Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу № 99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинин Көзөмөлчүлүк кеңешинин курамына кирүүгө арыздарды кабыл алуу жарыяланат
Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамынын жана “Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 9-пунктуна ылайык КР Билим берүү жана илим министрлигинин карамагындагы мамлекеттик жана муниципалдык билим берүү уюмдары үчүн көзөмөлчүлүк кеңештерин түзүү боюнча комиссиясы Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу № 99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинин Көзөмөлчүлүк кеңешинин курамын бекитүү үчүн конкурска катышууга арыздарды кабыл алууну Жарыялайт.
“Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык:
Кеңештин мүчөсү катары төмөнкүлөр боло алышат:
1) социалдык чөйрөдөгү мекемелерде же коомдук иште иш тажрыйбасы бар Кыргыз Республикасынын аракетке жөндөмдүү жарандары;
2) ишкер чөйрөлөрдүн, илимий жана билим берүү уюмдарынын, маданий жана социалдык чөйрө мекемелеринин, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдардын, студенттик жана ата-энелер бирикмелеринин өкүлдөрү.
Көзөмөлчүлүк кеңештин мүчөлөрүн тандоо конкурсуна катышууну каалаган талапкерлердин арызына төмөнкү документтер тиркелет:
-
конкурска катышууга арызы;
-
өзүнүн резюмеси;
-
паспортунун же өздүгүн аныктоочу документинин көчүрмөсү;
-
билими жөнүндө документтеринин көчүрмөсү.
Мындан башка, талапкерди сунуштаган каттарды кошуп койсо болот.
Документтердин толук тизмеси кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 30 күндүн mahabat.tilegenova@gmail.com электрондук дарек аркылуу же Билим берүү жана илим министрлигине тапшыруусу зарыл. Дареги: Бишкек ш., К.Тыныстанов көчөсү, 257, 311-каб.
Кошумча маалымат алуу үчүн байланыш телефону: 0(312)620487