Азербайжан Республикасынын Тышкы иштер министрлиги жана Азербайжан Республикасынын Илим жана билим берүү министрлиги 2024/25-окуу жылына “Гейдар Алиев атындагы Эл аралык билим берүү гранты программасы” үчүн студенттерди кабыл алууну жарыялаганын
билдиребиз.
Бул программа Азербайжан Республикасынын жогорку окуу жайларында Ислам Кызматташтык Уюмуна, Кошулбоо кыймылына
(Движение Неприсоединения), өнүгүп келе жаткан чакан арал өлкөлөрүнүн тобуна (SIDS) мүчө-өлкөлөрдүн жарандары үчүн, ошондой эле Азербайжан менен тарыхый же маданий байланыштары бар улуттар учүн арналган.
Ар бир өлкөгө бир орундан бөлүнүп, кабыл алуу үчун 3 талапкерди сунуштоо зарыл. Кабыл алуунун биринчи тепкичинен өткөн талапкерге программанын порталына кирүү үчүн логин жана сыр сөз берилет.
Талап кылынган бардык документтер толук болуп, ийгиликтүү каттоодон өткөндөн соң, талапкер онлайн-сүйлөшүүгө (онлайн собеседование) чакырылат.
Толук маалымат менен төмөндөгү көрсөтүлгөн шилтеме аркылуу
таанышууга мүмкүн:
https://studyinazerbaijan.edu.az/web/news/scholarship-program-forforeigners-funded-by-the-government-of-the-republic-of-a
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн бардык маалыматтык системалары үчүн бирдиктүү кирүү түйүн
PISA 2025
University admission portal of the Kyrgyz Republic citizens of foreign countries
Электрондук китепкана
Билимдүү муун
Окутуу булактары IBilim
"Bilim Bulagy" окутуу булактарынын мультимедиалык комплекси
Билим берүү булактары
"Кут Билим" медиа борбору
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
Жогорку Кеңеш
КР ЧУА долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар расмий порталы
Кыргыз Республикасынын электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы
Портал открытых данных Кыргызской Республики