Тегерек столдун темасы
«Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсү үчүн илим изилдөөнүн приоритеттүү багыттары»
Күнү: 07.10.2022
Сааты: 10:00-12.00
Адреси: Бишкек ш., К. Тыныстанов көчөсү 257
Орду: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, 2-кабат, жыйындар залы
Катышуучулар: Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу; илим бөлүмүнүн башчысы Жылдызбек Жакшылыков; тармактык илимий изилдөө институттары; Улуттук аттестациялык комиссия; илимдин докторлору жана кандидаттары; ж.б.:
Күн тартибинде талкууга алына турган маселелер:
- Ар бир илимий багыт маанилүү жана коомдогу ролу талашсыз. Ошол эле учурда өлкөнүн мүмкүнчүлүгү чектелүү жана илимдеги дүйнөлүк ордубуз жалпыга белгилүү. Ушундай шартта мамлекет кайсы илимий изилдөө багыттарына артыкчылык бериш керек?
- Илим изилдөөнү каржылоонун механизми боюнча пикир алмашуу.
Катышуу үчүн бул анкетаны толтуруңуз:
https://forms.gle/mEoKsF3YyKv651Xv9