КУЛАКТАНДЫРУУ
Шанхай кызматташтык уюмунун жаш окумуштууларынын жана инноваторлорунун форуму коомдун көйгөйлөрүн чечүү үчүн илимий-техникалык таасир этүү жолдорун аныктайт
2022-жылдын 10-14-октябрында Индия ШКУнун жаш окумуштууларынын II конклавын өткөрөт.
Конклав Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин министрликтеринин жана илим жана технология департаменттеринин жетекчилеринин жаштардын иш-чараларын үзгүлтүксүз өткөрүү демилгесин колдогон V сессиясынын чечимин аткаруу максатында уюштурулууда.
Чыгармачыл жаштардын форумунда төмөнкү темалар талкууланат:
1. Айыл чарба жана тамак-аш өнөр жайы.
2. Айлана-чөйрөнү коргоо жана жаратылыш ресурстарын башкаруу.
3. Жасалма интеллектти жана чоң маалыматтарды изилдөө жана колдонуу.
4. Туруктуу энергия жана энергияны сактоо.
5. Оорулардын биологиясы жана саламаттыкты сактоо.
40 жашка чейинки (2022-жылдын 1-октябрына карата) STEM дисциплиналарын жана ага байланыштуу илимдердин окумуштуулары жана адистери катышууга чакырылат.
Конклав COVID-19 пандемия кырдаалына байланыштуу бетме-бет катышууга артыкчылык берүү менен гибриддик режимде өтөт.
Формага ылайык толтурулган анкетаны (тиркелет) 2022-жылдын 28-июнунан 20-июлуна чейин Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигине (Бишкек шаары, К.Тынычтанов көчөсү 257, 215-кабинет) же unntp.gov.kg@gmail.com электрондук почтасына жөнөтүү зарыл.
Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү телефонго кайрылыңыздар: 62 04 84.
Толук маалымат тиркелет.
|
Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнүн бардык маалыматтык системалары үчүн бирдиктүү кирүү түйүн
PISA 2025
University admission portal of the Kyrgyz Republic citizens of foreign countries
Электрондук китепкана
Билимдүү муун
Окутуу булактары IBilim
"Bilim Bulagy" окутуу булактарынын мультимедиалык комплекси
Билим берүү булактары
"Кут Билим" медиа борбору
Кыргыз Республикасынын Президенти
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети
Жогорку Кеңеш
КР ЧУА долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталы
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар расмий порталы
Кыргыз Республикасынын электрондук кызмат көрсөтүүлөр мамлекеттик порталы
Портал открытых данных Кыргызской Республики