежелерин, сакталган машиналарды эсепке алуу жана жоопкерчилик, коопсуздук жана өрткө каршы коргоо шарттарын түзүүнү;

- техникалык иш-чаралар: машинаны тазалоо; кампада сактала турган тетиктерди алып салуу; машиналарды белгиленген жерлерге койгучтарга орнотуу; коргоочу жабууларды коюу; тешиктерди жана көңдөйлөрдү жылчыксыздоо;

- машиналарды сактоо мезгилинде тейлөөнү жана сактоодон чыгарууну.

көндүмдөргө ээ болууга тийиш:

-    слесардык аспаптар менен иштерди аткаруу;

-   асма шаймандарды монтаждоо жана демонтаждоо;

-   экскаватордун башкаруу механизмдеринин жана системаларынын абалын текшерүү үчүн аспаптар жана атайын жабдуулар, приборлор менен иштөө;

-   жумуш өндүрүшүнүн технологиялык процессине ылайык тапшырманы аткаруу;

- сакталып турган машиналардын эсепке алуу, коопсуздук жана өрттөн коргоо шарттарын түзүү;

- техникалык иш-чараларды жүргүзүү: машинаны тазалоо; кампада сактала турган тетиктерди алып салуу;

- машиналарды белгиленген жерлерге койгучтарга орнотуу; коргоочу жабууларды коюу; тешиктерди жана көңдөйлөрдү жылчыксыздоо;

- техникалык тейлөө жана оңдоо боюнча колдонмого ылайык, экскаваторду жумуш сменасынын аягында, кыска мөөнөттүү (машиналарды колдонуудан 10 күндөн эки айга чейин тыныгуу)  жана узак мөөнөттүү (машиналарды колдонууда эки айдан ашык тыныгуу)  сактоого даярдоо;

-  долбоордук документацияны окуу.

 

 

5

ВБ

Билим берүү программасынын вариативдик бөлүгү (билим берүү уюму тарабынан аныкталат)

кесиптик компоненттин 10%

кесиптик компоненттин 10%

 

 

6

ӨБ; ӨП

Өндүрүштүк окутуу жана практика (практикалык көндүмдөр жана ыкмалар ББП менен аныкталат)

Дисциплиналардын кесиптик компонентинин 50-60%

Дисциплиналардын кесиптик компонентинин 50-60%

Дисциплиналардын кесиптик компонентинин 50-60%28-30 кр./840-900 с.

Дисциплиналардын кесиптик компонентинин 50-60%

 

ЖК 1-6

КК 1-9

7

ДТ

Дене тарбия

68 с.

136 с.

54с.

108 с.

 

 

8

ЖМА***

Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация

6 с.

6 с.

1 кр/30 с.

30 с.

 

 

9

БАРДЫГЫ

БПнын жалпы сыйымдуулугу

3000 с.

4440 с.

60 кр/1800 с.

2880 с.

 

 

10

 

Жумалык жүктөм

36/39 с.

36/39 с.

39 с.

36 с.

 

 

Эскертүү:

(*) - 2-3 жыл окуу мөөнөтү менен жалпы билим берүүчү даярдоого кирген дисциплиналардын сыйымдуулугу Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык аныкталат;

(**) - циклдерге (жалпы техникалык, жалпы кесиптик, кесиптик) кирген айрым дисциплиналардын сыйымдуулугу даярдалуучу жумушчу кесиптердин профилинин багытына ылайык аныкталат;

(***) - квалификациялык экзаменден тышкары жыйынтыктоочу аттестацияга сааттар предметтик дисциплиналардын алкагында эске алынат.

 

 

 Ачык тоо-кен иштеринин машинисти (8332 Экскаватордун машинисти) кесиби боюнча  кесиптик башталгыч билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандарты Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык илимий-методикалык борбордун окуу-методикалык бирикмеси тарабынан иштелип чыккан (КР БИМдин алдындагы РИМБнын 2023-жылдын 3-мартындагы №1/11 “Республикалык илимий-методикалык борбордун алдындагы Окуу-методикалык бирикмелер жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” буйругу).

 

 

 

Саттарова Алымкан Ногойбековна

   - БИМдин алдындагы РИМБнын директорунун орун басары, ОМБнын төрайымы

 

___________

 

ОМБнын мүчөлөрү:

 

 

Баркыбаев Болотбек Аленбаевич

   - “Кыргыз алтын” ААК Өндүрүш-техникалык башкармалыгынын башчысы

                             

 

 

___________

 

Дуйшебаев Каныбек Ражапович

   - №19 КЛдин башкы мастери 

 

___________

Тагаев Абдыкапар Камчыбекович

    - Бишкек техникалык    

     колледжинин окутуучусу

 

___________

Быржыбаев Жумакадыр Садыралиевич

    - Чүй жана Кемин районунун   Мам.тех инспекциянын башчысы

 

___________

Ороспаков Джолдош Сатуалдиевич

  • № 19 КЛдин окутуучусу

 

___________

 

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар