2015-жылдын 16-декабрында Пекин шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Билим берүү министрлигинин ортосундагы Билим берүү жаатында кызматташуу жөнүндө макулдашууга (мындан ары - Макулдашуу) алкагында, Кытай Эл Республикасынын билим берүү фондун башкаруу боюнча мамлекеттик комитети тарабынан Кыргыз Республикасынын жарандарына 2025-2026-окуу жылына бакалавр, магистратура, докторантура жана тил такшалмасы программалары боюнча 17 (он жети) орун мамлекеттик стипендия бөлүндү.