Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүү үчүн юридикалык жана жеке жактарга жеңилдетилген кредит берүү жөнүндө жарыялайт.
Жеңилдетилген кредит алууну каалагандар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине арыз бере алышат, ошондой эле электрондук почтага жөнөтсө болот edu@mail.gov.kg.
Арыз төмөнкүлөрдү камтышы керек:
- байланыш маалыматтарды, бала бакчанын жайгашкан жерин (дарегин) жана кредит алуунун максатын көрсөтүү менен министрдин атына арыз;
- мектепке чейинки билим берүү уюмунун концепциясын форматын, долбоордук кубаттуулулугун, негизги каражаттарды, персоналын, балдардын болуу шарттарын ж.б. чагылдырган бизнес-план;
- мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын түзүлүшүнө, күтүлүшүнө жана иштөө режимин уюштурууга карата санитардык-эпидемиологиялык талаптарга жана өрт коопсуздугунун талаптарына, ошондой эле ченемдик-техникалык документтердин талаптарына ылайык имараттын долбоордук-сметалык документтеринин жана башка тиешелүү кошумча документтердин болушу.
Арыздарды кароодо артыкчылыктар болуп төмөнкүлөр саналат:
- калктын бала бакчанын кызматына болгон муктаждыгы. Бул жерде бала бакчанын жайгашкан жери, ал жерде жашаган мектепке чейинки курактагы балдардын саны, ошондой эле менчигинин түрүнө жана формасына карабастан башка бала бакчалардын болушу кеңири каралат;
- заманбап талаптарга жооп берген балдар бакчасынын долбоорунун экологиялуулугу.
Кеңири маалымат алуу үчүн 663692, 0554347844 телефондору боюнча, жана “Элдик Банк”, “Айыл Банк”, “Керемет Банк” ААКыларына кайрылсаңыздар болот.
Кара: Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 14-августундагы № 415 “Мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүнү мамлекеттик колдоо чаралары жөнүндө” токтому https://cbd.minjust.gov.kg/160380/edition/8374/ru
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн бардык маалыматтык системалары үчүн бирдиктүү кирүү түйүн
PISA 2025
University admission portal of the Kyrgyz Republic citizens of foreign countries
Электрондук китепкана
Билимдүү муун
Окутуу булактары IBilim
"Bilim Bulagy" окутуу булактарынын мультимедиалык комплекси
Билим берүү булактары
"Кут Билим" медиа борбору
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
Жогорку Кеңеш
КР ЧУА долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар расмий порталы
Кыргыз Республикасынын электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы
Портал открытых данных Кыргызской Республики