Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги КР БИМдин эксперттик кеңешинин мүчөлүгүнө талапкерлерди тандоо боюнча сынак жарыялайт
Илимий жана илимий-техникалык кызматкерлер, адистер, илимий жана илимий-техникалык уюмдардын өкүлдөрү, ошондой эле мамлекеттик жана коомдук уюмдардын, анын ичинде чет өлкөлүк уюмдардын өкүлдөрү тартылат.
КР БИМдин эксперттик кеңештеринин (ЭС) милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
- мамлекеттик заказ боюнча түзүлүүчү, республикалык бюджеттен каржылануучу илимий долбоорлордун жана программалардын конкурстук табыштамаларына объективдүү эксперттик баа берүү;
- конкурстук табыштамаларды экспертизалоодо бирдиктүү талаптардын ишке ашырылышын камсыздоо;
- илимий долбоорлордун аткарылышы боюнча отчетторду угуу жана баалоо;
- илимий долбоорлорду ишке ашырууга мониторинг жүргүзүү жана аткаруунун натыйжаларын талдоо.
ЭС илим чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган (Билим берүү жана илим министрлиги) тарабынан төмөндөгү илимдин багыттары боюнча 5-7 адамдан түзүлөт:
- медициналык;
- айыл-чарба;
- социалдык-гуманитардык;
- табигый-илимий;
- техникалык.
ЭС мүчөлүгүнө талапкер тиешелүү багыт боюнча жогорку квалификациялуу адис жана төмөнкүлөргө ээ болушу керек:
- илимдин тиешелүү багыттары боюнча илимий даражага жана наамга;
- илимий долбоорлордун өтүнмөлөрүнө экспертиза жүргүзүүгө катышуу тажрыйбасы;
- илимий-изилдөө иштерин (2ден кем эмес) оппонирлөө жана рецензиялоо боюнча иш тажрыйбасы;
- акыркы 5 жылдын ичинде эл аралык системалары тарабынан индекстелген “Scopus”, “Web of Science” же РИНЦ илимий журналдарда жарыяланган, нөлдүк эмес импакт-фактор менен 2 кем эмес макалалар;
- илимий, кесиптик жана эксперттик жамааттарга мүчө болуу;
- башка эксперттердин сунуштары.
ЭС мүчөлүгүнө талапкер төмөнкү документтерди кагаз түрүндө КР БИМге (213 каб.) тапшыруусу керек:
- электрондук дарегин жана мобилдик телефондун байланыш номерин көрсөтүү менен эркин формадагы арыз;
- окумуштуулук даражасы/наамы жөнүндө документтин көчүрмөсү;
- акыркы 5 жылдагы макалалардын тизмеси;
- иштеген жеринен эки рекомендация;
- кандидаттык жана доктордук диссертацияларды оппозирлөө жана рецензиялоо боюнча иштер жөнүндө тиешелүү чөйрөдөгү алдыңкы окумуштуулардын пикирлери;
- паспорттун көчүрмөсү.
Документтер үстүбүздөгү жылдын 18-сентябрынан 2-октябрына чейин кабыл алынат.
Кошумча маалымат үчүн 620494, 0772 608004 телефондору боюнча кайрылсаңыздар болот
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн бардык маалыматтык системалары үчүн бирдиктүү кирүү түйүн
PISA 2025
University admission portal of the Kyrgyz Republic citizens of foreign countries
Электрондук китепкана
Билимдүү муун
Окутуу булактары IBilim
"Bilim Bulagy" окутуу булактарынын мультимедиалык комплекси
Билим берүү булактары
"Кут Билим" медиа борбору
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
Жогорку Кеңеш
КР ЧУА долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар расмий порталы
Кыргыз Республикасынын электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы
Портал открытых данных Кыргызской Республики