Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги «Республикалык Кыргыз-Түрк Анадолу лицей» мекемесинин уставына ылайык, Кыргыз Республикасы тарабынан дайындалуучу Республикалык Кыргыз-Түрк Анадолу лицейинин директорунун орун басары кызмат ордуна тандоо жарыялайт.
Квалификациялык талаптар:
Тандоого төмөнкү билими жана иш тажрыйбасы квалификациялык талаптарга ылайык келген Кыргыз Республикасынын жарандары катыша алат:
- Жогорку педагогикалык билими;
- Билим берүү мекемелеринде 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы, педагогикалык методикаларды, билим берүү процессин башкарууну билүүсү, ошондой эле административдик ишмердүүлүктөгү көндүмдөрү;
- Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексин, Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодексин, Кыргыз Республикасынын «Билим берүү жөнүндө» Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын жалпы мектептик билимдин мамлекеттик билим берүү стандартын жана билим берүү, илимий ишти регламенттөөчү башка ченемдик укуктук актыларын билүү;
- Кыргыз Республикасынын билим берүү системасын өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын билүү;
- Билим берүү сапатын жогорулатуунун билим берүү системаларын башкаруу теориясын жана методдорун билүү;
- Башкаруу чечимдерин ыкчам кабыл алуу, алардын кесепеттерин болжолдоо, ишкердик сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жана эл алдында чыгып сүйлөө көндүмдөрүнө ээ болгон, пайдалануучунун деңгээлинде
IT технологияларын колдоно билүүсү зарыл. - Түрк тилин билүү милдеттүү, англис тилин кошумча билүү артыкчылыктуу;
- Соттуулугу жок;
- Медициналык каршы көрсөтмөлөрү жок.
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтерди тапшыруу керек:
- Жазуу жүзүндөгү жеке арызы жана сүрөтү (3×4 см);
- Инсандыгын ырастаган документтин (паспорт) көчүрмөсү;
- Бардык тиркемелери менен жогорку билимин жана тиешелүү педагогикалык квалификациясын тастыктоочу документтердин көчүрмөлөрү (нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
- Эмгек китепчесинин көчүрмөсү (документтерди тапшырган учурдагы датасы менен нотариалдык жактан күбөлөндүрүлгөн);
- Резюме;
- Соттолбогондугу жөнүндө маалымкат (жарактуулук мөөнөтү маалымкат алынган күндөн тартып 1 айды түзөт);
- Психикалык ооруларынын жана наркологиялык диспансерлерде каттоосунун жоктугу жөнүндө маалымкат (жарактуулук мөөнөтү маалымкат алынган күндөн тартып 6 айды түзөт).
Эң ылайыктуу талапкерлер аңгемелешүүгө чакырылат.
Документтер Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 219-кабинетте 2024-жылдын 3-октябрынан тартып 14-октябрынын саат 18.00гө чейин кабыл алынат (сурап билүү телефону: Адам ресурстарын башкаруу бөлүмү, 62-05-09, Эрмек Аида).
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн бардык маалыматтык системалары үчүн бирдиктүү кирүү түйүн
PISA 2025
University admission portal of the Kyrgyz Republic citizens of foreign countries
Электрондук китепкана
Билимдүү муун
Окутуу булактары IBilim
"Bilim Bulagy" окутуу булактарынын мультимедиалык комплекси
Билим берүү булактары
"Кут Билим" медиа борбору
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
Жогорку Кеңеш
КР ЧУА долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар расмий порталы
Кыргыз Республикасынын электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы
Портал открытых данных Кыргызской Республики