Азия өнүктүрүү банкы кесиптик техникалык билим берүү системасындагы саясий чараларды аткаруунун натыйжалары боюнча Кыргызстан үчүн 8 млн АКШ доллары суммасында бюджеттик жардам бөлүүнү жактырды.
Автор: Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өнүгүү үчүн көндүмдөр
13 Декабрь 2021 ж. 20:27 1130
2021-жылдын 10-декабрында Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешев Ага Хан фондунун Кыргызстандагы өнүктүрүү боюнча дипломатиялык өкүлү доктор Шамш Кассим-Лакханы кабыл алды.
Автор: Эл аралык кызматташтык бөлүмү
11 Декабрь 2021 ж. 17:20 1354
Үстүбүздөгү жылдын 6-декабрынан 9-декабрына чейин Азербайжандын Баку шаарында «Таланттарды даярдоо лабораториясы» аталышындагы IV Математика, физика жана химия боюнча эл аралык өспүрүмдөр олимпиадасы болуп өттү.
Автор: Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
9 Декабрь 2021 ж. 20:14 1014
Ушул жылдын 4-5-декабрында Алматы шаарында математика, физика жана информатика мугалимдеринин VIII эл аралык конкурсу өттү.
Автор: Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
9 Декабрь 2021 ж. 19:16 1376
Бүгүн, 8-декабрда, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинде министр Болотбек Купешевдин АКШнын Кыргызстандагы иштери боюнча убактылуу ишенимдүү өкүлү Соната Коултер, ЮСАИДдин Кыргызстандагы миссиясынын жетекчисинин милдетин аткаруучу Кит Симмонс жана АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин коомчулук менен байланышуу боюнча бөлүмүнүн башчысы Шэйна Крам менен жолугушуусу болду.
Автор: Эл аралык кызматташтык бөлүмү
8 Декабрь 2021 ж. 21:45 1175
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги «Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө» мыйзамдын кабыл алынгандыгынын 32 жылдыгына карата билим берүү тармагында жарыялаган акцияны жыйынтыктоо максатында 2021-жылдын 10-декабрында саат 10.00дө Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын жыйындар залында салтанаттуу иш-чара өткөрөт.
Автор: Мамлекеттик тилди өнүктүрүү сектору
8 Декабрь 2021 ж. 17:21 1398
2021-жылдын 1-декабрында ЮНЕСКО жана Мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укуктарын илгерилетүү боюнча Бириккен Улуттар Уюмунун Көп тараптуу донордук шериктештик фонду (UNPRPD) Борбор Азиядагы мүмкүнчүлүгү чектелген окуучуларды ачык дистанттык окутууга тартуу максатында экинчи вебинар уюштурушту.
Автор: Кыргыз билим берүү академиясы
3 Декабрь 2021 ж. 15:54 991
2021-жылдын 30-ноябрында Бишкек шаарында мектептерде инклюзивдик билим берүүнү өнүктүрүү боюнча тегерек стол өткөрүлдү. Аны Кыргызстандагы билим берүүнү өнүктүрүү ассоциациясы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте уюштуруп, өткөрдү. Тегерек столдо Кыргызстандын мектептеринде инклюзивдик билим берүүнү колдоо жана өнүктүрүү боюнча 2020-жылга чейинки Билим берүүнү өнүктүрүү стратегиясынын таасири талданды.
Автор: Кыргыз билим берүү академиясы
3 Декабрь 2021 ж. 15:50 1781
2021-жылдын 7-8-декабрында Бишкек шаарында “Жаңы муундун окуу китептери: концепция, тажрыйба, рефлексия” аттуу темада алгачкы республикалык илимий-педагогикалык конференция болот. Конференциянын максаты – жаңы муундун окуу китептерин иштеп чыгуу боюнча адистердин тажрыйба алмашуусу аркылуу Кыргыз Республикасында билим берүүнүн сапатын жогорулатууга өбөлгө түзүү.
Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
3 Декабрь 2021 ж. 12:22 1303
Билим берүү жана илим министрлигинин “Келечек үчүн билим берүү” долбоорунун алкагында “Инновациялык педагогикалык технологиялар”, “STEM-билим берүүнүн негиздери жана Инновациялык педагогикалык технологиялар” модулдарынын долбоорлору талкууланды.
Автор: Дүйнөлүк банктын долбоорлорун ишке ашыруу бөлүмү
2 Декабрь 2021 ж. 18:13 1218
Бүгүн Таштан Эрматов атындагы Бишкек музыкалык-педагогикалык колледжинде министрликтин жетекчилиги аталган окуу жайдын эмгек жамааты менен жолугушуу өткөрдү.
Автор: Борбордук аппарат
1 Декабрь 2021 ж. 22:08 1185
Бүгүн министр Болотбек Купешев Бишкек шаарындагы И.В. Гёте атындагы №23 гимназиянын жетекчилигинин чакыруусу боюнча аталган гимназияга барды.
Автор: Борбордук аппарат
1 Декабрь 2021 ж. 21:12 1077
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Кыргыз Республикасындагы Ага Хан Фондунун кызматташуусунун алкагында бала бакчалардын, мектептердин жана кесиптик лицейлердин директорлорун “Камкорчу кеңеш жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу боюнча окутуу иши этап-этабы менен жүзөгө ашырылууда.
Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
30 Ноябрь 2021 ж. 19:48 1178
2021-жылдын 2-декабрынан 5-декабрына чейин 9-11-класстын окуучулары арасында онлайн форматында Укуктук олимпиада өткөрүлөт. Олимпиаданын негизги максаттары – жаштардын укуктук маданиятынын деңгээлин жогорулатуу жана “Адам жана коом” сабагын окууга түрткү берүү. Олимпиада “Укуктук аймак” долбоорунун алкагында Кыргызстандын Юридикалык клиникалар ассоциациясы тарабынан, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте БУУнун Өнүктүрүү программасынын колдоосу менен өткөрүлүүдө.
Автор: Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
26 Ноябрь 2021 ж. 16:13 1714
9-11-класстардын окуучуларын «Теңчилик – адилеттүүлүккө карай жол!» республикалык сынагына катышууга чакырабыз. Бул сынак Кыргызстандагы гендердик зомбулукту алдын алуу боюнча жаштардын жигердүүлүгүн арттырууга багытталган. Укуктук сынак Кыргызстандын Юридикалык клиникалар ассоциациясы тарабынан Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте USAIDдин «Укук булагы» долбоорунун алкагында уюштурулуп жатат.
Автор: Мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгы
26 Ноябрь 2021 ж. 13:06 1174
4 Апрель 2024 ж. 10:00
4 апреля 2024 года в информационном агентстве «Кабар» будет проведена пресс-конференция об электронной записи в первый класс государственных и муниципальных школ на 2024-2025 учебный год.
2 Март 2024 ж. 10:00
2-мартта «Кабар» маалымат агентигинде 2024-ж. 22-февралындагы №79 «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Токтомунун аткарылышы боюнча маалымат жыйыны берилет.