Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги PISA изилдөөсүнө даярдоо максатында Сингапурдун окуу-методикалык комплекстеринин негизинде СТЕМ предметтерин (математика, биология, химия, физика) окутуунун Сингапур методикасын үйрөнүп, андан ары республиканын жалпы билим берүүчү уюмдарынын мугалимдерин окутуу үчүн талап кылынган критерийлерге ылайык, тренерлерди конкурстук негизде тандап алууну жарыялайт.
Тренерлер үчүн квалификациялык талаптар:
- Педагогика тармагындагы (математика, физика, химия, биология) адистиги боюнча жогорку билими;
- Билим берүү системасындагы практикалык иш тажрыйбасы (мектеп/ЖОЖ/усулдук кабинет);
- Чоңдор аудиториясы үчүн тренингдерди өткөрүү көндүмдөрү (тренердик чеберчилик боюнча тастыкталган тажрыйбасы (сертификаттар);
- Окутуунун заманбап технологияларына ээ болуусу;
- Тренинг өткөрүү үчүн өлкөнүн бардык региондоруна баруу мүмкүнчүлүгү (негизги иш орду боюнча эркин график);
- Орус жана кыргыз тилдерин мыкты билүүсү (өзбек, тажик тилдерин билүүсү артыкчылык катары каралат);
- Командада иштей билүүсү;
- Мыкты уюштуруучулук көндүмдөрү жана инсандар менен иштей алуу көндүмдөрү;
- MS Office базалык программалары менен иштей алуусу (Excel, Power Point, Word);
- Предметтик стандарттарды, STEM-билим берүүнүн негиздерин билүүсү кошумча артыкчылык болуп саналат.
1-тур – Республикалык педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо институтунун электрондук дарегине документтерди жиберүү: ripk.kg2024@gmail.com электрондук дарегине 2024-жылдын 3-августуна чейин.
2-тур – 1-турдун жыйынтыгы боюнча чакырылгандар менен аңгемелешүү.
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн бардык маалыматтык системалары үчүн бирдиктүү кирүү түйүн
PISA 2025
University admission portal of the Kyrgyz Republic citizens of foreign countries
Электрондук китепкана
Билимдүү муун
Окутуу булактары IBilim
"Bilim Bulagy" окутуу булактарынын мультимедиалык комплекси
Билим берүү булактары
"Кут Билим" медиа борбору
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
Жогорку Кеңеш
КР ЧУА долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар расмий порталы
Кыргыз Республикасынын электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы
Портал открытых данных Кыргызской Республики