КЕСИПТИК БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫ Кесип: Жасалгалоо курулуш иштеринин мастери Квалификация: 7121 Жылмалоочу-плитачы

12 Декабрь 2024 ж.

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ

 

 

 

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Билим берүү жана илим министрлигинин

2024-жылдын 4-ноябрындагы

1668/1 буйругу менен бекитилди

Каттоо №__________

Коду________________________

 

 

 

 

 

КЕСИПТИК БАШТАЛГЫЧ БИЛИМ БЕРҮҮНҮН

МАМЛЕКЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СТАНДАРТЫ

 

 

Кесип: Жасалгалоо курулуш иштеринин мастери

 

Квалификация: 7121 Жылмалоочу-плитачы

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бишкек, 2024

 

1-бөлүм. Жалпы жоболор

1. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн Жасалгалоо курулуш иштеринин чебери (7121 Жылмалоочу-плитачы)   кесиби боюнча Мамлекеттик билим берүү стандарты Кыргыз Республикасынын билим берүү жаатындагы ыйгарым укуктуу органы тарабынан Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.

2. Бул мамлекеттик билим берүү стандартында төмөнкү түшүнүктөр колдонулат:

мамлекеттик билим берүү стандарты – окутуунун максаттарын жана натыйжаларын аныктоочу билим берүү программасынын минимум мазмуну, билим берүүнүн деңгээлдери боюнча даярдоого базалык талаптарды аныктоочу формалдык билим берүүнүн талаптарынын коомдук макулдашылган жыйындысы;

интеграцияланган программа – бул негизги жалпы билим берүүнүн бүтүрүүчүлөрүнө жалпы орто билим алууга мүмкүнчүлүк берүү үчүн жалпы орто жана башталгыч кесиптик билим берүү программаларын бириктирүүнүн негизинде иштелип чыккан билим берүү программасы;

компетенция – билим алуучунун белгилүү бир чөйрөдө анын натыйжалуу өнүмдүү иши үчүн зарыл болгон билим берүүгө даярдоого карата алдын ала коюлган социалдык талап (ченем);

кредит (кредит-саат) - билим берүү программасынын сыйымдуулугунун шарттуу өлчөмү;

квалификациялардын улуттук алкагы - улуттук квалификациялык тутумчаларды интеграциялоого жана координациялоого, квалификациялардын салыштырмалуулугун камсыз кылууга багытталган жана квалификациянын ылайыктуулугун тастыктоо жана ыйгаруу системасы үчүн негиз болуп саналган критерийлердин топтомуна ылайык квалификациялардын деңгээлдеринин түзүмдөлгөн сыпаттамасы;

кесиптик иштин чөйрөсү - жалпы негизге ээ болгон (окшош же багыты, объекттери, технологиялары, эмгек каражаттары жакын болгон) жана аларды аткаруу үчүн эмгек функцияларынын жана тиешелүү компетенциялардын окшош топтомун болжолдогон кесиптик иштин түрлөрүнүн жыйындысы;

билим берүү программасы - конкреттүү деңгээлдеги, багыттагы же адистиктеги билим берүүнүн мазмуну;

жалпы техникалык цикл - тармактар аралык мүнөздөгү техниканын жана технологиянын илимий негиздерин үйрөнүүнү камсыз кылуучу предметтердин жыйындысы;

жалпы кесиптик цикл - мазмуну тармактар аралык мүнөздөгү иштин белгилүү бир түрүнө же белгилүү тармактын кесибине (өндүрүштүн түрүнө) багытталган предметтердин жыйындысы;

кесиптик цикл – кесип боюнча түздөн-түз даярдоону камсыз кылуучу предметтердин жыйындысы;

кесиптик стандарт - кесиптик иштин белгилүү бир түрүн жүзөгө ашыруу жана белгилүү эмгек функциясын аткаруу үчүн зарыл болгон квалификациянын мүнөздөмөсү;

окутуунун натыйжалары – окуу процессин ийгиликтүү аяктагандан кийин билим алуучудан кандай билим, билгичтик жана көндүмдөр күтүлүшүнө карата ырастоо;

дисциплиналардын цикли - окутуунун, тарбиялоонун белгиленген максаттарына жана натыйжаларына карата белгилүү бир логикалык жыйынтыкка ээ болгон билим берүү программасынын бөлүгү же окуу дисциплиналарынын жыйындысы.

3. Ушул Мамлекеттик билим берүү стандартын аткаруу кесиптик башталгыч билим берүү программаларын ишке ашыруучу бардык билим берүү уюмдары үчүн алардын уюштуруу-укуктук формаларына жана менчигинин түрүнө карабастан милдеттүү болуп саналат.

4. Ушул Мамлекеттик билим берүү стандартында төмөнкү кыскартуулар колдонулат:

ВБ – вариативдик бөлүк;

ЖМА – жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация;

ЖК – жалпы компетенциялар;

ДЖБЦ – дисциплиналардын жалпы билим берүү цикли;

БП – билим берүү программасы;

ДЖКЦ – дисциплиналардын жалпы кесиптик цикли;

ДЖТЦ – дисциплиналардын жалпы техникалык цикли;

ӨО; ӨП – өндүрүштүк окутуу жана практика;

ЦКП – дисциплиналардын кесиптик цикли;

КМ – кесиптик модулдар;

ДТ – дене тарбия;

ДЦ – дисциплиналардын цикли.

 

2-бөлүм. Колдонуу чөйрөсү

5. Бул Мамлекеттик билим берүү стандарты Жасалгалоо курулуш иштеринин чебери (7121 Жылмалоочу-плитачы)  кесиби боюнча билим берүү программасын ишке ашырууда милдеттүү болгон ченемдердин, эрежелердин жана талаптардын жыйындысын билдирет жана окуу, уюштуруу-методикалык документтерди иштеп чыгуу, Кыргыз Республикасынын аймагында лицензиясы жана мамлекеттик же көз карандысыз аккредитациясы бар бардык билим берүү уюмдары тарабынан кесиптик башталгыч билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программаларын өздөштүрүүнүн сапатын баалоо үчүн негиз болуп саналат.

6. Жасалгалоо курулуш иштеринин чебери (7121 Жылмалоочу-плитачы) кесиби боюнча кесиптик башталгыч билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандартынын негизги колдонуучулары болуп төмөнкүлөр саналат:

- кесиптик башталгыч билим берүү программасын ишке ашырууга укугу бар билим берүү уюмдарынын администрациясы жана педагогикалык курамы;

- ушул кесип боюнча билим берүү программасын өздөштүргөн окуучулар;

- тиешелүү кесиптик иш чөйрөсүндөгү иш берүүчүлөрдүн бирикмелери;

- билим берүү программаларын иштеп чыгууну камсыз кылуучу окуу-методикалык бирикмелер жана уюмдар;

- кесиптик башталгыч билим берүүнү каржылоону камсыз кылуучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;

- билим берүү системасында мыйзамдардын сакталышын контролдоону камсыз кылуучу, кесиптик башталгыч билим берүү чөйрөсүндө аккредитациялоону жана сапатты контролдоону ишке ашыруучу ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган.

 

3-бөлүм. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн Жасалгалоо курулуш иштеринин чебери

(7121 Жылмалоочу-плитачы) кесибинин жалпы мүнөздөмөсү

7. Жасалгалоо курулуш иштеринин чебери (7121 Жылмалоочу-плитачы) кесиби боюнча билим берүү программасын өздөштүрүүнүн формалары:

- күндүзгү;

- күндүзгү-сырттан (кечки).

8. Абитуриенттердин даярдыгынын деңгээлине карата талаптар.

Абитуриент тапшырууда төмөнкү документтердин бирине ээ болууга тийиш:

- жалпы орто билими жөнүндө аттестатка;

- негизги жалпы билими жөнүндө күбөлүккө;

- башталгыч кесиптик билим берүү программалары боюнча окууга базалык билими жана кандайдыр бир квалификациясы жок адамдар жалпы орто билим берүү программалары боюнча окуу жана кесиптик билим берүүнүн башка деңгээлине өтүү укугусуз кабыл алынат.

9. Жасалгалоо курулуш иштеринин чебери (7121 Жылмалоочу-плитачы) кесиби боюнча билим берүү программасын өздөштүрүүнүн ченемдик мөөнөтү күндүзгү окуу формасында:

- негизги жалпы билим берүүнүн базасында жалпы орто билим алуу менен - 2-3 жылды;

- жалпы орто билим берүүнүн базасында - 1 жылды түзөт.

Кесиптик башталгыч билим берүү уюмдарында төмөнкүдөй билим берүү программалары ишке ашырылат:

- негизги жалпы билим берүүнүн базасында окутуу мөөнөтү 2-3 жылдан кем эмес жалпы орто жана башталгыч кесиптик билим берүүнүн интеграцияланган программасы;

- жалпы орто билим албастан негизги жалпы билим берүүнүн базасында аскерге чакырууга чейинки даярдоо программасын камтыган 2 жылдык окуу мөөнөтү менен башталгыч кесиптик билим берүү программасы;

- жалпы орто билим берүүнүн базасында окутуу мөөнөтү 1 жылдан кем эмес кесиптик башталгыч билим берүү программасы;

- окутуу мөөнөтү 1 жылга чейин болгон кесиптик даярдоо, кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу программалары.

Эгерде окуучу кыска мөөнөттө кесипти өздөштүрө алса, башталгыч кесиптик билим берүүнү башкаруу органдары окуучунун арызы боюнча окутуу мөөнөтүн кыскарта алат.

Өзгөчө учурларда (ооруп калуу, Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнө кызматка чакыруу) окуучунун арызы боюнча ал окуусун улантуу жана окуу максатына жетүү үчүн 3 жылдын ичинде калыбына келтирилиши мүмкүн.

10. Билим берүү программасынын сыйымдуулугу башталгыч кесиптик билим берүү программасынын түзүмүнө ылайык (1-тиркеме), окуу жылы үчүн (стандарттык окутуу учурунда 10 ай) 52ден кем эмес кредитти түзөт (52 кр 30 саат = 1560 саат), өз алдынча иштерди жана аттестациянын бардык түрлөрүн кошууну эске алуу менен башталгыч кесиптик билим берүүнүн негизги кесиптик билим берүү программасынын сыйымдуулугу окутуу мөөнөтү 10 ай болгон учурда 60 кредиттен ашпоого тийиш. Мында бир кредит окуучунун окуу ишинин 30 саатына барабар.

Негизги жалпы билим берүүнүн базасында 2,3 жыл окутууда окуу жүктөмүнүн көлөмү сааттык система боюнча эсептелет (жумасына минимум 36 академиялык саат, максимум - 39 саат).

Окуучулардын окуу жүктөмүнүн максималдуу көлөмү жумасына 45 (1,5 кр) академиялык саатты түзөт, анын ичинде билим берүү программасын өздөштүрүү боюнча аудиториялык жана аудиториядан тышкаркы (өз алдынча) окуу иштеринин бардык түрлөрүн кошуу менен.

Күндүзгү окутуу формасында жумасына аудиториялык сабактардын көлөмү ар бир окуу дисциплинасын же кесиптик модулду өздөштүрүүгө бөлүнгөн жалпы көлөмдүн 80% кем эмес кесиптин өзгөчөлүгүн эске алуу менен Башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарты менен аныкталат (мисалы, предметке 40 саат бөлүнөт, анын ичинен 80% же 32 саат - бул аудиториялык сабактар, калган 8 саат окутуучунун кароосу боюнча бөлүштүрүлөт).

Күндүзгү-сырттан билим алуу формасында (анын ичинде түзөтүү мекемелериндеги окуу жайлар үчүн) аудиториялык окуу жүктөмүнүн максималдуу көлөмү жумасына 16 академиялык саатты түзөт.

Окуу мөөнөтү 1 жыл болгон учурда каникулдардын жалпы узактыгы окуу жылында 11 жуманы түзөт жана окуу мөөнөтү 1 жыл болгон учурда кыш мезгилинде 2 жумадан кем эмес.

Өндүрүштүк окутуу жана өндүрүштүк практика билим берүү программасынын жалпы окуу убактысынын 50-60% түзөт.

Өндүрүштүк практика кесиптик башталгыч билим берүү программасынын милдеттүү бөлүмү болуп саналат жана окуучулардын практикалык багыттагы даярдыгын камсыз кылуучу окуу сабактарынын түрү болуп саналат. Кесиптик башталгыч билим берүү программасын ишке ашырууда практиканын төмөнкүдөй түрлөрү каралат: окуу (өндүрүштүк окутуу) жана өндүрүштүк. Өндүрүштүк практика окуучуларды даярдоо профилине ылайык иш алып барган уюмдарда жүргүзүлүшү керек.

11. Жасалгалоо курулуш иштеринин чебери (7121 Жылмалоочу-плитачы) кесиби боюнча башталгыч кесиптик билим берүү программасынын максаттары:

- окутуу жаатында “Имараттардын жана курулмалардын коопсуздугу жана долбоордук-сметалык документтер” техникалык регламентине ылайык имараттардын жана курулмалардын ички жана тышкы дубалдарын жылмалоо боюнча иштерди аткарууга квалификациялуу жумушчу кадрларды даярдоо.

- инсанды тарбиялоо жаатында окуучуларда социалдык-инсандык сапаттарды калыптандыруу: максатка умтулгандык, уюшкандык, эмгекти сүйүү, жоопкерчилик, жарандуулук, коммуникативдүүлүк, толеранттуулук жана жалпы маданиятты жогорулатуу саналат.

12. Экономикалык иштин түрү: курулуш. Экономикалык иштин түрчөсү: Атайын курулуш иштери.

13. Кесиптик иштин багыттары турак жай, өнөр жай жана коомдук имараттардын курулуш аянтчаларында, курулуш бирикмелеринде, оңдоо жана курулуш компанияларында иштөөнү камтыйт.

14. Жасалгалоо курулуш иштеринин чебери (7121 Жылмалоочу-плитачы)  кесиби боюнча бүтүрүүчүлөрдүн кесиптик ишинин объекттери болуп төмөнкүлөр саналат: жеке коргонуу каражаттары, коопсуздук белгилери, плакаттар, коопсуздук техникасы боюнча көрсөтмө берүү журналы, курулуш конструкцияларынын ар кандай түрлөрү; курулуш ченемдери жана эрежелери; курулуш жабдууларынын ар кандай түрлөрү, маалыматтык-коммуникациялык техника, жлмалоо иштерин жүргүзүү үчүн каражаттар.

15. Бүтүрүүчү даярдала турган кесиптик иштин түрлөрү: полду каптоо жана дубалдарды жылмалоо.

16. Бүтүрүүчү даярдалышы керек болгон кесиптик иштин милдеттеринин тизмеси:

- жумуш процессин уюштуруу;

- беттерди плитка менен каптоодон мурун даярдык иштерин аткаруу;

- вертикалдуу жана горизонталдуу беттерди каптоочу материалдар менен каптоо;

- жумуш процессин аяктоо.

17. Кесиптик башталгыч билим берүүнүн Жасалгалоо курулуш иштеринин чебери (7121 Жылмалоочу-плитачы) кесиби боюнча билим берүү программасын өздөштүргөн бүтүрүүчү төмөнкүлөргө даярдалган:

- кесиптик ишке;

- кесиптик башталгыч билим берүүнүн жана орто кесиптик билим берүүнүн интеграцияланган программалары боюнча окууну улантууга.

 

4-бөлүм. Билим берүү программасын ишке ашыруу

шарттарына карата жалпы талаптар

18. Кесиптик башталгыч билим берүү программаларын ишке ашыруучу билим берүү уюмдары кесип боюнча билим берүү программасын өз алдынча иштеп чыгышат. Билим берүү программасы кесип боюнча тиешелүү Мамлекеттик билим берүү стандартынын, квалификациялардын улуттук алкагынын, квалификациялардын тармактык жана сектордук алкактарынын жана кесиптик стандарттардын негизинде эмгек рыногунун керектөөлөрүн эске алуу менен иштелип чыгат.

Билим берүү уюмдары илимдин, маданияттын, экономиканын, техниканын, технологиялардын жана социалдык чөйрөнүн өнүгүшүн эске алуу менен, ошондой эле иш берүүчүлөрдүн жана башка кызыкдар тараптардын төмөнкүдөй сунуштарына ылайык билим берүү программаларын мезгил-мезгили менен кайра карап чыгышат жана зарыл болгон учурда жаңылап турушат:

- бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатын камсыз кылуу боюнча стратегияны иштеп чыгуу;

- билим берүү программаларына мезгил-мезгили менен мониторинг жүргүзүү;

- так макулдашылган критерийлердин негизинде окуучулардын билим деңгээлин, бүтүрүүчүлөрдүн компетенцияларын баалоонун объективдүү жол-жоболорун иштеп чыгуу;

- педагогикалык курамдын сапатын жана компетенттүүлүгүн камсыз кылуу;

- ишке ашырылып жаткан негизги кесиптик билим берүү программасын жетиштүү ресурстар менен камсыз кылуу, аларды колдонуунун натыйжалуулугун контролдоо;

- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген аккредитациялоонун минималдуу талаптары боюнча өзүн-өзү баалоону үзгүлтүксүз жүргүзүү;

- өз ишинин натыйжалары, пландары, инновациялары жөнүндө коомчулукка маалымдоо.

19. Окуучуларды жана бүтүрүүчүлөрдү даярдоонун сапатын баалоо аларды учурдагы, орто аралык жана жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациялоону камтууга тийиш.

20. Окуучуларды учурдагы аттестациялоо башталгыч кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген баалоо системасынын негизинде окуунун жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.

21. Окуучулардын квалификациялык экзамени (жыйынтыктоочу аттестациялоо) башталгыч кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген тартипте көз карандысыз квалификациялык экзамен формасында толук окутуу курсун аяктагандан кийин өткөрүлөт.

Мамлекеттик аттестациялык сынактардын башка түрлөрү окуу программасынын талаптарынын чегинде билим берүү уюму тарабынан өз алдынча аныкталат.

22. Окуучулардын жеке жетишкендиктеринин тиешелүү негизги кесиптик билим берүү программасынын этап боюнча же акыркы талаптарына ылайык келүүсүнө учурдагы, орто аралык жана жыйынтыктоочу аттестациялоо үчүн типтүү тапшырмаларды, текшерүү иштерин, модулдук тесттерди ж.б. камтыган баалоо каражаттарынын базалары түзүлөт, алар ээ болгон компетенциялардын деңгээлин баалоого мүмкүндүк берет. Баалоо каражаттарынын базасы башталгыч кесиптик билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюму тарабынан иштелип чыгат жана бекитилет.

23. Кесиптик башталгыч билим берүү программасы дисциплиналардын кесиптик циклинин вариативдүү бөлүгүнүн окуучулардын тандоосу боюнча дисциплиналарын камтышы керек. Окуучулардын тандоосу боюнча дисциплиналардын тизмеси педагогикалык кеңештин чечими менен белгиленет.

24. Билим берүү программасын иштеп чыгууда кесиптик башталгыч билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюмдарынын бүтүрүүчүлөрдүн жалпы компетенцияларын (мисалы, социалдык өз ара аракеттенүү, өзүн-өзү уюштуруу жана өз алдынча башкаруу, системалык-ишмердик мүнөздөгү компетенцияларын) калыптандыруудагы мүмкүнчүлүктөрү аныкталышы мүмкүн.

 

5-бөлүм. Жасалгалоо курулуш иштеринин чебери

(7121 Жылмалоочу-плитачы) кесиби боюнча билим берүү программасына карата талаптар

25. Жасалгалоо курулуш иштеринин чебери (7121 Жылмалоочу-плитачы) кесиби боюнча бүтүрүүчү ушул Мамлекеттик билим берүү стандартынын 11-пунктунда көрсөтүлгөн билим берүү программасына ылайык төмөнкү компетенцияларга ээ болушу керек:

- жалпы:

ЖК-1. Айлана-чөйрөнү коргоо жана өндүрүштүк экология; коопсуз жана сергек жашоо мүнөзүн уюштуруу жөнүндө билимин колдоно алат;

ЖК-2. Кесиптик баарлашуу деңгээлинде мамлекеттик (В1 деңгээли) жана расмий тилдерде өзүнүн оозеки жана жазуу жүзүндөгү сүйлөө речин логикалык жактан түзө алат;

ЖК-3. Кесиптик ишинде маалыматтык-коммуникациялык технологияларды колдонууга жөндөмдүү;

ЖК-4. Командада иштей алат, кесиптештери, жетекчилиги, керектөөчүлөр менен натыйжалуу баарлаша алат;

ЖК-5. Өз ишин пландаштырууга жана уюштурууга жөндөмдүү;

ЖК-6. Кесиптик иште негизги ишкердик билимдерди жана көндүмдөрдү колдоно алат.

 - кесиптик:

КК-1. Беттерди каптоо үчүн даярдоого жөндөмдүү;

КК-2. Эритмелерди, кургак аралашмаларды жана мастикаларды даярдоого жөндөмдүү;

КК-3. Плитканы каптоого даярдоого жөндөмдүү;

КК-4. Вертикалдуу беттерди каптоого жөндөмдүү;

КК-5. Горизонталдуу беттерди каптоого жөндөмдүү;

КК-6. Каптоочу плиткаларды колдонуу менен декоративдик жана көркөм беттерди жасоого жөндөмдүү;

КК-7. Плитка менен капталган беттерди оңдоого жана айрым плиткаларды алмаштырууга жөндөмдүү;

КК-8. Аткарылган иштин сапатын текшерүүгө жана баалоого жөндөмдүү.

Башталгыч кесиптик билим берүү программасы Кыргыз Республикасынын башталгыч кесиптик билим берүүсүнүн ушул Мамлекеттик билим берүү стандартынын тиркемесинде каралган окуу циклдерин жана бөлүмдөрүн өздөштүрүүнү божомолдойт.

26. Кесиптик башталгыч билим берүү программасы Кыргыз Республикасынын кесиптик башталгыч билим берүүсүнүн ушул Мамлекеттик билим берүү стандартынын 1-тиркемесинде каралган окуу циклдерин жана бөлүмдөрүн өздөштүрүүнү божомолдойт.

27. Дисциплиналардын кесиптик цикли билим берүү уюмдары белгилеген базалык (милдеттүү) жана вариативдик бөлүккө ээ. Вариативдик бөлүк 10 пайыздан кем эмесин түзөт жана базалык бөлүктүн мазмуну менен аныкталган даярдыкты тереңдетүүгө, аймактык эмгек рыногунун суроо-талаптарына жана билим алууну улантуу мүмкүнчүлүктөрүнө ылайык бүтүрүүчүнүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн зарыл болгон кошумча компетенцияларга ээ болууга мүмкүндүк берет.

28. Кесиптик башталгыч билим берүү программаларынын мазмунунун милдеттүү минимумуна, аларды ишке ашыруу шарттарына, бүтүрүүчүлөрдү жыйынтыктоочу аттестациялоого жана ар бир кесип боюнча алардын даярдыгынын деңгээлине карата талаптар билим берүү уюмдары тарабынан Кыргыз Республикасынын башталгыч кесиптик билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык аныкталат.

 

6-бөлүм. Билим берүү программасын ишке ашырууда билим алуучулардын укуктарына жана милдеттерине карата

жалпы талаптар

 

29. Өзүнүн жеке билим берүү траекториясын түзүүдө окуучу билим берүү уюмунан дисциплиналарды тандоо жана алардын келечектеги кесипке тийгизген таасири боюнча консультация алууга укуктуу.

30. Инсанды тарбиялоо жана өнүктүрүү, жалпы компетенцияларды өнүктүрүү бөлүгүндө билим берүү программасында натыйжаларга жетишүү максатында окуучулар өз алдынча башкарууну өнүктүрүүгө, коомдук уюмдардын, спорттук жана чыгармачылык клубдардын ишине катыша алышат.

31. Окуучулар билим берүү программасында каралган бардык тапшырмаларды белгиленген мөөнөттө аткарууга милдеттүү.

32. Билим берүү уюму билим берүү программаларын өздөштүрүүдө окуучуларды укуктары жана милдеттери менен тааныштырууга, окутуу үчүн киргизилген дисциплиналар окуучулар үчүн милдеттүү экендигин, ал эми алардын суммалык сыйымдуулугу окуу планында каралгандан кем болбоого тийиш экендигин түшүндүрүүгө милдеттүү.

33. Билим берүү уюмдары билим берүү программаларын уюштурууда жана ишке ашырууда гендердик теңчилик саясатын эске алууга, социалдык инклюзияны камсыз кылууга, ошондой эле санариптештирүүнү өнүктүрүүгө милдеттүү.

34. Окуучуларга билим берүү процессинин мазмунун, уюштурулушун жана сапатын баалоо мүмкүнчүлүгү берилиши керек.

 

7-бөлүм. Окуу процессин окуу-методикалык жана маалыматтык камсыздоо

35. Жасалгалоо курулуш иштеринин чебери (7121 Жылмалоочу-плитачы) кесиби боюнча башталгыч кесиптик билим берүү программасын ишке ашыруу ар бир окуучуга маалымат базаларынын жана негизги кесиптик билим берүү программасынын дисциплиналарынын толук тизмеси боюнча түзүлгөн китепкана фонддорунун жеткиликтүүлүгү менен камсыз болууга тийиш.

Милдеттүү окуу китептеринин жана методикалык куралдардын тизмеси:

  1. Г.Г. Черноус «Облицовочные работы» - «Академия» - 2009 г
  2. Организация и технология строительных отделочных работ: практические основы профессиональной деятельности: БКБ окуу куралы / А.В. Борилов, О.В. Воловикова, С.А. Дмитриенко и др. – М.: Академкнига/ окуу китеби, 2010.
  3. Охрана труда в строительстве: БКБ үчүн окуу китеби./О.Н.Куликов, Е.И. Ролин. – М.: «Академия» басма борбору, 2009.
  4. Черноус Г.Г. облицовочные работы. Окуу куралы.- М.: «Академия» басма борбору, 2007-жыл.
  5.   Ивлиев А. А., Кальгин А. А., Неелов В.А. Плакаты: Отделочные работы. Иллюстрированное пособие: окуу куралы. – М.: «Академия» басма борбору, 2009.
  6.  Ивлиев А.А., Кальгин А.А., Неелов В.А. Альбом: Отделочные работы: окуу куралы. – М.: «Академия» басма борбору, 2009.

Окуу-методикалык документтердин топтому: окуу видеофильмдери, курулуш альбомдору, чертеждор, схемалар, ченемдик-техникалык документтер.

36. Билим берүү программасын ишке ашыруу үчүн окуучулардын зарыл болгон окуу адабияты жана/же электрондук адабият менен камсыз болушу лицензиялык талаптарга ылайык келүүгө тийиш. Окуу маалымат булактары заманбап талаптарга жооп бериши керек.

37. Билим берүү процессинде мыйзам актылары, ченемдик документтер, кесиптик багыттагы мезгилдүү басылмалардын материалдары пайдаланылууга тийиш.

38. Билим берүү уюму ар кандай формада кесиптик окутууну, анын ичинде аралыктан окутууну уюштуруу үчүн шарттарды камсыз кылууга милдеттүү.

 

8-бөлүм. Окуу процессин материалдык-техникалык камсыздоо

39. Жасалгалоо курулуш иштеринин чебери (7121 Жылмалоочу-плитачы) кесиби боюнча башталгыч кесиптик билим берүү программасын ишке ашыруучу билим берүү уюму окуучуларды дисциплинардык, дисциплиналар аралык даярдоонун жана практикалык иштин бардык түрлөрүн жүргүзүүнү камсыз кылуучу тиешелүү материалдык-техникалык базага ээ болууга тийиш:

- класстык доска - 1;

- чийүү-өлчөө аспаптарынын топтому - 10;

- көрсөтмө куралдар (плакаттар, демонстрациялык стенддер, макеттер);

- мультимедиялык жабдуулар топтому: компьютер, проектор, интерактивдүү доска;

- атайын кийим үчүн шкаф - 1;

- аптечка - 2;

- жеке коргонуу каражаттарынын топтому - 10.

Аспаптар жана инвентарлар топтому:

- рулетка - 15 даана;

- сүргү - 3 даана;

- отвертка (ар кандай баштары менен) - 15;

- узарткыч - 3 даана;

- чака - 3 даана (цинктелген);

- резина шпателдердин топтому – 5 даана;

- металл шпателдердин топтому – 5 даана;

- боо байлоочу түзүлүш - 5 даана;

- кол араа – 5 даана;

- метр деңгээл - 5 даана;

- шыбак балка - 5 даана;

- урчукча - 5 даана;

- сокол – 10 даана;

- текшилегич - 5 даана;

- коңтормо балка - 3 даана;

- салмоор - 5 даана;

- жылмалагыч машина - 1;

- жылмалоочу сүргү - 10 даана;

- плитка кескич (электрдик);

- курулушта колдонулуучу аралаштыргыч (баштары менен);

- тасма араа;

- тепкич – 3 даана;

- оймо араа жана бургу-шруповерт;

- плитканы фигуралуу оймолуу кескич;

- жылмалоочу машина, болгарка, мозаикалык-жылмалоочу машина.

Лабораториялар: электр техникасы жана электрондук техника.

Устаканалар: слесардык-механикалык; курулуш.

Окуу кабинеттери: курулуш боюнча атайын технология.

Залдар: китепкана, Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү бар окуу залы; актовый зал, спорт зал.

Медпункт, ашкана.

40. Билим берүү программасын ишке ашыруунун сапатын баалоо.

Бүтүрүүчүнүн кесиптик компетенттүүлүгүнүн далилдери жумуш ордундагы операцияларга тиешелүү болууга, “Электр жабдууларын оңдоо боюнча слесарь-электрик (тармактар боюнча)” кесиптик стандартынын компетенттүү иштин критерийлеринин талаптарына ылайык келүүгө тийиш.

Окутуунун натыйжаларын текшерүү ыкмалары: тестирлөө, интервью, лабораториялык жана практикалык тапшырмаларды аткарууда көндүмдөрдү көрсөтүү, портфолио;

- окуучулардын зарыл болгон билимдерин жазуу жүзүндө жана /же оозеки баалоо.

 

 

 

Кыргыз Республикасынын

Кесиптик башталгыч билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына 1-тиркеме

(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 8-июлундагы №371 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын башталгыч, орто жана жогорку кесиптик билим берүүсүнүн мамлекеттик билим берүү стандартынын макетине ылайык)

 

Жасалгалоо курулуш иштеринин чебери (7121 Жылмалоочу-плитачы) кесиби боюнча башталгыч кесиптик билим берүүнүн негизги билим берүү программасынын

ТҮЗҮМҮ

 

Дисциплиналардын циклинин (ДЦ) коддору

Дисциплиналардын циклдери жана аларды өздөштүрүүнүн долбоорлонгон натыйжалары

Жалпы негизги билим берүүнүн базасында (9-кл.) жалпы орто билим жана кесип алуу менен

Жалпы орто билимдин базасында (11-кл.)

Сыйымдуулугу**

(кредит-сааттар)

Жалпы орто билим албастан

Болжолдуу программаларды иштеп чыгуу үчүн дисциплиналардын тизмеси

Калыптануучу компетенциялардын коддору

2 ж.

3 ж.

1 ж.

2 ж.

1

ДЖЦ*

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Дисциплиналардын жалпы билим берүү цикли.

Циклди өздөштүрүүнүн натыйжасында окуучу:

   билүүгө тийиш:

- баарлашуу чөйрөсүн, жагдайларды, кырдаалдарды;

- кеп коммуникациясынын катышуучуларынын социалдык жана статустук ролдорун;

- лексика-грамматикалык деңгээлдеги тил тутумун жана стилистикалык ресурстарды;

- минималдуу жалпы илимий китеп лексикасын жана терминдерди;

- кесиптик иштин алкагында сүйлөө темаларынын минимумун;

- ишкердик баарлашуунун сүйлөө өзгөчөлүктөрүн (расмий жагдайда кайрылуу, баарлашуу, өтүнүчтү, баш тартууну, макул/макул эместикти, ыраазычылыкты, куттуктоолорду ж. б. айтуудагы минимум этикеттик формулалар жана эрежелер).

- кызматтык-ишкердик кептин түрлөрүн жана жанрларын.

көндүмдөргө ээ болууга тийиш: 

- сүйлөө этикетинин эрежелерине ылайык расмий, кызматтык-ишкердик маектерди/сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө;

- ийгиликтүү байланышка жетүү үчүн баарлашуу стратегиясын түзүүгө;

- кесиптик иш жаатындагы актуалдуу темалар боюнча ишкердик стилдеги айтымдарды иштеп чыгуу (түзүү, жаратуу) жана туура чечмелөөгө;

- орус тилинин этикетинин эрежелерине ылайык расмий жана жарым-жартылай расмий кызматтык-ишкердик маектерди / сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө;

- профилдин/адистиктин жана кызматтык-иш документтеринин алкагында окуу иштерин туура тариздөөгө.

 

   билүүгө тийиш:

- зыяндуу адаттар (тамеки чегүү, насвай, алкоголь, баңгизат) жана алардын кесепеттери жөнүндө;

- сергек жашоо мүнөзүнүн тобокелдик факторлору жөнүндө;

- рационалдуу жана гигиеналык режим жана тамактануу жөнүндө.

  жөндөмдүү болууга тийиш:

- зыяндуу адаттардан баш тартууга;

- сергек жашоо мүнөзүн камсыз кылуу каражаттарынын жана методдорунун жалпы топтомун иш жүзүнө ашырууга;

- жашоонун рационалдуу режимин сактоого;

- рационалдуу тамактанууну сактоого;

- иммунитетти көтөрүүчү көнүгүүлөрдү аткарууга жана чыйралууга.

*1768 с.

(10 -кл;11- кл.)

*2006 с.

(10-кл;11-кл.)

3 кр/90 с.

240 с.

Кесиптик кыргыз/ орус тилдери.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Коопсуз сергек жашоо мүнөзү.

ЖК 2 - 4

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖК 1 - 3

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

2

ДКЦ

Дисциплиналардын кесиптик компоненти

1232 с.

