КЫТАЙДЫН ЖОЖдорунда  БИЛИМ АЛУУ ҮЧҮН 25 КВОТА БӨЛҮНӨТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

22 Август 2023 ж. 17:05

Көрүлдү: 939

Билим берүү жана илим министринин орун басары Бекжан Супаналиев 16-19-август күндөрү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров баштаган Кыргыз Республикасынын делегациясынын курамында Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур Автономиялуу районуна барып келди.

post.title

Иш сапардын жүрүшүндө министрдин орун басары Бекжан Супаналиев КР Министрлер Кабинети менен СУАР Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргызстандын жарандарына автономиялуу райондогуЖОЖдордо билим алуу үчүн 25 стипендиялык орун берүү жөнүндө макулдашууга, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Goldwind Science and Technology Co., Ltd компаниясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюуга катышты. Ошондой эле Ош мамлекеттик университети менен Шихецы университетинин ортосунда кызматташуу келишимине кол коюлду.

Кошумчалай кетсек, шамал генераторлорун орнотуу жана тейлөө боюнча кадрларды даярдоо жаатындагы алдыңкы компания Xinjiang Goldwind Science and Technology Co., Ltd менен түзүлгөн меморандумдун алкагында Кыргызстанда шамал генераторлорун орнотуу жана өлкөнүн эки техникалык жогорку окуу жайында шамал энергетикасы жаатындагы кадрларды даярдоо ишке ашырылары күтүлүүдө. 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар