Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Улуттук аккредитациялык кеңештин курамына мүчөлөрдү киргизүү үчүн төмөнкү орундарга ачык конкурс жарыялайт:
- билим берүү уюмдарынын ассоциацияларынын өкүлдөрү (кесиптик лицейлердин ассоциациясынан 1 өкүл, кесиптик орто билим берүү уюмдарынын ассоциацияларынан 1 өкүл, кесиптик жогорку билим берүү уюмдарынын ассоциацияларынан 1 өкүл);
- иш берүүчүлөр ассоциацияларынан 3 өкүл;
- коомдук институттардын 2 өкүлү.
Конкурска катышуучуга коюлуучу талаптар:
- Кыргыз Республикасынын жараны;
- мамлекеттик тилди билүү;
- жогорку кесиптик билими бар.
Иш тажрыйбасы:
- билим берүү уюмдарынын ассоциацияларынын өкүлдөрү үчүн билим берүү чөйрөсүндө 10 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы;
- иш берүүчүлөрдүн ассоциацияларынын жана коомдук институттардын өкүлдөрү үчүн кесиптик уюмдарда же тармактык структураларда 5 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы.
Конкурстук тандоого төмөнкүлөр катыша албайт:
- аккредитациялык агенттиктин уюштуруучулары;
- аккредитациялык агенттикте кандайдыр бир ишти жүзөгө ашыруучу киши;
- аккредитациялык агенттиктердин администрациясы жана кызматкерлери менен жакын туугандык мамилелери бар киши;
- билим берүү уюмунун жетекчиси.
Конкурстук тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылат:
Тандоого катышуу үчүн документтер төмөнкүдөй тапшырылышы зарыл.
- арыз;
- резюме;
- паспорттун, билими тууралуу дипломдун жана эмгек китепчесинин көчүрмөлөрү;
- иш берүүчүлөрдүн ассоциацияларынын, билим берүү уюмдарынын ассоциацияларынын жана коомдук институттардын жетекчилеринин сунуштамасы.
Конкурстун катышуучусу арызды жана ага тиркелген документтерди мамлекеттик тилде электрондук почта minedukg@gmail.com; http://www.kattar.kg/ru/treatment-of-citizens.html; https://portal.tunduk.kg; аркылуу жөнөтөт. PDF форматта
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү: 2024-жылдын 13-июнунан тартып 2024-жылдын 12-июлу саат 18.00 чейин.
Байланыш телефону: (0312) 66-22-87 \ 0550110378 (чалуу 9:00 – 18:00 чейин)
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн бардык маалыматтык системалары үчүн бирдиктүү кирүү түйүн
PISA 2025
University admission portal of the Kyrgyz Republic citizens of foreign countries
Электрондук китепкана
Билимдүү муун
Окутуу булактары IBilim
"Bilim Bulagy" окутуу булактарынын мультимедиалык комплекси
Билим берүү булактары
"Кут Билим" медиа борбору
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
Жогорку Кеңеш
КР ЧУА долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар расмий порталы
Кыргыз Республикасынын электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы
Портал открытых данных Кыргызской Республики