2434 с.

56 кр /1680 с.

2532 с.

 

 

4

 

2.1

ДЖТЦ*

ДЖКЦ*

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

                    

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Дисциплиналардын жалпы кесиптик цикли.

Жалпы техникалык цикли

Циклди өздөштүрүүнүн натыйжасында окуучу:

 билүүгө тийиш:

- чертеждун сызыктарын, чертеждогу жазууларды;

- чертеждордо өлчөмдөрдү түшүрүү эрежелерин, масштабдарды; тик бурчтуу проекциялар - чертеждордо жалпак фигураларды сүрөттөө ыкмаларын;

- түрлөрдүн чертеждо жайгашуусун;

- кесиктерди жана кесилиштерди, кесилиштердеги жана кесиктердеги штрихтерди;

- кесилиштердеги жана кесиктердеги материалдардын шарттуу белгилерин;

- түрдүн бөлүгүнүн чертеждордогу кесинди бөлүгү менен бириктирилишин;

- кесилиштердин негизги учурларын; курулуш чертеждорундагы бөлүүчү окторду; бийиктик белгилерин жана таза полдун деңгээлинин белгилери жөнүндө түшүнүктү, жантаюу жөнүндө түшүнүктү;

көндүмдөргө ээ болууга тийиш:

- курулуш чертеждорун окуу;

- курулуш чертеждорундагы шарттуу белгилерди түшүнүү;                  

 - имараттардын чертеждорунун, пландын чертежунун, фасаддын жана имараттардын кесилиштеринин курамын өздөшүрүү;

- курулуш чертеждорундагы бөлүүчү окторду аныктоо;

- капталууга тийиш болгон имараттардын конструкциялары менен таанышуу үчүн имараттардын кесилиштеринин чертеждорун окуу;                           

- таш, бетон, темир-бетон, металл, жыгач конструкциялардын жана буюмдардын чертеждорун окуу.

- курулуш схемаларын окуу.

 

  билүүгө тийиш:

- электр схемаларынын элементтерин, аларды бириктирүүнүн түрлөрүн аныктоону жана белгилөөнү;

- электр өлчөөлөрдүн түрлөрүн жана ыкмаларын;

- токтун күчүн, чыңалуусун, электр тогунун кубаттуулугун жана өткөргүчтөрдүн каршылыгын өлчөө бирдиктерин.

- жөнөкөй электр, магниттик жана электрондук чынжырлардын негизги параметрлерин эсептөө жана өлчөө ыкмаларын;

- туруктуу жана өзгөрүлмө токтун касиеттерин;

- өткөргүчтөрдү жана ток булактарын ырааттуу жана параллелдүү туташтыруу принциптерин;

- электр өлчөөчү приборлорду (амперметр, вольтметр), алардын түзүлүшүн, иштөө принцибин жана электр чынжырына кошуу эрежелерин;

- магнит талаасынын касиеттерин;

- туруктуу жана өзгөрүлмө токтун кыймылдаткычтарынын түзүлүшүн жана иштөө принцибин;

- пайдаланылып жаткан жабдууларда орнотулган электр кыймылдаткычтарын иштетүү, токтотуу эрежелерин;

- электр орнотмолорундагы коопсуздук чараларын, электр тогунан жабыр тарткандарга биринчи жардам көрсөтүүнү.

көндүмдөргө ээ болууга тийиш:

- структуралык, монтаждык жана жөнөкөй принциптүү электр схемаларын окуу;

- электр, магниттик жана жөнөкөй электрондук чынжырлардын негизги параметрлерин эсептөө жана өлчөө;

- электр өлчөөчү приборлорду ишинде пайдалануу;

- пайдаланылып жаткан жабдууга орнотулган электр кыймылдаткычын иштетүү жана токтотуу.

 

Жалпы кесиптик цикл

Циклди өздөштүрүүнүн натыйжасында окуучу:

 билүүгө тийиш:

- ишкердик иш жаатындагы ченемдик укуктук базаны;

- Кыргыз Республикасындагы экономиканын жана ишкердиктин абалын;

- чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө жагымдуу потенциалды жана факторлорду, чакан бизнести насыялоону;

- бизнес-планды иштеп чыгуу технологиясын;

- өз ишин уюштуруунун теориялык жана методологиялык негиздерин.

көндүмдөргө ээ болууга тийиш:

- ишкердик ишке шыктуулукка психологиялык өзүн-өзү талдоо жүргүзүү;

- ишкердик иштин уюштуруу-укуктук формасын тандоо;

- бухгалтердик отчеттуулуктун формасын толтуруу;

- рынокту изилдөөнүн ар кандай ыкмаларын колдонуу;

- башкаруучулук чечимдерди кабыл алуу;

- атаандаштар, керектөөчүлөр, жеткирүүчүлөр жөнүндө маалыматтарды топтоо жана талдоо;

- экономикалык эсептөөлөрдү жүргүзүү;

- өндүрүштүк ишти пландаштыруу;

- бизнес-планды иштеп чыгуу;

- презентация өткөрүү.

 

билүүгө тийиш:

- экология жаатындагы мыйзамдарды жана уюмдун ишине жайылтылуучу эмгекти коргоонун мамлекеттик ченемдик талаптарын камтыган башка ченемдик укуктук актыларды;

- кызматкерлердин эмгекти коргоо жаатындагы милдеттерин;

- өзүнүн ишинин (же аракетсиздигинин) иш жүзүндөгү же потенциалдуу кесепеттерин жана алардын эмгек коопсуздугунун деңгээлине тийгизген таасирин;

- технологиялык процесстерди жана өндүрүштүк нускамаларды баш ийген кызматкерлер (персонал) сактабагандыгынан мүмкүн болгон кесепеттерди;

- эмгекти коргоо жана коопсуздук техникасы боюнча нускамалардын тартибин жана мезгилдүүлүгүн;

- жамааттык жана жеке коргонуу каражаттарын сактоо жана пайдалануу тартибин.

көндүмдөргө ээ болууга тийиш:

- коркунучтуу жана зыяндуу өндүрүштүк факторлорду жана кесиптик иштин мурдагы, азыркы же пландаштырылган түрлөрү менен байланышкан аларга тиешелүү тобокелдиктерди аныктоо;

- аткарган кесиптик иштин мүнөзүнө ылайык жамааттык жана жеке коргонуу каражаттарын пайдалануу;

- эмгек шарттары боюнча жумуш орундарын аттестациялоо, анын ичинде кесиптик ишиндеги эмгек шарттарын жана жаракат алуу коопсуздугунун деңгээлин баалоо;                                           

  - киришүүчү нускама берүү, аткарылуучу иштердин өзгөчөлүгүн эске алуу менен аларга жумуш ордунда коопсуздук техникасынын маселелери боюнча нускама берүү;                    

 - эмгек коопсуздугунун талап кылынган деңгээлине жетүү үчүн зарыл болгон көндүмдөрдү иштеп чыгуу жана контролдоо.

