2015-жылдын 16-декабрында Пекин шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кытай Эл Республикасынын Билим берүү министрлигинин ортосундагы билим берүү жаатындагы кызматташуу тууралуу макулдашуунун алкагында КЭРдин Чет өлкөдө окуу фондун башкаруу боюнча мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын жарандарынын Кытайдын жогорку окуу жайларында бакалавриат, магистратура, докторантура программалары боюнча билим алуусу жана тилдик такшалтмадан өтүүсү үчүн 2022-2023-окуу жылына карата 6 өкмөттүк стипендия бөлүп берүүдө.
Өтүнмөлөрдү кабыл алуу жана стипендиялык программага катышуу шарттары, ошондой эле алдын ала тандап алуу Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин расмий сайтына («Жарыялар» бөлүмүнүн ичиндеги «Стипендиялар» бөлүгү) жана http://student.edu.gov.kg/ онлайн-системасына («2022-2023-окуу жылына карата Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларына тапшыруу») илинген жарыяларга ылайык жүзөгө ашырылат.
Эске сала кетсек, каалаган талапкерлер тандаган билим берүү деңгээлине ылайык http://student.edu.gov.kg/ онлайн-системасында каттоодон өтүп, зарыл болгон жерди толтуруусу, ошондой эле бардык талап кылынган документтерди 2022-жылдын 9-январына саат 23:59га чейин жүктөөсү зарыл.
Кытай Эл Республикасына окууга акысыз аттануу мүмкүнчүлүгүн колдон чыгарбагыла.
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн бардык маалыматтык системалары үчүн бирдиктүү кирүү түйүн
PISA 2025
University admission portal of the Kyrgyz Republic citizens of foreign countries
Электрондук китепкана
Билимдүү муун
Окутуу булактары IBilim
"Bilim Bulagy" окутуу булактарынын мультимедиалык комплекси
Билим берүү булактары
"Кут Билим" медиа борбору
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
Жогорку Кеңеш
КР ЧУА долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар расмий порталы
Кыргыз Республикасынын электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы
Портал открытых данных Кыргызской Республики