Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Улуттук аккредитациялык кеңештин курамына мүчөлөрдү киргизүү үчүн иш берүүчүлөр ассоциацияларынан 1 орунга ачык конкурс жарыялайт.
Конкурска катышуучуга коюлуучу талаптар:
- Кыргыз Республикасынын жараны;
- мамлекеттик тилди билүү;
- жогорку кесиптик билими бар.
Иш тажрыйбасы:
иш берүүчүлөрдүн ассоциацияларынын өкүлдөрү үчүн кесиптик уюмдарда же тармактык структураларда 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
Конкурстук тандоого төмөнкүлөр катыша албайт:
- аккредитациялык агенттиктин уюштуруучусу;
- аккредитациялык агенттикте кандайдыр бир ишти жүзөгө ашыруучу киши;
- аккредитациялык агенттиктердин администрациясы жана кызматкерлери менен жакын туугандык мамилелери бар адам;
- билим берүү уюмунун жетекчиси.
Конкурстук тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
Тандоого катышуу үчүн документтер төмөнкүдөй ырааттуулук менен тапшырылышы зарыл:
- арыз;
- резюме;
- паспорттун, билими тууралуу дипломдун жана эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү;
- иш берүүчүлөрдүн ассоциацияларынын, билим берүү уюмдарынын ассоциацияларынын жана коомдук институттардын жетекчилеринин сунуштамасы
Конкурстун катышуучусу арызды жана ага тиркелген документтерди мамлекеттик тилде электрондук почталар: edu@mail.gov.kg же minedukg@gmail.com аркылуу жөнөтөт.
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2024-жылдын 12-августунан тартып 2024-жылдын 15-августу саат 18.00го чейин.
Байланыш телефону: (0312) 66-22-87; 0-550-247-282 (чалуу 9:00 – 18:00 чейин гана)
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн бардык маалыматтык системалары үчүн бирдиктүү кирүү түйүн
PISA 2025
University admission portal of the Kyrgyz Republic citizens of foreign countries
Электрондук китепкана
Билимдүү муун
Окутуу булактары IBilim
"Bilim Bulagy" окутуу булактарынын мультимедиалык комплекси
Билим берүү булактары
"Кут Билим" медиа борбору
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
Жогорку Кеңеш
КР ЧУА долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар расмий порталы
Кыргыз Республикасынын электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы
Портал открытых данных Кыргызской Республики