 

билүүгө тийиш:

- рынок экономикасынын принциптерин; уюмдардын уюштуруу-укуктук формаларын;

- эмгек мамилелерин жөнгө салуучу мыйзамдардын негизги жоболорун;

- эмгек акыны түзүү механизмдерин;

- эмгек акы төлөө формаларын.

көндүмдөргө ээ болууга тийиш:

- өндүрүш экономикасынын жалпы маселелеринде багыт алуу;

- конкреттүү өндүрүштүк кырдаалдарда экономикалык жана укуктук билимдерди колдонуу;

- колдонуудагы мыйзамдардын алкагында өзүнүн эмгектик укуктарын коргоо.

 

билүүгө тийиш:                                                                 

- курулуш материалдарынын классификациясын жана негизги касиеттерин;

- каптоо үчүн бетти даярдоо үчүн материалдарды;

- органикалык эмес уютуучу материалдарды;

- полимердик уютуучу материалдарды;

- эритмелер үчүн толтургучтарды;

- курулуш эритмелерин;

- мастика үчүн толтургучтарды;

- каптоо жумуштары үчүн мастиканы жана желимдерди;

- каптоочу материалдарды жана буюмдарды.

көндүмдөргө ээ болууга тийиш:

- чийки заттын түрлөрүн, алуу ыкмасын, багытын, өзгөчө касиеттерин жана башка көрсөткүчтөрдү топторго бөлүү.

 

 

10 кр/300 с.

 

 

 

 

 

Чиймени окуу

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Электр техникасынын жана электрониканын негиздери 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бизнестин жана ишкердиктин негиздери

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Эмгекти коргоо жана өндүрүштүк экология

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кесиптик иш аракеттерди укуктук жактан камсыздоо

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Материал таануу

 

 

 

 

КК- 1

ЖК-1, ЖК-3

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

КК1;3-5

ЖК1-3

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖК-4-6

КК-6

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖК-1-5

КК-1-6

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖК1-5

КК-1-5

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

КК1-5

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

4

Дисциплиналардын кесиптик цикли.

Базалык бөлүк:

 

 

 

 

 

 

 

 

Кесиптик циклдерди жана модулдарды өздөштүрүүнүн натыйжасында окуучу:

билүүгө тийиш:

- жумуш ордунда эмгекти уюштуруу ыкмаларын;

- эмгек коопсуздугунун эрежелерин;

- горизонталдуу жана вертикалдуу беттердин маяк сызыктарын белгилөө, илип коюу, чыңоо ыкмаларын;

- плитка менен каптоодо беттердин горизонталдуулугун жана вертикалдуулугун текшерүү үчүн контролдук приборлорду колдонуу эрежелерин;

- беттери плитка менен каптала турган жана полу плитадан жасала турган жайлардын түрлөрүн жана мүнөздөмөлөрүн;

- капталуучу беттерге жана полдун элементтерине КЧжЭ талаптарын, беттердин жол берилген четтөөлөрүн;

- каптоо үчүн вертикалдуу беттерди даярдоо талаптарын: багытын, беттердин түрлөрүн, жол берилген четтөөлөрдү, даярдоо ыкмаларын;

- негиздин бетинин абалын диагностикалоо ыкмасын;

- жеке коргонуу каражаттарын колдонуу эрежелерин;                                                                                                                          - капталуучу плиткалардын түрлөрүн жана багытын;

- сырткы жана ички беттерди каптоодо колдонулуучу негизги материалдардын түрлөрүн;

- плиткаларды кесүү, четтерин кесүү эрежелерин;

- плитканы каптоо жумуштары үчүн механизмдерди, шаймандарды, аспаптарды жана инвентарды: түрлөрүн, багытын, түзүлүшүн, колдонулушун;

- эмгек коопсуздугунун эрежелерин.

 көндүмдөргө ээ болууга тийиш:                                                                                                                             - кол менен жана механикалаштырылган жабдууларды жана аспаптарды колдонууну;

- жөнөкөй курулуштарды жана тирөөчтөрдү монтаждоо;

- белгиленген реценптурага ылайык эритме компоненттеринин жана кургак курулуш аралашмаларынын дозасын билүү;

- беттерди каптоо үчүн эритме, кургак аралашма жана мастика материалдары үчүн визуалдык сапатты көзөмөлдөө;

- жеке коргонуу каражаттарын колдонуу;

- жумуш ордун уюштуруу;

- иштин көлөмүн эсептөө;

- материалдарды үнөмдүү пайдалануу;

- колдонулуучу материалдардын жарактуулугун аныктоо;

- эмгек коопсуздугунун, эмгек гигиенасынын, өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо;

- плитканы кесүү үчүн шаймандарды жана аспаптарды колдонуу;

- плиткаларда тешиктерди жасоо үчүн шаймандарды жана аспаптарды колдонуу;

- плиткалардын кемчиликтерин аныктоо;

- архитектура жана курулуш чиймелерин окуу.

 

билүүгө тийиш                                                                                                                                      - плитканы коюу ыкмаларын;                                                                            - калыптарды колдонуу менен дубалдарды каптоо технологиясын;                                                                                             - рейка- шаблон жана рейка-порядовканы колдонуп, плитканы бирден коюу ыкмаларын;

- ийри сызыктуу беттерди плиткалоо технологиясын;

- ийри сызыктуу беттерди плиткалоо жана декоративдик каптоо үчүн белгилөө ыкмаларын билүүгө;

- жумуш ордун уюштуруу жана беттерди плитка менен каптоодо эмгек коопсуздугун билүүгө;

- каптоо процессинде иштин сапатына карата талаптарды;

- колдонулуучу шаймандарды, аспаптарды жана инвентарларды;

- фриз түзүлүшү менен түз катар плиткаларды коюу технологиясын;

- керамикалык плитканы диагоналдык түрдө коюу технологиясын;

- полго көп кырдуу плиткаларды коюу технологиясын;

- шаблондорду колдонуу менен полго арналган плитканын коюу процессинин өзгөчөлүктөрүн;

- керамикалык плиткаларды виброкиргизүү ыкмасы менен коюу технологиясын;

- полго килем мозаикасын коюу технологиясын;

- бетон мозаикалык плиталарды полго коюу технологиясын;

- бетон-мозаикалык плиталардан жасалган полдорду орнотуунун технологиялык процессинин өзгөчөлүктөрүн;

- тротуар плиткаларын төшөө процессинин өзгөчөлүктөрүн;

- иштерди аткаруу үчүн колдонулуучу аспаптарын жана материалдарды;

- полдун сапатын контролдоону;

- аткарылган иштерди өлчөө эрежелерин;

- жумуш ордун уюштурууну.

