ЖАРЫЯ
|
1. |
Мамлекеттик органдын аталышы жана юридикалык дареги |
|
|
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги. Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү №257. |
||
|
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги улук жана кенже административдик мамлекеттик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү максатында 2023-жылдын 11-мартынан тартып 2023-жылдын 28-мартына чейин ачык конкурс жарыялайт. |
||
|
1 |
КР Билим берүү жана илим министрлигинин Борбордук аппаратына |
|
|
||
|
2. |
Кадрлар резервине киргизүү үчүн коюлуучу квалификациялык талаптар |
|
|
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
Административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар: 1) кесиптик билимдин деңгээли: -Гуманитардык илимдер, “экономика жана башкаруу”, педагогикалык, социалдык илимдер, физика-математикалык илимдер жана фундаменталдык информатика, табигый илимдер боюнча жогорку билими; 2) иш стажы жана тажрыйбасы: - жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы; Төмөнкүлөрдү билүү: 1)Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2)“Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3) “Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4)“Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5)“Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ; 6)“Кыргыз Республикасынын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому. Улук тобунун административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөндөгү типтүү квалификациялык талаптар белгиленет: 3) кесиптик компетенттүүлүгү: төмөнкүлөрдү билүү: 1) “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 2) “Мугалимдин статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3) “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4) “Мамлекеттик тил жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5) “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6) “Башталгыч кесиптик билим берүү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7) “Эл аралык келишимдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. - кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүүсү. билгичтиги: -маалыматты жыйноо, талдоо, системалаштыруу жана жалпылоо; -аналитикалык документтерди даярдоо; -тиешелүү чөйрөдөгү ата-мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана практикада колдонуу; -кесиптештер менен натыйжалуу кызматташуу; -иштиктүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү; -эмгектин жаңы шарттарына көнүү. көндүмдөрү: -ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды тажрыйбада колдонуу; -ишти пландаштыруу жана жумуш убакытын туура бөлүштүрүү; -башкаруучулук чечимдерди ыкчам жүзөгө ашыруу; -компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. |
||
|
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн:
Административдик кызмат орундарынын кенже тобу үчүн жалпы квалификациялык талаптар: 1. Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 2. “Мамлекеттик кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускама. Кенже топтогу административдик мамлекеттик кызмат орундарына төмөнкүдөй типтүү квалификациялык талаптар белгиленет: 1) кесиптик билимдин деңгээли: - Гуманитардык илимдер, “экономика жана башкаруу”, педагогикалык, социалдык илимдер, физика-математикалык илимдер жана фундаменталдык информатика, табигый илимдер боюнча жогорку билими; 2) иш стажы жана тажрыйбасы: - иш стажына талап коюлбайт; 3) кесиптик компетенттүүлүгү: төмөнкүлөрдү билүү: 1) “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 2) “Мугалимдин статусу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 3) “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 4) “Мамлекеттик тил жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 5) “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 6) “Башталгыч кесиптик билим берүү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы; 7) “Эл аралык келишимдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы. - кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана/же расмий тилдерди билүүсү. билгичтиги: -жогору турган жетекчилердин тапшырмаларын сапаттуу аткаруу; -документтерди, маалыматтарды, суроо-талаптарга жоопторду сапаттуу даярдоо; -тиешелүү чөйрөдөгү ата мекендик жана чет өлкөлүк тажрыйбаны талдоо жана аны практикалык иште колдонуу; -кызматтык милдеттерге ылайык өз ишин натыйжалуу пландаштыруу; -жарандардын кайрылууларын кароо жана жоопторду даярдоо; -мамлекеттик жана/же расмий тилдерде иштиктүү кат алышуу; -командада иштөө. көндүмдөрү: -ченемдик укуктук актылар менен иштөө жана аларды практикада колдонуу; -компьютердик жана уюштуруу техникасын, зарыл болгон программалык продуктуларды колдоно билүү. |
||
|
3 |
Тандоого катышуу үчүн төмөнкү документтер тапшырылууга тийиш: |
|
|
- жеке арызы; - өздүк баракча, 2 сүрөт (3х4); - резюме (электрондук даректи көрсөтүү менен), өздүк таржымал (соттолбогондугу тууралуу маалымат); - нотариустан күбөлөндүрүлгөн негизги жана дагы кошумча билими бар болсо ырастаган документтердин көчүрмөлөрү; - нотариустан же акыркы иштеген жеринде күбөлөндүрүлгөн эмгек китепчесинин көчүрмөсү (иш стажы бар болсо); - илимий даражаны жана илимий наамды (бар болсо) ыйгаруу жөнүндө документтердин нотариустан күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү; - паспорттун көчүрмөсү; - соттолбогондугу тууралуу ИИМ маалымкаты. |
||
|
4 |
Документтерди кабыл алуу убактысы жана орду |
|
|
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги. Бишкек шаары, Тыныстанов көчөсү №257. Кабыл алуу мөөнөтү: 2023-жылдын 11-мартынан тартып 2023-жылдын 27-марты саат 18.00 чейин. Байланыш телефону: (0312) 62-05-09. кабинет № 219. (КР БИМ Адам ресурстарын башкаруу бөлүмүнүн башкы адиси Эрмек Аида). |
||
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн бардык маалыматтык системалары үчүн бирдиктүү кирүү түйүн
PISA 2025
University admission portal of the Kyrgyz Republic citizens of foreign countries
Электрондук китепкана
Билимдүү муун
Окутуу булактары IBilim
"Bilim Bulagy" окутуу булактарынын мультимедиалык комплекси
Билим берүү булактары
"Кут Билим" медиа борбору
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
Жогорку Кеңеш
КР ЧУА долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар расмий порталы
Кыргыз Республикасынын электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы
Портал открытых данных Кыргызской Республики