Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине караштуу “Окуу китеби” Басма үйү” Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүүчү мекемелерине окуу-методикалык комплекстерди (ОМК) жазуу үчүн тиешелүү квалификацияга ээ авторлордон Окуу-методикалык комплекстерди иштеп чыгуучулардын маалымат базасын түзүүнү жарыялайт.
ОМК иштеп чыгуучуларды төмөнкү багыттар боюнча кызматташууга чакырабыз:
-
Филология багыты
-
Социалдык багыт
-
Табигый-илимдер багыты
-
Искусство жана технология багыты
-
“Ден соолук” маданияты багыты.
Минималдуу талаптар:
-
Жогорку билим жана билим берүү тармагында 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы
-
Тиешелүү предметтер боюнча мамлекеттик билим берүү стандарттарын билүү
-
Окуу-методикалык комплекстерди жазуу тажрыйбасы.
Маалымат базасына кирүү үчүн төмөндөгүлөрдү сунуштоо зарыл:
-
Резюме
-
Мурда иштелип чыккан ОМКга гриф ыйгаруу жөнүндө маалыматты көрсөтүү менен портфолио (эгер бар болсо).
Документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, 720040, Тыныстанов көчөсү 257, 202-бөлмө.
Телефон: 0701-777-947
Email: okuukitebi.ph@gmail.com
Сайт: https://kitep.org.kg/
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн бардык маалыматтык системалары үчүн бирдиктүү кирүү түйүн
PISA 2025
University admission portal of the Kyrgyz Republic citizens of foreign countries
Электрондук китепкана
Билимдүү муун
Окутуу булактары IBilim
"Bilim Bulagy" окутуу булактарынын мультимедиалык комплекси
Билим берүү булактары
"Кут Билим" медиа борбору
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
Жогорку Кеңеш
КР ЧУА долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар расмий порталы
Кыргыз Республикасынын электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы
Портал открытых данных Кыргызской Республики