 көндүмдөргө ээ болууга тийиш:

- каптоолордун горизонталдык контурларын аныктоо;

- каптоолордун вертикалдык контурларын аныктоо;

- пластмасса кресттерди колдонуу менен бириккен жерлердин туурасын орнотуу;

- аткарылган иштерди өлчөө;

- шаблондорду колдонуу менен дубалды каптоолордо өзүнчө операцияларда сүрөт тартуу;

- архитектура жана курулуш чертеждорун окуу;

- колдонулуучу материалдардын жарактуулугун аныктоо;

- эмгек коопсуздугунун, эмгек гигиенасынын, өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо;                                                                        - плитка полдун үстүңкү бетинин деңгээлин аныктоо;

- бөлмөдө бийиктик белгисин которууну аткаруу;

- керектүү деңгээлде реперлик жана орто аралык маяктарды орнотуу;

- бирикен жерлерди толтуруу;

- плитка полду орнотуу үчүн материалдардын сарпталышын эсептөө.

 

билүүгө тийиш:                                                                                                                                

- жумуш ордунда эмгекти уюштуруу ыкмаларын;

- аткарылуучу иштерге сырьену жана материалдарды сарптоонун ченемдерин;

- эмгек коопсуздугунун эрежелерин;

- сырткы жана ички бетти плитка менен каптоодо колдонулуучу негизги материалдардын түрлөрүн;

- декоративдик каптоо үчүн белгилөө ыкмаларын;

- каптоо иштерин жүргүзүүдө санитардык ченемдердин жана эрежелердин талаптарын;

- декоративдик каптаманы орнотуу жана бекитүү ыкмаларын;

- каптоо плиткаларынын сапатына коюлган талаптарды.              

 көндүмдөргө ээ болууга тийиш:                                                                                                            - каптоонун горизонталдык контурларын аныктоо;

- каптоонун вертикалдык контурларын аныктоо;

- пластикалык кресттер менен бириккен жерлеринин туурасын орнотуу;

- аткарылган иштерди өлчөө;

- шаблондорду колдонуу менен дубалды каптоодо өзүнчө операцияларда сүрөт тартуу;

- архитектура жана курулуш чертеждорун окуу;

- иштин көлөмүн эсептөө;

- колдонулуучу материалдардын жарактуулугун аныктоо;

- эмгек коопсуздугунун, эмгек гигиенасынын, өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо.                                                              

                                                                                         билүүгө тийиш                                                                                                                           - сырткы жана ички беттерди каптоодо плиткаларды орнотуу жана бекитүү ыкмаларын;

- каптоонун сапатына коюлган талаптарды;

- плитка менен каптоодо беттердин горизонталдуулугун жана вертикалдуулугун текшерүү үчүн приборлорду колдонуу эрежелерин;

- иштерди аткаруу үчүн колдонулуучу аспаптарды жана материалдарды;

- плитка полду жана капталган бетин оңдоо: түрлөрүн, оңдоо иштеринин ырааттуулугун;

- оңдоо ишинин сапатын контролдоону;

- жумуш ордун уюштуруу жана оңдоо иштерин аткарууда колдонулуучу эмгек коопсуздугунун талаптарын.

көндүмдөргө ээ болууга тийиш:                                                                                                                           - эмгек коопсуздугунун, эмгек гигиенасынын, өрт коопсуздугунун эрежелерин сактоо;

- капталган беттердин плиткаларын демонтаждоо;

- аткарылган иштерди өлчөө;

- жумуш ордун туура уюштуруу жана кармоо;

- иштин көлөмүн эсептөө;

- материалдарды үнөмдүү сарптоо;

- колдонулуучу материалдардын жарактуулугун аныктоо.

 

 

Каптоо иштеринин технологиясы

1-бөлүк

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Каптоо иштердин технологиясы

2-бөлүк

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Каптоо иштердин технологиясы

2-бөлүк

 

 

ЖК-1

КК-1

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

ЖК 1-6

КК-2-3

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

КК – 4-8

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

КК – 5-8

5

ВБ

Билим берүү программасынын вариативдик бөлүгү (билим берүү уюму тарабынан аныкталат)

кесиптик компоненттин 10%

кесиптик компоненттин 10% 1 кредит- 30с

 

ЖК- 4

6

ӨБ; ӨП

Өндүрүштүк окутуу жана практика (практикалык көндүмдөр жана ыкмалар БП менен аныкталат)

Дисциплиналардын кесиптик компонентинин 50-60%

Дисциплиналардын кесиптик компонентинин 50-60% 28-30 кр./840-900 с.

Дисциплиналардын кесиптик компонентинин 50-60%

 

ЖК 1-6

КК 1-6

7

ДТ

Дене тарбия

68 с.

136 с.

 54с.

108 с.

 

 

8

ЖМА***

Жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестация

6 с.

6 с.

1 кр/30 с.

30 с.

 

 

9

ЖАЛПЫ

БПнын жалпы сыйымдуулугу

3000 с.

4440 с.

60 кр/1800 с.

2880 с.

 

 

10

 

Жумалык жүктөм

36/39 с.

36/39 с.

39 с.

36 с.

 

 

 

 

Эскертүү:

(*) - 2-3 жыл окуу мөөнөтү менен жалпы билим берүүчү даярдоого кирген дисциплиналардын сыйымдуулугу Кыргыз Республикасынын мектептик жалпы билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандартына ылайык аныкталат;

(**) - циклдерге (жалпы техникалык, жалпы кесиптик, кесиптик) кирген айрым дисциплиналардын сыйымдуулугу даярдалуучу жумушчу кесиптердин профилинин багытына ылайык аныкталат;

(***) - квалификациялык экзаменден тышкары жыйынтыктоочу аттестацияга сааттар предметтик дисциплиналардын алкагында эске алынат.

Жалпы орто мектептин базасында (11-кл.) даярдоо жүргүзүлүп жаткан кесиптер боюнча кредит-саатка которуу жана аларды оңдоо пилоттук лицейлерде жүргүзүлгөн апробациянын жыйынтыгы боюнча мүмкүн.

 

Жасалгалоо курулуш иштеринин чебери (7121 Жылмалоочу-плитачы) кесиби боюнча кесиптик башталгыч билим берүүнүн Мамлекеттик билим берүү стандарты Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Республикалык илимий-методикалык борбордун окуу-методикалык бирикмеси тарабынан иштелип чыккан.

 

 

Омурзакова Зейнеп Айтбаевна

 

РИМБнын БКБнын мазмунун иштеп чыгуу бөлүмүнүн башчысы, ОМБнын төрайымы

 

 

 

 

_______________

ОМБнын мүчөлөрү:

 

 

 

Жакыпова Каликан

Кубаталиевна

 

РИМБнын БКБнын мазмунун иштеп чыгуу бөлүмүнүн методисти

 

 

 

 

__________________

Черноволос Роман Николаевич

 

 

 Алинекс” ЖЧКнын директору 

 

 

__________________

Базавлюк Денис Александрович –

 

 

 

 

КНАУФ билим берүү программалары

боюнча менеджери                                      

 

 

 

__________________  

Орунтаев Таалайбек –

 

 

 

№4 КЛдин башкы ө/о мастери

 

 

__________________

Беда Ирина Ивановна –

 

 

№4 КЛдин методисти                                         

 

_____________________ 

 

 

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар