Санья институтунда Айыл чарба экономикасы жана менеджменти багыты боюнча магистратурага эл аралык стипендиялык программа

7 Июнь 2024 ж.

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги  Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин катына ылайык, Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Элчилигине Кытай Айыл чарба университетинин Санья институтунун кайрылуусу келип түшкөндүгүн кабарлайт.

Кайрылууда кытай тарап Айыл чарба университетинин Санья институтунда Айыл чарба экономикасы жана менеджменти багыты боюнча магистратурага эл аралык стипендиялык программа ачылганын билдирет.

Ошондой эле, ушул жылы 30 мамлекеттин студенттерине окуу үчүн 20 толук стипендия бөлүнүп, Кыргызстандын студенттери да бул программага катышса болорун бул окуу жайдын өкүлдөрү маалымдайт. 

Бирок, стипендиялардын саны негизинен катталган талапкерлердин санына жана сапатына жараша болорун да белгиленет. Стипендия 2 жылдык программа үчүн жылына 70200 юаньды түзөт, анын ичинде окуу акысы  25000 юань, жашоо акысы 8400 юань, жашоо чыгымдары 36000 юань жана 800 юань медициналык камсыздандыруу.

Элчиликтин айтымында, Кытай Айыл чарба университети айыл чарба илимдери боюнча дүйнөдөгү алдыңкы университеттердин бирине кирет. Америкалык «US News and World Report» жаңылыктар журналынын версиясына ылайык, быйыл Айыл чарба илимдери боюнча бул университет 2-орунду ээлеген. Кытай Айыл чарба университетинин Санья институту Кытай Хайнань провинциясында Эркин соода портунун Санья шаарындагы илим жана билим берүү паркында жайгашкан.
Ушуга байланыштуу, жогоруда көрсөтүлгөн маалыматты андан ары мүмкүн кызыкдар болгон Кыргыз Республикасынын студенттеринин арасында жайылтуу максатында жөнөтөбүз.

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар