19-майда Бишкекте республиканын мектеп окуучулары жана студенттери экономикалык, өнөр жай жана социалдык актуалдуу проблемаларды чечүүгө багытталган долбоорлорун жана ойлоп табууларын «Сколково. Билим берүүдөгү жана илимдеги алдыӊкы технологиялар жана заманбап тенденциялар» тегерек столунда катышуучулардын сынына койду.
Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)
20 Май 2022 ж. 18:12 1253
Абитуриент кабарлоо баракчасында көрсөтүлгөн убакыттан кечикпей тест борборунда болууга тийиш.
Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)
20 Май 2022 ж. 16:03 2059
Билим берүү жана илим министрлиги Дүйнөлүк банк тарабынан каржыланган “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында башталгыч класстын 7000 мугалимин, “Инновациялык педагогикалык технологиялар” жана табигий так илимдер, математика предметтеринин 8000 мугалимин “STEM-билим берүүнүн негиздери” боюнча окутуудан өткөрөт.
Автор: Маалыматтык саясат сектору (МСС)
20 Май 2022 ж. 15:27 1873
Жусуп Баласагын атындагы Токмок лицейинин 10-классынын окуучусу Иван Решетников химия боюнча 56-Эл аралык Менделеев олимпиадасында коло медаль алды.
Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)
20 Май 2022 ж. 10:19 775
Билим берүү жана илим министрлигинде «Жаш тилчилер» уюмунун алгачкы кеңешмеси өттү. Ага Билим берүү жана илим министринин орун басары Уланбек Мамбетакунов, Мамлекеттик тилди өнүктүрүү секторунун башчысы Гүлнара Ибраимова, кыргыз тилин өнүктүрүү багытында жаштар менен иш алып барган коомдук фонд, уюмдардын өкүлдөрү жана кыргыз тилчи жаш мугалимдер катышты.
Автор: Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору
20 Май 2022 ж. 10:09 928
2022-жылдын 1-октябрынан баштап Кыргыз Республикасынын пилоттук мектепке чейинки билим берүү жана жалпы билим берүү уюмдарында “Ата-энелер мектеби” программасы этап-этабы менен киргизилет.
Автор: Тарбиялоо жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмү (ТМТБББ)
20 Май 2022 ж. 9:45 2468
Билим берүү жана илим министрлигинин “2021-2022-окуу жылында Кыргыз Республикасынын негизги жалпы, орто жалпы билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясын өткөрүү жөнүндө” буйругуна ылайык, бардык типтеги жана менчик түрүндɵгү жалпы билим берүү уюмдарында сабактар 2022-жылдын 8-июнунда аяктайт.
Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)
20 Май 2022 ж. 9:35 3106
2022-жылдын 15-майынан 17-майга чейин математика боюнча "Жаш пифагорлор илим жана техника дүйнөсүндө" республикалык олимпиадасынын финалы өттү.
Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)
20 Май 2022 ж. 9:30 1213
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин буйругу менен “Акыркы коңгуроо” салтанаты билим берүү мекемелеринде 2022-жылдын 9-июнунда саат 9:00до өтөт.
Автор: Мектептик билим берүү башкармалыгы (МБББ)
20 Май 2022 ж. 9:23 1845
2022-жылдын 18-майында И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Улан Мамбетакуновдун жана илимий коомчулуктун катышуусунда “Илим жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору талкууланды.
Автор: Илим жана инновациялар башкармалыгы
20 Май 2022 ж. 9:16 838
Бүгүн Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Бүткүл дүйнөлүк интеллектуалдык менчик уюмунун өкүлдөрү менен жолукту. Анын жүрүшүндө билим берүү чөйрөсүндөгү кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү жана перспективалары, атап айтканда, жогорку окуу жайлар аркылуу кызматташуу жолдору талкууланды.
Автор: Борбордук аппарат
19 Май 2022 ж. 20:25 1386
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев АКШга иш сапарынын жүрүшүндө Вашингтон шаарында Билим берүү боюнча глобалдык өнөктөштүктүн (Global Partnership for Education) өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.
Автор: Эл аралык кызматташтык жана инвестициялар бөлүмү (ЭАКИБ)
13 Май 2022 ж. 19:23 1524
2022-жылдын 6-майында АКШга иш сапары учурунда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Вашингтон шаарындагы Дүйнөлүк банктын башкы кеңсесинде Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү: Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча чөлкөмдүк директору Татьяна Проскурякова, Борбордук Азия чөлкөмүнүн өлкөлүк программалык координатору Саша Т.Джумен жана Дүйнөлүк банктын билим берүү боюнча улук кеңешчиси Хусейин Абдул-Хамид менен жолугушту.
Автор: Эл аралык кызматташтык жана инвестициялар бөлүмү (ЭАКИБ)
13 Май 2022 ж. 17:57 1517
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев май айынын башында Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун жана көз карандысыз эскперттердин делегациясын жетектеп Америка Кошмо Штаттарына иш сапары менен барып келди.
Автор: Эл аралык кызматташтык жана инвестициялар бөлүмү (ЭАКИБ)
12 Май 2022 ж. 14:02 2008
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы № 181 “Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна ылайык, педагогикалык персоналдын эмгек акысы 80 пайызга, административдик-башкаруучу персоналдын эмгек акысы 50 пайызга, техникалык жана кенже тейлөөчү персоналдын эмгек акысы 80 пайызга жогорулатылды.
Автор: Бюджеттик саясат, финансылык талдоо жана инфраструктура башкармалыгы (БСФТИБ)
12 Май 2022 ж. 12:04 1772