Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Жалал-Абад областык билим берүү усулдук борборунун директору бош кызмат ордуна документтерди тандоону жарыялайт

21 Ноябрь 2024 ж.
  1. Директордун кызмат ордуна жалпы квалификациялык талаптар

Билими:

  • Педагогика  жаатындагы жогорку билими;
  • Областын карамагындагы жалпы билим берүүчү, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүүчү уюмдар менен иштөө, социалдык менеджмент же педагогикалык чеберчилик боюнча кошумча курстар, сертификаттар же дипломдордун болушу артыкчылыктуу.

Иш тажрыйбасы:

  • Билим берүү уюмдарында, мекемелеринде жетекчилик кызматтарда 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар;
  • Билим берүү программаларын жана стандарттарын иштеп чыгуу жаатындагы билими жана тажрыйбасы;
  • Билим берүү жана социалдык программаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу тажрыйбасы артыкчылыктуу.

Башкаруу көндүмдөрү:

  • Башкаруу, стратегиялык чечимдерди кабыл алуу жана узак мөөнөттүү пландарды иштеп чыгуу жөндөмдүүлүгү;
  • Илимий изилдөөлөрдү жана долбоорлорду уюштуруу жана өткөрүү тажрыйбасы.

Мыйзамдарды билүү:

  • Билим берүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын  билүүсү;
  • Программаларды, долбоорлорду иштеп чыгууну жана ишке ашырууну билүү;
  • Билим берүү чөйрөсүндө иштөөнүн заманбап педагогикалык технологияларын жана методдорун билүүсү;
  • Билим берүү жана социалдык программаларды баалоо методикасын билүү;
  • Кошумча билим берүү программаларын ишке ашыруу;
  • Билим берүү маселеси боюнча аныкталган тартипте эл аралык кызматташууга катышуу;

Коммуникациялык көндүмдөрү:

  • Мамлекеттик органдар, эл аралык уюмдар жана ишкер коомчулук менен натыйжалуу өз ара аракеттенүүгө жөндөмдүүлүгү;
  • Сүйлөө жана сүйлөшүү көндүмдөрү.

Инсандык сапаттар:

  • Жогорку деңгээлдеги жоопкерчилик жана үзгүлтүксүз билим алууга даярдык;
  • Инновациялык ой жүгүртүү жана натыйжага багыт алуу;
  • Жоопкерчилиги, уюштуруучулугу, демилгелүүлүгү;

Кошумча талаптар:

  • Чет тилдерди билүүсү артыкчылыктуу;
  • Компьютердик көндүмдөрү: билим берүү процесси менен иштөө үчүн кеңсе программаларын (MS Office), интернет-ресурстарды жана адистештирилген программаларды ишенимдүү пайдалануу;
  • Билим берүү жаатындагы кесиптик сертификаттар же сыйлыктар;
  • Лекцияларга, тегерек столдорго, семинарларга жана конференцияларга катышууга даярдыгы.
  1. Директордун функционалдык милдеттери:
  • Областык Усулдук борборунун ишин райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрү, мугалимдердин билимин өркүндөтүү үчүн областын карамагындагы жалпы билим берүүчү, мектепке чейинки жана мектептен тышкаркы билим берүүчү уюмдары (областык балдардын чыгармачылык борбору, областык балдар-өспүрүмдөрдүн спорттук мектеби) менен бирдикте уюштурат;
  • Областык билим берүүчү уюмдарынын базасын түзүү;
  • Педагогикалык кадрлардын усулдук муктаждыктарын изилдөө, алар боюнча иш алып баруу;
  • Окутуунун жаңы ыкмалары боюнча маалыматтарды алуу жана мугалимдер арасында жайылтуу;
  • Семинарларды, усулдук мазмуундагы окууларды, илимий конференцияларды, конкурстарды уюштуруу;
  • Билим берүү программаларын аткаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдында отчет берет;
  • Борбордун ишинин негизги багыттарын иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине бекитүүгө берет;
  • Билим берүү жана илим министрлиги борбордун түзүмүн жана кызматкерлерине акы төлөө шарттарын иштеп чыгат жана Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине бекитүүгө берет;
  • Борбордун ишин пландаштырат жана көзөмөлдөйт, иштин сапаты жана натыйжалуулугу үчүн жооп берет;
  • Финансылык каражаттарды сарамжалдуу пайдаланууну камсыз кылат;
  • Банкттарда  алыш - бериш жана башка эсептерди ачат, ишеним каттарды берет, берилген ыйгарым укуктардын чегинде башка укуктардан пайдаланат;
  • Усулдук борборго кызматкерлерди дайындоо, тартиптик жазаларды берүү жана бошотууну Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин негизинде жүргүзөт;
  • Усулдук борбордун кызматкерлеринин кызматтык милдеттеринин алар менен түзүлгөн эмгек келишиминин негизинде сапаттуу аткарылышын жана эмгек тартибин сактоолорун көзөмөлдөйт;
  • Педагогикалык кызматкерлердин кесиптик даярдыгын жогорулатуу жана такшалдырууну, ошондой эле мезгил-мезгили менен аттестациядан өтүп турууларын уюштурат;
  • Өз компетенциясынын чегинде буйруктарды жана башка ченемдик укуктук документтерди чыгарат;
  • Коопсуздук техникасынын сакталышы үчүн билим берүү процессинде жоопкерчилик тартат;
  • Борбордун иши үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
  • Борбордун директорунун компетенциясына кирген башка маселелер боюнча өз алдынча чечим кабыл алат;
  • Борбордун Уставына ылайык башка функцияларды аткарат.

Тандоого катышуу үчүн кесиптик тажрыйбасы, билими жана илимий жетишкендиктери, жарыяланган илимий макалалары, монографиялары, патенттери жана башка изилдөөлөрү жөнүндө маалыматты толук камтыган резюмени 2024-жылдын 2-декабры саат 18.00го чейин kadrymon@mail.ru электрондук дарекке жөнөтүү зарыл (байланыш: (0312) 664643, Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси Мамбетакунова Нургуль Барыктобасовна).

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар