Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги билим берүү жаатында иштеген кызматкерлер үчүн 2024-жылдын 30-31-октябрында Бишкек шаарында аккредитациялык агенттиктердин ишмердүүлүгүн баалоого эксперттерди даярдоо семинарын өткөрөт.
Семинардын максаты:
Билим берүү чөйрөсүндөгү аккредитациялык агенттиктердин ишмердүүлүгүн баалоого эксперттерди даярдоо, билим деңгээлин жогорулатуу жана сертификаттоо болуп саналат.
2025-жылдын 1-январынан тартып агенттиктердин ишмердүүлүгүн баалоого сертификатталган гана эксперттер тартылат.
Семинарга катышуучуга коюлуучу талаптар:
- Кыргыз Республикасынын жараны;
- мамлекеттик тилди билүү;
- жогорку кесиптик билими бар.
Иш тажрыйбасы:
-
Билим берүү чөйрөсүндө 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы (окуу жайдын сапатты камсыздоо жана окуу бөлүмдөрүндө, жетекчилик кызматтарда жана укук-ченемдик актылар менен иштегендер).
Семинарга төмөнкүлөр катыша албайт:
- аккредитациялык агенттиктин уюштуруучусу;
- аккредитациялык агенттикте кандайдыр бир ишти жүзөгө ашыруучу киши;
- аккредитациялык агенттиктердин администрациясы жана кызматкерлери менен жакын туугандык мамилелери бар адам;
Семинарга катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
Семинарга катышуу үчүн документтер төмөнкүдөй ырааттуулук менен тапшырылышы зарыл:
- арыз;
- резюме;
- паспорттун, билими тууралуу дипломдун жана эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү.
Эскертүү: Документтер PDF форматта, толук жана сапаттуу болуусу шарт.
Семинарга катышуучусу арызды жана ага тиркелген документтерди мамлекеттик тилде электрондук почталар: edu@mail.gov.kg же minedukg@gmail.com аркылуу жөнөтөт.
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2024-жылдын 3-октябрынан тартып 2024-жылдын 25-октябры саат 18.00го чейин.
Байланыш телефону: (0312) 66-22-87; 0-550-110-378 (чалуу 9:00 – 18:00 чейин гана) .
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн бардык маалыматтык системалары үчүн бирдиктүү кирүү түйүн
PISA 2025
University admission portal of the Kyrgyz Republic citizens of foreign countries
Электрондук китепкана
Билимдүү муун
Окутуу булактары IBilim
"Bilim Bulagy" окутуу булактарынын мультимедиалык комплекси
Билим берүү булактары
"Кут Билим" медиа борбору
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
Жогорку Кеңеш
КР ЧУА долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар расмий порталы
Кыргыз Республикасынын электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы
Портал открытых данных Кыргызской Республики